03.05.13 Экспонатка бай Каракол музейин көргүңүз келеби?
Бул макалага "Колдо бар алтындын баркы жок" деген макалды колдонсок да, "Тарыхын билбеген элдин - келечеги жок" деген сүйлөмдү колдонсок да туура болчудай. Анткени Кыргызстанда саналуу музей болсо, ошолордун ичинен экспонаттарынын көптүгү жагынан алдыңкы орундарда турган Караколдогу тарыхый аймак таануу музейин көбү биле бербейт. Чет элдик коноктор, өзгөчө илимпоздор бул музей тарыхый баалуу буюмдарды сактаган аябай жакшы музей экен деп кетишкени буга далил боло алат. Быйыл өзүнүн кезектеги юбилейин белгилегени жаткан музейден кабар алып, аны окурмандарга тааныштырып коюуну туура көрдүк. Биздин суроолорубузга музейдин жетекчиси Айымгүл Карабекова жооп берди.


- Айымгүл эже, сиздердин музей жөнүндө айтып берсеңиз?
- Шаардын так ортосунда жайгашкан биздин музей 1948-жылы негизделген. Быйыл музейдин 65 жылдык мааракесин белгилегени турабыз. Учурда бул иш-чараны өткөрүү үчүн көптөгөн иштер уюштурулуп жатат. Мисалы, ар кайсы уюмдарга долбоорлор жазылып, экспонаттарды жаңыртып, тазалап, тексттерин жаңыртуу сыяктуу майда-барат жумуштарды да аткарып жатабыз деп айтсак болот. Ошондой долбоор жазуулардын бири жоопсуз калбай жакында эле "Кумтөр" бөлмөсү 12 миң долларга түптөлгөн. Ысык-Көлдүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон бул ишкананын биздин тарыхый музейде орду болушу керек эле. Биздин имарат 1887-жылы курулган Мефодий Ильин аттуу көпөстүн үйү. Канча жер титирөөлөр болсо да сакталып келген бул имарат дагы ушунча жыл туруштук берет деп ишенебиз. Кыргызстандагы музейлердин ичинен биздин музейдин өзгөчөлүгү - имараты да өзүнчө тарыхый экспонат катары бааланат.
- Музейде кандай багыттагы экспонаттар коюлган?
- Музейдин ичинде 8 зал бар: археология, көл аймагындагы тарыхый өнүгүү, этнография залы, Каракол шаарынын бурчу, Пржевальскийдин бөлмөсү, профсоюздун бурчу, швейцариялык саякатчы, биринчи кино актриса, каскадер, сүрөтчү Элла Майердин бурчу бар, анын фонду бизге ар кандай жардамдарды берип турат. Быйылкы мааракеге да келип куттуктап кетебиз дешкен. Каракол шаарына арналган зал - шаардын 140 жылдыгына карата кайрадан жаңыртылып жасалган. Андан кийинки зал - көчмөндөр залы. Караколго келген биринчи көчмөндөр тууралуу маалыматтарды, сүрөттөрдү көрсө болот. Алар колдонуп жүргөн буюмдар да кездешет. Уйгур, өзбек, татар, дунган, орус, калмак сыяктуу көптөгөн улуттардын бурчтарын да жасаганбыз. Кийинки залыбыз Улуу Ата мекендик согушка катышкан көлдүк аскерлердин бурчу. Көпчүлүк туристтерге жаккан зал - бул жаныбарлар жана өсүмдүктөр залы. Бул жерде Көл аймагында эле эмес, Кыргызстанда кездешүүчү жаныбарлардын баары бар. Бул жаныбарлардын сөлөкөтү 65 жылдан бери тургандыктан, аларды дарылап сактап турганга эле көп каражат кетет.
- Кандай көйгөйлөр бар?
- Кышкысын Караколдогу лыжа базасына келген туристтер көбүнчө биздин музейге келип кетишет. Ал эми имаратта жылытуу системасы жок болгондуктан бөлмөлөрдүн ичи аябай суук. Ыңгайсыздык бери жакта калсын, чет элдик коноктордон уялабыз. Ушундай жакшы экспонаттар бар экен бирок, шарт түзүлбөптүр деп кетишет. Кызматкерлер бир бөлмөдө электр жылыткычын сайып отурушат. Бул музейдин ар бир бөлмөсү экспонаттарга толуп, имарат өзү тарыхый экспонат болгондуктан, кызматкерлердин бир бөлмөнү ээлеп отурганы да туура эмес. Фонддогу экспонаттарды сактоочу бөлмө да жок. Ошону эске алып жанына бир имарат салып же башка жерден имарат алып болсо да кеңейтишибиз керек эле. Андан сырткары музей адистери болсо жакшы болмок.
- Канча адам эмгектенет жана айлыктары кандай?
- Бизде жети адам иштейт. Бирөө тазалагыч, экөө кайтаруучу, бирөө көзөмөлчү, анан эки илимий кызматкер жана жетекчи катары - мен. Негизги жумушту ушул 3 киши алып барабыз. Директор катары мен 5 миң сом айлык алам. А калгандардыкы 3-3,5 миңдин тегерегинде. Музей муниципалдык болгондуктан, бизге план берилет. Биз ал планды ашыгы менен аткарабыз. Биздин айлыкты 50 пайызга чейин көбөйтөбүз деп убада беришти эле, ал ишке ашпай келет. Биз дем алыш, майрамга карабай тынымсыз иштейбиз.
- Музейге кимдер келет көбүнчө?
- Мурда жалаң эле чет элдик коноктор келчү. Азыр бир сыйра оңдоп-түзөө болгондон бери жергиликтүү тургундар да келе баштады. Учурда студенттер менен окуучулар келип тарыхтан сабак алып кетишет.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ, Каракол - Бишкек - Каракол,
сүрөттөр автордуку