10.05.13 Манас ааламы
"Манас жаштар ордосу" жана "Улуу баян" коомдук фонду "Манас ааламы" аттуу Манас дүйнөсүнө арналган сүрөттөргө сүрөтчүлөрдүн конкурсун жарыялашкан. Конкурска катышуучулардын жаш курагы чектелген эмес. Жоомарт Кадыралиев, Асан Турсункулов баштаган аттын кашкасындай таанымал сүрөтчүлөрдөн тартып, сүрөт дүйнөсүнө жаңыдан башбаккан жаштардын эмгектери да бул көргөзмөгө коюлган. Океандай чалкыган Манас темасына арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы 2-май күнү Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде өткөрүлүп, алтымыштан ашык конкурска катышуучулардын жүздөн ашык эмгектери көрүүчүлөргө тартууланды. Бул көргөзмө 17-майга чейин улантылмакчы.

Көз жоосун алган живопись, графика, скульптура, чийге тартылган сүрөттөр, "Манас" эпосундагы каармандардын келбети ар бир көрөрманды Манас дүйнөсүнө сүңгүтөт.
Бул конкурстун уюштуруучусу, "Манас жаштар ордосунун" төрагасы Бакыт Романов бул күнкү көргөзмө тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду.
"Бүгүнкү "Манас ааламы" сүрөт көргөзмөсүнүн негизги максаты Манас темасына арнап сүрөт тарткан сүрөтчүлөргө дем, стимул берүү. Булардын шыгына шык кошуп чыгармачылыктарына шарт түзүп берүү. Азыркы учурда кандайдыр бир деңгээлде өзгөчөлөнгөн темада тартылган сүрөттөргө баа беришет да, Манас темасына арналган сүрөттөр көмүскөдө калган учурлар да жок эмес. Манас бул кыргыз элине гана тиешелүү өзүнчө бир дүйнө, өзүнчө бир аалам. Казсаң казылып бүтпөс, жазсаң жазылып бүтпөс казына. Манасты биз манасчылардын айтуусу аркылуу, кара сөз, ыр түрүндө китеп окуу аркылуу таанып келебиз. Манас темасы боюнча тартылган бир эле сүрөт, бир окуяны, же бир бөлүктү түшүндүрүп койгон учурлар болот. Албетте, бардык эле адамдар сүрөт искусствосун түшүнө бербейт. Коомчулукта кандайдыр бир деңгээлде окуяны сүрөт аркылуу түшүнгөндөр бар. Экинчиден, азыркы учурда Манас боюнча чыгарып жаткан китептерге да иллюстрация берерде кайсы сүрөтчү кандай тартат деп сүрөтчүлөрдү издеп калабыз. Биз бардык сүрөтчүлөрдүн иштери менен таанышып калганга байланыштуу кийин кандай китеп чыгарсак ким менен иштешүүнү жакшы билебиз. Быйыл бул конкурсту биринчи жолу өткөрүп жатканга байланыштуу байге фондубуз чектелүү болду. Кудай буюрса эмдиги жылы байге фондун мындан да көбөйтөбүз. Бир эле айрым чыгарманы тартууга сүрөтчү 40-50 миң сомун коротот. Кандайдыр бир деңгээлде эмгектин да акыбети кайтыш керек. Бүгүнкү коюп жаткан алтымыштан ашык сүрөтчүнүн эмгегинин акыбети кайтпаса да мыкты деп табылгандар өздөрүнүн эмгегинин үзүрүн көрүшү керек".




"Манас" кыргыздын коду. Муну эч ким жок кыла албайт"
Бир кезде КООРТ, "Манас жаңырыгы" телеканалдарын түптөп, учурда "Башканы коюп манасты айт" берүүсү менен калың элдин катмарына Манасты, дагы башка кыргыз элине таандык тарыхый, тарбиялуу берүүлөрү менен элге жаккан Темирбек Токтогазиев ага менен маек курдук.

- Темирбек ага, сиздин "Башканы коюп манасты айт" аттуу берүүңүздү жакшы билебиз. "Манас жаңырыгы" телеканалы кимге таандык?
- "Манас жаңырыгы" телеканалын 2001-жылы уюштургам. Алгач телеканалды Жалал-Абад шаарында түптөп, 2005-жылкы революциядан кийин борбор калаабызга келип, ошондон бери канал Бишкектен көрсөтүлө баштады. Биздин максатыбыз кыргыздын баалуулуктарын, үрп-адат, салт-насилдерин жана "Манас" эпосун элдин катмарына жеткизүү.
- "Манас" эпосун изилдөө иштери менен чет жактарды көп кыдырыпсыз. Кырк жигит менен Алтайга да барып келдиңиз эле. Ал сапардын жемиши кандай болду?
- Алтайга 2010-жылы "Айкөл Манас атабыздын жолу менен Алтайдан Ала-Тоого" деген жүрүш уюштуруп барып келдик. Бул экспедициябыздын 80%ы ишке ашты. Кырк жигит кырк ат менен жүрүш жасап келебиз деген максат менен аттандык эле. Тилекке каршы бул максатыбыз ишке ашпай калды. Бирок биз анын ордуна Алтайда өскөн кыдыр дарагынын 125 көчөтүн алып келип жергебиздин жети дубанына бөлүштүрүп тиккенбиз. Бүгүнкү күндө бул кыдыр дарагы өнүп, өсүп жаткан учуру. Орустар бул даракты кедр деп коюшат экен. Бул дарак тарыхта кыргыз дарагы деп аталат. "Манас" эпосунда "элдин баарын кырыптыр, тал-дарагын кыйыптыр" деген саптар бар. Кыдыр дарагын өрттөп жок кылышкан. Бул алгач түп атабыз Түгөл ата тиккен дарак болгон. Дарак Россия жергесинде Енисей жакта, Тайгада сакталып калган экен. Ошол жактан он, он беш жылдык көчөттөрүн ташып келип бизге тиктик. Андан тышкары 28 баатыр панфиловчулардын жаткан жерине барып 28 Тянь-Шань карагайын тиктик.
- Жакында Манасты изилдөөлөрүңүздү жыйынтыктаган китебиңиз жарыкка чыгыптыр...
- "Айкөл Манас тарыхый инсан. Алтайдагы, Ала-Тоодогу, Бээжиндеги издер" деген тарыхый китебим жарык көрүп, бетачарын өткөздүм. Манас дүйнөсүнө кызыккан окумуштуулар дүйнө жүзүндө оголе көп экен. Алардын бардыгы тең эле Манасты эпостун каарманы катары эле, ойдон чыгарылган адам катары тактап келишкен. Бирок эмне үчүн ал эпостун каарманы болсо анын атынан жердин аттары, суунун аттары, бийик чокулар аталып калган деген суроо мени таңгалдырды. Анан ошондон улам мен издене баштадым. Манастын тогуз, онго жакын вариантын казып окуп, ошол жердеги жер, суу аттарынын баарын көчүрүп жазып, салыштырып анан картадагы жер-суу аттары менен салыштырып көрдүм. Кытайдын жазмаларындагы тарыхый маалыматтарды салыштырып көрүп, Манас атабыздын тарыхый инсан болгондугун, болгондо да каган болгондугун далилдегенге аракет кылдым. Манас атабыз баскан жерлердин бардыгын басып өтүп, видеого, сүрөткө тартып, ошол жердеги элдер менен сүйлөшүп телеэкран аркылуу чагылдырдым. Ушуну китеп кылып чыгарсаң болот эле деген сунуштар түшүп бул китеп жарыкка чыкты. Китеп башка китептерден өзгөчөлөнүп, калың кагаз менен ичиндеги сүрөттөр да жакшы сапаты менен айырмаланды.
- Сиз Манас атабызды кайсы тарыхый инсандын прототибине салыштырдыңыз?
- Манас атабызды окумуштуулардын көпчүлүгү прототип деп жүрүшөт. Юнусалиев баштаган ж.б. окумуштуулардын катмарланган тарых издеринде калган каган, баатырларга салыштырууларын окудум. Чыңгызхандын прототиби дегендер да бар. Мен кытайдын тарыхый жазмаларындагы маалыматтар менен эпостогу маалыматтарды салыштырып бул жетинчи кылымда жашап өткөн, Алтайда төрөлүп, улуу кыргыз каганатын түптөгөн Манас атабызды Кут-му Энтерестин прототибине салыштырам. Жер-сууларды кыдырып жүргөндө Кут-му Энтерестин окуялары менен Манас атабыздын окуялары окшошуп кетет. Бул жетинчи кылымдын аягы, сегизинчи кылымдын биринчи жарымында жашаган баатыр болгон.
- "Башканы коюп Манасты айт" берүүңүздө ар кыл курактагы манасчылар, ар өлкөдөн келген изилдөөчүлөр келип сүйлөшөт. Жайсаңчылар деп манасчылардын, изилдөөчүлөрдүн ортосунда бир ызы-чуу болду. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?
- "Манас" эпосунун айланасында чыр кылгандардын баары кыргыздын душмандары деп ойлойм. Себеби кыргыздан башка бир да улут манас айта албайт. Манас бул кыргызга келген кут, көөнөргүс дөөлөт. Манасты кыргыздан башка киши жазбайт. Ортодон эле бирөөлөр чыга калып балким бир чагымчылардын заказыбы, түшүнбөйсүң. Манасчыларды да бул жайсаңчы, бул мындай деп чыккандарга таңгалам. Бул туура эмес. Кайсы гана манасчы манас айтпасын ал сыйлоого татыктуу. Манасты кара сөз менен жазган жазуучуларыбыз бар. Ашым Жакыпбеков агабыз "Теңири Манасты" жазган. Кеңеш Жусупов агабыз "Манас баатыр" деп балдар үчүн кара сөз менен жазды. Бактыбек Максүтов деген агабыз да "Манас", "Семетей", "Сейтек" деп үчилтик жазып элге жеткизип жатат. Жапарали Осмонкулов Манасты балдар үчүн серия кылып жазып жатат. Галина Муканбаева деген эже, Мар Байжиев да өзүнчө варианттарга кайрылып жүрөт. Бексултан Жакиев окуучулар үчүн он миң тиражда үчилтикти жарыкка чыгарды. Анан ошолордун ичинде Бүбүмариям Муса кызынын аян аркылуу жазган "Айкөл Манас" китеби. Бул башында 5-6 жыйнагы Жайсаң деген ат менен жарыкка чыккан. Биз материалист болуп бүтүп калганбыз да. Өлгөн кишинин арбагы келип кантип окуяны айтып берсин деп ишенишпейт. Акыркы кездери Россия каналдарынан да кайып дүйнөсү тууралуу көп материалдар кетип жатат. Бул эми ар бир адамдын жеке кабыл алуусу. Манастын жаман варианты жок деп ойлойм.
- Мүмкүн Жайсаң болуп эле кете берсе эч кандай ызы-чуу чыкпайт беле?
- Бул жерде пендечилик деген нерселер да болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да чыгарма элдин арасына тарап, аны жактагандар да, ал чыгарма жакпагандар да болду. Убагында Манас атабыздын душмандары көп болгон. Бүгүнкү күндө да душмандары көп. Манас китеп болуп чыккан сайын кан аралаш зил кусуп жаткандар да бар. Ушул чыкпаса жакшы болот эле дегендей. Биз манасчыларыбызды алаканыбызга салып колдошубуз керек. Кыргыздын бардык дөөлөтүн колдош керек. Ар бир алтымыш, жүз жыл сайын манасчыларды кырып турушкан. Бирок капысынан эле кичинекей манасчылар эл арасынан чыгып айта башташкан. Мына азыр да биз сыймыктанар жоон топ манасчылар бар. Манас бул кыргыздын коду. Муну эч ким жок кыла албайт.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА