presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым

Кыргызстандын эң акылдуу айымы Нуриза Оторбаева чоң спортту токтотту
Кыргызстанда бир да адам шахматтан ута албаган, студенттер арасында 7 жыл бою чемпион болгон, 3 ирет өлкө чемпиону болгон, эки жолку Талас губернаторунун кубогун жеңген, "Ысык-Көл-2010" эл аралык турниринин жеңүүчүсү, дүйнө биринчилиги, олимпиада оюндары, Азия чемпионатынын катышуучусу, 2011, 2012-жылдары бир нече басылмалар, уюмдар тарабынан "жылдын мыкты спортчусу" деп табылган, дүйнөнүн 15 өлкөсүндө Кыргызстандын намысын коргогон, Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу, "Жыл адамы" сыйлыгынын ээси, 40000 студенттин ичинен жалгыз адамга берилчү комсомол сыйлыгынын стипендианты Нуриза ОТОРБАЕВА аттуу мекендешибиз менен чоң спорттун эшигин сыртынан жаап жаткан учурда окурмандарыбыз менен тааныштырып коелу деп чечтик.


- Эң акылдуу кыргыз кызы каяктан болот?
- 1989-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Кызыл-Суу айылында туулгам. Окуучулук күндөрүм ошол айылдагы Ленин атындагы мектепте өтүп, 2006-жылы аяктадым. Андан кийин И.Раззаков атындагы КМТУнун студенти болгом. Учурда ошол эле окуу жайда экинчи жогорку билимди алуудамын.
- Шахмат ойноого качан кызыга баштадың эле?
- Үйдө ата-энем экөө тең шахмат ойношот. Ошолорду карап отуруп үйрөнүп алдым. 13 жашыман баштап окуучулар арасындагы турнирлерге катыша баштадым. Бирок биздин үйдө эң алгачкы жеңишке менден улуу агам жеткен. Ошол агамдын ийгилигин көргөн соң анан күчүмдү сыноого кызыгып калгам. Агам окуучу кезинде эл аралык турнирлерге чейин катышты. Бирок студент болгондо шахматтан эмнегедир алыстап кетти.
- Сенин жеке ийгилигиңдин сыры эмнеде? Элден өзгөчөлөнгөн ыкмаларың барбы?
- Мен шахматты Алланын ыраазычылыгы үчүн ойнойм. Мага мындай жөндөмдү бекеринен бербесе керек. Адамдын бир канаты ыйман, бир канаты эмгек дегендей, мен биринчи Алладан колдоо сурайм, анан көп машыгам.
- Шахматты спорт эмес дегендер бар. Чын эле отуруп алып эле ойногон оюндун эмнеси спорт?
- Шахмат мээнин оң жак жарым шарын да, сол жак жарым шарын да иштетет. 5 саат бою бир нерсени ойлоп отуруш аябай оор болот. Ошол себептен шахматчылар чуркап, скакалка секирип турушат. Мен да кадимкидей физикалык жактан даярдык көрөм.
- Тогуз коргоолго кандайсың?
- Ал оюнга чынында жакшылап кызыгып көргөн жокмун. Себеби тогуз коргоолдун жүрүштөрү саналуу эле да. Ал эми шахматта 3 жүрүштөн кийин оюндун жыйынтыгынын 9 миллион варианты чыгат.
- Ислам дини шахматка кандай көз карашта?
- Алла Тааланын алдындагы парздардан алаксытпаган болсо шахматка эле эмес, динде тыюу салынбаган нерселерге уруксат берилет. Мисалы, ата-энеге кызмат кылуу, намаз окуу, үй-бүлө, бала-чакага көңүл буруудан сырткары бош убакытта ойносо болот. Бул нерсени биз муфтийден да сурап көргөнбүз. Ал киши мага өз батасын берип, ийгилик каалаган.
- Шахматты мыкты ойноо үчүн ар бир адам аракет кылса болобу же бул оюнга да тубаса талант керекпи?
- Дүйнө чемпиону Бобби Фишер мектепти бүткөн эмес. Ал эч жерде шахмат боюнча да билим албаган. Анын жөндөмүн тубаса талант деп коюшат. Ал эми адамдын каалоосу болсо, кимден болбосун кыйын оюнчуну тарбиялап чыкса болот. Индияда, Калмыкияда шахмат оюну дене тарбия, математика, физика сыяктуу эле сабак. Эгер шахматты өнүктүрүүгө мамлекет кызыкдар болсо, ал өлкөдө бир гана кыйын шахматчылар эмес, эң акылдуу адамдар, башка тармактын генийлери чыгышат. Бекеринен дүйнөдөгү IQсу эң жогорку, башкача айтканда эң акылдуу адам шахмат гроссмейстери Гарри Каспаров эмес да. Грузияда шахмат билбеген өтө уят нерсе катары бааланат. Шахмат ойной албаган кызды бизде тамак жасай албаган кыздай эле кабыл алышып, аларды жигиттер карабайт. Жалпылап айтканда шахмат бул маданият, искусство, илим десек болот.
- Дин жолуна качан түштүң?
- Мен кичинемден эле динге кызыгып, балакаттан өткөн убакыттан баштап эле намаз окуй баштагам.
- Туура эмес түшүнгөндөр болобу?
- Негизи көбү хиджаб кийип жүргөндөрдүн мээси жакшы иштебейт деп ойлошот экен. Тескерисинче дин жолунда таза жүргөн адамдардын акыл-эси да соо болуп, көп нерсеге башы жетет. Бирок чыныгы мусулмандар башкалардай болуп өз жөндөмүн көпчүлүккө билдире бербейт.
- Бир убакта депутаттар сени менен достук беттеш өткөргөнгө кызыгып жүрүштү эле?
- Ооба, биз атайын ЖК депутаттары Улан Чолпонбаев жана Дастан Бекешов менен көрсөтмө оюн уюштурганбыз. Дастан Бекешовду 1,5:0,5 упай менен утсам, Улан байке менен тең чыкканбыз. Алар да күчтүү оюнчулар, спорттун чеберлигине талапкер деген даражалары бар.
- Качан турмушка чыгайын деп болжоп жатасың? Же өтө акылдуу кызга тилим өтпөйт деп жигиттер коркуп жатышабы?
- Негизи аял кишинин жаратылышы ушундай, үй-бүлө куруп түтүн булатып, тукум улоо. Мен деле буюрган күнү деп жүрөм. Ошентсе да жакын арада турмушка чыгып калышым мүмкүн, учурда сүйлөшүп жүргөн жигитим бар.


Нуризанын тартынып көп нерсени ачык айта албай жатканын байкап, кепке анын машыктыруучусу Ислам БАЙСЫНОВ мырзаны тарттык:

- Жанагы дин боюнча суроого кошумчалап кетсем, Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Нуризага мусулмандарды даңктап жатканына жана дин жолунда жүрүп спортто ийгилик жаратууга мүмкүн экендигин көрсөтүп жүргөнү үчүн жакындан жардам берип жүрдү.
- Сиз Нуриза менен качантан баштап иштеше баштадыңыз?
- Нуриза 2007-жылы Кыргызстандын биринчилигине катышып жатканда анын күчтүү оюнчу болууга дарамети бар экенин байкадык. Адатта өлкөнүн курама командасына киргендер, чемпиондор жалаң борбор шаардын мектептеринен чыгышчу. Ал эми Нуриза айыл жеринен чыгып, биринчи ирет олимпиадага шахмат боюнча катышкан айылдык болуп калды.
Учурда Нуриза Кыргызстандын болгон чемпионаттарын утту. Бир гана Леонид Юртаев атындагы турнирди жеңе элек. Анткени жылда ошол турнир болгон учурда биз чет өлкөдө болуп калып жатабыз. Ал жерде эркек-аялдар аралаш күч сынашат. Башкача айтканда, бул турнирдин жеңүүчүсү абсолюттук чемпион катары кабыл алынат. Мен ишенимдүү айта алам, учурда шахмат боюнча Кыргызстанда Нуризаны ута турган адам жок. Эркектер арасында Кыргызстандын чемпиону болгон Альгиз Шүкүралиевди канча ирет беттешке чакырдык, кабыл албай койду. Бул жеңилгендиктин белгиси.
- Учурда кайсы турнирге даярдык көрүп жатасыздар?
- Ушул тапта Грецияга ири эл аралык турнирге даярданып жатабыз. Андан кийин Нуриза Оторбаева расмий түрдө чоң спортту таштап, жеке жашоосу менен алек болот. Анткени мамлекет бир да колго алып эч болбосо чет өлкөдөгү турнирлерге барып келүүгө жол кире таап бере албады. Жадагалса виза ачтырганга бир чиновник колкабыш кылса эмне. Спортчу катары Нуриза өлкөдөгү болгон бийиктиктерди багынтты, эл аралык турнирге өз чөнтөгүнөн акча жумшаганга кудуретибиз жетпейт. Мамлекетке бул нерсе кереги жок болсо, Нуризага эмне кереги бар? Грецияга барып келгенге эң арзан вариантын карап көрсөк, 2000 доллардай кетет экен. Нуризанын айылдаштары, туугандары 5-10 миңден топтоп берип, эптеп ушул турнирге барып келип анан чоң спортту токтотолу деп чечтик. Россия же Казакстандан жакшы маяналуу жумуш чыкса ошол жакка барып иштеп өз оокатын кылсын. Убагында Нуриза Азия чемпиондорун утуп жатканда казактар келип, айына 120 миңден төлөп берели, биздин өлкөнүн атынан ойносун, бизге келип машыктыруучу болуп иштесин десе, патриот боло калыппыз. Көрсө Кыргызстанда эмгегиңди баалай турган адам жок тура.
- Азия чемпиондорун утту беле?
- Азия чемпионатынын биринчи оюнунда эле Нуриза Өзбекстандын чемпион кызын утуп салат. Ал айым Азиядагы эң күчтүү оюнчулардын бири болот. Чычалашкан коңшуларыбыз Нуризаны туалетке алып кирип алып чечиндиришип, сен бир жериңе жучок тагып алып биздин кызды уттуң. Аны утканга сенин акылың жетпейт эле дегендей шек санап кекетишкенде Нуриза аябай ыйлап, андан ары турнирди улантпай кетип калган.
- Ысык-Көлдө канча менменсинген олигархтар бар. Эч болбосо губернаторго деле колдоо көрсөтүңүз деп кайрылып көрбөйт белеңиздер?
- Көлдөн күндө эле спортчу чыгып жаткансып, губернатор да жаш баланы алдагандай мамиле кылат. Төрт ирет макул деп коюп сөзүнө турбады. Көлдө "аке" деген статуска ээ болуп жүргөн Ташкул Керексизов 6 жолу алдап жөнөттү. Бара-бара дагы эмне деп алдайт болду экен деп кызыгып деле барып жүрдүм. Мен "аке" деген статуска ээ болгон адамдар жөнүндө окуп көрдүм. Мурунку акелер айтканын аткарып, сөзүнө турган үчүн ушул наамды татыктуу алып жүрүшүптүр. Анан кайра-кайра алдаган Ташкул акебизге ким бул статусту ыйгарганын түшүнбөй калдым. Болбосо шахматтын чоң фанаты экен. Убагында машинесин сайып шахмат ойногон деп айтышат. Анан ушул киши жападан жалгыз шахматчы кызыбызга колдоо көрсөтпөсө, анан ким көрсөтөт? Тайырбек Сарпашевге да кайрылганбыз, мүмкүнчүлүгүм жок деп жооп берген. Канча депутаттарга кайрылбадык. Кыскасы, жол киреге акча сурап көрүнгөнгө жалдырап жүрбөйлү деп кеңешип, көңүл калгандыктан чоң спортту токтоттук.
- А буга чейин ким колдоо көрсөтүп келген эле?
- Буга чейин колдоо көрсөткөн адамдар өтө эле көп. Бирок кайра-кайра кайрыла бергидей бизде деле уят бар да. Маркум Мухтар Өмүракунов байкебиз Нуризаны өз кызындай көрүп аябай колдоп келди. Ошол кишини урматтап Нуриза "Замандаш" партиясынын спорт клубуна мүчө да болгон. Ал инсандын көзү өткөндөн кийин Мухтар байкенин жакындары ушул күнгө чейин колдоп келишти. Керек болсо жеңебиз өз колу менен Нуриза кийчү хиджабдарды заманбап үлгүдө тигип берет. Иниси Эмил Сүйүналиевич да жардамын аябайт. Мухтар байке тирүү болгондо Нуризанын дүйнө чемпиону болушуна аябай жакшы шарттарды түзүп бермек. Анткени анын тилеги ошол эле.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ











??.??