12.04.13


Кубанычбек НУРМАТОВ,
Эсептөө палатасынын
аудитору:
"Миллиондогон "каражат сол "чөнтөктөргө "кеткен"
Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) дарегине түрдүү сын-пикирлер айтылып келет. Коомчулук МККны коррупциялашкан мекемелердин бири катары кабыл алып келгени жок жерден эмес. Ал эми Эсептөө палатасынын 2011-жыл жана 2012-жылдын 9 айына карата жүргүзгөн аудиттик текшерүүсүндө аталган мекемелерде бир катар финансылык мыйзам бузуу фактыларынын бети ачылган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын аудитору Кубанычбек Нурматов кеп салды.
- 2011
- жылдагы статистикага таянсак, Мамлекеттик каттоо кызматында 117,7 млн. сом, 1,572 млн. евро өлчөмүндө финансылык мыйзам бузуулар орун алган. Ал эми негизсиз эмгек акы төлөөгө кеткен чыгымдар 56,6 млн. сомду түзөрү тастыкталды. Мамлекеттик кызматта штаттык сан жана эмгек акы төлөө шарттары өкмөттүн токтому менен белгиленет. МККда техникалык тейлөө персоналдарынын штатында ашырып жиберүүлөр бар. Алардын саны негизги персоналдардан 20%дан ашык болбошу керек, бирок МККда бир кыйла ашырып жиберүү аныкталган.
2011-жылдын жыйынтыгы боюнча 5,7 млн. сомдук мыйзамсыз сый акылар төлөнгөн. Мыйзам тарабынан сый акы төлөө регламенттин негизинде жүргүзүлөт. Мамлекеттик кызматчы жыл бою 12 айлык, өргүүгө чыгаар алдында эки материалдык жардам жана "13-айлык" деп аталган эмгек акыны, тактап айтканда, 15тен жогору эмгек акы ала албайт. Мамлекеттик бюджеттин оор абалын эске алуу менен алар үнөмдөлгөн каражатты казынага кайтарып бериши керек эле. Бирок калып калган 5,7 млн. сом сый акыларга чыгымдалган. Бул бюджеттик каражаттарды негизсиз түрдө жоготуу болуп эсептелет.
- Паспорт даярдоочу "Интел линкс" компаниясына карата элдин нааразычылыгы күч. "Интел линкстин" ишмердүүлүгүн иликтеп көрдүңөрбү?
- Мыйзам бузуулардын негизги бөлүгү "Мөөнөттүү документтөө" беренесине туура келет. Ал эми паспорт даярдаган "Интел линкс" ушул кызматты көрсөткөндүгүнүн эсебинен 2011-жылы 1,302 млн. евро киреше тапкан. Мөөнөттүү тартипте документтерди даярдоо боюнча келишим 2006-жылы түзүлсө, кийинчерээк ага кошумча макулдашуулар киргизилген. Бирок анын мөөнөтү 2012-жылдын 1-январында аяктаган. Ошого карабастан миллиондорду иштеп табуу үчүн адегенде себеп таап, "Интел линкс" мөөнөттүү тартипте кызмат көрсөтүүнү уланткан. 2011-жылдын сентябрынан тартып "Интел линкс" ЖЧКсынын башкы директору Таалайбек Жумадылов паспорт кризиси жаралышы ыктымалдыгын кыйыта баштаган. Анын айтымында, ID-карт жана чет өлкөгө чыгуучу паспорттордун бланкаларын даярдоо үчүн чыгымдалуучу материалдардын запасы түгөнүп бараткандыгы менен байланыштуу. Бир катар факторлор кризистин болушун тездетиши мүмкүн. Буга абитуриенттерди массалык түрдө документ менен камсыз кылуу,1994-жылкы эски үлгүдөгү паспортторду жаңы паспортторго алмаштыруу, ошондой эле президенттик шайлоо сыяктуу иш-чараларды өткөрүү себепкер. Мындан чочулаган жарандар паспорт бөлүмдөрүнө чуркашып, акчаларын аябастан бир нече күндүн ичинде жаңы документтерди алышкан. Так ушуга "Интел линкстин" ээси аракет кылган. 2012-жылдын январынан майына чейин ал 1,302 млн. евро иштеп таап, анын ичинен 562,3 миң евро "Инфоком" МИнин потенциалдуу кирешелери болуп эсептелген.
"Интел линкстин" киреше бөлүгүн "Инфокомго" берүү жөнүндө 2011-жылы агездеги төрага Жаныбек Бакчиев өз алдынча чечим кабыл алган. "Инфокомдо" документтерди кабыл алып иштеп чыгышкан, ал эми аларды жасоо жеке компанияда кала берген. Монополияга каршы күрөшүүчү орган мамлекеттик ишканалар үчүн прейскурантты бекиткен, бирок жеке түзүмдүн ишине кийлигише алган эмес же каалаган эмес. Бул акчалар бюджетке түшүшү керек эле. Арийне, 2011-жылдын акырында Бакчиев МККнын төрагалыгы кызматынан кеткен. Натыйжада каражаттар "Интел линксте" кала берген.
Бул МКК жетекчилигинин аракетсиздигинен улам 562,3 миң евро "Инфокомго" түшпөй калганын айгинелейт. Демек, Мамлекеттик каттоо кызматы бул каражатты "Инфокомго" кайтарып берүүгө милдеттүү.
- Автоунаалардын "өзгөчө" номурларын сатуу укугу да Мамлекеттик каттоо кызматына ыйгарылган. Ал эми "өзгөчө" номурлардан акча жасалат деген аңыздарга кандай жооп узатасыз?
- Туура суроо бердиңиз. Биздин аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык, МККнын бөлүмдөрүндө аныкталган мыйзам бузуулардын дагы бири - өзгөчө комбинациядагы сандар менен автоунаалардын номурларын сатуу болгон. Мурда "өзгөчө" номурларды мыйзамсыз сый акы катары алууга болот эле. Жакындан бери бул жол-жобону легалдаштырышты, бирок мыйзам бузуулар сакталып кала берди.
Өкмөт тарабынан бекитилген жобого ылайык, ар бир номурдун менчик баасы бар. Эгерде ал биринчи сатыкка коюлганда сатылбаса, аны кийинчерээк кайрадан сатыкка коюшат. Мыйзам боюнча ушундай болушу керек эле, тилекке каршы турмуш жүзүндө андай эмес. Мисалы, 2011-жылы сатыкка 39,6 млн. сомдук номурлар коюлган, а сатылгандары 14,8 млн. сомго барабар. Ал эми 24,7 млн. сомдук калган номурлар жалпы негизде сатуу үчүн берилген. Жыйынтыгында бул сумма киреше катары "Инфокомго" келип түшкөн эмес. Бул дагы одоно мыйзам бузууга жатат.
Жеке эле МКК эмес, дегеле жалпы мамлекеттик мекемелердеги аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгын Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жөнөттүк. Муну эми тийиштүү органдар иликтеши абзел.
Негизи биздин мекеме мамлекеттик органдардагы финансылык мыйзам бузуулардын гана бетин ачат. Андан соң аны укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз. Ошон үчүн укук коргоо органдары биз ачып берген финансылык алешемдиктерди андан ары иликтеп, укуктук баа бериши керек.
- Айрым маалымат каражаттары Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова аудиттик текшерүүнүн жыйынтыктарын коомчулукка жарыялоого тыюу салганын жазып чыгышты. Элден жашырчу сыр барбы?
- Сиз айткан маалымат чындыкка жатпайт. Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова бул кызматка келгенден баштап биздин мекеме тарабынан маалымат алмашуу деңгээли жогорулап, жарандык коом менен жумушчу байланышын түзүү жардамы менен бюджеттин ачыктыгын камсыздоодо мамлекеттик аудиттин жогорку органынын ролун күчөтүүгө багытталган кадамдар жасалууда. Мындай кадамдардын бири болуп - мекеменин расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары жөнүндө тиешелүү маалыматтарды жайгаштыруу болуп саналат. Мунун жыйынтыктарын оңой эле байкаса болот. Гезит, телеканалдарда жана маалымат агенттиктеринде одоно мыйзам бузуулар, мамлекеттин мүлкүн туура эмес колдонуу фактылары ачыкка чыга баштады. Мындан сырткары, ыкчам маалыматтарды алмашуу боюнча кызматташуу максатында министрликтердин жана мекемелердин коомдук байкоочу кеңештери менен байланыш түзүлдү.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Айласы кеткен эненин акыйкаты
200 доллар үчүн эч нерседен кайра тартпаган референт
Апрель айынын башында КР Жогорку сотунун кызматкери Майрам Акматова Жалал-Абад облусунун тургуну Сайрагүл Жапашова аттуу айымдан 200 доллар талап кылып, андан ушул сумманы алып аткан жеринен ИИМдин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалып, кылмыш иши козголду. Майрам Акматова кайсы "кызматы" үчүн акча талап кылганын редакцияга башбаккан Сайрагүл ЖАПАШОВА айтып берди.

- 2010- жылы менин 21 жаштагы уулум Чыңгыз Москвага иштегени барып, жалган жалаа менен түрмөгө отуруп калды. Москвага жаңы барып орусча билбеген жаш баланы чогуу иштеген эле кыргыз балдар күнөөнү сен мойнуңа ала бер, биз куткарып кетебиз деп коюп, өздөрү качып кетишиптир. Ошентип уулум төрт жылга кесилип кетти. Аны башка өлкөнүн түрмөсүнө отургузбай, Кыргызстанга котортуп келүү үчүн Башкы прокуратурага арыз жазгам.
Ошол арызымдын негизинде 2012-жылдын 31-октябрында Жогорку сотко Москвадан Чыңгыздын паспорту жок, каяктын жараны экени белгисиз деген жооп келиптир. Жалгыз уулумду эстегенде жүрөгүм сыздап, колуман эч нерсе келбей айлам кетти. Акыры тааныштар аркылуу Жогорку сотто Майрам Акматова деген референт болуп иштеген аялга барып, уулумдун Россиядан келген жообун чыгарып берүүсүн сурандым. Майрам эже тааныш аркылуу келгенимди билип, 1500 сомго уулумдун Россиядагы чечимин таап берди. Ал менин күйүт тартып турганымды көрүп, балаңа жардам берейин, уулуңдун паспортунун көчүрмөсүн, жашаган жеринен мүнөздөмө алып кел деди.
Бул ишти быяктан карагандыктан Башкы прокуратурага 500 доллар, Жогорку соттун төрайымы Жамашевага 1500 доллар бересиң деди. Менде анчалык акча жок экенин айтсам балаң үчүн акча табасың деди. Эгер сиз жардам берип баламды быякка которуп алсам, сизди өзүнчө ыраазы кылайын десем, Башкы прокуратурага сүйлөшүп берем, ошого 500 долларды алып кел деди. Жалал-Абаддан баламдын документтерин топтоп прокуратурага тапшырдым, бирок Майрам эже сураган акчаны табалбай 300 долларды араң процентке алдым. Бул ишти Жогорку соттон 2013-жылдын 29-январында карамак экен, бирок мен акча бере албагандыктан аны 6-февралга жылдырганын айтты. 5-февралда ал телефон чалып, 500 долларды алып кел деп шаштырды. Мен 6-февралда эртең менен 300 долларды берсем, калганы каякта, ушунча элеби деп урушуп, эми буга дагы кошумча жемиш ала кел деп буюрду. Ошол күнү Жогорку соттун чечими менен уулумдун бул жакка которулуусу каралмак эле. Акыры Жогорку сот Кыргызстанга которуу боюнча чечим чыгарып берди. Мен кийлигишкен үчүн ушундай чечим чыкты, эми 200 долларды алып кел дей баштады. 8-февраль күнү кечинде 4000 сомго жемиш даярдап коробкага салып үйүнө алпарып бердим. Ал акчаны эртерээк бер, уятың жок экен деп урушуп кирип кетти.
4-март күнү Кыргызстандын Жогорку сотунун чечимин Москвага кат менен кошо жөнөтүшүптүр. Мен Майрам эжеге барып 200 доллар табалбай кыйналып жатканымды айтсам, сөз уга турган түрү жок. Ошондон баштап күнүгө телефон чалып тилдеп, акча талап кыла баштады. Бир жагынан баламдын санаасы, кусалыгым, акча да табалбай, бир жагынан бул аялдын урушканы жаныма батып кетти. Акыры айлам кеткенде 4-мартта Башкы прокуратурага ошол Майрам Акматованын үстүнөн акча талап кылып жатканы боюнча арыз жаздым. Чынын айтсам, ушул баламдын иши менен сүзбөгөн эшигим калбады, баары тең эле акча деп турушат экен. Ошого жараша ишимдин жыйынтыгы чыксачы. Арадан 15-16 күн өткөндөн кийин Башкы прокуратурага жазган менин арызым боюнча ИИМден чакырышты. Ошол ИИМдин кызматкерлеринин аркасы менен акыйкатка жеттим.
Мен Майрам эжеге 200 доллар алып баратканда да кабинеттеги телефондон эки жолу чөнтөк телефонума чалыптыр. Акчаны берип сыртка чыгып кетерим менен эле ИИМдин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери аны кармашты. Эртеси ал экөөбүздү ИИМден беттештиришти, мага иш боюнча көп адам келет, мен бул аялды тааныбайм деп чыкты.
Азыр бул ишти Бишкек шаардык прокуратурасы карап жатат. Ал колго түшөөрү менен эки адвокат жалдаптыр, тергөөчүнүн кабинетинде беттешсек, уулуң келбей калсын, көрбөй кал деп каргап жатты. Тергөөчүнү тоготпогондой отургучта чалкалап үстөлгө бутун чыгарып кайчылаштырып, сенин колуңдан эмне келет дегендей ишенимдүү отурду. Албетте анда акча, тааныш бар, менде эч нерсе жок, атүгүл адвокатты да жакында жалдадым. Эми булардын зыяны мага, уулума тийбесе экен деп чочулап турам. Эмне болсо да бул иш аягына адилеттүү чыгышын күтөм.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА