10.05.13 Энесиндей аялды өлтүргөн
Жакында тартип сакчылар тарабынан өткөн 2012-жылдын ноябрь айында болгон оор кылмыштын бети ачылып, кылмышкерлер кармалды. Апрель айынын орто ченинде Ленин районунун изкубарларына Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдү салуу үчүн казылган аңдан белгисиз аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу кабар жеткен. Бул Д.Асанов атындагы аскер окуу жайынын жанында эле.

Окуя болгон жерге барган тартип сакчылары сөөгү бузулуп бараткан маркумду соттук медициналык экспертизага жөнөтүшкөн. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча өлгөн аял орто эсеп менен алты ай мурун денесине жаракат келтирилип өлтүрүлүп, көмүлгөн экен.
Маркумдун аты-жөнү, ким экенин изилдеген изкубарлардын иши оңунан чыкпай биртоп күн убара болушту. Жергиликтүү элден сураганда аны эч ким тааныбасын бир ооздон айтып беришти. Бирок бул кылмыш иштин изине түшкөн изкубарлар иликтөөсүн улантканын токтотушкан жок. Акыры бул маркум аял ошол райондо таштандыларды терип, үй-жайсыз селсаяктар менен жүргөндөрдүн бири болушу мүмкүн деген маалыматты алышты.
Албетте, селсаяктын досу селсаяк. Алардын жасаган кылмышы да бир болушу мүмкүн деген кыязда ошол районду акмалап жүргөн туруктуу жашаган жери жок адамдарды суракка алышты.
Сыртынан караганда эч кимге зыяны жоктой, жашоонун таш боор тагдырына кабылып, кайыр сураган булардын мындай кылмыш жасаарына эч ким кепилдик бере албайт эмеспи. Селсаяктарды суракка алганда эле алардын эң жашы он бешке толо элек А.Арзыбек өткөн жылдын ноябрь айында болгон оор кылмышты балп этип айтып салды.
Бул кылмышка алар менен чогуу жүргөн 22 жаштагы А.Улан жана 27 жаштагы Б. Майрамбектин тиешеси бар эле.
Өткөн жылдын ноябрь айында Жал кичирайонунда көп кабаттуу үй курууга даярдалып казылган аңдын ичине далдоо жерге А.Улан, Б.Майрамбек, А.Арзыбек чала тааныш Аня жана Салтанат деген аялдар арак ичип отурушат. Бул аялдар да берки селсаяктар сыяктуу үй-жайсыз, таштандыдан оокат терип жегендер эле. Аңгыча алардын жанына Баха аттуу дагы бирөө кошулат. Ошол жерде отуруп Салтанат менен Баханын ортосунда акчадан уруш чыгат. Салтанаттын жанында акча болсо да баш жазганга чыгарбай катып алганы Баханын кыжырын келтирген. Аңгыча ал жерде мас болуп отурган Майрамбек Салтанаттын чөнтөгүн аңтарып 65 сом таап чыгат. Бул акчага ошол жерде отургандар дароо арак алып ичишет.
Аракты ичкенден кийин чала өлгөн жыландай болуп дагы бир нерсе ичкилери келген селсаяктар урунаарга жоо, урушаарга тоо таппай жатышты. Балким Салтанаттын катып койгон дагы акчасы болуп жүрбөсүн деген кыязда Майрамбек аны сөгүп, уруша баштады.
Чөнтөгүңдө 65 сом бар экенин билип туруп, ушундай суукта бизге көргөзбөй катып алдың деген Майрамбектин жемеси күч алды. Адегенде Салтанат актанып жаткан, бирок адам оозуна алгыс сөздөр менен ашата сөгө баштаган Майрамбекке кыжыры келе экөө урушуп, атүгүл мушташа да кетти. Майрамбек жанында отурган А.Улан менен 15 жаштагы А.Арзыбекке Салтанатты сабап, зордуктагыла деген буйрук берет. Ушуну эле күтүп турушкансып экөө аялга асылып, аны ур-тепкиге алып, зордуктаганга аракет кылышат. Жашы элүүгө таяп калган аял аларга каршы тура алмак беле, экөөнөн катуу токмок жеп эс-учун жоготуп жатып калат. Моокуму канган экөө кыймылсыз жаткан аялды ошол жерге калтырып басып кетишет.
Эртеси күнү Салтанат жаткан жерге келсе ал эчак эле жан берген экен. Эмне кылаарын билбей таштандыдан мүшөк таап келип, өлүктү ороп, жаңы там салына турган аңга көмүп кетип калышкан. Селсаяктар ошол аңдын үстүнө там салынып, жашырган өлүк табылбай калат деп ойлошкон. Бирок кан кое бермек беле, арадан алты ай өтсө да жасалган кылмыштын бети ачылды. Ушунча убакыттын ичинде Салтанаттын арбагы да аларга тынчтык бербей жатканын да айтып беришти. Аракты ашыгыраак ичкен сайын көз алдыларына Салтанаттын арбагы тартылып турчу экен.
Селсаяк болуп, үй-жайсыз көчөдө жүрсө да ал бирөөнүн энеси, бирөөнүн эжеси эмеспи. Изкубарлар Нарындан иш издеп Бишкекке келип, оор жашоого туруштук бералбай көчө селсаягына айланган 47 жаштагы Салтанаттын аты-жөнүн, тууган- уругун иликтеп чыгышты.
Энесиндей аялды сабап өлтүрүшкөн Б.Майрамбек, А.Уландын үстүнөн КР КЖКнын 97-беренеси менен кылмыш иши козголуп, темир тордо сурак берип отурушат. Ал эми жашы жете элек он беш жаштагы А.Арзыбек КР ИИМдин астындагы балдарды реабилитациялоо борборуна жеткирилди.
Назира КУЛМАТОВА