presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым

Рита КАРАСАРТОВА, коомдук иликтөөлөр институтунун директору, жарандык активист:
"Сот реформасынан үмүт үзүп, Текебаевдерди жазалаш керек"
Биз буга чейинки сандарыбызда аталышында "коррупцияга каршы" деген эки сөз бар кызматтардын баарын кепке тартып, жемкорлукка каршы күрөшүүнүн чоо-жайын сурап жазганбыз. Эсиңиздерде болсо көзөмөл органдары "биз тытынып эле жатабыз, кептин баары акыркы чечимди кабыл алган соттордо" деген таризде жооп узатышкан эле. Бул маселе боюнча айрым сотторду да кепке тартканыбыз менен "карга карганын көзүн чокубайт" болуп туруп алды. Эми болсо кеп соттордобу же сотторго кылмышкерди "актоо" укугун берген мыйзамдардабы деген суроо менен сот реформасынын былыктарын чукуп келаткан Рита Карасартованы кепке тарттык.


- Сот системасындагы реформаларды шоу деп келесиз. Сиз айткан шоунун артында кимдер турат?
- Биринчиден, "сот реформасы ким үчүн?" деген суроого так жооп таба албай келебиз. Биздин байкашыбызча сот системасындагы реформалар аткаминерлердин кызыкчылыгы үчүн гана жасалып жатат. Анткени мыйзамдар ошондой жазылып, бийлик үчүн гана иштейт. Маселен, кайсы бир аткаминер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бирок арадан 3 жыл өтүп кетсе ал жаза мөөнөтү өтүп кеткендиктен кылмыш жоопкерчилигине тартылбай калып жатат. Мисалы, Бишкек башкы архитектурасындагы, Каттоо кызматындагы жемкорлор дагы деле иштеп жүрүшөт. Ал эле эмес мамлекеттик ири көлөмдөгү мүлктөрдү кымырып алгандарды соттор жазага тартуу мөөнөтү өткөн деп эле актап коюп жатышат. А карапайым эл үчүн бир эле мыйзам эки башка иштейт.
Мисалы, ишинен мыйзамсыз айдалган адам бир айдын ичинде гана сотко кайрыла алат. Ал киши баш-аягын жыйганча бир ай тез эле өтөт. Анан сот ушул мыйзамга таянып иш берүүчү мыйзамсыз иш жасаган күндө да аны коргоп туруп алат. Дагы бир жагдай. Сот жоопкерчилигине тартуудагы жазаларды 2 жылдан 8 жылга чейин деп жазып коюшат. Берене бирдей болсо да бир сот 2 жылга кесет, экинчиси 8 жылга. Бирок экөөнүкү тең мыйзамдуу. Анткени мыйзамда 2-8 жыл деп жазылып калган. Бул жерде сот алган парасына жараша же жогорку, же төмөнкү мөөнөттү чектеп коюуга мүмкүнчүлүк алат. Ошон үчүн мыйзамдар оңдолмоюнча сот тармагындагы коррупция улана берет. Негизи коррупция тергөөдө эле башталат. Анткени тергөөчү далили жок жерде айыпка жыгып, далил бар жерде көз жумуп коет. ИИМ, прокуратура жана сот органдарын Бермуд үч бурчтугу деп койсо болот. Себеби алар капчыктуу, бийлиги бар адамдарга тымызын иштеп беришет. Ошондуктан бүгүнкү жасалып жаткан сот реформасын эл үчүн иштеп жатат деп айтыш кыйын. Анда мыйзамдын бийликтегилер жана карапайым адамдар үчүн деген эки түрү бар деп ачык эле айтыш керек.
- Туура эмес чечим чыгарган соттор боюнча конкреттүү мисалдар барбы?
- Жаңы тандалып алынган соттордун туура эмес иштерин айтып берейин. Бишкектин башкы архитектурасы жер бериш үчүн мэриянын токтому чыгыш керек. Аталган токтом мыйзам бузуулар менен чыгат. Ошол мыйзамсыз берилген жерлер боюнча сот отурумдары учурда дагы деле уланып жатат. Анан ошол кылмыш иши боюнча архитектор күнөөлүү деп табылса деле кайра эле жарандык иште соттор актап салышкан. Бишкек архитектурасында иштеген Капаров, Кеңешовдорго карата козголгон кылмыш ишинин мөөнөтү өткөн деп өндүрүштөн кыскартып салышты. Алар болсо дагы деле иштеп жатышат. Анда кылмыш ишин козгоп эмне азап? Негизи соттор акыйкат гана чечим чыгарбастан, ошол чечимди убагында чыгарышы шарт. Маселен, бир эле ишти 2-3 жылга чейин созуп ийген учурлар көп. Ошентип отуруп райондук соттон Жогорку сотко чейин чуркаш үчүн биртоп каражат кетет. Мисалы, "Комфорт" базарынын жанындагы көп кабаттуу үйдүн курулушу боюнча козголгон кылмыш иши Чубактын кунундай чубалып келет. Ошол 9 кабат үйдүн алдындагы жерге "Комфорт" базарынын ээси Султанкулов 2 кабат гаражы менен 7 кабаттуу соода борборун курмак. Ал базардын ордун дагы, ошол жерди дагы бир тилке катары мыйзамсыз сатып алган. Болбосо экөө эки башка жер тилкеси. Анткени ортосун көчө бөлүп турат. Бул иш боюнча Кеңешов соттолгон. Бирок ошол ишти учурда кайра райондор аралык сот карап жатат. 3 жыл мурда жергиликтүү жашоочулар райондор аралык соттон утуп чыгышкан. Анткени казылган котлован 9 кабат турак үйгө залака келтирип, жаракалар пайда болгон. Андан кийин шаардык сот да курулушту мыйзамсыз деп тапкан. Анан акыркы инстанцияга келгенде эле Жогорку соттун судьялары Мухамеджанов, Жумашев жана Арапбаев кайра биринчи инстанцияда каралсын деп жөнөтүп салышты. Эми жергиликтүү эл ушуга чейин сот жараяндарына канчалаган убакыт, нервдерин кетиришти. Азыр болсо райондор аралык сот Султанкуловдун пайдасына чечип салчудай түр көрсөтүп жатат. Тилекке каршы мындай жер тилкелери толуп жатат. Мына ушундай эле схема менен Караколдогу ипподром, балдар ойноочу жайлар, сейил бактар сатылып, саткан кишилер акталып келет.
- Балким ушул сот реформасын баштардан мурда ошол мыйзамдарды оңдоп алсак болот беле? Сиз кандай ойлойсуз?
- Негизи эң башында ким эмнеге күнөөлүү экенин так аныктап алышыбыз керек. Биринчиден, сот реформасынын ушундай туура эмес нукта башталышына ошол кездеги комиссияны жетектеген депутат Өмүрбек Текебаев жана ошол кездеги президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев күнөөлүү деп ойлойм. Анткени алар ошогезде ушул реформалардын башында турушкан. Ошондуктан алардын персоналдык күнөөсү бар. Реформанын башында эле сотторду такыр кетирип, алардын ордуна жаңы сотторду алып келебиз деп туура эмес иш башташкан. Ошондо алгач мыйзамдарыбызды оңдоп алышыбыз керек эле. Жок дегенде сот системасын чиритип жаткан ашып кетсе 10% сотторду тазалап алсак болмок. Жемкор сотторду тазаласак калганы коркконунан өздөрү эле таза иштешмек. А булар эл талап кылып жатат деп орундарынан таптакыр бошотуп салышты. Эшматовду Ташматовго алмаштыргандан эч нерсе өзгөрбөйт. Системаны өзгөртүш керек да.
- Туура эмес чечим чыгарган сотторду жоопкерчиликке тартуу механизми иштейби? Аларды коомчулукка кантип шардана кылса болот?
- Негизи ар бир соттун чечими коомчулукка маалым болуш керек. Бул боюнча Жогорку соттун төрайымы атайын токтом чыгарган. Токтом боюнча ар бир чечим sot.kg сайтына илинип туруш керек эле. Азыр болсо ашып кетсе 50гө жетпеген сот жараяны илинип турат. Жогорку соттун токтомун ар бир сот аткарышы керек да. Эгер бардык сот жараяндары ошол сайтка илинип турса коомчулук да көзөмөл кылмак. Мисалы, эки окшош иш боюнча эки башка чечим чыгат. Ошондой учурда биз да чечимди талкуулап пленумга ачыктап бергиле деп кайрылганга мүмкүнчүлүк алмакпыз. Бул бүгүнкү күндө Жогорку соттогу башкаруунун жоктугунан кабар берет. Деги эле Жамашева эмнеге шайланды эле? 35 кишинин ишин жөнгө сала албаса жөн эле сот болуп жүрө бербейби. Эгер ошол токтом аткарылса биз деле сайт аркылуу экспертиза жүргүзүп пленумду иштетмекпиз. Жамашевага жазып деле жатабыз. Бирок жыйынтык жок болуп жатат. Жаңы курам болгону менен мурдагыдай эле иштеп жатышат. Коррупцияга малынгандар туура эмес чечим чыгарганын улантып келатышат.
- Ушул жерден суроо туулат. Сот тандоо кеңеши кандай жол менен тандалды? Акыркы чечимди кабыл алгандарды тандагыдай алар кимдер?
- Негизи сот тандоо кеңешинин көйгөйү алардын кантип шайланып калганында. Сотторду тандоо кеңешиндеги 24 кишинин бир бөлүгү оппозициядан, экинчи бөлүгү парламенттеги көпчүлүк коалициядан жана калган бир бөлүгү соттук корпустун өкүлдөрүнөн түзүлгөн. Негизи мыйзамда тандоо кеңешинин үчтөн экиси жарандык коомдун өкүлдөрү болуш керек деп даана жазылган. А иш жүзүндө жарандык коомго жамынган парламент өз кишилерин коюп койду. Мисалы, депутат Токтогул Туманов өз секретарын, дагы бир депутат өз адвокатын коюп коюшту. Идея боюнча сот тандоо кеңешине аброюн акчага сатпагандар гана келиши керек эле. Алар сот кандай болуш керек деген суроого так жооп бере алышпайт. Анткени конкреттүү тандоо критерийлери жок. Сотко талапкерлердин ичинен мыйзамды мыкты билип, суроолорго так жооп бергендер деле өтпөй калып жатат. Анткени 24 киши ар бир критерий менен баа коюп отуруп, 3-турга келгенде эле талапкер аз добуш алып калат. Болбосо ага чейинки конкурстарда жогорку балл алган болот. Ошондуктан өтпөй калган киши коррупция күч экенин жакшы сезет. Бул жерде Текебаев менен Нарымбаев соттор аркылуу өзүбүзгө ыңгайлуу чечимдерди чыгартып алабыз дегенди пландашкан. Эгер соттогу кишиси ишенимдүү болсо шайлоодон да оңой эле утуп чыкса болот. Мисалы, Кара-Суу районунун шайлоосу мыйзамсыз өттү деп койсо деле көп маселе чечилет. Анткени Кара-Суунун шайлоочулары Талас эли менен барабар. Эгер персоналдык жоопкерчиликке тарта турган болсок Курманбек Осмоновдун да күнөөсү бар. Анткени ал киши сот тандоо кеңешине Базарбаев деген өз кишисин алып келип ортодо туура эмес иштер болуп кетти. Анан Отунбаева сот реформасын убактылуу токтотууга мажбур болуп калды. Эми сот реформасын Атамбаев колго алгандан кийин бул жерде КСДП башкара баштады. Роза Исаковнанын убагында мыйзам жакшы түзүлгөн, бирок кийин өзгөрүп кетти. Осмонов атайын убакытты создуктуруп сот реформасына тоскоол болду. Ошондуктан бийликтегилер өз кишилерин сот кылып коюп шайлоодон утууну гана көздөп жатышат.
- Демек, сот реформасынан үмүт үзүш керекпи?
- Эң ириде соттор бирөөлөргө көз каранды болбош керек. А бизде каржылык жактан да, саясый жактан да көз каранды. Буга чейин сотторго каршы кылмыш ишин Башкы прокуратура гана козгой алса, эми облустук, шаардык прокурорлор да козгой алат. Мындай толуктоону депутаттар былтыр жайында киргизишкен. Ошондо сот прокурорлордун көзөмөлүндө, а прокуратура президенттин түздөн-түз көзөмөлүндө. А болбосо 450 сотту Башкы прокуратура деле көзөмөлдөп койсо болмок да. Сот тандоо кеңеши аркылуу арты булганган соттор келсе, алар толугу менен бийликтин заказын аткарат. Анткени телефондук укук деген бар. Эгер сот бийликтин кызыкчылыгына каршы чечим чыгара турган болсо, прокуратура буга чейинки былыктарын айтып коркутат. Эртең эле кылмыш ишин козгойбуз десе, сот коркуп керектүү чечимди чыгарып бере салат. Азыркы соттордун ар биринен ошондой мурдагы былык иштерин тапса болот. Сотторду тандоодо, сот чечим чыгарарда жана каржылык жактан көз карандысыз болуш керек. Башка мамлекеттерде соттордун айлыгы жалпы бюджеттин 2 пайызын түзөт экен. А бизде болсо 0,42% гана акча кетет. Жарым пайызга да жетпейт. А бүгүнкү күндө сот реформасына андан алда канча көп акча кетип жатат. Бирок бийлик соттордун айлыгын атайын көбөйтпөй каржылык жактан көз каранды кылууга умтулуп келет. Соттордун баарын көз каранды кылып коюп сот реформасын кылабыз деген бекер кеп.
- Башкы прокуратура, Коррупцияга каршы кызмат (ККК) жемкорлукка каршы күрөшүп эле жатабыз, бирок соттор коррупционерлерди актап жатат деп келишет. Кеп соттордобу же сотторго ошондой ыйгарым укук берген мыйзамдардабы?
- Башка тармактардагы коррупцияны коюп сот тармагындагысын эле айтайын. Жакында эле бир сотко сот тандоо кеңеши уруксат берип кылмыш иши козголгон. Телевизордон кармалды, балан-бастан дешти эле. Эми ошол сот дагы деле иштеп жүрөт. Ал эми коррупцияга каршы кызмат акчаны белгилеп берип, баары видеого тартылгандан кийин да далилдөөгө кыйын болуп жатат деп жатышат. Анда ал кызматтын эмне кереги бар? Колго салып берген кылмышкерди тастыктоо колунан келбесе алардын зарылдыгы канча? Бул болгону профанация. Эгер коррупционерлерди тууган-туушканыбыз деп коргой турган болсок анда коррупцияга каршы күрөшөбүз деп оозанбай эле коюш керек. Былтыр июнь айында эле КККга энергетика системасындагы "серый схемаларды" тастыктаган документтерди тапшырганбыз. Тилекке каршы ушу күнгө чейин жооп болбоду. Эмне болду десек тергөө жүрүп жатат деп тим болушат. Фактыларды унуткарып коюп эле отура беришеби? А энергетикадагы коррупция гүлдөп жатат.

Маектешкен
Уланбек ЭГИЗБАЕВ











??.??