10.05.13 Жик салуу эмес, чындык
Масеит Шабалаев:
"Ак-Сайдагы
617 гектарды тажиктерге биздин бийлик берген"

Элибизде "өзөктөн чыккан өрт жаман" деген накыл кеп бар. Кыргыз өлкөсүнүн ичиндеги тажик, өзбек анклавдары мите курттай кыргыз жерин жеп жатса, көөдөнү сокур кыргыз башчылары кыргызга чыккынчылык кылып келет. Өзөктөн чыккан өрттүн айынан тууган санаган өзбек, тажиктер өз билгенин кылып, кыргыздын кылымдан берки байырлаган жерлерин тартып алышканы да кашкайган чындык. Буга чейин далай жаңжал чыккан Баткен районунун Ак-Сай айылында жакында кайрадан жер чыры чыкты. Мындай жаңжалдын далайын башынан өткөрүп, 2002-жылы үй-бүлөсү менен Бишкекке көчүп келген, көп жыл Баткен гидрогеологиялык партиясында иштеген Масеит ШАБАЛАЕВ жаны күйүп көп нерселерди айтып берди.
Ак-Сайдагы талаш жер кыргыздыкы болгон
- Мен 1983-жылы Тажикстандын Шурабынан азыркы талаш жер болуп жаткан, ата-бабам мекендеген Ак-Сай айылына көчүп баргам. Агезде Баткен Ош облусунун Баткен району болуп турган. Ал жерде тажиктердин Чарку, Ворух, Октябрь деген айылдары бар. Ак-Татыр, Көк-Таш, Ак-Сай айылдары Тажикстанга жакын жайгашып Самаркандек сельсоветине карайт эле. 1967-жылы биз училищаны жаңыдан бүтүп, Самаркандек сельсоветинде иштеп калдык. Агезде кыргыздарда тажиктер жерди басып алат деген жаман ой жок болчу. Бир күнү эле тажиктер Ак-Татыр айылынын жанындагы кең, жайык жерге казыктарды кагып, казандарга аш басып, жерди трактор менен айдата башташты. Сураштырсак эле жер тажиктерге берилиптир болуп калды. Кыргыздар чогулуп аларды бала-чакасы, техникасы менен биротоло сүрүп чыгардык. Ошентип ал жер Ак-Татырга калды. 1975-жылы Ворухтагы тажиктер Ак-Сай айылына караштуу миң гектардай жерди талаша башташты. Насирдин Дубанаев деген боордошубуз баскынчылык кылган тажиктерге сес көрсөтүп, мылтыктан ок чыгарды. Тажиктер качышты. Ошондо кыргыз милиция кызматкерлери анын колундагы мылтыкты тартып алышып, муну көрө салган тажиктер Насирдинди сабап, Ворухка алып кетишти. Самаркандек сельсоветинин патриот, элим деген директору Жолдошбек Момунов Ворухка барып Насирдинди дарылаттырып, кайра алып келген. Ошондон кийин эле Ак-Сай айылына тиешелүү миң гектар жердин 600 гектары тажиктерге берилип кетип жатпайбы. Ким берди? Кыргыз бийлиги берди. Агезде Баткен районунун акими Касымбаев, Кыргызстан Компартиясынын биринчи секретары Турдакун Усубалиев болчу. Анан калган 400 гектар да тажиктерге кетпесин деп Жолдошбек Момунов элге фин жыгач үйлөрүн курдуртуп, кыргыздарды көчүрүп барган. Бирок тажиктер кадимки ата-бабаларыбыз жайлаган жайлоого барчу жолду ээлеп калышкан. Муну ал жердеги эл жакшы билет. Жайлоого ак-сайлыктар кой айдаса сөзсүз жолдон бештен-ондон кою жоголот. Мындан тажаган кыргыздар татаалдыгына карабай тоонун этеги менен жол салып жатса, эми ага да тоскоолдук кылып, кыргыздарды сабап салышты. Эмнеге жер талашта өзбек, тажик мыйзамы катуу иштеши керек да, кыргыз кордолуп, жерсиз кала бериши керек? Күйгөнүм, кыргыздын мыйзамы кыргызга катуу иштейт дагын, башкаларга жумшак болуп калат. Тажик ушинтип кордоп жатканда кытай бизди жөн эле тебелеп кетет экен да. Эгер өз өлкөсүндө кыргыз өңгөдөн кордук көрүп жатса, демек бизде бийлик деген жок.
Ворух эмес, Уу арык
- Ата-бабалардын айтымында, Ворух илгерки кыргыздын Уу арык деген эле жери болуптур. Уу арыктан адам, мал-жандык ичсе эле өлүп турган экен. Менимче жер астынан кайсы бир кендин, руданын зыяндуу заттары сууга кошулуп турса керек. Ал жерде кыргыздар көп отурукташып, баягы уу арыкты биротоло жабышат. Ошо кезде аз-маз тажиктер кыргыздарга жаңыдан аралашып жашашчу экен. Чоң аталарыбыз ошо кезде тажиктер кыргыздардан озунуп намазга да жыгыла алышчу эмес деп айтып калышчу. Кийин совет бийлиги орноп, жер бөлүштүрүү башталганда эле Уу арык Ворух аталып тажиктердики болуп калыптыр. Агезде кыргыздар жаңы ойгонгондуктанбы же түшүнбөстүк болгонбу, тажик жашаган жерлердин баары эле Тажикстан болуп картага түшүрүлө берген. Азыркы тажиктер жашаган Октябрь айылы деле кийин уюшулган экен. Революцияга чейин ошол аймакта кыргыздын Калматбай деген байы жашап, үч тажик түтүнү андан ижарага жер алып күрүч эгишчү дешет. Ошондо кыргыз аксакалдары "Калматбай буларды бекер жакындатты, кийин булар көбөйүп отуруп, бара-бара бул жер тажиктердики болуп калат" деп кейишиптир. Буга айрым кыргыз төбөлдөрү маани беришкен эмес экен. Акырындап тажиктер көбөйүп отуруп 1926-жылы жер бөлүштүрүлгөндө тажиктер бул биздин илгертен байырлаган жерибиз дешип, ал жер Октябрь айылы аталып Тажикстандын Исфара районуна карап калыптыр. Октябрь айылынан ылдый кыргыз айылы Гөөсүбар жайгашкан. Андан төмөнүрөөк Чарку тажик айылы. Ошо Чаркунун жанында биздин Паскарык деген жер болгон. Союз маалында ал жер кыргыздарга таандык болчу. Лейлектен Баткенге карай салынып келаткан жол Чаркуга кирбей ошол жер аркылуу өтмөк. Бир күнү эле жол курулушу тык токтоду. Кийин Паскарыктан тажиктер өткөзбөй коюптур деген сөз чыкты. А чынында ал жерде эгерим тажик жашаган эмес. Кыргыздар эмнеге жол курулбай калды болуп дуулдай баштаганда, жергиликтүү бийлик Ленинабаддын Арка деген жери аркылуу суу насосун алып, анын ордуна бул жерди бердик деп элди тынчытты. Ошентип Баткен менен Самаркандек, Лейлекти байланыштырчу жол үзүлүп калган. Муну тажиктер өздөрү да айтып жүрүшөт.
"Жер берилип калды" деп Апас Жумагулов баса берген
- 1976-жылы Тажикстандын Исфара районунун исполкому Бобо Гайпназаров деген болчу. Бир жолку кыргыз-тажик тамак ичүүсүндө ошол Гайпназаров "кыргыздар маңыроо калк, булар менен чатакташып эч нерсе чече албайсың. Буларды мактап он гектар жерди ижарага алып, ал жерге эгин эгип анын түшүмүн кайра кыргызга берсең жүз гектар жер берет. Эгер жүз гектар жердин акчасын чоңдоруна берсең, миң гектар жерди сага бекер карматат. Булар өзүнүн богун өзүнө жедирсең да жеп жата берген калк" деп күлгөн. Ушу сөз алигиче көкүрөгүмөн кетпейт. А биздин "жерди чечем, кыргызбыз, бул кыргыздын жери" деп борбордон чамынып келген аткаминерлерибиз Ленинабадга барып келгенден кийин эле "болбой калды, мынча жерди бере турган болдук" деп шылкыйып калышчу. 1989-жылы Ак-Сайда жер боюнча дагы кагылыш болду. Себеби тажиктер кыргыз тарапка өтүп тамдын фундаменттерин куюп баштаганда кыргыздар топтолуп барып кууганбыз. Ал учурда Баткен районунда Жунусов деген аким болчу. Ал чек арага келип бир теректи жыктырып туруп "мындан бери сарт эмес, сарттын эшеги өтпөсүн" деп кеткен. Бир жумадан кийин ал "теректи алып коюңуздар, бул жогортон чечилиптир" деп кете берди. Биз оозубуз ачылып кала бердик. Кийин Апсамат Масалиев атайын түзүлгөн комиссия менен барып, аксакалдарга жер маселесин булар толук чечип берет деди. Комиссияда Василий деген орус бар экен. Ал "мен кыргыз жеринде туулуп өскөм, кыргыздын тузун таткам, мен кыргызмын. Менде жер боюнча бардык карта, документтер бар. Жер кыргыздыкы, алабыз. Кайсынысы келсе да мен каршы тура алам" деди. Ошондо аксакалдар "тажиктер 300 үй курууну пландаштырып атышыптыр" дешти эле, Василий "300 эмес 30 эле үй салынса силерге эч нерсе артпай калат. Ошондуктан жерди алышыбыз керек. Жер биздики. Буларды кет десек, кетиши керек" деди. Элди угуп бүткөн соң ал борборго кетти. Кийин премьер-министр Апас Жумагулов келип "мен Ленинабадга барып тажиктер менен сүйлөшөм" деди. Биз премьер-министр келди, жер чечилет деп сүйүнүп калдык. Ал Ленинабадга барып келген соң, элди жыйнап "эми туугандар, илгертен кошуна жашап келатабыз, буларга 17 гектар жерди достук иретинде берели. Айылдаш болуп жашай бересиңер да" деп бизди күйгүзгөн. Ошондо биз "премьер-министр болуп туруп 17 гектар жерди биздин жерден бересиңби? Өзүңөрдүн эле жериңерге үй салып алып достошо бергиле дебейсиңби" десек, ал "жок, анте албайм, жер берилип калды" деп баса берген. Ошентип тажиктер фундамент куюп алгандын ары жагында да бир далай жер кошулуп, баягы 400 гектардын бир тобу дагы тажиктерге кеткен. Ошону менен кыргыздардын жолдору, аталарыбыз эккен өрүктөр да аларга өтүп, Ак-Сай эли капаска камалгандай болуп кала бергенбиз. Кыргыз төбөлдөрү кыргыз элин каратып туруп ошентип алдап кетишкен. Кийин союз ыдыраганда тажиктер моджахеддерге шылтоолоп өздөрүнүн аскерлерин Көк-Таш деген кысыкка коюп койду. Азыркыга чейин ал аскерлер жайлоого өткөн кыргыздарды тинтип, кааласа алардын курут-майын алып коюп жатышат. Муну текшерген эч ким жок. Моджахеддер кирсе неге тажиктер аскерин коет да, кыргыздар койбойт? Чатак чыкса кыргыз милициялары барып, кыргыздарды абакка камап коркутат. Мындай милициянын барынан жогу жакшы эмеспи.

(Уландысы бар)
Мелис СОВЕТ уулу