10.05.13 Кырсыктын арты
Кулаган самолет кайсы өлкөлөргө пайда же зыянын тийгизет?
"Манас" транзиттик борборуна тиешелүү "КС-135" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу учактын 3-майда Панфилов районундагы Чорголуу жана Чолок-Арык айылынын ортосундагы талаага кулап түшүшүн иликтеген өкмөттүк комиссиянын алгачкы жыйынтыктары азырынча билине элек. Ал эми коомчулукта бул окуя ар кыл ойго жем таштады.

Расмий маалыматка таянсак, кырсык Бишкек шаарынан 98 чакырым алыстыкта орун алган. Учак 6600 метр бийиктикте жарылып, жерге үч бөлүнүп түшкөн. Экипаждын үч мүчөсүнүн сөөгү табылды. Авиакырсыктын себебин иликтөө вазыйпасы кыргыз өкмөтүнө жүктөлүп, Транспорт министри Калыкбек Султанов анын төрагалыгына дайындалды. Калыкбек мырзанын жергиликтүү агенттиктердин бирине кабарлашынча, өкмөттүк комиссиянын курамына атайын адистер тартылган. "Алар болгон окуяны иликтешет жана авиакырсыктын себептерин аныкташмакчы. Зарылчылык жаралса АКШнын аскер аба күчтөрүнүн жана "Манас" жүк ташуу борборунун адистери тартылат. Борбордун жетекчилиги азырынча талаптарды кое элек. Транзиттик жүк ташуу борборунда да ички комиссия түзүлүп, анын жетекчиси аныкталды. Жакынкы мезгилде ал Америкадан учуп келет" дейт ал. Ошондой эле министр учак "КС-135" техникалык мүчүлүштүктөрдүн айынан кыйроого учураганын кошумчалайт.
Ал ортодо, кырсыкка байланыштуу транспорт прокуратурасы "Темир жол, аба же суу транспортун эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин бузуу жана этиятсыздыктан улам бир нече адам өлүмүнө алып келүү" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Транспорт прокуратурасы тараткан маалыматка караганда, тийиштүү материалдар Ички иштер министрлигинин иликтөө башкармалыгына өткөрүлүп берилиптир. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын эскерте кетели.
Марс САРИЕВ, саясат таануучу:
"Борбордун тагдырын АКШ менен Россия чечет"
Күйүүчү май ташуучу учактын таламандын тал түшүндө кулашынын тегерегинде түрдүү версиялар айтылууда. Айрымдары муну атайын уюштурулган кутум дешсе, кээлери муну кырсык катары баалашууда. Ошондой эле бул окуя кыргыз бийлигинин транзиттик борборду чыгарууга шылтоо болуп берери божомолдонгон кези. Бирок саясат таануучу Марс Сариев мындай пикирге кошулбастыгын биздин гезитке курган маегинде билдирди.
- Жүк ташуучу борбордун тагдырын Россия менен АКШ чечери баарыбызга белгилүү. Ушу жумада АКШнын мамкатчысы Жон Кэрри Россияга расмий визит жасады. Жеке менин баамдоомдо Кэрри Кремль менен базанын тегерегинде сүйлөшсө керек. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгына жараша базанын 2014-жылдан кийинки тагдыры белгилүү болот. Ал эми кыргыз бийлиги эки державанын чечимине моюн сунгандан бөлөк аргасы жок.
- Демек, учактын кулашы тынчтык жолу менен чечилет турбайбы? Бул атайын уюштурулган кутум деген божомолдорго не дейсиз?
- Ооба, маселе сүйлөшүүнүн негизинде чечилет. Анүстүнө, кыргыз коомчулугунун базага карата массалык нааразычылыгы анчейин байкалбайт. Ал эми атайын уюштурулган кутум дегендерге кошулбайм. Менимче, бул кокусунан болгон кырсык.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Өзгөчө кырдаал министри
Кубатбек БОРОНОВ:
"Кара жашик эмдигиче табыла элек"
- Кубатбек мырза, кулаган аскер учагы болгонбу, же жөн эле Ооганстанга жүк ташычу бекен?
- Кадимки аскер учагы. Анын бортунда биздеги маалыматка ылайык үч учкуч болгон экен. Экөөнүн ар жакка чачырап бөлүнгөн сөөгүн издеп атып араң таптык. Учактын өзү эле жерге түшкүчө төрт-бешке бөлүнүп кетиптир.
- Сиз кырсыктын чоо-жайын иликтеген өкмөттүк комиссиянын мүчөсү эмессизби. Дегиңкиси, "кара жашик" табылдыбы? Кокус ал колуңуздарга илинсе, көп суроолорго жооп табылмак да?
- Ооба. Тилекке каршы, "кара жашик" эмдигиче табыла элек. Эгер ал колубузга тийип калса көптөгөн сырдын түйүнү дароо чечилип, далай шектүү нерселердин бети чындап ачылмак. Айтмакчы, бул дагы көптөгөн убакытты талап кылаары бышык. Анткени "кара жашикти" Москвага жөнөтөбүз. Ошол жактан гана окуп, биротоло чечмелешет. Кыргызстанда тилекке каршы, азырынча мындай заманбап борбор жана жабдуулар жок.
- Баса, бул авиакырсыктын чоо-жайын ийне-жибине дейре иликтегенге Америка тарап кызыкдар бекен? Алар мамлекеттик комиссияга кандайча көмөк көрсөтүп жатышат?
- Албетте, Америка кырсык чалган күндөн бери мамлекеттик комиссия менен бирге иштешип жатат. Бул жерде эки тарап жашыра турган эч нерсе жок. Бардык териштирүүлөр мыйзам чегинде жана ачык-айкын жүрүүдө.
- Кубатбек мырза, айрым массалык маалымат каражаттары жазышкандай, "аскердик учактын айрым бөлүктөрү эл такай урунган дарыяга түшүптүр. Бул таза жана ичилүүчү сууну булгап жана ууландырып, жергиликтүү калктын жана ошондой эле мал-жандын саламатчылыгына кесепетин тийгизиши толук ыктымал" деген өңдүү кооптонуулар айтылууда. Министр катары буга эмне демекчисиз?
- Жанагыл кулаган учактын бир бөлүгү дарыяга эмес, жоондугу билектей аккан сууга гана түшкөн. Аны кийин такташтырсак, ал сууну эл таптакыр урунушпайт, бирок мал-жанын анда-санда сугарып турушат экен. Ошондуктан бул аймакты азырынча атайын жоокерлерге курчатып, бир дагы малды сууга жолотпой кайтартып жатабыз.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы




Өчпөс так - 2
Комиссия ишин жыйынтыктай электе Батукаев Россиянын жарандыгын алды
"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, тарыхый мекени Чеченстанга жылуу-жумшак узатылышын иликтеген депутаттык комиссия ишин жыйынтыктап калды. Комиссиянын болжолдуу корутундусуна ылайык, бардык мамлекеттик уюмдардын бул окуяга түз болбосо да кыйыр тиешеси бардыгы белгиленген. Ал ортодо маалымат агенттиктердин бири Батукаевдин Россиянын жарандыгын алганын шардана кылды.

Башпрокурор Аида Салянова Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышында мыйзам талаптары так сакталганын парламент отурумунда билдиргени эсте. Бирок депутаттык комиссия жалынып-жалбарып суранса да жыйынга катышып, суроолорго жооп берген жок. Анын ордуна 7-майда өзүнүн орунбасары Людмила Усманова, Башпрокуратуранын бөлүм башчысы М.Кулжабаевди жөнөтүптүр. Арийне, Людмила айымдын ала качма жооптору эл өкүлдөрүнүн купулуна толбоду. Мындан улам, "ата мекенчи" Жоомарт Сапарбаев комиссия мүчөлөрү Л.Усманованы кылмыш ишин жаап-жашырып жатат деп күнөөлөшкөнүн айтты. Сөзүн андан ары улаган Сапарбаев Л.Усманова менен М.Кулжабаевди кызматынан четтетүү сунушун киргизди. Ошондой эле Нарын шаарынын прокурору Кубат Жуматаевге кылмыш ишин козгоо керектигин баса белгиледи.
Шейшембидеги отурумда Нарындагы абак жайынын жетекчиси Кубанычбек Касымалиевдин маалыматы угулду. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып февраль-март айларында эмгек өргүүсүндө жүргөнүн, ал эми А.Батукаев боюнча сот процесси башталганда саламаттыгына байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арызын жазганын билдирди. "Бирок, - дейт Жоомарт Сапарбаев, - ал убакта Касымалиевди кызматтан бошотуу туралуу буйрук чыккан эмес. Ал Батукаев боюнча сот иштерине чакырылганынан улам кайсалактап, ден соолугу начарлаганын кокустан эле айтып алды".

15-майдагы жыйын ысык болчудай
Депутаттык комиссия ишин дээрлик жыйынтыктап калганын эл өкүлү Равшан Жээнбеков кабарлады. Анын айтымында, жалпысынан бардык мамлекеттик мекемелер (Мамлекеттик каттоо кызматы, Саламаттык сактоо министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, Башпрокуратура, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы ж.б.) "криматалыкты" колдоп, ага жардам берүүгө аракет кылышкан. Өзгөчө, атайын прокурордун А.Батукаев мыйзамсыз бошотулганы жатканы боюнча катка Башпрокуратуранын жеткиликтүү көңүл бурбаганы көп нерседен кабар берет.
Экинчиден, Азиз Батукаевге диагноз койгон медиктер менен көзкарандысыз адистердин пикири эки ача чыкты. Тактап айтканда, профессор, академик наамындагы медиктер Батукаев эч кандай айыккыс дартка чалдыкпаганын жарыялашты.
Мындай бири-бирине карама каршы келген жагдайларды санай берсек толтура. Эң башкысы, "мыйзамдагы ууруга" боштондук ыйгаруу жөрөлгөсү мамлекеттик деңгээлде уюштурулганы, ага күч түзүмдөрү, бир катар министрликтер кол кабыш кылганы байкалып калды. Буга катыштыгы бар жетекчилерге кандай чара колдонулары 15-майдагы парламент жыйынында билинет. Себеби, ошол күнү депутаттык комиссиянын отчету талкууланышы керек. Мына ошондо кыргыз аткаминерлеринин беткабы сыйрылып, мыйзам чегинде жазасын аларына үмүт артып туралы…
P.S. Депутаттык комиссия күжүлдөп иликтөө жүргүзүп жатканда А.Батукаевдин Россия жарандыгын алганы тууралуу маалымат ачыкка чыкты. Мындан улам, анын жакында эле каза тапкан Дед Хасандын (Аслан Усоян) ордун ээлейт имиши тегин жерден жаралбаганын боолголойсуң. Муну угуп оозубузду жыя электе дагы бир сенсациялуу жаңылык пайда болду. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиевдин маалымдашынча, жакынкы мезгилде үч мекендешибизге "мыйзамдагы ууру" таажысы Москвада кийгизилгени жатыптыр. Ал эми интернет-сайттардагы маалыматтарга таянсак, болочоктогу талапкерлер катары Оштун тургуну Эртабылды Жунусов менен Ысык-Көлдүк "Карышкыр" деген каймана аты бар кишинин ысымы аталууда. Кызыгы, аларды Азиз Батукаев колдоп жатат дешет. Адистердин баамында, бул кримчөйрөдөгү "разборкаларга" от жагышы ыктымал. Анүстүнө, учурдагы "криматалык" Камчы Көлбаев "ме" деп эле "тактысын" кармата бербесе керек… Батукаевди шашылыш чыгарып кетүүнүн сыры ушунда болуп жүрбөсүн? Бул темага кийинчерээк кайрылабыз…

Нурканбек КЕРИМБАЕВ