03.05.13 Мелис Турганбаев,
генерал-майор:
"Үй-бүлөнү
кызматка аралаштырбаш керек"
Жакында Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси, генерал-майор Мелис Турганбаев үй-бүлөсүн чет өлкөгө көчүрүптүр деген маалымат желдей тарады. Бул боюнча Мелис мырза төмөнкүлөрдү айтты.


- Бул кабар ММК, интернет булактары аркылуу тез эле тарап кетти. Анын ушак же чындык экенин тактап коюу бир эле мүнөттүк убакытты алмак. Негизи бардык ММК менен бизге тиешелүү багыттар боюнча биргелешип иш жүргүзөлү, кандай гана маалымат болбосун тез аранын ичинде тактап же төгүндөп бере тургандыгыбыз тууралуу өз позициябызды билдиргенбиз. Тилекке каршы бул жолу андай болбоду. Такталбаган, эч нерсе менен далилденбеген маалыматты жарыялап жиберүүнүн артында кимдир бирөөлөрдүн көлөкөсү көрүнүп жаткандай. Экинчиден, менин үй-бүлөм эч жакка кеткен жок. Жубайым Кыргызстанда эле жашайт жана иштейт. Ал Америкада жашамак түгүл ал жакка барган эмес. Мен өмүрү эч кимден коркуп көргөн эмесмин. Чындыкты айтып, тайманбай жүргөн адаммын. А.Акаев, К.Бакиев менен да кармаштым. Далай кылмышкерлерди кармап, далай чоң кылмыштардын бетин ачтым. Биртоптору чет өлкөгө качып келбей жүрүшөт. Мени эч ким коркута албайт, тескерисинче мен бирөөлөргө коркунуч жаратышым мүмкүн. Бул жөн гана ойдон чыгарылган ушак. Бирөө көрүп айтат, бирөө көрбөй айтат. Эгер ак эмгектенсең коркунуч болбойт деп ойлойм. Бөөдө адамды күйгүзбө, кылмыш жасаган адам кылмышын тартсын деген мыйзамдар бар. Чындыгында Бакиевдин убагында деле көп нерселер болгон. Анда деле качкан эмесмин. Ошондо качпаган азыр эмнеге качмак элем.
- Мурунку бийлик учурунда сизге коркутуулар болду беле?
- Ооба, ал кезде ачык болбосо да коркутуулар болгон. Себеби алар менден да коркушат. Жакын санаалаштарым, тааныштарым ошол маалда бир жакка барып турбайсызбы деген сунуштарын да айтышкан. Бирок мен Кыргызстандан эч кайда чыккан эмесмин. Ошол кезде спорт менен машыгып, эркин күрөш боюнча федерацияны жетектеп, бизнес кылдым.
- "Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дегендей, бул сөз балким жок жерден чыкпагандыр...
- Эми муну бирөөлөр атайын кара пиар кылып жаткан го. Албетте мага абдан жагымсыз болду. Менин жеке өзүм же ишим жөнүндө жазса деле мейли болчу. Бирок үй-бүлө, тууган-туушкан, жакындар бар, ошолорго оңтойсуз абал жаратып койду. Ар бир региондо жакшы санаалаш достор, жакындар бар. Алар телефон чалып, эмне болду, ушул чынбы деп сурагандары жагымсыз кырдаалды жаратты. Далай эле кылмышкерлерди кармадык, алардын да үй-бүлөсү тууралуу айтсак, үй-бүлө бул ыйык дешет. Андыктан ар бир адамдын үй-бүлөсү ыйык. Аны кызматка аралаштырбаш керек.
- А келинчегиңиз, жакын-дарыңыз эмне деп жатат?
- Ал деле сен бир нерсени бизден жашырып жаткан жоксуңбу деп сурап жатат. Мен өзүмдүн жумушумду үй-бүлөмө аралаштырбайм. Ар бир адам айткан сөзү, жасаган иши үчүн жооп бериш керек. Ушундай маалыматты алгандан кийин менин өзүмө деле байланышып, бир ооз сурап коюшса болмок. Кыргызстанда мен тааныган ММК өкүлдөрүнүн бардыгы менен жумуш, адамгерчилик жагынан мамилем түз. Мен журналисттердин бирөөнү да таарынтып көргөн эмесмин. Эгер мен жөнүндө сындап жазса да туура жерин туура кабыл алам. Ушуну жакшы жазыптырсың билбей жүрүптүрмүн, рахмат деген учурлар да болгон. Мага кайрылган журналисттерден качпайм, аларга эч качан калп айтпайм. Себеби ар бир айткан сөзүң үчүн эл алдында жооп бериш керек.
- Негизи үй-бүлө мүчөлөрүндө, өзүңүздө жансакчылар барбы?
- Үй-бүлөмдө жансакчылар жок. Ал эми өзүмдө мамлекет берген жансакчы бар. Себеби биз чоң, оор кылмыштардын бетин ачабыз. Быйыл уюшулган кылмыштуулук боюнча чоң жумуштарды жасап жатабыз.
- Коомчулукта ар кандай пикирди жараткан кримавторитет А.Батукаевдин боштондукка чыгарылышы тууралуу эмне дей аласыз?
- Чынын айтканда бул иш боюнча мен мурда да, азыр да кызыккан эмесмин. Бул маселени тиешелүү органдар өздөрү чечишет. Мурда ИИМде жүргөндө саясатка аралашууга анча-мынча убакыт табылчу. Азыр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына келгени иштин көптүгүнөн саясатка, дегеле башка иштерге кийлигишкенге убакыт жок. Өзүбүздүн талыкпаган тынымсыз эмгегибиздин жемишин көрө баштадык. Албетте Бишкек шаарынын милициясы 100% укмуш болуп калды деп айталбайм, бирок жасаган ишибизди көргөн эл өз баасын берип жатат. Анча-мынча жылыштар бар. Милиция элге жакындап калды.
- Жакында Бишкек шаарында митинг болуп өттү, мурдагы митингдерге караганда элдин психологиясы өзгөргөнү байкалабы?
- Бул митингдин катышуучуларына милиция мурдагыдай одоно мамиле кылган жок. Элдин кыжырына тийип жайнатып милиция да алып келген жокпуз. Ошол учурда ар бир аймактык милиция өзүнүн кызматын аткарып жүрдү. Митинг өткөн жерде аймакты тейлеген милиция кызматкерлери жана полктун көзөмөлдөө кызматынан болду. Жамгыр жаап жаткандыктан суу болгон тартип сакчыларын тез-тезден алмаштырууга туура келди. Эл тынч, жакшынакай келип талабын айтып тарап кетишти. Митинг жыйынтыкталып калганда бир абышка чыга калып бул жерде эмнеге турабыз, Ак үйдүн жанына барып отурбайлыбы деп чагым чыгаргысы келди.
Биз митингге чыккандардын коопсуздугун сактап, унаа уруп кетпесин деп жол жак бетин тосуп, эки капталын ачык койдук. Митинг болордо да эки тараптан келишим түзүлдү. Аны өткөрүп жаткан адам жоопкерчиликти мен алам деп тизмесин, телефон номурун берди, андан тышкары көчө тоспойбуз, башка эс алуучуларга жолтоо болбойбуз деген беш пункттан турган келишим түзүлдү. Биз да өзүбүздүн талапты айтып, чагымчылдарды, мас адамдарды көзөмөлдөп, коомдук тартипти карайбыз дедик. Митинг башталгандан тарта акыркы киши кеткенче мен ошол жерде болдум.
- Кыргызстандын жараны катары айтсаңыз, бизге ушундай митингдер керекпи?
- Мени кызматтан алып койду деген сыяктуу болор-болбоско митингге чыккан туура эмес. Эгер жергиликтүү бийликтегилер элдин үнүн укпай койсо, эл эмне үчүн чыкканга болбосун? Чындыгында эл митингге чыккандан кийин көйгөйлөрү чечилип атпайбы. Ошон үчүн жергиликтүү бийликтер - акимият, мэрия, губернатор, айыл өкмөттөр бар. Ошолор митингге жеткирбей иштеш керек. Аткаруу бийликтеринин шалаакылыгынан ушундай митингдер чыгат. Биз элдин үнүн угушубуз керек. Мисалы, мен бул кызматка келгенден бери эмне үчүн милиция пункттарын ачып жатам. Ошол аймактык милиционерлер элдин жанында болуп, алардын үнүн уксун дегем. Баягүнү Биринчи май районундагы Мурас Ордо жаңы конушуна милиция пунктун ачтык. Ал конуш шаарга 30 км алыс экен. Ошол жерден бир иш үчүн шаарга келишчү. Эми жеринде милиция пунктун ачып бергенибиз элге эле пайда болбодубу.
- Милиция пункттардын жыйынтыктары байкалып жатабы?
- Мурда бир суткада уурулук, тоноо боюнча фактылардын алты-жетиси ачылбай калчу. Азыр бир-экөө эле ачылбай калат, калгандары ачылат. Анткени бардык аймактарда милиция пункттары ачылып, көчөдө милиция жүрүп калды. Жергиликтүү элден арыз-муңун айткандар көбөйдү. Аларды ордунан чечип калдык. Шаар боюнча 40 аймактык пункт ачылып ишке кирет. Буларды акырындап машине менен да камсыздайбыз. Май айында аймактык милициялар эл алдында отчетун берет. Ошондо милиция кандай иштеп жатканы белгилүү болот. Биз аларга шарт түзүп бердик, эми иштешсин.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА