03.05.13 Чек ара чыйкан…
Баткен чатагы Борбор Азия
жаңжалына айланбайбы?
Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чегинде жайгашкан Кыргызстандын Баткен районундагы Ак-Сай айылынын жана Тажикстандын Ворух анклавынын тургундарынын ортосундагы тирешүү дагы деле чыңалуу чегинде турат. Өткөн ишемби 27-апрелде тутанган чырдан улам кыргызстандык биртоп киши жапа чегип, далай автоунаалар талкаланган. Ушул тапта Тажикстандын Ворух анклавына жана Кыргызстандын Ак-Сай айылына барчу жолдор дале жабык бойдон турат.


- Жаз башбагары менен Ак-Сай кыштагынын жашоочулары Тажикстандын Ворух анклавы аркылуу гана өздөрүнө таандык жайыттарга байма-бай катташат, - деп кепке аралашты Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылынын тургуну Таалай Бердалиев. - Баса, коңшу өлкөнүн аймагы аркылуу мал-жаныбызды ары-бери айдап өткөндө дайыма жоготууга учурайбыз. Айрым малыбызды жолдон жөн эле уурдап кетишет. Ошон үчүн айылдаштарым айланма жол салуу талабын кыргыз өкмөтүнө соңку кездерде кабыргасынан койгондуктан, Ворух анклавын тегеретип узундугу 25 чакырым жол курулуп жаткан чагы. Эми ушуну коңшулар көрө алышпай, атайылап бизге утуру тийишип, улам моминтип жаңжал уюштуруп жатышат.
Опурталдуу окуя жүз берген аймакта жүргөн Ички иштер министринин орунбасары Курсан Асанов "Жаңы Агым" гезитинин кабарчысына билдиришинче, ворухтуктар чекараны шылтоолоп, жогорудагы айланма жолдун курулушуна ачык эле тоскоолдук кылып жатышат.
- Тажикстандыктар кыргызстандык жол куруучуларга "бул жерден азыр чыгып кеткиле!" деп кол көтөрүшкөн, зомбулуктан улам жолдо иштеп жаткан бир тракторчунун колу сынган. Ушундан кийин гана ак-сайлыктар заматта чогулуп, Тажикстандын Ворух-Исфана автожолун аргасыздан бууп ташташкан. Андан кийин окуя ырбап отуруп, Кыргызстандын Ак-Сай айылына чектеш Тажикстандын Кожьалоо айылынын тургундары дагы кыргыз чек арасын тороп ташташкан. Ошентип эки тарап чогулуп араздашып, бири-бирине карай кадимкидей таш атышкан. Өз убагында жетип барган күч органдары каршылашууну өөрчүтпөстөн тынчытып калууга үлгүрдүк. Тилекке каршы, таш аткылоодон бир нече автоунаа жабыркап, биртоп киши бейкүнөө жараланды, - дейт Курсан Асанов.
Расмий маалыматтарга таянсак, эки өлкөнүн жарандарынын араздашуусунан кыргызстандык 12 жаран жабыркап, бир тургундун сарайы бүтүндөй өрттөнгөн. Дагы бир ак-сайлыктын жылкысына кол салган тажиктер ээсин каратып туруп айдап кетишкен. Жабыркаган жарандардан түшкөн даттануулардын негизинде үч кылмыш иши козголуп, дароо эле териштирүү башталды.
Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга арналган кеңешмеде Баткен облусундагы социалдык көйгөйлөр чекесинен чечилип, калктын жашоо-шартын жакшыртуу максатында жетиштүү каражаттар бөлүнүп, ал толук бойдон максаттуу өздөштүрүлө баштагандыгын ачыктады. Анын ырасташынча, 2013-2014-жылдар үчүн ушул максатта 371 миң сом бюджеттен каралган. Анын алгачкы траншына Чарбак айылына фельдшердик-акушердик бекет, Таян айылына чек ара тозоту курулду. Ошондой эле аталган эки айылга таза суу чыгарылып, мындан тышкары Айгүл-Таш - Согмент - Чарбак - Таян автоунаа жолу салынды. Ошондой эле чек ара бойлото тордолгон зымдар дагы тартыла баштады.
Соңку сааттарда учурда Баткен жергесинде жүргөн Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов менен байланышканыбызда, "Жаңы Агым" гезитине буларды билдирди.
- Кырдаал аймакта азыр тынч эле. Биз Баткендин Тажикстанга чектеш айылдарынын тургундары менен байма-бай жолугуп жатабыз. Чек араны милиция, чек арачылар жана элдик кошуундар биргелешип такай көзөмөлдөп жатышат. Азырынча бир дагы мыйзам бузуу каттала элек, - дейт.
Ал эми Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев дагы кыргыз-тажик чек арасы азыр тынч экендигин кошумчалады. Ал ошондой эле Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Абдурахим Каххаров менен телефон аркылуу байланышып, 27-апрелдеги чырлуу окуяны өз ара кең-кесири талкуулашкандыгын жар салды.
Ошентсе да Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Нооманжан Аркабаев Баткен облусунда кырдаал дагыле опурталдуу экендигин жашырган жок.
- Чындыгында, Баткен жергесинде Тажикстан менен гана эмес Өзбекстан менен дагы талаш жерлер толтура. Жашырып не, президентибиз Алмазбек Атамбаев тышкы саясатта абдан чабалдык кылып жатат. Сыягы анда патриоттуулук сезим дегеле жок өңдөнөт. Болбосо Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен маңдай-тескей отуруп, маселени кабыргасынан коюп, талаштуу чек ара тилкелерин оң жагына биротоло чечпейби? Антпесе Баткен окуясы өлкөбүздүн булуң-бурчунда акырындан ырбап отуруп, андан ары бүтүндөй регионго жайылып, Борбор Азия чоң чырдын чөлкөмүнө айланганы калды. Мындай маалда биздин өлкөбүздү дестабилдештирчү күчтөр четтен оңой эле табылат. Муну 2010-жылкы коогалаңдан даана байкадык го - дейт ал.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы,
Баткен облусу




Айтыш оңой, аткарыш кыйын
Орусия менен ойноп, Америкага алданабызбы?
Эл аралык "Манас" аэропортундагы АКШ авиабазасы кыргыз бийлигинин илгертен келаткан "бакыты" да, баш оорусу да экени талашсыз. 2009-жылы Ак үй мына жапканы калдык деп Россияны, АКШны, элди да дүргүтүп, акыры алчусун алып транзиттик жүк ташуу борбору кылып жаны тынган. Бул оюн акыры мурдагы президент Курманбек Бакиевдин өзүн чалып жыгып, качууга аргасыз кылды. Эми мындай эки ача жолго азыркы президент Алмазбек Атамбаев кептелип отурат.


Эске салсак, "Манастагы" базаны жабуу токтомун өкмөт ушул жылдын 4-февралында эле бекиткен. 9-февралда парламенттин Коргонуу, коопсуздук, укуктук тартип жана сот-укуктук реформа комитети өкмөттүн чечимин жактырган. АКШ авиабазасын жайгаштыруу чечимин толук жокко чыгаруу үчүн эми парламенттик дагы эки комитеттин жана бардык депутаттардын макулдугу керек. Мындан соң кыргыз бийлиги Пентагонго макулдашууну жокко чыгаруу боюнча билдирүү жөнөтүшү керек. Азырынча мындай билдирүү жөнөтүлө элек. Бирок президент Алмазбек Атамбаев президент болгону 2014-жылы авиабаза өлкөдөн чыгарыларын жана эки тараптуу макулдашуу узартылбай тургандыгын айтып келатат. Ажонун мындай билдирүүсүнөн соң Бишкекке Вашингтон бир нече чабармандарын да жөнөтүп үлгүрдү. Бирок азырынча Алмазбек Атамбаев база боюнча АКШга бир беткей, ачык жооп айта элек. Ал ортодо Россия эксперттери, саясатчылары бул жолу кыргыз бийлиги өз сөзүнө турушу керектигин кайра-кайра эскертип келет.
Чынында президент Алмазбек Атамбаевге азыр базаны чыгаруу өтө кыйын болуп турат. Чыгарайын десе Кыргызстан Америка эле эмес Европа өлкөлөрүнөн келип жаткан грант, кредиттерден кол жууганы турат. Башкасын айтпаганда да, база чыгарылса кыргыз казынасы 250 млн. долларга бөксөрөт. Март айында Коргоо министринин мурдагы орунбасары Мурат Бейшенов авиабазанын иштешинин аркасында былтыр кыргыз экономикасына 200 млн. доллар киргенин айткан. Бул 60 млн. доллар ижара акысын кошпогондогу сумма. Мурат Бейшеновдун айтымында, дүйнөлүк кризис күчөп турганда Бишкек транзиттик жүк ташуу борборун дагы эки-үч жылга калтыруу керек. Анткени Россия, Казакстандан Америка тараптан болгондой жардам болгон эмес. Эгер Кыргызстан базаны жапса Батыш өлкөлөрү менен көп жылдан бери түптөлүп калган мамиле, кызматташтыктарга доо кетет дегендер да жок эмес. Ал эми россиялык эксперт Алексей Власовдун пикиринче, эгер Алмазбек Атамбаев базаны чыгарбаса Москванын кыргыз бийлигине болгон ишеними биротоло жоголот. Россиянын дагы бир саясат таануучусу, тарых илиминин доктору Александр Князев болсо кокус кыргыз бийлиги база боюнча башкача пикирге келип, кыйшаңдаса Камбар-Атанын, кыргыз мигранттарынын тагдыры кыйын болуп каларын кыйытып турат. Саясат таануучу буга Россиянын Кыргызстанга берип жаткан арзан күйүүчү майын да кыпчый кетиптир.
АКШ бийлиги ачык кысым көрсөтпөгөнү менен авиабазаны дагы бир белгилүү мөөнөткө калтырууга кызыкдар. Буга чейин АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс "Манас" аэропортундагы аскердик база Афганистанга баруучу негизги пункт экенин, бирок аны алмаштыруучу жай бар экенин билдирген. Буга улай Роберт Гейтс бул альтернативаны издеп жатышканын, бирок АКШнын авиабазаны толук жаптырбоого ниети бар экенин айткан эле. Министрдин айтымында, АКШ бийлиги базанын кыргыз жеринде туруусун компенсациялоо жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгүн анализдеп жатат. Бирок Вашингтон "Манастагы" базаны кандай да болбосун калтырууга далалат жасабарын кошумчалайт Роберт Гейтс. Жыл башында АКШ Коргоо министри мындай десе, апрель айынын аягында АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк башкача оюн ортого салды. Анын айтымында, учурда АКШ кыргыз өкмөтү менен авиабаза боюнча сүйлөшүп жатат. "Бизге президент Алмазбек Атамбаевдин "Манастагы" транзиттик жүк ташуу борборун жарандык функцияларды аткара турган объектиге айлантуу максаты жакшы белгилүү. Ошондуктан биз кыргыз өкмөтү менен жалпы максатыбызга жетүү мүмкүнчүлүгү боюнча сүйлөшөбүз" дейт Роберт Блейк Ташкенттеги студенттер менен жолугушуусунда. Демек, АКШ авиабазасын калтырууга кызыкдар. Бирок, россиялык эксперт Аджар Куртовдун билдиришинче, Кыргызстан Бажы союзу менен Евразиялык экономикалык бирикмеге кирмейинче транзиттик жүк ташуу борборун жарандык жүк ташуу борборуна айландыра албайт.
Ал эми авиабазанын өзүнө келсек, ал жердеги аскер кызматкерлеринин кетүүгө даярданган маанайы азырынча билинбейт. Жума башында авиабаза жетекчилиги кыргыз ММК өкүлдөрүн чакырып, базадагы тартип, иш тууралуу маалымат беришти. Негедир ал жерде авиабазанын чыгышы тууралуу эч кандай кеп козголбой, АКШ база аркылуу Афганистандан баңгизат ташыбайт деген актануулар айтылды. Өкмөт, Ак үй негедир бул боюнча азыр ооз ача элек. Демейде болор-болбос нерсеге ызылдаган депутаттар да бул маселени көтөрбөй турат. Ал ортодо айрым коомдук уюмдар авиабазаны чыгаруу маселеси жалпы элдик референдумга коюлушу керек дешүүдө. Роберт Блейк айткан "сүйлөшүү" кандай чечилет, белгисиз.

Мелис СОВЕТ уулу