19.04.13 Кара мончок
"Карагат"
Ушул жылдан баштап Ысык-Көл облусунда "Карагат" аттуу үч жылдык жаңы долбоор ишке киришет. Долбоордун аталышы Көл жергесинде кеңири жайылган карагат мөмө-жемишинин атынан коюлган. Ал "Кумтөр Оперейтинг Компани" тарабынан каржыланып, "АВЕП" коомдук фонду тарабынан ишке ашырылат.

"Карагат" долбоору Ысык-Көл облусунун түштүк жээгин камтып, анын алкагында жергиликтүү дыйкандарга карагаттын жаңы, мол түшүмдү берген, суукка чыдамдуу жана ар кандай дарттарга туруктуу сортторду кантип өстүрүү керектигин үйрөтүп, талааларды сугарууда жаңы, инновациялык ыкмалары менен тааныштырат.
"Карагат" долбоорунун менеджери Нурлан Токоновдун айтымында, алар беш компоненттин негизинде иш алып барышат.
Питомниктерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана аларды базар шарттарына ыңгайлаштыруу. Андагы көчөттөрдүн дыйкандарга сатылуу баасын көзөмөлдөө.
Сууну үнөмдүү пайдаланууга үйрөтүү. Суу аз болгон жерлерде тамчылатып сугаруу системасынын жардамы менен түшүм алууга мүмкүн экенин далилдөө жана жайылтуу. Тамчылатып сугаруу системасынын пайдасын жана артыкчылыгын айтып берүү.
Дыйкандарды мөмө-жемиштерди туура өстүрүүнү кесиптик окуу жайларда окутуу андан кийинки этапта жер-жерлерде практика түрүндө көрсөтүү. Асырап каралган өсүмдүктөр түшүмдүүлүгүн көбөйтөт, бул өз кезегинде кирешенин жогорулашына көмөк болуп берээрин түшүндүрүү.
Дыйкандардын жардамы менен мөмө-жемиштерди кабыл алуу пунктун ачуу. Фермерлер, алып сатарлар жана кайра иштетүүчүлөр арасындагы тыгыз байланыштын түзүлүп, калыптанышына жардам кылуу.
Ысык-Көл облусунда мөмө-жемиштерди сактоочу жайларды куруу. 40 тонналык контейнерлерди модернизациялап, жемиштердин узак убакытка чейин сакталышын камсыздоо. Сактоочу жайлар продуктунун баасын туруктуу кармоого ыңгайлуу шарт түзөт.
"АВЕП" коомдук фондунун директору Максат Абдыкапаров бул иш-чара облустагы жакырчылыкты жоюуга мыкты шарт түзөт деген пикирин билдирди. "Учурда дыйкандар өз продукциясын ар кимиси алына жана шартына жараша өткөрүшөт. Алардын эмгегинин акыбети көпчүлүк учурда акталбай калып жатат. Эгер сорту жакшы көчөттөрдү сатып алуу, аны туура кароо, продукцияны кабыл алуу, сатуу жана кайра иштетүүгө чейинки иш-аракеттин бардыгы бир системага салына турган болсо, мындан бардык тараптар (эл, мамлекет, кардар) утушта гана болот" дейт Максат Абдыкапаров. Ошондой эле дагы бир өтө маанилүү жагдай, карагат бадалдарынын тамырлары адырлардын каптал беттерин бекемдегендиги, топурактын эрозиясын төмөндөткөндүгү жана айлана-чөйрөгө оң таасирин тийгизгендиги саналат".
"Карагат" долбоорунун мөмө-жемиш-терди тандап алуусунун негизги себеби, бул экологиялык жактан таза продукт болгондугу. Бизде өскөн кара карагат, кызыл карагат, кожогаттан жасалган кайра иштетилген продукцияга башка мамлекеттер кызыкдар. Мисалы, учурда Казакстан жана россиялык фирмалар менен продукцияны өткөрүү тууралуу макулдашуулар бар.
Долбоор үч жылга пландалган, анын бюджети 900 миң доллар. Быйылкы жылы 10 айыл менен иштешүүнү пландап жатабыз, үч жыл ичинде 40ка жакын айылдарды камтыганга аракет кылабыз. Айылдар менен иштешүүнүн негизги критерийи болуп, ошол айылда карагат менен кожогат массалык түрдө өстүрүлгөндүгү эсептелет. Башкача айтканда, көп жылдан бери айтылган мөмө-жемиштерди өстүрүп, бир аз тажрыйбасы бар айылдар менен гана иштешебиз. "Бул долбоорго кызыккан айыл өкмөттөрү бизге кайрылып өз каалоолорун билдириши керек" деди "Карагат" долбоорунун менеджери Нурлан Токонов.
Демилгечилер бул долбоор Ысык-Көлдө алардын колдоосу менен ишке аша тургандыгына кубанычта экенин жашырышкан жок. "Биздин иш-аракетибиздин натыйжасында дыйкандардын кирешеси жогорулап, жаңы инновациялык ыкмалар жана технологиялар таркап, кеңири колдонууга өтүп, облустун жашоо-шартынын жакшырышына терең үмүттөнөбүз" деп айтышты.
Кошумчалай кетели, региондо карагат өстүрүүнү өнүктүрүүгө жардам катары "Жемиштер фестивалын" жыл сайын уюштуруу пландалууда. Быйылкы жылы 10-августта, Тоң районунда өткөрүлөт.
Наргиза Апсаматова




"Үч тамганын" бири кыдыр
Бектен СЫДЫГАЛИЕВ, УКМК алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын (ККК) башчысы:
"Үй камагы сууну кургатып, караны агартып коет"
Эки күндүн биринде чиновниктердин чоң-кичинесине карабай кылмыш ишин козгогон Коррупцияга каршы кызматы эл ишенимине киргени менен алардын ИИМ менен болгон кагылышуусу шек жаратпай койгон жок. Коррупцияга каршы күрөш, күч түзүмдөрүнүн ортосундагы пикир келишпестик жана Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланышкан суроолорго УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бектен Сыдыгалиевден жооп алдык.


- Сиздер менен ИИМ кызматкерлеринин ортосундагы жаңжалга эмне себеп болгон? Болгон окуяга эки кызмат эки башка түшүндүрмө берип жатканын кандай түшүнсөк болот? Же бул күч структураларынын тирешиби?
- УКМКнын КККнын кызматкерлери менен Свердлов РИИБинин кызматкерлери ортосунда болуп өткөн окуя туурасында биздин расмий маалыматтарыбызда так көрсөтүлгөн. 12-апрель күнү КККнын кызматкерлеринин мыйзамдуу жана соттун санкциясынын негизинде милиция кызматкерлерин пара алып жаткан жеринен кармоо учурунда алар тарабынан күч колдонуу менен каршылык көргөзүлгөн. Мындай жагдай тилекке каршы коомчулук тарабынан көптөгөн кайчылаш пикирлерди жаратууда. ИИМдин акыркы расмий маалыматтарына таянсак, милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин ал жактын жетекчилиги катуу сынга алууда. Эң өкүндүргөнү, мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жери жок да. Буга чейин Панфилов районунда, андан кийин шлагбаумда, жакында эле Сокулук районунда дал ушундай көрүнүштөр орун алган. Бул фактылардын негизинде тиешелүү тыянактарды чыгарсак болот. Бирок эмнеси болсо да бир жактуу баа берүүдөн карманып туралы. Сиздерге маалым болгондой аталган окуя боюнча атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, аны иликтөө Башкы прокуратурага тапшырылды. Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев бул окуяны өз көзөмөлүнө алды. Иликтөө иштеринин натыйжасында күнөөлүү адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөрүнө толук ишенебиз.
- Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишинде чоң коррупциялык схема бар деген сөз канчалык деңгээлде чын? ККК бул боюнча кандай чара көрөт?
- Бул маселе боюнча учурда парламентте атайын комиссия түзүлүп, иш жүрүп жатат. Комиссия иштеп бүткөн соң, ал өзүнүн жыйынтыктарын өкмөткө жиберет. Эгер Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте бошотулушу мыйзам бузуулардын же коррупциялык элементтердин коштоосунда болгону тастыкталса, анда сөзсүз түрдө өкмөт тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт.
- Сиздер тараптан кылмыш иши козголгон адамдар көп өтпөй эле соттун чечими менен эркиндикке чыгып жатышат. Буга эмне себеп?
- Кептин баары соттор кылмышка шектүү деп кармалган адамдын баш коргоо чарасын өзгөрткөндө башталат. Маселе ушул жерде. Көп учурда соттор шектелген адамдарды убактылуу кармоочу жайдан үй камагына бошотуп жатышат. Эгер үй камагындагы адамдар үйүнөн эч жакка чыкпай, башка адамдар менен байланышпаса бир жөн эле. А бизде болсо каалаган убагында каалаган адамы менен каалаган жагына ээн-эркин чыга алат. Бир гана чет өлкөгө чыга албайт. Сот залынан негизсиз түрдө үй камагына камалган адам бир сөз менен айтканда каалаганын кыла алат. Ал эми бул учурда козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жаткан болот. Балким айыпталып жаткан адам соттун чечими менен түрмөгө кесилиши да мүмкүн да. А үй камагындагылар тергөө иши жүрүп жатканда күбөлөргө таасир этет, аларга керек болсо коркутуу жолу менен басым көрсөтөт. Анан эле сот болгондо күбөлөрдүн баштапкы көрсөтмөсү 180 градуска өзгөрүп кетет. Биз болсо айла жоктон күбөлөрдү айыпталган тараптан жашырууга туура келип жатат. Бир сөз менен айтканда, соттор үй камагына чыгаргандан кийин башында паракорчулук боюнча кылмыш иши козголсо, күбөлөрдүн көрсөтмөсүн өзгөртүп отуруп соңунда алдамчылык беренесине өзгөрүп кеткен учурлар да болот. Эгер шектүү адам тергөө иштери бүткөнчө убактылуу кармоочу жайда отурган болсо кеп башка болмок. Жалпылап айтканда буга чейин биз эки адамга кылмыш ишин козгосок сот сөзсүз түрдө бирөөнү үй камагына чыгарган. Сот керек болсо кылмышка шектүү адамдын кылган иштерин тастыктаган видео материал турса да ушундай чечим чыгарып салышы мүмкүн. Биз ушундан аябай жапа чегип жатабыз.
(Уландысы 11-бетте)