presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым

СССР өлө элек
Президент Алмазбек Атамбаевдин быйылкы Японияга болгон расмий иш сапары жемишин бере баштады окшойт. Анткени эки жума мурун өкмөт башчы менен болгон жолугушууда Япониянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Коикэ Такаюки өз ара кызматташтыктын алкагында Кыргызстандан чыгыш өлкөсүнө "бир айыл - бир продукт" долбоорунун товарлары экспорттолот деп кубандырды. Биз ал кандай продукциялар болду экен деп атайын пилоттук долбоор катары иштеп баштаган Ысык-Көл облусундагы жеке ишкерлер менен жолуктук.


Көрсө, мындан бир нече жыл мурун Шаты жана Сары-Дөбө айылдарында пилоттук долбоор катары уюштурулган бул демилге улам чоңоюп отуруп, азыр Көл өрөөнүндө бир нече товар өндүрүүчү айылдар пайда болуптур. Мурда Шаты менен Сары-Дөбө айылдары дары чөптөр менен иштешсе, азыр ар кайсы айылдарда таштан сувенирлерди, жүндөн ар кандай буюмдарды, самын чыгаргандар, мөмө-жемиштин түрүнөн кыям, джем кайнаткандар, жадагалса топоздун жана жылкынын этин ыштап саткан чакан ишканалар пайда болуптур. Бул менен эле тим болбостон "бир айыл - бир продукт" долбоорунун товарлары сатылуучу дүкөндөр Караколдун борборунда жана Бишкек шаарында ачылган. Биз алардын айрымдары менен таанышып, элге ирденип алууга шарт түзүп берип жаткан уюмдар жөнүндө маалымат алдык. Анткени бул долбоордун алкагында кайсы гана айыл болбосун өздөрүнүн долбоорлору менен же башка айылдардагыдай иш менен алек болобуз деп жамаат түзүп кайрылышса, эч ким жок дебейт. Учурда Ысык-Көлдүн тегерегиндеги 20 айыл ушул долбоор менен алектенишип, жакшы пайда табышууда. Айыл жеринде бизнес жасап, жаңы жумуш орундарын камсыз кылуу мүмкүн экенин төмөндөгү мисалдардан көрө аласыз.

Жолдошбек ТОТУБАЕВ,
Чоң-Кызыл-Суу айылынын тургуну:
- Биз "Жайка" япон уюмунун жардамы менен "бир айыл - бир продукт" долбооруна катышып буга чейин облустук деңгээлде карагаттан, малинадан, клубникадан кыям кайнатып келгенбиз. Ички базарда кардарлардын саны чектелүү болгондуктан, өз продукциябызды сыртка экспорттоону көздөгөнбүз. Бирок мамлекеттик сертификациялоо органдары биздин товарды сыртка чыгаруу үчүн атайын шарттары бар цехтерде кыямды кайнатып, аларды эл аралык талаптарга жооп бере турган сапаттуу идиштерге куюшубузду талап кылды. Ал идиштердин баасы кымбат жана Көлдөн табуу кыйын болгондуктан бул иш токтоп калган. Былтыр "Жайканын" "бир айыл - бир продукт" долбоорун колдоого "Кумтөр" компаниясы киришти. Алар 2012-жыл үчүн 128 миң 600 долларды биз сыяктуу жааматтардын иштерин алдыга жылдыруу максатында акча бөлүп берсе, быйыл да ошол суммада каражат бөлүп берүүнү көздөп жатыптыр.
Биздин кыямдарга, джемдерге чет элдиктердин кызыгып жатканынын да себеби бар. Кыргызстандай керемет жерде өскөн өсүмдүктөр өзгөчө касиетке ээ. Мисалы, бир кашык карагаттын кыямында бир лимонго караганда "С" витамини көбүрөөк. Дайым карагаттын кыямын жеп жүрсөң, эч кандай оору сыркоо кыйнабайт. Ал эми каакымдан жасалган кыям боорду толугу менен тазаласа, жаңы башталып келе жаткан кургак учукту жеңип чыга алат. Эгер биздин продукция Японияга жетип, алардын окумуштуулары өз баасын беришсе, бир эле көлдүктөр эмес, бүткүл Кыргызстан Японияга кыям кайнатып калышыбыз мүмкүн.
Гүлүм СҮЙҮНБАЕВА,
жеке ишкер:
- Мен Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылынын "Көк-Жар" жамаатынан болом. 2008-жылы "бир айыл - бир продукт" долбооруна катышып өрүк, карагат, малинадан варенье жасай баштаганбыз. Жакындан бери каакым сыяктуу жапайы өсүмдүктөрдөн да кыям, джем, сок жасай баштадык. Биздин ишти кеңейтип, эл аралык стандартка чыгуу үчүн бизге "Кумтөр" компаниясы жардам берип, ар кандай окуулардан өттүк. Учурда "Кумтөр" берген акчага биз Германиядан ар кандай көлөмдөгү идиштерди сатып алганга шарт түзүлдү. Ал идиштер сапаты мыкты болуп, жууганга, оозун бекиткенге, экспорттогонго, бир жакка ташыганга ыңгайлуу жана көрүнүшү кооз. Идиштер "Кумтөр" берген акчага алынып келинет дагы, жамааттарга насыя катары берилет. Ишкерлер жасаган кыямдарын саткандан кийин гана ал акчаны ордуна коет. Биз семинарлар өткөндө санитария, бухгалтердик, коопсуздук жактарын, кыскасы, ийгиликтүү иш алып баруу үчүн керек болгон тармактардын баарын окуп үйрөндүк. Андан сырткары этикетка жасоо, кыямдын курамын жазуу сыяктуу эрежелер менен жакындан тааныштык.
Биздин айыл чоң жолдон алыс жайгашкан, мугалимдерден башка жумуш менен камсыз болгон адамы жок айыл. Учурда бизге түзүп берген шарттардын арты менен биздин жамаат тынымсыз жумуш менен камсыз болууда. Бизде табигый мөмө-жемиштер жөн эле жайнап жатат. Айыл жеринде туруп эле жакшы акча тапса болооруна көзүбүз жетип, элди жамааттарды түзүүгө чакырып жатабыз.
Бул жолку сапарыбызда чын эле Кыргызстандын продукцияларын Япония сыяктуу өнүккөн өлкөлөргө экспорттоого мүмкүн экенине ынандык. Бекеринен япон элчиси Коикэ Такаюки биздин өкмөт башчыбызга "бир айыл - бир продукт" долбоорунун продукцияларын ал жакка ташый баштайбыз деп айтпаптыр деп калдык. Себеби, Кыргызстанда өскөн мөмө-жемиштердин баарынын даамын айтпай эле коелу, дарылык касиети бар экенин илими бир канча жыл алдыга кеткен өлкөнүн өкүлдөрү билип калганы түшүнүктүү болуп калды. Андан сырткары, Кыргызстан үчүн жаңы ачылыш болгон топоз менен жылкынын этин ыштап сатуу жагы да дал ушул долбоордун алкагында старт алды. "Кумтөрдүн" жардамы менен эл аралык стандартка жооп берген слайсер сатып алышып, Жети-Өгүздүн элеси чагылдырылган этикеткалар менен мындай продукциянын сатыкка чыгышы жакшы жаңылык. Анткени Европа менен Америкада ышталган топоздун этин артынан кууп жегендер көп. Анын дарылык касиети бар деп ишенгендер көп болсо, пиво менен ичкен аябай ырахат тартуулайт дегендер андан да көп. А биздикилер жылкынын этин ыштоо менен чет элдиктерге деликатестин жаңы түрүн сунуштап жатышат. Бул аракет жакшы күч алып кетсе бул продукция да Кыргызстандын брэнддеринин бири болуп калышы мүмкүн.
Кыргыздар жакшы кезди эстегенде эле эсил кайран СССР деп калышат. Союз кезинде коллективдүү иштөө менен эл ток жашаган эмеспи. Дал ушул "бир айыл - бир продукт" долбоору азыркы замандын СССРи десек туура болчудай. Жамааттарга биригип алып ынтымактуу иштеп жатышкан айыл элин көргөндө СССР өлө элек экен деген ойго чөмүлдүм.










??.??