presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым

Баткен ШЕРНИЯЗОВ, "Манас-Мурас" коомдук фондунун негиздөөчүсү:
"Манас" эпосу жандуу болгон үчүн азыркы илим, технологияга карабай жашап келатат"

- "Манас-Мурас" коомдук фондунун качан, кантип уюшулганын эскере кет-сеңиз?
- Биз "Манас-Мурас" коомдук фондун 2003-жылы түздүк. Ал кезде менин бир тууган агам Садык Шернияз "Айтыш" коомдук фондун негиздеп, бул тармакты жөнгө салып келаткан кези эле. Бир күнү Сакең менен отуруп калып сөздөн сөз чыгып манасчыларды караган киши болбой алар чачырап баратат деген ойлор айтылып калды. Анан мен ойлонуп Сакеме ушул өнөрдү өзүм бир жетектеп, манасчылардын башын кошконго аракет кылбайымбы десем агам, "аябай жакшы болот эле, сен анда чоң жумуш кылат элең" деп ак жол каалаган. Бирок ошол кезде өзүм аябай чоң суммада карыз элем. Сакемдин "Баткен, сен ушул жумушту баштап кетсең Кудай өзү жардам берип, Манас атаң колдоп карызыңдан чыгып кетесиң" деген сөзү азыр да эсимден кетпейт. Анан ушундай колдоолорго бел байлап "Манас-Мурас" фондун түзүп, ал түзүлгөндөн баштап эле ал кездеги жаш, азыркы баш манасчы Рыспай Исаковду жетекчи кылып отургузганбыз. Ошентип быйыл арадан он жыл өтүптүр. Биз он жыл бою "Айтыш" фондунун иш ыкмасы менен иштеп келдик.
- "Манас-Мурас" коомдук фондунун ушул он жылдык эмгеги сиздин купулуңузга толобу?
- Чыгармачылыктын, ийгиликтердин чеги болбойт эмеспи. Андыктан биз өзүбүзгө өзүбүз эч убакта ыраазы болуп отуруп калбайбыз. Ушу он жыл аралыгында бизден бир нече манасчылар өсүп чыкты. Албетте, манасчылык Кудайдан берилген өнөр.
Бирок мен акыркы алты жыл Москвада туруп калдым. Бөлөк өлкөдө жашасам да жүрөгүм Кыргызстанда болду. Манасчылар менен бирге болду. Өз өлкөмө келген сайын ушулардын ал-акыбалын сурап турдум. Кыскасы, эч качан Манастан ажыраган жокмун. Иштин жыйынтыгын айта кетсем, бул фонд иштей баштагандан бери менин көз алдымда Рыспай Исаков баштаган биртоп манасчылар элге алынып, Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаилов, Замир Баялинов, Самат Көчөрбаев, Таластагы Камил жана башка да биртоп манасчылар өсүп чыкты. Улуу устаттардан сабак алды. Жогорудагы манасчылар бүгүнкү күндө Кыргызстанга төбөсү көрүнгөн жигиттер болду деп толук ишеним менен айта алам. Мен аша чаап кетсем, эл билет. Баса, Улан Исмаилов деген манасчы чыкты дегенде мен кадимкидей сүйүнүп, сүйүнгөндөн анын көрүндүгүнө беш миң сом берип ийгенимди азыр балдар айтып күлүп жүрүшөт. Дегеним, окутуп-чокутуп манасчы тарбиялоо мүмкүн эмес. Бирок минтип эл арасынан манасчылар чыгып жатканы кадимкидей толкундатат эмеспи. Кыргыздын кенчи да, бактысы да, үлгүсү да, келечеги да, күзгүсү да бул - Манас. Муну эч ким, эч качан талаша албайт. Манас аркылуу биз көптөгөн мекенчил, улуттук баалуулуктарды барктаган балдарды тарбиялай алдык деп ойлойм. Андыктан жогоруда аты аталган манасчылардын кыргызга кошуп жаткан салымы ат көтөрө алгыс. Дүйнө эли да бизге ушул өнөрүбүз үчүн таң калып келет. Саякбай атабыз менен Сагымбай Орозбак уулу кеткенден кийин көптөр "эми кыргыздан манасчы чыкпай калды" деп келишкен. Биз фонд ачканда да ушундай суроолор болуп, кээ бир аксакалдар " ай, Саякбай атабыз менен Сагымбай Орозбак уулу кеткенден кийин кыргыздан манасчы чыкмак беле?" дешкен. Мен аларга "эгер биз чындап эле кыргыз болсок, бизде чындап эле Манас атанын каны бар болсо анда бизден манасчы чыгат" деп айтканым али да эсимде. Көрсө биз чындап эле "түгөнгөн сайын түтөгөн" улуу кыргыз экенбиз.
- Мурда да, кийин да Манасты жомок деп келгендер бар. Сиз бул маселе боюнча эмне дейсиз?
- Чындап эле кез-кезде Манас -миф, фантастика, жомок деген сөздөрдү угуп калып атабыз. Бирок мен бир нерсени айтат элем, эгер Манас чын эле жомок болсо анда ал түгөнөт эле да. Айтуучулар чыкмак эмес да. Илим, технология өнүккөн азыркыдай заманда жомоктун кимге кереги бар? Жок, Манас жомок эмес. Ошондуктан ал саналуу манасчыларыбыздын дилине түшүп айтылып келатат. Мейли, жогорудагы акыл-эси токтолуп калган балдарды айтпай эле коеюн, үч-төрт жашынан бери буркан-шаркан түшүп манас айтып келаткан чолпон-аталык жаш манасчы Үмөттү эмне дейбиз? Эгер кайып дүйнөнүн түрткүсү болбосо аны кыйнасаң да жаттамак эмес да. Илгерки ата-бабаларыбыз айткандай бул -Көктөн. Дүйнө жүзүндө канчалаган улут бар. Ошолордун маданияты жок бекен? Ошолордун баатыры болбоптурбу? Жер шарында бир гана тирүү калган эпос бул - "Манас" эпосу. Ошондуктан "Манас" эпосу бир гана кыргыз эли эмес, адамзаттын байлыгы катары бүтүндөй дүйнө жүзү колдой турган, сыймыктана турган байлык. Мен бул сөздү Ташкентте өткөн ЮНЕСКОнун жыйынында да айткам.
- Сиз тууралуу окурмандар көп биле бербейт. Билимиңиз кандай? Эмне иш кыласыз?
- Өзүм 1994-жылы КМУУга тапшырып, бул окуу жайдын укук факультетин бүтүп чыккам. Андан кийин 2006-жылы Москвадан Дипломаттык академиянын дүйнөлүк экономика факультетин бүтүргөм. Мен аталган өлкөгө кеткенимдин негизги себеби билимимди жогорулатсам дегем. Окууну бүткөндөн кийин кайра кайтып келүү бир аз созулуп кетти. Ал жактан 2012-жылы көчүп келдим. Анткени мен үйдүн кичүү баласымын. Апамды карашым керек.
- Айтышты айтыш кылган агаңыз Садыктын кээде Элмирбектей төкмө акындар менен айтышып калган кездери бар. Сиз да манас айтпайсызбы?
- (күлүп) Жашырып жүргөн сырлардын баарын айттырат окшоп калдың. Бирок азыр мен манас айтам десем да, айтпайм десем да өзүм үчүн калп айткан болуп калам. Дегеним Москвада жүргөндө үч жолу Манастын энергетикасына туш болгон учурум болду. Менимче мага бул эпостун бир чымчым эпкини эле келди окшойт. Бирок ошону көтөрө албай ички дүйнөм жарылып кетейин деди. Айтпаганга болбогон абал болот экен. Кийин эстесем Манас атанын Чоң казатынан айтыптырмын. Чын-чынына келгенде мен ага чейин Манасты кыйратып деле окуп же жаттап көргөн эмес элем. Кыскасы, Манас жөнөкөй адам туруштук бере албай турган бир улуу касиет экенин түшүнгөм. Мени манасчы балдар "Баткен байке, сиз Манасты кара сөз менен катырасыз" деп тамашалап коюшат. Бизди эл Шернияздын неберелеринде акча көп да, эмне кыларын билишпей бири көк бөрүнү, бири айтышты, бири Манасты көтөрөбүз деп жүрөт деши мүмкүн. Чынында андай эмес. Кыргыздын бул өнөрлөрү баарыбыздын жандүйнөбүздө жашайт го деп ойлойм. Эгер мен Манасты жүрөгүмдүн түпкүрүнөн түшүнбөсөм ага эмнеге убакыт коротмок элем?
- Алдыда ЭлТР телекомпаниясы менен бирдикте эл аралык Манас күндөрүн өткөргөнү жаткан экенсиздер...
- Кызматташтык боюнча мен бир эле нерсени айта кетейин. Биз эч качан Манасты башкалардан кызганбайбыз. Бүгүнкү күндө бизде Манасты жана манасчыларды көтөрүү боюнча Бакыт Романов, депутат Карганбек Самаков, Талантаалы Бакчиев да өз алдынча бир кыймылдарды ачып, акын Асан Жакшылыков да өз аракетин жасап жатат. Дагы да көп нерселерди угуп жүрөгүм сүйүнөт. Анткени мен аларды чыныгы Манас атанын урпагы деп ойлойм. Мен жокто "Манас-Мурас" коомдук фондун Садык агам да колдоп берди. Ага мен чоң ыраазычылык билдирем. Айрыкча ЭлТРдин жетекчиси Шайырбек Абдыракмановго жана бул телеканалдын жамаатына чоң ыраазычылык билдирем. Шайырбек ЭлТРге баргандан баштап "Манас күнү" деп 2011-жылы, 2012-жылы өткөргөн экен, эми алдыда дагы өткөргөнү жатат. Чынында бул жигит кыргыз эли үчүн опол тоодой эмгек кылып, улуттун жүрөгүн, дилин ойготуп жатат. Шакеге айтып ЭлТРде бул жылы өтө турган "Манас күнүнө" мен да кошулдум. 18-майда ЭлТРде таңдан баштап түнү менен манас айтылып, эртеси улуттук филармонияда жыйынтыкталат. Кирүү акысыз. Түз эфирге манасчылар Оштон, Таластан, Бишкектен чыгат. Байге фонду 1 млн. сом. Бул манас айтуу боюнча биринчи эл аралык фестиваль.
- Эл аралык сынак болуп жатканда ошондо кандай болуп калат, манасты башка элден келгендер да айтат бекен?
- Буга чейин "Манас" эпосу боюнча конкурстар өтүп жатты. Бирок сырттан эч ким келип катышкан эмес. Бул жолу кытайлык кыргыздардан беш манасчы, Казакстандан бир манасчы келет. Казакстандан келген Баянгали деген манасчынын өзү казак, бирок манасты кыргызча айтат.
- Ал кантип кыргызча айтып калган?
- Эми бир кызык, мен кечээ жакында уктум. Баянгали аксакалдын өзүнүн айтымында, ал башында манасты казакча айтып, казактар "бизден манасчы чыкты, Манас деле казактыкы окшойт" дей баштаган экен. Бирок кийин Баянгали аксакал түш көрүп, түшүндө жер дүңгүрөп келип, манасты кыргызча айт деген аян болуптур. Ошондон бери ал киши кыргызча манас айтып калган дешет.
Зайырбек АЖЫМАТОВ











??.??