19.04.13 "Президент жана бомж - 2" Таласта
Таласка "Президент жана бомж - 2" кинотасманын актерлору келип, "Кырк Чоро" кинотеатрында аталган тасма көрсөтүлдү. Алгач тасманын режиссеру, продюсери жана башкы каармандар сахнага чыгып тасма жөнүндө баяндап, ачылыш аземи болду.
- Биз тасманы алгач Бишкекте көрсөткөнүбүздө элдин кабыл алуусу кандай болот деп ичимден толгонуп отурдум. Тасма аяктаганда элдин баары кол чаап кетпей турду. Буга чейин ар кандай кинотасмаларда тартылып келгем. Бирок бул каарманды аткарып жатканда мага премьер-министрдин ролун аткаруу кыйынга турду. Бомждогу негизги оптимисттик сапат менин табият тартуулаган мүнөзүм. Бул ролду аткарууга чейин мен көчө селсаяктары менен таанышып, алардын турмушун жакындан билдим. Мисалы, алар дайыма жай басышат. Ичип жүргөндүктөн жыгылбайлы деп абайлашат. Ошондой эле дайыма үшүп турушат. Алар менен чогуу сүйлөшүп отурганда бир эже окуясын айтып бергенде жандүйнөм толгонуп ыйлагым келген. Ошол абалды жана жашоодогу кыйын учурларды эстеген сайын ролду аткарып жатканда көзүмөн жаш чыкканы оңой болду. Себеби жаратылышымдан оңой менен ыйлай албайм. Келечекте тарыхый тасмалардагы каармандардын ролун калкыма тартуулагым келет, - деди кинотасмада башкы ролду аткарган актер Тимур Маматкулов.
- Бул кинотасманы Москвадагы досторум көрүп сага куугунтук болуп жүрбөсүн абайла дешкен. Биздин өлкө демократиялык мамлекет болгондуктан эч ким тарабынан кысым болгон жок. Тасманы тартууну алгач "Манас Ордого" зыярат кылуудан баштаганбыз. Ошондуктан борбордон кийин дароо кичимекениме келип тартуулап жатабыз. Өзүм саясатка аралашкандыктан жазууда кыйынчылык деле болгон жок. Бишкекте тасманы депутаттар да келип көрүшүп, аягында өз ойлорун айтышты. Чынында биздин өлкөгө жаңы муундун таза адамы президент болуп келсе жакшы болот эле, - дейт тасманын продюсери Өмүрзак Төлөбеков. Тасманы көрүп олтургандардын көбү ал аяктаганда жашып чыгып жатышты. Мындай тасмалар облус, район борборлорунда эле эмес, айылдарда да коюлса жакшы болмок дешкендер да болду.
Жеңишкүл ТОГОЛОКОВА,
Талас облусу





Cүйүүм менин кайып учкан куш болуп...
Сагынуу бүт өмүрүм алып кетти

Дирилдеп турдуң. Муңдуу турдуң. Акыры коштоштук. Баш кошподук, коштоштук. Түбөлүккө коштоштук. Карааның үзүлгөнчө мелтиреп карап турдум. Баарына жеңилип бердик. Көнүп бердик. Шартка, жагдайга, ата-энебиздин айткан-дегенине айласыздан баш ийдик. Экөөбүз тең алсыз экенбиз. Эки башка адамдын колун кармап, эки тарапты көздөй бет алдык. Эчен ирет уйкусуз, кусаланган, көңүлсүз күндөр өттү.
Кусаланган күндөр өтүп башыман,
Чоң санаачыл болуп кеттим
жашыман.
Даңкты деле, байлыкты да күсөбөйм,
Бирок билбейм бир бакытка
ашыгам,
- деп бир акын жазгандай, элесиңди элестетсем жүрөгүм мыкчылчу. Бир бакыт келчүдөй жүрөгүм улам келерки күндөргө ашыкчу. Бирок ал бакыт келбеди. Эшигимди, тереземди какпады. Канча айлар, жылдар өтсө да эшигимди какпады. Жарык дүйнөгө бир жаралып, жаралган өмүрүңдө сүйгөнүңө жетпей калуу, сүйбөгөн адам менен өмүр сүрүү азап болду. Эне болуп балкылдатып бала эмизип, балким сен бактылуу болгондурсуң. Бирок мен бактысыз болуп калдым. Үй-бүлөм үчүн урушчаак, жемекор атага айландым. Мунун баары бир кездеги жетпеген сүйүү дартынын айынан эле. Жүрөгүмдө катылган кичинекей асыл таштай дайыма сенин элесиң сакталып турат. Бир жансыз асыл таш. Сүйлөбөгөн, үндөбөгөн асыл таш. Сүйүүнүн ушунчалык күчтүүлүгүнө таңгалдым. Унутулбайт. Сезимиңди кыйнаганы кыйнаган. Жүрөгүңдү эзгени эзген. "Сагынуу карегимди жарып кетти. Сагынуу бүт уйкумду алып кетти" деп бир акын жазгандай, сагынуу, кусалык бүт өмүрүмдү алып кетти. Ошондо алсыздык кылганыма өзүмдү жемелейм.
Ушундай күндөрдүн биринде жубайым ооруп калды. Мен баягыдай эле муздакмын. Сузмун. Ага үзүлүп түшпөдүм. Ал түнү көпкө уйкусуз жаттык. Шыпты тиктеп экөөбүз эки жакты карап жатабыз. Анын ыйлап жатканын сезип жаттым. Узакка созулган ый болду. Жаздыгы жашка чылангандай болду. Анын эчен ушундай түндөрдү өткөргөнүн жүрөгүмдүн тереңи менен сезип жаттым. Өз бактым, сүйүүм деп башка бирөөнүн да бактысын балталаганымды эми сезип жаттым. Буга да өзүмдү күнөөлөдүм. Жубайым ажырашуу сунушун киргизди. Жок дедим. Курч кезимде, жаш кезимде сүйүүм үчүн күрөшө албадым. Эми кайдан күрөшөм. Алмончоктой балдарым жетилип келе жатат. Көздөрүн мөлтүрөткөн кагылайындарым. Эми баары өттү, кетти. Турмуштун жаңы барагын ачам. Эми мен жакшы ата, жакшы жар болууга сөз берем.

Азат АЛЫКУЛОВ




"Наристенин уул же кыз төрөлүшүнө жубайлардын жаш айырмасы себепчи"
Бул дүйнөдө илим толук изилдей элек тармактар көп. Батырбек ЭРАЛИЕВ жыйырма жылдан ашык дүйнө жүзү аныктай элек тема боюнча изилдөө жүргүзүп былтыр "Кыргызпатенттен" "Уул-кыздын төрөлүшүн кантип аныктоого болот?" деген темада автордук күбөлүк алган.


- Сиздин кесибиңиз эмне?
- Мен тоо-кен технигимин.
- Анан бул тармакты кантип изилдеп калдыңыз?
- Адамзат жаралгандан бери алдын ала ким төрөлүшүн билүүгө кызыкдар болуп келишкен. Бул суроо бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек деп ойлойм. Мисалы, кытай календарына 700 жылдан ашуун болсо да азыркы учурда көпчүлүк кыз-келиндер колдонуп келишет. Бирок толук кандуу натыйжа чыкпагандыгын убакыт көрсөттү десек болот. Мен да ушул темага кызыгып калып уул-кыз төрөлүшүн аныктоого мүмкүнбү деген ой менен 1980-жылдан баштап практикалык изилдөө жүргүзүп, 2011-жылы гана али балалуу боло элек же бир-эки балалуу болгон жубайлардын ортосунда 70 пайызга чейин, эки баладан жогору болсо 100 пайызга чейин аныктоого жетиштим.
- Практикалык изилдөөнү кантип жүргүздүңүз?
- 21 жыл аралыгында ар кандай ыкма менен изилдөө жүргүздүм. Тактап айтканда, туугандардын, тааныштардын, аяштардын үй-бүлөлөрүнө байкоо сала баштадым. Колдонулган ыкмалардын арасынан жубайлардын туулган жылдарын алып саноо ыкмасы жакшы натыйжа берди. Бул ыкмага мен өзүм 100 пайыз кепилдик бере алгандан кийин гана элге чыга баштадым. Кыскасы, уул же кыздын төрөлүшүнө эркек менен аялдын жаш айырмасы чоң роль ойнойт экен.
- Аял жаш болуш керекпи?
- Жок. Ортодогу аралыктын бир жаштан айырма, эки жаштан айырма, үч жаштан, 15 жаштан айырма дегендей.
- Ошондо жубайлар жаш айырмасына жараша балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экен да...
- Муну сөз менен түшүндүрүп берүү бир аз татаал. Жөнөкөй тил менен айтканда, аялдар күйөөсүнө карата негизги төрт тайпага бөлүнөт. Табияттан жалаң кыз же жалаң эркек төрөй турган аялдар болбойт. Ага биринчиден жаш өзгөчөлүгү, мисалы, эгер жубайлардын ортосунда 1, 2, 4, 5... жаш айырма болгону, же үч жаштан айырма болгону алардын балдарынын канчасы кыз, канчасы бала болушуна таасир этет. Аялда да, эркекте да болгону үч эле урук болот. Биринчи теория боюнча жаш айырмасы 1, 2, 4, 5, 7, 8, 10, 11 ж.б.у.с. болсо эки тайпага бөлүнөт. Мындай жаш айырмасы бар жубайлардан эркек да, кыз да жарала берет.
Экинчи теория боюнча жашы тең, же 3, 6, 9, 12, 15 - кыскасы үч жаштан айырма болсо бул жубайлардан кээде жалаң кыз же жалаң эркек жаралып калышы мүмкүн. Булардын отуз пайызы гана эки жыныстуу наристелүү боло алат. Жана айтып кеткендей аял-эркекте үч эле урук (гамет) болот. Ар бир уруктан бир нече наристелер төрөлөт. Кээ бир учурда, мисалы таяке-жээн, бөлөлөр баш кошкондо, аборт болгондо жана боюнан түшүп калганда кайсы жылы уул, кайсы жылы кыз төрөлүшүн аныктоо кыйынга турат. Себеби таяке-жээн, бөлөлөрдөн уул чыга турган уруктан кыз төрөлөт же тескерисинче. Ал эми аборт болгондо же боюнан түшкөндө уруктар алмашылып калат. Мисалы, уул уругу быйыл болсо ал алынып ташталса аркасынан кыз уругу келет да, санаш кыйын болуп калат.
- Жана сиз гейлердин жаралып калышы тууралуу да кеп козгогондой болдуңуз. Бул кыз чыга турган уруктан уул чыгып калгандан уламбы?
- Гейлерди медиктер психологиялык оору дешип жүрөт. Бул андай эмес. Дүйнө жүзүндөгү бир дагы илим аялзаты кайсы убакта боюнда болорун жана кимди төрөрүн айтпайт. УЗИде бойго бүткөн наристенин уул же кыз экенин айтат. Мага кайрылгандарды мен күйөөсүнүн, өзүнүн жашын эсептеп ушул айдан ушул айга чейин боюңда болсо кыз төрөйсүң, тиги айдан тигил айга чейин боюңда болсо уулдуу болосуң деп айта алам. Уул бала бойго бүтүп жатканда гей жана гермафродит пайда болуп калышы мүмкүн. Бул айдын керек эмес учурунда бойго бүткөндө түйүлдүк ар кандай болуп калат. Мен анын жашынын эсебине карап ар бир айдын канчасынан канчасына чейин бойго бүтсө ден соолугу чың уулдуу болорун санап бере алам. Себеби уул бала төрөлөрдө жогоруда биз айтып кеткен гей жана гермафродит коркунучу турат. Менин пикиримде уул-кыздын уруктары сепке окшоп ээрчишип жүрөт. Алардын алмашуу учурунда аталык урук түшүп калса же кыз эмес, же уул эместер жаралып калышы мүмкүн. Медицина аныктай албаган нерсени мен өзүмдүн практикамдын жыйынтыгында ошентип түшүндүм.
- Азыр ушул жыйынтыктарыңыз документтер менен тастыкталган да.
- Мен 2011-жылы бул боюнча "Кыргызпатентке" кол жазмамды тапшырып автордук күбөлүк алгам.
- Конкреттүү аталышы кандай?
- "Уул-кыздын төрөлүшүн кантип аныктоого болот?" деген темада.
- Азыр иш жүргүзүп жатасызбы?
- Былтыр менин айтканым боюнча он төрт үй-бүлө балалуу болду. Расмий иш жүргүзө элекмин. Мен өзүмдүн айтуум боюнча төрөлгөн балдарды көрбөй туруп эле телефондон мүнөзүн, кимге окшош экенин айта алам. Мен болгону эсеп менен гана иштейм.
Зайырбек АЖЫМАТОВ