26.04.13 KYRGYZSPORT
Бир койлук алы барлар
Түркиянын Анталиясында футбол ардагерлери арасында "Antalya Soccer Cup" аттуу эл аралык турнир болуп өттү. Ага дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 36 команда катышты. Биздин аксакалдардын атынан "Абдыш-Ата" футбол клубунун ардагерлери барышты. Алар топтук беттеште 3 жеңиш, эки тең чыгууга ээ болушту. Плей-офф тайпасында буга чейин былтыр бул турнирдин жеңүүчүсү болгон Румыниянын "Констанца" клубун утушту. Финалда атактуу "Фенербахче" клубуна 0:1 эсебинде жеңилишип, турнирдин вице-чемпиону аталышты.

Бизге да келе башташты
Кыргызстан курама командасы ФИФАнын рейтингинде 59 орунга көтөрүлүп, айдын командасы аталып, коңшу казактардан ашып кеткенибизден кийин биз менен эсептеше башташты. Мисалы, бул жылдын аягына чейин Кыргызстан курама командасы Азербайжан, Армения жана Белоруссия командалары менен достук беттеш өткөрмөй болду. Булардын ичинен Азербайжан тарап 19-ноябрда Бишкекке келүүгө макулдугун беришти. Кыргызстан учурда 144-орунда турса, Азербайжан бизден 22 орун жогору турат.

Азиядан алтын жок
66 килограммдык салмакта Кыргызстандын чемпиону аталган Улукман Маматов Индияда өткөн Азия биринчилигинде коло медаль тагынды. 74 кг салмактагы Иннокентий Иннокентьев деген мекендешибиз да коло үчүн кармашка чыгып япониялык Кохеи Китамурага уттуруп ийди. Биз ишенген Магомед Мусаев эчтеке тагына албады. Ал эми 84 килограммдык категорияда финалда уттуруп ийген мекендешибиз Айбек Усупов күмүш медаль тагынып Азиянын вице-чемпиону аталды. Ошону менен эркин күрөштөн Кыргызстандын балбандары 1 күмүш жана 2 коло гана ала алышты.

Эрдиги бар...
Дзюдочу мекендешибиз Юрий Краковецкий Кыргызстандын тарыхында Азия чемпионатынан күмүш тагынып келген алгачкы чыныгы кыргызстандык болуп калды. Анткени буга чейин 2000-жылы биздин өлкөнүн атынан чыккан казак тууганыбыз Айдын Смагулов күмүш алып берсе, Вадим Сергеев 1996-жылы Вьетнамдан, Данила Бабаев 2011-жылы Кувейттен, Чынгыз Мамедов 2012-жылы Өзбекстандан Азия биринчилигинин колосун алып келишкен. Ошолорду эске алып өзүнүн жаштыгына карабай оор салмакта Азиянын вице-чемпиону аталган эр жигитибиз Юра эркетайды күмүш медалы менен куттуктайбыз!

Улукбектин бели бек
2012-жылы Бишкекте өткөн кадеттер арасындагы Азия биринчилигинде чемпион болгон мекендешибиз Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча Азербайжанда өткөн "Азербайжан Федерациясынын Кубогу" аттуу эл аралык турнирдин чемпиону аталып келди. Бир кап ундан кичине оорураак болгон Улукбекке 54 килдик категорияда эч кимдин алы жетпейт тура.

АКШдан 3 алтын
Валетудо федерациясынын президенти Эмил Токтогонов кубанып жүрөт. Анткени анын 3 тарбиялануучусу АКШнын Нью-Джерсисинде өткөн чеберлер арасындагы грэпплинг боюнча дүйнө биринчилигинде чемпион аталышып, алтын медалдарын жылтыратып тагып келишти. 60тан көп өлкөдөн келген чоң муштумдардын фонунда биздикилер башын бийик көтөрүп, мурдун шанаңдатып мактанып жүрүштү. Анткени 63 кг салмак категориясында Рустам Өмүрбеков, 87 килограммдык категорияда Хайрулло Кокиев жана бир центнерге чейинки салмак категориясында Нурбек Исмаиловдор дүйнөдө өзү теңдердин кыйыны экенин далилдеп салышты. Ал эми эрежесиз мушташтын жылдызы болгон айтылуу Кылычбек Саркарбаевдин (93 кг) финалда уттуруп ийгени өкүнүчтүү болду. Бакыт Бекбоев (81 кг) менен Актилек Жумабек уулу (71 кг) да куру кайтышпай коло медаль тагына келишти.

"Дордой" "Дордой" экен...
Былтыр Кыргызстандын Супер Кубогун жеңип алган "Дордой" футбол клубу быйыл да чемпиондукту эч кимге бербей калды өңдөнөт. 21-апрелде өткөн алгачкы беттеште 3:0 эсебинде атактуу "Алганын" футболчуларын уктатышты. Беттештин биринчи бөлүгүндө эле Салымбековдун солдаттары 2:0 эсебинде эс алууга кетишкен. Экинчи бөлүктүн 78-мүнөтүндө өзүнүн бул беттештеги экинчи голун соккон Мирлан Мурзаев эсеп тактасына чекит койду. Ошентип 27-апрелде өтчү экинчи беттешке чейин эсеп 3:0.