presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым

Аталардын эрдиги болбосо азыркыдай жашайт белек...
Быйыл Улуу Ата
мекендик согуштагы
Улуу жеңишке 68 жыл толду. Далай кырчын өмүрдү, шаарларды, айыл-кыштактарды кыргынга салып, кан кечирген бул алааматта аман калгандардын саны жыл өткөн сайын суюлуп барат. Согуш башталганда төрөлгөн наристелер жетимишке таяп, жеткинчек балдар улгайып калышты.
Кан майданда от кечип Улуу жеңишти Берлинден тоскон Салык ТАБЫШЕВ аксакалдын эскерүүсүн уктук.

- Мен 1922-жылы 1-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Талды-Суу айылында туулгам. Он тогуз жашымда, 1941-жылдын 3-сентябрында Советтик Армияга чакырылып, Орусиянын Муром шаарында алты айлык окуудан кийин артиллерия атуучу болуп, андан кийин полкто минометчулардын командири болдум.
Биринчи согуш майданында Москванын алдында 16 км. Волокаламск шоссесинде Кыргызстандан барган көптөгөн жоокерлер менен согуш талаасында болдум. Согуш башталганда орто азиялык дивизия деп киргенбиз. Кийин Панфилов дивизиясы болдук. Ошол кездеги кан кечкен согуштун элеси ушул күнгө чейин унутулбай келет. Москванын алдында канчалаган жаш жоокерлер каза болушканын өз көзүм менен көрдүм. Аман калган жоокерлер менен улам алдыга жыла бердик. Ошондо тирүү калган жоокерлерди Советтер Союзунун Маршалы И.С.Коневдин башчылыгында биринчи украиналык фронтко кошту. Мага улуу сержант наамын берип, артиллериялык полкто минометчулардын командири болуп дайындалдым. 1942-43-жылдары Смоленск, Брянск, Орел, Курск, Белгород шаарларын немецтик баскынчылардан бошотууга катыштым. Эң кыйын кыргын согуш Курск Дугасында болгон.
Украиналык фронтто Харьков, Киев шаарларын бошотуп, жеңишке жеттик.1944-45-жылдары Польша, Варшава, Венгрия, Будапешт, Австрия, Венаны бошотууга жетиштик.
1945-жылдын апрель айынан баштап Берлинди алуу үчүн согуштун абдан катуу айыгышкан күндөрүн өткөрдүк. 9-майды мен Берлинде тостум да, андан кийин Чехословакия борбору Праганы алууга жөнөдүк. 11-майда Праганы немистерден бошотуп, ошондо гана толук жеңиштин майрамын өткөрдүк. Бирок мен үчүн согуш бүткөн жок, анткени украиналык фронттун мен сыяктуу бойлору узун, олбурлуу, тың жоокерлерин Берлиндин СССРге караштуу аскер обьектилерин кайтаруу жумуштарына жиберишти. Арадан эки жыл өткөндөн кийин гана 1947-жылы 20-октябрда армиядан бошотуу кагазын беришти.
Москвада тургузулган Манас атанын эстелиги өз ордун тапты деп ойлойм. Себеби, ал жердеги согушка мен да катышкам. Мен сыяктуу кыргыздын миңдеген жигиттери Манас атанын урааны менен согушка кирген элек. Кыргыздын кырчындай канча жигиттери ошол жерден кан төктү...
- Согушта жүрүп сүйгөн кызыңызга жазган каттарыңыз, эстеликке деп жиберген сүрөтүңүз бар экен. Ал жактырган кызыңыз сизди күтүп жүрүптүрбү?
- Ооба, сүйлөшкөн кызым Шакен экөөбүз согуш башталып, бүткөнгө чейин кат алышып турдук. Ал да мени чыдамсыздык менен күткөн. Мен 1947-жылы согуштан октябрда келип, ноябрда үйлөндүк. Кудайга шүгүр, экөөбүз сегиз балага ата-эне болдук. Тилекке каршы мындан он жети жыл мурун Шакен каза болуп калды. Балдарыбызды окутуп, баарына жогорку билим бердик. Азыр элүүдөн ашык небере-чөбөрөлөрүм бар.
- Албетте, кандуу согушта жүргөн ар бир кайгылуу күн сиздин эсиңизден чыкпаса керек. Бирок ошентсе да өзүңүздүн башыңыздан өткөргөн бир окуяны айтып берсеңиз?
- Согушта замбирекчилердин командири болдум. Командада жети киши болчу. Ар биринин аткарчу милдеттери бар. Ошол менин командамда ата-бала Бушаневдор да кызмат өтөчү. Бир күнү снаряд жарылып атасынын бутун жулуп кетиптир. Командир болгондон кийин анын бутун катуу байлап, канын токтотуп, дарыгерлер жок эки жарым сутка жатып калды. Немистер кичине чабуулун токтоткондо аны ийниме көтөрүп токойду аралап 14 км жерди жөө басып санбатка алпаргам. Кийин ал бутун кестирип, бирок тирүү калганын уктум. Согуш бүткөндөн кийин 1948-жылы "Салык, мага кел, мен сага өтүк даярдап койдум" деп бир кездерде жасаган ишиме ыраазычылыгын билдирип кат жазды. Ал өтүкчү болуп иштеп жүргөн экен. Кат алышып жүрдүк, бирок ал чакырган жакка бара алган жокмун.
Дагы бир окуяны айтып берейин. Смоленск шаарынын алдында өтө катуу салгылашуу болуп төрт жарым ай согуш тынымсыз жүрдү. Ошондо немистер абдан катуу чабуул жасап, биздин дивизиядагы 3000 кишиден 74 жоокер гана бир түндө аман калдык. Кан кечкен согушта миллиондогон жоокерлердин арасынан аман калганыма өзүм да таң калам. Мени Кудай колдоп жүрдү же мен бир билинбеген касиеттин алдында коргонуп жүрдүм окшойт. Албетте, мындай апаатта бир нече жолу ок тийип, жарадар болгом. Бир жолу кыш мезгилинде артыбыздан келаткан азык-түлүк жеткиргендерден адашып, 47 жоокер эки суткадан ашык ачка калдык. Ошол кезде жолдон снарядга жарылган аттын өлүгүн көрүп, карга көмүп кеткен элек. Артка барып ошол атты союп, 47 жоокерге тараттым. Ар бирибизде кичинекей темир идишибиз бар эле, кайнатып жеп, өзөк жалгап алдык. Албетте, туз жок, эптеп эле тамак болуп калганы эсимен кетпейт. Ушундай оор турмушту көрдүк, экинчи андай апаатты журтубузга салбасын.
Салык ТАБЫШЕВдин уулу Өмүрбек Табышев атасы тууралуу буларды айтты:
- Атамдын жашы 92ден ашып калса да акылы тунук, гезит-журнал, китептерди көз айнексиз эле окуй алат. Бирок жылдан жылга кыймыл-аракети алсызыраак болуп калганы байкалат. Ушундай кыйын заманды башынан кечирген атабыз төрүбүздүн көркү, кадырлуу карыя болуп жашап жатканына кубанычтабыз. Жылдан жылга суюлуп бара жаткан ардагерлерибизди 9-майда гана эстеп, майрамын өткөрүп коелу дегендей эле мамиле кылган өкмөткө кээде нааразы да болуп кетебиз. Башка өлкөлөрдө ардагерлерге көңүл буруу өзгөчө. Мисалы, Москваны, Смоленскини, Сталинградды Курск Дугасын фашисттик Германиядан бошотконуна 70 жыл болду деп белгилешип, ошол салгылашууга катышкан ардагерлерди айтып жатышат. Атам ошол шаарларды бошотууга согуш башталгандан бүткөнгө чейин, атүгүл кошумча эки жыл да кызмат өтөп келген. Бизде өкмөт тарабынан алар сыяктуу көңүл буруу жок. 2015-жылы жеңиштин 70 жылдыгы болот, ага чейин канча ардагер калат, белгисиз. Ар бир 9-майда ардагерлерди куттуктаган майрамдык программа А.Акаев мезгилинде кандай болсо, ошондон эч өзгөрүүсүз келе жатат. Азыр ардагерлер шаан-шөкөттү деле анчалык жактыра беришпейт. Көбүнчөсү өз алдынча баса да албай калышты. Андыктан алардын жашаган жерине келип, муктаждыгын чечип берсе жакшы болмок.





"Апа, саат он эки болду, нан бер..."
Согуш мезгилинде жоокерлерди тамак-аш, кийим-кече, курал-жарак менен камсыздаган оорукта иштегендердин да эмгеги зор. Ошолордун бири Сара ЧЕТВЕРГОВАнын жашаган жерине бардык. Байбиче улгайып калыптыр. Алаамат мезгилдеги окуяларын айтып, бирде көзүнө жаш алып, бирде күлүп отурду. Сүрөткө түшөм деп ордендерин таппай калды. Бирок документин көргөздү.
- Биздин үй-бүлө согуш учурунда Якутияда жашадык. Мен агезде мектепти жаңы гана аяктап, атам экөөбүз шахтада иштедик. Агезде жаштар, комсомолдук ураан менен иштеп, фронтко азык-түлүк, кийим-кече жөнөтүү үчүн тынымсыз эмгектенишкен. Иштеген жерден эки килограммдан нан беришчү. Андан башка тамак жок. Үй-бүлөдө беш бала бар. Кичинекей сиңдим төрттө болчу. Апам ага күнүгө саат он экиде бир маал нан берет. Сиңдим саатты эле аңдып отурчу. Сааттын жебеси он экини көрсөткөндө эле сиңдим чуркап келип, жебелер жабышты, апа, мага нан бер дечү. Согуш учурунда буга күлчү деле эмеспиз, кийин Лена сиңдимдин ошол айтканын эстеп сааттын жебеси бири-бирине дал келди, кел нан же деп тамашалап көпкө күлүп жүрдүк. Нандан бөлөк эч нерсе жок. Аны да аяп жейбиз. Баарыбыз тең арыкпыз. Ачкачылык абдан катуу болгон эле.
1992-жылы Бишкектен күйөөмдү өлтүрүп кетишти. Жаңы эле 500 рубль пенсия алган экен, анын акча алганын көргөн бирөө артынан келип бычак сайып, акчасын алып кетиптир. Ал кылмышкер орус улутундагы жаш эле киши экен. Эгер ошол акчаны абышкамдан сураса жөн эле бермек эле. Абышкам каза болгондон кийин оорулуу болуп калдым. Азыр Кудайга шүгүр неберем Юра менен жашайм. Ал институтта окуйт. Эгер неберем жок болсо кантип жашамак элем, элестете албайм. Өз алдымча баса албайм. Тылда эмгектенгеним үчүн өкмөт ордендерди берди. Согуштан бери канча убакыт өттү. Ошол кездеги адамдардын канчалык кыйналса да пейилинин кеңдиги, жароокердиги, боорукердиги азыр акырындап жоголуп баратканы өкүндүрөт.










??.??