10.05.13 KYRGYZSPORT
Үйрүлгөн үч упайлар
Бишкекте бир жума бою Жеңиш күнүнүн урматына уюштурулган баскетбол боюнча эл аралык турнир өттү. "Жеңиш Кубогу" деп аталган бул турнирге Россиянын "Купчинский Олимп" баскетбол клубу, Казакстандын жаштар курама командасы, Азербайжан курама командасы, Алматынын ЦСКА клубу келишсе, турнир кожоюндары катары Бишкек курама командасы менен "Гиннес-29" баскетбол клубдары катышты. Ар бир беттеш кызыктуу өтүп отуруп турнирдин акыркы күнү Россиянын клубу менен биздикилер беттешип, чемпионду аныкташты. Биздин топ ыргыткычтар теңтайлашып барып аягында 77:68 эсебинде россиялык конокторубуздан жеңишти жулуп алышты. Ошентип ишенген клубубуз "Гиннес 29" эл аралык турнирдин алтын медалдарын тагынса, күмүш медаль Казакстан курама командасына буйруду. Ал эми орустардын "Купчинский Олимп" командасына утулуп калган борбор шаарыбыздын курама командасы 4-орунда турнирди жыйынтыктады.

Алдына ат салбаган Анарбек
Эки күн мурун жыйынтыкталган Борбордук Азиянын тогуз коргоол боюнча Кубогунда эркектер арасында биздин мекендешибиз Анарбек Жамакеев чемпион деп табылды. 7 турдан турган швейцариялык система боюнча өткөн турнирде 6,5 упай топтогон Анарбек эки казак атаандашына күмүш менен колодон башка буюрбасын түшүндүрүп койду. Улуттук оюндар боюнча атайын балдардын жана өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу Анарбек Жамакеев бул ирет Бишкек шаарынын атынан катышып, борбор калаанын намысын коргоду. Ал эми кыз-келиндер арасында 7 упай менен Казакстандын сулуусу Салтанат Сапарбекова чемпион аталды.

Бажы союзубу же бокс союзубу?
Жакында эле Азербайжан курама командасы Ысык-Көлдө машыгууларды өткөрүп, Европа биринчилигине даярданышкан эле. Эми көгүлтүр берметибизге Россия курама командасынын мушкерлери кызыгып, Кыргызстандын курама командасы менен биргеликте машыгуу сунуш кылышты. Эки тарап туугандашып, достошуп 18-майдан 6-июнга чейин Тамгада 20дай мээлей чеберлерин тапташат.

Теттенин тепкени "технично" болсун!
Ушул күндөрү футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон "Дордой" клубу АФК президентинин Кубогу-2014 үчүн ат салышып атыр. Биздикилер алгач Пакистандын эң мыкты командасы КРЛ менен беттешип, анан Филиппиндин "Глобал" командасы менен, акыркы күнү Бутандын "Йездин" клубу менен күч сынашат. Биздин команда туш болгон "В" тобунан эки клуб финалдык бөлүккө жолдомо алышып, чемпионду аныктоого калган күчүн жумшашат.

Биздикилер орус, казактарды какшытып жатат
Казакстандын Шымкентинде Futures сериясынын турнири болуп жатат. Бизде эки кубанычтуу жаңылык бар. Бири - мекендешибиз Данияр Дулдаев биринчи раундда белоруссиялык Сергей Бетауну менен биргеликте жуптук беттеште казактардын Роман Хасанов менен Серижан Ессенбековдордон турган жубун 2:0 (6-3; 6-0) эсебинде уктатышты. Чейрек финалдын алкагында биздин Данияр менен Сергей Бетау польшалык Павел Циас менен литвалык Лукас Магевичустарга каршы чыгышат. Ал эми кыз-келиндер арасында ишенген теннисчибиз Ксения Палкина өзбекстандык курбу кызы Алина Хабибулина менен биргеликте Алена Тарасова (Россия) - Владислава Заносенколорду (Украина) - 2:1 (6-7; 6-3; 10-6) эсебинде утушуп, чейрек финалга жолдомо алышты. Ал жерде биздикилерди россиялык Дарья Афанасьева жана Любовь Васильеванын дуэти күтүп турат. Ал эми жекелик турнирде Ксюша экинчи турга чыгып, баурларымыздын Зарин Жумажановасын чайнап салгысы келип турат.

Чеберлерден "гала-концерт"
Ош облусунун Кара-Суу шаарында 7-май күнү спорт сүйүүчүлөрү үчүн өзгөчө майрам болду. Анткени КР волейбол федерациясы карапайым калктын спорттун бул түрүнө кызыгуусун арттыруу максатында өлкөнүн биринчи жана экинчи курама командалары ортосунда беттеш өткөрүштү. Кыргызстан-1 командасына "Жаңы Муун" менен "Салам-Аликтин" топ чапкычтары кирсе, Кыргызстан-2 командасында "Ош Бажысы", "Динамо МВД" жана "ВВ МВД+К" клубдарынын оюнчулары киришти. Беттештин ар бир сети кызыктуу өтүп, биринчи партия 27-25 эсебинде негизги курамдын пайдасына чечилди. Экинчи партияда да 25 упайлык тепкич аздык кылып, командалар 27-29 болгонго чейин кармашышты. Ошентсе да биринчи курама команда күчтүүлүгүн далилдеп берки эки партияны уттурбай 3:1 (27-25; 27-29; 25-20; 27-25) эсебинде Кыргызстан-2 командасын жеңип алды.

Орто ойносоң орто сыйлык аласың
Казакстанда 16 жашка чейинки курама командалар арасында белгилүү футболчу С.Кельджановдун элесине арналган эл аралык турнир болуп өттү. 3 беттешти жеңип, 2 беттешти уттуруп биздин мадырабаштар коло медалга татыктуу болушту. Алсак "Каспий-15ти" (7:2), "Кайсар-16ны" (4:0), "Түркмөнбашы-16" (4:0)гө утушса, Казакстан (U-16)га (0:4) жана "Каспий-16га" (0:1) эсебинде утулушту. Турнирдин жеңүүчүсү болуп баурдастардын курама командасы табылды.

Ош-Бишкек беттешет
11-май күнү Д.Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Оштун шоу-бизнес өкүлдөрүнөн турган команда менен Бишкектин шоу-бизнес өкүлдөрүнөн турган команда чоң футболдо беттешип, кимиси кыйын экенин аныкташат. Беттеш бүткөн соң ырчылар өздөрүнүн негизги өнөрүн көрсөтүшүп концерт коюшат. Эс алууну кайда өткөрүүнү билбей жатсаңыз бир тыйын коротпой кечки саат беште ошол жакка барыңыз.