presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым

Алайкууга учак менен "ГАЗ-63" жеткирген, 15 балалуу Рахман
"Ата аскалуу тоо, эне мөмөлүү дарак, бала боорундагы булак" делет элибизде. Чынында үй-бүлө үчүн ата аскар тоодой тирек, эне мөмөлүү дарак эмеспи. Бала болсо жердин жети катмарынан сызылып чыккан эң таза булак эмей эмине. Тилекке каршы, учурда аскар тоо, мөмөлүү дарак боло албагандар кыргызда четтен чыгат. Беш-он эмес бир-эки баласын дурус асырай албай заманга, мамлекетке наалат айткандар андан көп. Азыркы, кийинки муунга сабак, үлгү болор деген ниетте алыскы Кара-Кулжа районунун Кан-Коргон айылында жашап жаткан 21 жыл айдоочу, кийин чабан болуп, 10 уул, 5 кыздын атасы, кырктай неберенин, он беш чөбөрөнүн чоң атасы болгон, 82 жаштагы ырчы, мергенчи, жыгач уста Рахман Жекембаев аксакалдын таржымалын ачып берүүнү туура көрдүк. Көрсө бул киши "Министрдин кызынын махабаты" романынын, "Кытайдан качкан келин", Моджахеддин көз жашы" повесттеринин жана бир нече детективдин автору, маркум жазуучу, акын, сүрөтчү Бекмырза Рахман уулунун атасы экен.


АН-2 менен "ГАЗ 63тү" Оштон Кызыл-Жарга жеткиргем"
1952-жылы Калининград облусунун Советский шаарында аскердик кызматымды өтөдүм. Жөө аскерлер катарына түшүп калып арыз жазып, армиядагы айдоочулук мектебине тапшырдым. Ал жерден жүк ташуучу "ГАЗ-63", "ЗИЛ-150" машинелерин айдап үйрөндүм. Бир күнү батальон командиринин машинеси кырсыкка учурап, командирдин бетин айнек тилип кетти. Ал жердегилер канды такыр токтото албай коюшту. Айылдан бирөөдөн көргөнүмдү эстеп командирдин сакалын кырып, гезиттен кат-кат чаптап атып канын токтоттум. Айылда жүргөндө Турдубай Салибаев деген киши 16 калибрдүү мылтыктын пистонун чыгарып жатса ок жарылып кеткенин көргөм. Ошондо Турдубайдын каны токтобой Чеки деген акебиз гезит басып канын токтоткон эле. Ошентип ошол күндөн тарта командирдин айдоочусу болуп калдым. 1955-жылы армиядан 3-класстагы айдоочулук күбөлүк менен келип Сидоров колхозуна иштеп калдым. 1958-жылы Оштон Кайың-Талаа деген айылга жүк ташуучу машине жеткизиш керек болуп калды. Агезде Оштон Кара-Кулжа районунун Терек-Суу деген айылына чейин эле машине жол бар эле. Андан ары капчыгай ичи суу жээктеген ат жол болчу. Эмне кылабыз деп отуруп "ГАЗ-63" машинесин АН-2 самолету менен жеткирмей болдук. Анткени Кайың-Талаада чакан аэропорт бар эле. Бир машинени бузуп самолетко жүктөп Оштон Кайың-Талаага (Кызыл-Жар) алып барып, кайра курадым. Ушул эле жылы дагы эки машинени бир күндө өзүм жалгыз бузуп, самолет менен жеткирдик. Кураганга Манап, Кенжакун деген кишилер жардамдашып, эки машинени бортунан башкасын бир күндө кураганбыз.

"Кудай көп эле жолу мени сактады"
1964-жылы Ош аэропортуна жеткирип бергиле деп дагы бир "ГАЗ-63" алып бардым. Аэропорттун жүк ташуу бөлүмүнүн начальниги пахтага дары чачып бүтө албай жатабыз, анүстүнө андай жүктөрдү ташыганга уруксат жок деп койду. Аэропортто Торгой Чалыров деген киши биздин колхоздун жүктөрүн кайтарып, самолетко жүктөчү. Торгойду чатыры, үй-мүлкү, бала-бакырасы менен машинеге жүктөп Кара-Кулжага келдим. Район борборунда капчыгай ичиндеги Кара-Таш айылынын дүкөнчүсү Ысмандын жүгү бар экен. Аны да жүктөп Кара-Ташка келдим. Андан ары Көңдүн чатына чейин барып, Торгойдун жүгүн түшүрүп, чатырын тигип бир жума убактылуу жашап калдык. Анткени ал жердеги көпүрө атчан, жөө кишилер өткөнгө эле жарачу агезде. Суу чоң болгондуктан машиненин өтүшү такыр мүмкүн эмес эле. Жол жасап жаткан бульдозердун калагы сынып Мырзакеге алып кетишиптир. Бир жумадан соң бульдозер келип, машинени ага чиркеп суудан өттүк. Өтүп баратканда суу машиненин капотун жаап кетти, бирок машинени оодара алган жок. Наркы өйүздөн тик бет менен чыгышыбыз керек эле. Беттин так кырына чыгарда бульдозер тарта албай калды. Трактор өчсө эле артка кеткени турабыз. Машинени от алдырып, раздаткасын кошуп жиберсем кыйла жардам болуп тартып чыгып кетти. Мында бир Кудай сактады. Ошо кезде Ой-Тал, Терек, Кызыл-Жар айылдарында машине өткүдөй бир да көпүрө жок эле. Көпүрөлөр бүткүчө сууларды тепчип өтүп жүрүп тормоз кармабай калып, тормозу жок эле машине айдаган жылдар болду. Жанды оозго тиштеп суу кечкен учурларда, ар кандай опурталдуу кездерде Кудай көп эле жолу сактады. Ошентип 21 жыл айдоочу болдум.

"Атам дайыма 100-101 килограмм салмакта жүрөт"
Рахман аксакалдын баласы Шаамырза Жекембаев да атасы тууралуу биртоп кызыктарды айтып берди. Баласынын айтымында, Рахман аксакал жетимиштен өткөнчө 100 же 101 килограмм салмакты кармап жүргөн экен. "Атам жыгач уста, айдоочу, мергенчи, анан эң сонун ырдайт. Алайкуу өрөөнүндө атамдын "мергенчи Рахман", "ырчы Рахман", "шоопур Рахман", "орсок Рахман" деген төрт каймана аты бар. Атам, апам экөө тең атадан жалгыз уул, кыз экен. Ошондон уламбы, айтор Кудай берген балдардын бирин да чанбай 15 балалуу болушуптур. 2008-жылы гана агам Бекмырза Рахман уулу өтүп кетти. Калган он төртүбүз азыр аманбыз. Атамдын бир өзгөчөлүгү азыркыга чейин курсак байлаган жок. Жетимиштен өткүчө бир гана салмакта жүрдү. 1987-жылы мен армиядан келип кой багып калдым. 90-жылдары заман бузулуп ар кайсы койчу койду өзү кыркмай болуп калды. Бир койчу экөөбүз койлорубузду биргелешип кыркып, жүндү жүктөп алып тапшырганы бардык. Барсак бизге жээн Бактыяр Чымынов жүндү таразага тартып кабыл алып жатыптыр. Биз менен барган атам "балам, таразаң туурабы, текшербейлиби" деп калды. Тиги "кантип текшеребиз?" десе атам "мени тарт, жигит болгондон бери бир салмакта келатам. Тамак ичпесем 100, тамак ичсем 101 килограмм чыгам. Азыр кымыз ичкем 101 чыгам" деди. Тиги бала арыкчырай атама карап ишенбей койду. Экөө талашып жатып 250 килограмм жүнгө мелдеше кетишти. Таразаны түз жерге коюп атам чыкса 101 килограммды көрсөттү. Жүн тапшырып бүткөн соң жээнибиз кечирим сурап, бизди аябай сыйлаганы али эсимде. Кийин 2002-жылы, атам жетимишке чыкканда Бишкектен таразага түшсө 101 килограмм чыкты. "А дале өзүмдөй экемин" деп атпайбы анда атам ыраазы боло. Көзү тирүү кезинде апам "атаңар ачка болобу, ток болобу баарыбир бир өлчөмдө гана тамак жейт" деп айтып калчу. Аны кийин гана байкап калдым. Көрсө, атам тамакты абдан шашпай чайнап жейт экен.

Ороодогу сыр мискей
"Мергенчи Рахман" атыккан аксакал балдарын кезинде кийик, аркар, кулжанын этине карк кыла багыптыр. "Ар жылы кеч күздө семиз кийик атып келип чоң казанга бышырабыз. Балдар эртеден кечке оюнда. Энеси эт даяр болгондо балдарды кезек-кезеги менен бирден ээрчитип келип, алдына этти коюп берип эшикти сырттан кулптап коет. Качан бала тое жегенде чыгарат. Менимче, баланын көзү тойгондо гана өзү тоет. Кыскасы, эт-аш жагынан балдарым кем болгон жок" дейт Рахман карыя. "Ата-энебиз аркар-кулжа эттерин бышырып сыр мискейлерге бөлүп, ороого салып коюшар эле. Эрте жазда семиз мал жок, үзүмчүлүк күчөп турганда атам апама "кемпир, баягылардан алып чык" дечү. Анан апам ороодогу мискейден бирди алып чыгып ысытып, ар бирибизге бир табактан эт берет. Ойлосом, бала туруп баарыбыз бир табактан этти сиңире жечү экенбиз. Шорпо, эттен үзүлбөгөндүктөнбү, кыштын күнү жука кийимчен эле жүрө берчү элек. Дене тарбиядан берген мугалимибиз "тагам балдарын нак кийиктин эти менен багат, булар үшүбөйт" деп калар эле тамашалап" дейт Шаамырза Жекембаев.

Кудай бере турган адам ушундай болот
Атам айдоочулукту таштаган соң токойчу болуп, кийин чабанчылыкка өттү. Улгайып калганда атамды пенсияга чыгаралы деп мен жардамчы чабан болуп, атамды улук чабан кылып документ толтурдум. Ошондо бухгалтер "атаң пенсияга чыкса момунча жылдык стажысы менен акчанын астында калат. Алайкуу эмес Кара-Кулжа боюнча эң көп пенсия чыгыптыр" деди. Жакшы болуптур деп атамды районго жибердим. Атам ал жакка барып келип эле "мен пенсияга чыкпайм, пенсияга чыгат деген колунан эч нерсе келбей калды, картайды деген сөз. Анүстүнө мамлекет өзү жаш болсо, пенсия албайм" десе болобу. Ошентип айтканын бербей он жыл пенсияга чыкпай жүрдү.
Атамдын артыкчылыгы, радиону дайыма үзбөй угуп, радиоберүүлөрдүн убактысын так жатка билет. Атургай ырдын сөзү, обону, аткаруучусу ким экенин жазбай таанычу эле. Биз бала кезде атам бир жактан келгенде радио өчүк болсо "каап, радио укпай бок көкүрөк болуп каласыңар го" дечү кейип. Базарга барганда башканы унутса да радионун батарейкасын унутчу эмес. "Ырчы Рахман" атыккан атам Рыспайдын ырларын келтире ырдачу эле. Колхоздо иш азайган кезде же эс алуу күндөрү атам эртең менен туруп алып балдары жаткан чоң бөлмөдө бир саат ырдап берет. Ырдап жатканда жети-сегизибиз алмак-салмак мүрүсүнө чыгып секире беребиз. Аны тоготпой гана ырдай берер эле. Ушуга чейин Рахман атамын кейигенин, балдарынан тажап тынчтангыла деп урушканын көрбөдүм. Ошондон уламбы кээде үйдө орун толтура турса да баарыбыз атабыздын колу-бутуна, мойну-башына оролуп, ага ыктап жатып алар элек. Кызыгы, атам кандай жатса таң аткыча оонабай ошол калыбында уктаар эле.
Союз маалында бизден өйдөкү айылга Көлдөн Бермет, Урийпа деген математика, орус тилинен сабак берген мугалим кыздар келатса, аларды мектеп директору Ысак деген абабыз биздин мектепке алып келип алган экен. Ошол эки кыз күн алыс эле бирдеме уюштуруп отуруш кыла берчү. Отуруштун акырында эле атам жалгыз ырдап калып, калганы угуп дымып калат. Көрсө, эки кыз атамын ырын угуш үчүн эле шылтоолоп бирдемкелерди уюштура беришчү экен. Кийин токойчу болуп жүргөндө да район, облустан баргандарга кийиктин этин салып берип, ырдап оозун ачырчу. Ойлосом Кудай бере турган адам өзү ушундай болот окшойт.









??.??