presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым

Тойго кийүүчү көйнөктү да, көрдө жатчу кепинди да бир эле ийне тигет
Дагестан элинин залкар акыны Расул Гамзатов 1923-жылы жарык дүйнөгө келсе, 2003-жылы бу дүйнөдөн узаган. Ал бул жашап өткөн өмүрүндө, өз Дагестан өлкөсүн, тоолуктарды даңазалап не бир керемет чыгармаларды жараткан. Анын сезимдерди селт эттирген акылгөй саптары, жарык лирикалары, тереңге сүңгүгөн сүрөттөөлөрү башка миңдеген жазуучулардан айырмаланып, дүйнөлүк адабияттан орун алган. Гамзатов туурасында дагы айтаарыбыз алдыдадыр. Бүгүн кашкөй акын Аман Токтогулов кыргызчалаган "Менин Дагестаным" китебиндеги айрым акылман саптардан.


Китептин формасы, кандайча жазылышы тууралуу
Дайым кында жата берсе канжарды дат басат.
Дайым үйдө уктай берсе жигитти май басат.
(Канжардагы жазуу)

Сапталчу ийне сапталды,
Тигээр кийимим эмине.
Тагылчу кыл тагылды,
Ырдачу ырым эмине.
***
Жакшынакай кумуралар жасалат,
Жанагы эле топурактын өзүнөн.
Жалыны бар жаркын ырлар жазылат,
Кадимки эле сүйлөп жүргөн сөзүңөн.
***
Тоок түш көрсө бүркүт экен, аскадан учам деп канатын сындырыптыр. Булак түш көрсө килейген дарыя экен, чөлгө бир жапырылып алам деп соолуп жок болуптур.
Тема
Талкалайм деп лом издегенче, ачкыч изде.
(Каалгадагы жазуу)
"Тема" бергиле дебе, "көзүм жок, көз бергиле" де.
***
Ой менен сезим куш болсо, тема асман.
Ой менен сезим бугу болсо, тема токой.
Ой менен сезим жолдор болсо, тема ошол жолдор бара турган, барып кошула турган шаар.
Стиль
Ырчыны үнүнөн, зергерди оюмунан тааныйсың.
(Кубачиде жасалган буюмдардагы жазуу)
- Эмне кыйкырасың?
- Кыйкырып атамбы? Менин сүйлөө манерам ушундай.
(Эрди-катындын сөзүнөн)

- Негедир сенин ырларың ырга окшошпойт.
- Менин жазуу манерам ушундай.
(Акын менен окурмандын сөздөрү)
***
Жыйырмасында күчү жоктон күч күтпө, отузунда акылы жоктон акыл күтпө, кырк жашында акчасы жоктон акча күтпө.
***
Ичинде автору көрүнүп турбаган чыгарма, үстүндө киши жок кетип бараткан атка окшош.
Сюжет
"Бир сүйлөм бир залкар ойду сыйдырып алышы мүмкүн. Бир залкар сезим бир сөзгө батып кетиши мүмкүн. Бүткүл окуяны бир эпизод толук баяндап салуусу ажеп".
***
Тойго кийүүчү көйнөктү да, көрдө жатчу кепинди да бир эле ийне тигет.





"Бир күн иштебей калсак уялып көчөдө басалбай калчубуз"


Токон Дунканаев аксакал 1921-жылы 15-сентябрда Чоң-Кеминдин Тегирменти айылында туулган. Мектептен төрт жылдык билим алып, чарбачылык менен алектенет. 1942-жылдан тарта айылдык кеңештин катчысы болуп иштеп турган учурунда согушка жөнөтүлөт. Алгач Куйбышев, Саратов шаарларында атайын согушка даярдоодон өтүп, Великие Луки деген шаарда согушка кирип, 9-дивизия, 22-аткычтар полкунда кызмат өтөгөн.


- Токон ата, азыр согуштагы кездериңизди эстей аласызбы?
- Биз ички аскерлер бөлүгүндө Чкалов шаарынын тегерегинде кызмат кылдык. Чынында согушка кантип киргенимди деле билбейм. Төрт-беш жолу согушка киргенден кийин бутуман жарадар болдум. Колумдан да жарадар болдум. Жараатым оор экен. Бир жылдан ашык госпиталда жаттым. Ошол жылдары Сталин жарааты жеңилдер, бирок согушка кайра кирүүгө жарабагандар завод-фабрикаларда иштесин деген буйрук чыгарды. Мен госпиталдан чыккан соң Горькийдеги машине заводунда 1946-жылга чейин иштедим.
- Согуш учурунда болгон, кийин көпкө чейин оюңуздан кетпей сизди бушайман кылган окуялардан эстей кетсеңиз?
- Көпчүлүгүн унутуптурмун. Күнөө кылбасаң, түрмөгө түшпөсөң анчалык эсте калган жаман күндөр деле болбойт окшойт. 800 грамм нанын, кантын алабыз. Ага жетпей калган күндөр да болот. Кээде көтөрө албай калабыз. Себеби көпчүлүк балдар ал ырыскысына жетпей окко учуп калып жатпадыбы, атаңкөрү... Анан алардын нанын ыргытып иймек белек. Баса, бир күнү кармаштан кийин бир жерге түн күзөтүп калдык. Баарыбыз аябай чаңкаганбыз. Анан бирден жылып барып жаныбызда агып жаткан өзөндөн суу ичтик. Суунун даамы башкача сезилген. Жарык кылып карасак ал өзөн кызыл кочкул кан болуп агып жаткан экен. Көрсө кармашта суунун өйдө жагынан өтүп бараткан аскерлер кыргынга учураптыр. Биз алардын канын ичкен экенбиз. Чынында бул окуя көпкө чейин эстен кетпей жүрдү.
- 1945-жылы 9-майда каякта элеңиз?
- Аны айта албай жатканым, шаарды унутуп атам, айтып койсом болот эле... Үйгө согуш бүткөндөн кийин бир жылдан соң келдим.
- Келгенден кийин эмне иш кылдыңыз?
- Араба да айдадым, эгин да сугардым, кой дагы бактым. Кылбаган жумушум калган жок. Мага эмне тапшырса ошонун баарын аткардым. Ал убакта азыркыдай баары даяр болуп чалкалап жаткан кез эмес эле. Бир күн иштебей калсак уялып көчөдө басалбай калчубуз. Кийинчерээк катуу-ирик жумуштан четтеп кампа кайтардым. Анын себеби бутумдун майып экени болду. Болбосо кароолчулук кылуу эр жигиттин кылар ишиби? Колумда да осколкадан алган жараатым бар. Жетимиш жылдан бери тагы өчө элек. Согуштан биринчи группадагы майып болуп келгем.
- Канча уул, канча кыз тарбияладыңыз?
- Эки уулум, алты кызым бар болчу. Азыр эки уул, эки кызым калып, калганынын көзү өтүп кетти. Бир уулумдун төрт уул, бир кызы бар. Кемпирим он жыл ооруду. Өкмөттүн догдурунун да, элдик табыптардын да алы жеткен жок. Кыргызстанда көрсөтпөгөн жерибиз калган жок. Эс алуу жайларынын баарына барды. Быйыл өтүп кеткенине он бир жыл болду. Анан мен баланын колунда калдым.
- Өкмөт сизге ардагер катары көңүл буруп турабы? Жашооңузга нааразы эмессизби?
- Эч кимге арыз-муңум жок, балам. Акаев деле, Бакиев деле ардагер катары көңүл буруп, 23-февраль, 9-май майрамдары сайын эске алып келишкен. Айылыбыздын чоңдору да унутпайт. Азыр Атамбаев деле жакшы көңүл буруп жатат. Балдарым, кыздарым, туугандарым, атургай бүтүндөй айылдаштарым бөпөлөп эле келишет.
- Жаштарга эмне каалайт элеңиз?
- Элге биринчиден тынчтык каалайм. Тынчтык эле болсо баары жетиштүү болот. Экинчиден, элде биримдик болсун. Алакандай кыргыздын ынтымаксыз болуп жатканы уят. Кыргыздын оңу да, солу да баары бир атанын балдары да кокуй. Учурда баары жетиштүү. Топук кылыш керек. Элдин, жердин баркын билгиле. Бир мейизди жүз киши бөлүп жеген кездер болгон. Ага караганда бүгүн майкөл, сүткөл заман эмеспи. Пейлиңерди оңогула, айланайындар.
Зайырбек АЖЫМАТОВ


Деги билбейм, дүйнөмө бүлүк салдың

"Мен сени сүйүп калдым.
Деги билбейм, дүйнөмө бүлүк салдың.
Жүрөгүм жанчылууда.
Бир гана сен деп өмүр сүрүп калдым".
Менин тагдырым, жүрөгүм, сезимим бир акындын дал ушул саптарынын ичинде калды. Кыргыздын сендей мырзасына болгон жактыруу сезимим кандай улуу сүйүүгө айланып кеткенин өзүм дагы сезбей калыпмын. Мындай карасаң жөн гана жомок. Бүгүнкүнүн жомогу. Сен асыл адамсың. Сенин мындай асылдыгың мени багындырды, сүйдүрүп алды. Мурун эле анча-мынча жигитти жактырбаган кыз элем. Сага деген сүйүүм күч алгандан бери башка жигиттер көзүмө көрүнбөй келет. Ушул азаптуу сүйүүнүн азабынан турмуш курбай каламбы? Мунун өзү тагдыр, сүйүү трагедиясы эмеспи. Менин өмүрүмдүн бүгүнкү дастаны эмеспи, арманы эмеспи. Айылдан апам келди. Байкашымча акыркы күндөрү атам экөөнүн кейигени мен экенмин. "Балам, турмуш курсаң боло. Жакшынакай жумушуң бар, келбетиң бар. Айылдан жуучу түшүп келгендерди жаныңа жууткан жоксуң" деп биртопко кобурады. Кээ түндөрү жаздыгым жашка чыланып, махабаттын, кусалыктын, белгисиз бейкүнөө сагынычтын азабын тартам. Жалгыздыктын азабын тартам. Түндө жалгыздыктын азабын тартканым менен эртеси шынаарлап келген жигиттерди жаныма жолотпой мүнөзүмдү карматам. Бардык азап-тозоктон, махабат дартынан куткарып эшиктен сен кирип келчүдөй күтө берем. Же сезимимди билдире алсамчы. Ошентип күндөр өтүүдө. Бүгүн сени көрдүм. Келинчегиң менен отуң күйүшпөй, ажырашып жүргөнүңөрдү уккам. Бүгүн тамтуң баскан кызыңды жетелеп, жубайыңдын жанында бактылуу турдуң. Мен жаныңдан өткөнүмдө жүрөгүң бир нерсени сезгендей кылчая карап баш ийкедиң. Жандүйнөмө бүлүк түшүп, бир буркурап алганым менен өз жашоомо чечим чыгардым. Сен бактылуусуң. Ылайым мындан ары да түбөлүккө бактылуу бол. Мен алыс кетүүгө, сени унутууга өзүмө-өзүм сөз бердим.
Айжан БЕРДИБЕКОВА, Бишкек шаары











??.??