19.04.13 Уурудан сен уурусуңбу деп суроо акылга сыйбайт
"Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" деген накыл кеп бар элибизде. Муну эске салганыбызга НТС телеканалынын "Имиштерди иликтейбиз" телеберүүсү себепкер болду. Албетте, акыркы убакта бул канал кулачын кенен жайып, кыргыз турмушу боюнча жакшы телеберүүлөрдү көрсөтүп жатканы чындык. Ошондой аракеттери менен да элге жагып, жакындап баратканын тана албайбыз. Бирок жогорудагы телеберүүсү менен телеканал жалпы басма сөз кызматкерлерин ушакчы, жалган маалымат тараткыч катары көрсөтүп жатканы өкүндүрөт.


Баарынан да НТСтин "имиштерди иликтегени" кызык. Биринчиден, журналистикада имиштер эч качан иликтенбейт. Экинчиден, иликтөө эч качан бир жактуу болбойт жана бир адамдын курулай сөзү менен гана тастыкталбайт. Муну билип туруп телеканал кызматкерлери уурудан "сиз уурусузбу же ууру эмессизби?" деп сураганы аргасыз күлкүнү келтирет. Мындай суроого ууру өлүп баратса да "ооба мен уурумун, мамлекеттен мынча миллион уурдагам" деп айтпасы бештен белгилүү. НТС анчалык "иликтегиси" келсе ошол гезит-журналдарга жарыяланган маалыматтарды такыр башка өңүттө иликтеп, маалыматтын ак-карасын бөлө жиликтеп берсе чынында чоң иш жасаган болмок. Анда НТС азыркы жарык көрүп жаткан гезиттердеги макала, маалыматтарды эле эмес, журналисттерди ушакчыга айлантып, өздөрү апапак болуп жүргөн беткапчан чиновниктерди да иргеп бермек. Анда бул телеканалдын мурдагыдан да кадыры жогорулап, эл ишеними артмак.
Ооба, НТС имишке чыгарып, атургай имиш экенин биле туруп "иликтеп" жаткан маалыматтардын арасында имиштери да болушу толук ыктымал. Бирок алардын көпчүлүгүндө кашкайган чындык бар экени буга чейин тастыкталып эле келатат. Болгону "кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей, чындыкка жетүү үчүн убакыт гана керек. Башка гезиттерди айта албайбыз, бирок "Жаңы Агым" гезити жарыялаган, убагында аны далайлар ушакка чыгарган маалыматтар көп өтпөй кызылдай чындыкка айланып келатат.
Мисалы, ошол эле НТС "иликтеген" Акыйкатчы Турсунбек Акундун Жал кичирайонунан үй алышы боюнча айталы. НТСке "журналисттер кайдагы жалган нерселерди жаза берет" деп чырылдаган Турсунбек мырза көп өтпөй "Азаттыкка" ал жактан үй алганы чындык экенин айтып берди. НТС андай кыйын экен Турсунбек Акун үйдү кандайча алганын иликтеп бербейби. Нариман Түлеевдин эч кандай кайтаруусуз эле республикалык ооруканада дарыланып жатканын жаздык эле, НТС аны да телефон аркылуу "иликтеп" чындыгына жетти. Мындай мисалдарды келтирсек оголе көп.
2010-жылы "Жаңы Агым" Медет Садыркуловдун өлүмүнө Алманбет Анапияевдин тиешеси бар экенин жазган. Бул маалымат жарык көрөрү менен Алманбет "баатырды" коргоп, биздин жазганыбызды ушакка чыгарып, бизди омуроологондор өтө көп болгон. 2011-жылы ИИМ Анапияевдин Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар экенин тастыктап, ал азыркыга чейин чет өлкөдө качып жүрөт.
Былтыр биз азыр чуу болуп жаткан Азиз Батукаевди Чеченстанга алып кетүү аракети болуп жатканын, ага Россия Мамдумасынын депутаттары да кийлигишип жатканын жазган элек. Анда да бул маалыматты кыргыз бийлиги ушакка чыгарып, элге "Жаңы Агымды" жаманатты кылгысы келген. Ал ушак минтип быйыл бышыкталып, кыргыз аткаминерлери аны жапатырмак жылуу-жумшак узатып отурганы кашкайган чындыкка чыгып жатат. Кыргызда "жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" деп бекеринен айтылбаса керек. Көркөмдөлгөнбү же көркөмдөлбөгөнбү, баары бир гезитте жарыяланган маалыматтын кандайдыр бир чындыгы бар. Андыктан НТС беткапчандарды "иликтөөсү" менен коргобой, тескерисинче беткабын сыйрып берсе жакшы болмок.
Алсак, 2011-жылы "Жаңы Агым" гезити азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Форумдан" чыкпай ажо Алмазбек Атамбаевди айланчыктап, өкмөт башчылыкты мелжеп жүргөнүн жазган. Бул маалыматты да айрымдар гезиттин ушагы кылышкан. Бирок акыры Жантөрө мырза өкмөт башчы болуп тынды. Ошол эле Асылбек Жээнбековдун спикер, Темир Сариевдин Экономика министри, Жоомарт Оторбаев вице-премьер, Алманбет Шыкмаматов Юстиция министри болорун биз жазганбыз. Анда да күбүр-шыбыр көбөйүп, бул маалыматтарды төгүнгө чыгаргандар болгон. Бирок кийин аталгандардын баары ошол кызматтарга отурду го. Ушул эле жылы "Жаңы Агым" гезитине Өмүрбек Бабанов менен Шарипа Садыбакасованын АКБ "Кыргызстан" банкы боюнча чуусу ачыкка чыкканы жазылып, ортодо айрым депутаттар шыкакчы болуп жатканы жарыяланган. Бүгүн минтип ал депутаттар ачыкка чыгып, экс-өкмөт башчыга чабуул коюп киришти. Мындан улам журналисттердин жазганы эмес, чиновниктердин айласы кеткенде актануусу - чыныгы имиш экенин баамдоо анчалык кыйын эмес. НТСтин "Имиштерди иликтейбиз" көрсөтүүсүндөгү чиновниктердин актануулары түшүнгөн адамга "осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат" дегендей эле кеп.
Дагы бир мисал, 2011-жылы март айында "Жаңы Агым" азыркы Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовдун Россия жараны экенин жазган. Ошондо Кубанычбек мырза асман айга түйүлүп, бул маалыматты карандай калпка чыгарып, гезитти сотко бермек болгон. Гезиттин кийинки санына анын Москва шаарынын Черемушки районунан паспорт алгандыгы тууралуу документтин көчүрмөсү басылганда ал жоошуй түшкөн. Айта берсек мындай мисалдар өтө эле көп. Аны бир айтабызбы, миң айтабызбы, эл кимдин ким экенин жакшы билет.
Имиш, ушак демекчи, анын баары Ак үй, Көк үйдөн чыгып жатат. Болбосо куудулдар айтмакчы, азыркы журналисттер кайсы бир маалыматты алдын ала каяктан билишмек эле. Демек, балык башынан сасыйт болуп, учурда чиновниктер өздөрү биринчи сасышат. Исхак Раззаков айткандай, эгер чиновниктер, бийликте тургандар өздөрү таза болушса, ММКлар да алар тууралуу имиш, божомол, ушактарды жаза алышмак эмес. Журналист - коомдун күзгүсү деп бекеринен айтылбаса керек. Демек журналист чиновниктердин баскан-турганын, эмне кылганын күзгү катары коомго, өздөрүнө чагылдырып берип жатат. А НТСке окшогон телеканалдар күзгү болбой, призма сымал чиновниктерге курал болуп жатканы өкүндүрөт.
Мелис СОВЕТ уулу




Ат-башылыктардан
Асылбек Жээнбековго, Жантөрө Сатыбалдиевге салам!
Өз жерибизди кайтарып бергиле!
Эл - бийликтин булагы деп айтканды бийликте отургандар жакшы көрүшөт. Бирок ошол булакты байлык, бийликке жетүүнүн гана куралы кылбай, анын кызыкчылыгын коргоо зарылдыгын түшүнгөндөр бийликте аз. Эл эч качан казаныма аш, үстүмө кийим бер деп сурабайт. Болгону жергиликтүү бийлик чече албаган же чечкиси келбеген көйгөйдү жогору жактагылар да билсе, чечип берсе дешет. Мына ошондой кайрылуу Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынын жашоочуларынан Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун, өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин атына келиптир.


"Урматтуу Асылбек Жээнбеков, Жантөрө Сатыбалдиев! Биз жаш үй-бүлөлөрдүн жакырчылыкта жашап жатканын ойлоп, төмөнкү талапты чечип бергиле деп сиздерге кайрылып жатабыз. 1993-жылы Ат-Башы районунун мурдагы акими Чоробек Байгазаков 18-июлдагы №558 буйругу менен Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн фондусундагы 25 га жерди токой чарбасына жаш көчөттөрдү отургузуп питомник уюштуруу максатында кесип берген. Андан бери 20 жыл өтсө да бир дагы жаш тал-терек отургузулган жок. Ал жер ушу күнгө чейин максатсыз пайдаланылып келүүдө. Так айтканда, токой чарбасынын мурдагы башчысы Өзгөрүш Турганбаев жерди менчиктештирип алган. Бүгүнкү күнгө чейин жер салыгын, ижара акысын Ак-Моюн айыл өкмөтүнө төлөгөн эмес. Биздин сураныч, 20 жыл мурдагы акимдин жогорудагы буйругун жокко чыгарып 25 га биздин жерди кайра Ак-Моюн айыл округуна кайтарып берсеңиздер, айыл өкмөтү аны айыл жаштарынын муктаждыгына жараша берүүгө аракет кылып жатат. Анткени бул жер биздин айылга жакын болуп, мурда картошка айдалып иштетилип келген. Эгер бизге берсеңиздер, биздин айылдын жаштары үчүн жер иштетүүгө жакшы шарт, мүмкүнчүлүктөр түзүлөт эле.
Ал эми Ат-Башы токой чарбасына жер эле керек болсо, райондогу тогуз айыл округунда 20 пайызына суу жеткен өкмөттүн фондунун жерлери бар, аларга ошондон берүүгө болот.
Эгер 25 га мурдагы өзү-бүздүн жерибиз кайра колго тийсе, биз картошка өстүрүү боюнча атайын кооператив уюштуруп, өзүбүздү өзүбүз жумуш менен камсыз кылат элек. Биз сиздерден байлык, бийлик сураган жокпуз, болгону өз жерибизди мыйзам жолу менен кайрып берүүңүздөрдү суранып жатабыз.
Урматтуу Асылбек Жээн-беков, Жантөрө Сатыбалдиев! Сиздердин бийликке келүү-ңүздөр үчүн жүздөгөн жаштар кан-жанын, өмүрүн бергенин унута элексиздер деп ойлойбуз. Жакшы жашоо, жаркын келечек эңсеген жаштар өз өмүрлөрүн аянбай революция жасашкан. Биз эми алардын артында калгандардын жашоосу оңолуп кетиши үчүн сиздер аракет кылыңыздар деп талап кылабыз. Буга чейин ушу жер боюнча кайрылган облустук, райондук уюмдар биздин кызыкчылыгыбызды коргоп, эл үчүн пайдалуу чечим чыгара алышкан жок.
Элди шайлоо, референдум учурунда гана эстебей, өлкөбүздүн өнүгүп, алга жылышында да эң биринчи эл керек экенин эсиңиздерге алат деп күтөбүз".

Ак-Моюн айыл округунан:
Гүлмира Аттокурова, Орозбек Керимкулов, Мамбетимин Бектурганов,
Кубан Черикбаев,
Бакы Катаганов,
Жумагул Тентимишов, Канат Үмөталиев