19.04.13 Күлазык
Өмүр барда жашагыла эл менен
Өлүп калсаң так кашыңда эл деген
Эрнис ТУРСУНОВ Кыргыз эл акыны, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл аралык Түгөлбай ата коомунун, А.Токомбаев, Ж.Бөкөнбаев, Т.Турсунбаева атындагы адабий жана маданий сыйлыктардын лауреаты. Ысык-Көл районунун жана Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу, республика алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия алуучу.
"Ата журт", "Боронбай", "Балбай", "Эл душманы" деген романдары, "Автопортрет" деген лирикалык китеби, Евгений Онегиндин жаңы котормосу ар кайсы жылдардын мыкты китеби катары дипломдор, грамоталар, сертификаттар менен сыйланган. Айтылуу акындын редакцияга сунуш кылган ырларын тартуулайбыз.


Капитал
Аттын башын тарта турган тизгин бар,
Адам башын акча айлантат жүз жылдар.
"Толубайбанк", "Инексимбанк", "Максатбанк",
Тоодой-тоодой банкка толду биздин шаар.

Ээлери ким? Айтып турат аты эле,
Эбегейсиз… шаар толду бат эле:
"Империал", "Губернатор", "Сенатор",
"Монарх", "Лондон", "Бомбей"
деген кафеге.

Суудай агып кирип турган капитал,
Супермаркет, бизнес деген аты бар.
Олигархтар, синдикаттар башкарган,
Байлыктардын уу жыттанган заты бар.

Жерди, сууну зор капитал соодалап,
Керек кезде мамлекетти оодарат.

Олигарх
Буржуй, сүткор, көпөс деген сөз калып,
Буларды азыр Олигарх деп атайбыз.
Олигархтар төрдө отурат төш кагып,
О, бир шумдук, сурзаманда жашайбыз.

Ал үйрөттү Гулагдагы тилдерди,
Ал карматты Сектадагы диндерди,
Наркобарон, кришна, магнат, адвентист,
Синдикаттар - таңкалтырбайт кимдерди!

Сатылчу эмес баары кыргыз салтында,
Сатылды бүт бүгүн рынок шартында.
Олигархты миллиарддарды сапырган,
Атат киллер аңдып туруп артында.

Суверендүү жаңы заман тушунда,
Олигархтын жаны бир ок учунда.

"Мерседес"
Барсаң алыс - бачым унаа "Мерседес",
Баркын билбес ал жөнөкөй нерсе эмес.
Кыйкырып жүр, кыраан куштай сызып жүр,
Кызык күндөр кырдаалыңа келсе кез.

Бир өмүрдүн күндүгүнө жорго мин,
Бирок сак бол, тизгиниңди тарта бил.
Жер көрүнбөй жел менен тең баратсаң,
Желмаянга мингемин деп айта жүр.
Ал кыйраса айнек сымал бачырайт,
Бийик вольттуу зымга тийип чачырайт.
Эсен калсаң эки буттан ажырап,
"Экинчи ирет төрөлгөм" деп ачык айт.

Кыяматка бара жаткан "Мерседес",
Кызып алса оозун такыр берчү эмес.

Коммерсант
Коммерсантты, бизнесменди кечээ эле,
Кызылкулак, алып-сатар дечү эле.
Бардык жерде бүгүн алар даң салат,
Базарда да, аянтта да, көчөдө.

Япон кызын алам десе шарты бар,
Яхтасы бар, фирмасы бар, банкы бар.
Күндө күмүш, айда алтын аккан соң,
Кыргыз эмес чет өлкөгө баркы бар.

Жерин, суусун айырбаштап алтынга,
Валютасы Швейцария банкында.
Элин, көлүн сатып жеген ит деген,
Эч бүтпөгөн жаманатты артында.

Киллер, магнат, маркетингди киргизген,
Киши сымак - Коммерсант да, Бизнесмен.
Оксфорддон
окуган
О, бар кыргыз лимузинде чалкалап,
Оксфорддон окугам деп мактанат.
Кара жанын Англияда калкалап,
Калган экен Ата журттан ташжалак.

Да бир кыргыз кабинетте чалкалап,
Даңк күсөгөн мансабына мактанат.
Мактанат да элден өскөн тамырын,
Майнапсыз деп кыйып салган балталап.

Байлык топтоп иттин уулу Байгара,
Барамын дейт Лондон эмес Айга да.
Башын сайып бардыгынан ажырап,
Барып түштү түрмөсү көп Тайгага.

Мойсогон соң бирин-бири талкалап,
Шордуу кыргыз эмнесине мактанат?

Конструктор
Конструктор болом деген жаш кыргыз,
Болмок тургай азап тартты арылгыс.
Ачкалыкта ата-энесин багам деп,
Арыгынан арбак болду таанылгыс.
Конструктор! - деген сөздү укканда,
Даяр турат курч бычакты жутканга.
Ызасынан ырпы куруп, жер муштап,
Ыйлайт, боздойт самолеттор учканда.

Конструктор болмок эле ал шордуу,
Аңдабаптыр жаагы катуу жашоону.
Окуу издеп Кембриджге барбайт ал,
Соко тартат биттегендей азоону.

Соку жанчат, көмүр тартат, таш тартат,
Сонун күнүн соодагерге башкартат.
Аферист
Аферистти көрдүң беле эй, тууган?
Аурасын көргүң келсе көрүп кал.
Сен жана мен анын жеми жей турган,
Сезип калсаң, как тумшукка берип кал.

Тумсак келет, элпек келет өздөрү,
Турист болсоң, дароо тааныйт өзгөнү.
Чөмүлдүрөт миллиондорго сөздөрү,
Чөнтөгүңөн өтүп турат көздөрү.

Аңкоо жаның көз ирмемде алдатат,
Ал колуңа "ташжалагын" карматат.
Карматат да кагып алып калтаңы,
Караан үзөт карагыча аркаңы.

Аңкайбагын, азыркынын адамы,
А бул заман аферисттер заманы.

Кыргыз кайда?
Кыргыз кайда? Канберрада, Канзаста,
Кейптаунда, Магаданда, Балхашта.
Кербезденип дуулап жүрөт дейсиңби? -
Кечээ бирин атып салды жамбашка.

Кыргыз шордуу эмне кылат ал жакта?
Кыл мизинде араң жашайт жан сактап.
Жер шыпырат, кык чыгарат, идиш жууйт,
А Кытайда киши тартат тартактап.

Кыргыз кайда? Арабияда, Дубайда,
Араң келет зарын айтып Кудайга.
Жыргадык деп ким айтса да калп айтат,
Ишенбесең, барып көргүн бир айга.

Кыргыз шордуу кайда барып күн көрөт?
Өз жеринде бир, өзгө жерде миң өлөт.

Авиакырсык
Асман беттеп учаарымда шаарыман,
Амалсыздан жүрөк чыгат кабынан.
Көлгө кирип, зоого тийип быркырап,
Көктөн кулап өлгөн жаман баарынан.

Он сегиз саат Нью-Йоркко учуп баратсаң,
Он сегиз миң ойлор келет канатчан.
Сөөк сөпөт, устукан упат болгуча,
Жерден эле алса дейсиң Жараткан.

Сансыз ойлор салондо тынч жаткырбай,
Санаа бийлейт көңүлүңдү шат кылбай.
Авиакырсык өзү келет капыстан,
Салам-дуба, керээз-мураз айттырбай.

Өмүр барда жашагыла жер менен,
Өлүп калсаң так кашыңда эл деген.