presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым

"Ыргылжың" Жолдошевичтин тагдыры 23-майда чечилеби?
Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөттүн "көз жарганына" сегиз айга аяк басты. Жантөрө Жолдошевич башбакандыкка киришип жатып арабаны тарта албаган министрлерден арыларын убада кылганы эсте. Убадасын жарым жартылай аткаргансыды. Бирок жылуу ордун сактап калыш үчүн коалицияны курган фракция лидерлеринин жетегинен чыга албай, алар сунуштаган кадрларды майлуу-сүттүү кызматтарга "кондуруу" менен алек. Маселен, Автандил Калмамбетовду Энергетика министрлигинен алып түшүп, ордуна Осмонбек Артыкбаевдин талапкерлигин сунуштады. Осмонбек Мамбетжанович адам катары мыкты болушу мүмкүн, арийне, анын 2011-жылдары энергетика министрлигин жөндүү башкара албаганын көрбөдүк беле. Ошондо кыйрата албаган ишти эми жөндөй аларына бешиктеги бала деле ишенбейт эмеспи.
Алдыда күтүлүп жаткан дагы бир кадрдык дайындоого токтололу. "Ата мекендин" амири менен катардагы верстальщиктен Социалдык өнүктүрүү министрлигине жетип, бирок бул тармакты алдыга жылдыра албаганы үчүн креслодон жылмышкан Кылычбек Султановдун ордуна маданият министринин экс-орунбасары Кудайберген Базарбаевдин талапкерлиги каралууда. Маданият тармагын жөндөй албаган адамдын бүтүндөй социалдык тармакты кантип жетектерин элестете бергиле…
Учурда экономикабыздын абалы мышык ыйларлык. Эч бир жылыш байкалбайт. Өкмөттүн мындай акыбалына караганда, 23-майда парламентте берүүчү отчету катуу болчудай. Анүстүнө оппозициячыл "Ата журт" менен "Республика" фракциясынын өкүлдөрү премьерди ээрден шыпырып түшүү операциясына даярдык көрүшүүдө. Оппозициянын бул аракетин коомчулук да колдойт. Себеби "пенсионер өкмөт" атыккан министрлердин жана жаңыча ой жүгүртүп, экономиканы эттенте албаган Сатыбалдиевдин ордуна жаш, реформачыл кадрлардын келгени өлкөбүзгө алда канча пайдалуу…

Эл тынчыса да Үсөн аке тынчыбайт
70 жылдык юбилейин өткөргөн Үсөн Сыдыковго эми неберелериндей болгон саясатчылар менен "шоу" уюштуруп, контрреволюция сыяктуу аракеттерден алыс болуп, уул-кыздарынын, неберелеринин кашында бактылуу карылыктын доорун сүрсүн деп гезит аркылуу каалоо-тилек жолдоп, мындан ары саясаттан алыс болсоңуз дегендей кыйытканбыз. Жарыктык киши саясаттын кудугуна түшкөн бойдон чыга албай калганбы, айтор, юбилейинен кийин "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров, Жалал-Абаддын мурдагы губернатору Бектур Асанов жана "ата журтчу" Акматбек Келдибековду чайга чакырыптыр. Дасторкон үстүндө Ош мэри Мелисбек Мырзакматов түптөгөн "Улуттар Биримдиги" партиясын колдоо сунушун инилерине айтканы. Акматбек мырза ошо замат сунуштан баш тартып, "Улуттар Биримдигине" кошулбастыгын ачык айтып "патриархтын" маанайын чөгөрүптүр.
Негизи эле Үсөн акени жандаган киши соо калчу эмес эле. Мисалы, ал такка отургузган Курманбек Бакиев Минскиге кире качса, апрель окуясынан кийин этегине эрмеше коем деген Исхак Масалиев соттолуп кете жаздады. Соңку мезгилде дүбүртү катуу чыгып келаткан, республикалык масштабдагы саясатчыга айланууга аракет жасап жүргөн Мелисбек Жоошбаевич ушундан бир жыйынтык чыгарса дегенибиз…

Князевдин Иран менен байланышы болгонбу?
Кыргызстанда төрөлүп-өсүп, кыргыздын тузун таткан Александр Князев аттуу саясат таануучу бар. Россия жарандыгына жамынып алып, барган жеринде Кыргызстанды "поктоп" бир тараптуу пикирин билдирип жүрөт. Атайын кызмат анын 1-майдан тартып өлкө аймагына киришине тыюу салып, бу чечимин "өзгөчө себепке" байлап түшүндүрдү. Ал эми ишенимдүү булагыбыздан алынган маалыматка кулак түрсөк, Князев акыркы учурда Ирандагы топтордун бири менен мамиле кура баштаган имиш. Мунун чын-бышыгына кепилдик бере албайбыз, ошентсе да "үч тамганын" Князевге кастарын тиккени бекеринен эместир.

Ак үйдөн ашып түшкөндөргө даңк жана дүңк, ой, эстелик?!
Жалал-Абад облусунун Барпы айылында абакта жаткан Камчыбек Ташиевдин эстелиги тургузуларын жергиликтүү депутат Дөөлөтбек Эргешов "сүйүнчүлөдү". Акыл болбосоң кое кал дедик. Эгер үч жыл мурдагы каргашалуу кыргыз-өзбек кыргынынан кийин Ташиевге айкел орнотулса бали демекпиз. Ал эми Чыңгызханчасынан 20 "жоокери" менен бийликти басып алам деп желпинип, Ак үйдүн кашаасынан алаасын тилдирип алганы үчүн эстелик тургузабыз дегени адамды мыйыгынан гана жылмайтат…

Азыранкулов Ак үйгө?!
Кезектеги кадрдык орун алмаштыруунун тузагына Чүй облусунун губернатору Айбек Азыранкулов илинет өңдөнөт. Жеке булагыбыздан алынган маалыматка таянсак, Айбек мырза губернаторлуктан президент аппаратындагы жооптуу кызматтардын бирине секирик жасаганы жатыптыр. Чүй губернаторлугу кимдин бактысын ачары азырынча чечиле элек дешет билермандар.

Руслан аяш атасына жолуккусу келет…
Жаш саясатчы, БЭК партиясынын төрагасы Руслан Бекназаров президент Алмазбек Атамбаевге кирүү үчүн ортого таасирдүү фигураларды салууда. Аяш атама айта турган сөзүм бар эле деп тигилердин кулагынын кужурун алып жатыптыр. Руслан мырза анчалык убара тартпай президентке айтчу кебин маалымат каражаттары аркылуу билдирсе, Ак үйдүн 7-кабатына эчак жетмек.

Ажону алдаса боло береби?
Артында калдырак-шалдырагы бар депутаттардын бири жакында эле ажонун кабыл алуусунда болгонун эшиттик. Ал буга чейинки кетирген катачылыктарын мойнуна алып, оппозицияга демөөрчүлүк кылбай турганын айтып карганып, оппозицияны желкемдин чуңкуру көрсүн дегенге чейин барыптыр. Бирок берген убадасын дароо унутуп, азыр деле оппозиция короосунда жүргөнүн көргөндөр бар. Атүгүл бүгүн-эртеңден борбордук аянтта өтүүчү нааразычылык акциясын каржылары каңкууланууда. Ажону алдаган ал да эр экен эй!

Садыковду сабаттуу министр экен десе…
Өткөн саныбызда Ош мамлекеттик социалдык университетинин ректорлугуна дайындалган Мухтар Орозбеков жөнүндө жаздык эле, кечээ аталган окуу жайдын жамаатынан 153 адам кол койгон калың кайрылуу түштү. Анда эмне айтылганын келтирели.
"Окуу жайыбыз жөнүндө ага жетекчини кайсы бир таарынычы бар адамды дайындоо учурунда гана эстешет.
Министр К.Ж.Садыковдун жамаат алдына келип жигиттигин, ата уулу экендигин белгилеп айтуу менен берген бир нече убадаларынын аткарылбагандыгы, чыгарган буйруктарынын юридикалык түрдө туура эмес даярдалгандыгы, өз буйругун эл алдында түшүндүрүүгө деңгээли жетпей, жетекчини жашыруун дайындап (25-апрель күнү кечки 19-45те жаңы ректорду проректорго, окумуштуу катчыга гана тааныштырган), эл менен жолугушуудан качкандыгы азыркы бийлик төбөлдөрүнүн компетентсиздиги жөнүндөгү ойлорду кайра-кайра бекемдөөдө. К.Ж.Садыков жамаат менен акыркы жолугушуубузда (2013-жылдын 6-февралы күнү) мындан ары эч кандай башка дайындоолор болбой тургандыгын, элге ректорду шайлоону уюштуруп берүүнү убада кылган. Акыркы 1,5 жылда жамаатыбыз министрдин төрт жолу ректорду дайындоо жөнүндөгү буйругун алып отурат. Мындай иш-аракет жамааттын ынтымагын ыдыратып, иштин ийгиликтүү аткарылуусуна кедергисин тийгизүүдө. Эки ай мурда элдин окуу жайдын ректорун шайлоону уюштуруп берүү талабын көрүп туруп, дагы кайрадан жетекчини - мурда өзү министрдин орунбасары кызматынан бошоткон М.О.Орозбековду дайындаган мындай министрге ишенбейбиз жана анын мыйзамсыз, эл үнүн укпай чыгарган буйруктарын тааныбайбыз".
Канат мырза, убактыңыз болсо башыңызды кумдан көтөрүп, үн катып койбойсузбу?

"Жаңы Агым" - пресс








??.??