12.04.13


Ашмалтай
Президент А.Атамбаевдин уюшкан кылмыштуулук боюнча 18-мартта кол койгон мыйзамы эмне үчүн бир ай өтпөй эле бузулду?

Бул жумадагы ызы-чуулуу окуялардын дагы бири "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин Нарын шаарындагы түрмөдөн бошоп, 10-апрель күнү таңда атайын жалданган учак менен Чеченстандын борбору Грозныйга учуп кеткени болду. Жаза аткаруу кызматы Нарын шаардык сотуна Батукаевди чыгаруу сунушун киргизип, сот аны ишке ашырып берген. Антсе да мындай чуулгандуу чечимди Жаза аткаруу кызматы же бир шаардын соту гана чыгарып койбогону түшүнүктүү. Бул мамлекеттик маанидеги иш. Андыктан ал чечим бийликтин эң жогорку эшелонундагылардын бириники экени айтпаса да түшүнүктүү.

Расмий маалыматтарга таянсак, Нарын шаардык сотунун 9-апрелдеги чечимине ылайык, Азиз Батукаев өтүшкөн аккан оорусу менен жабыркаган деген медициналык корутундунун негизинде сегиз жыл үч айлык жаза мөөнөтүн кыскарткан. Аталган шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматов ММКга Батукаев мыйзамда көрсөтүлгөн жеңилдиктин негизинде бошотулган деп маалымат берди. Бирок ал ден соолугуна байланыштуу бошотулган күндө деле бул чечим мыйзамсыз болгону айтылууда. Буга чейин укук коргоочулар абактарда кургак учук жана астма сыяктуу коркунучтуу илдеттер менен ооруп жаткан ондогон катардагы адамдарга дайыма эле мындай жеңилдиктер колдонула бербестигин айтып келишкен.
Адистер ондогон адамдардын канына забын болуп, түрмөдө өзүнүн катаал тартибин орноткон кылмыш лөгүнө карата соттун "айкөл" чечими уюшма кылмыш тобунун өкүлдөрүнө карата жаңыдан киргизилген мыйзамды одоно бузуу менен чыгарылган дешет. Тактап айтканда, 2013-жылы 27-февралда парламент уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген. Анын бири - кылмыш аткаруу кодексине киргизилген өзгөртүүдө уюшкан кылмыш тобунун соттолгон өкүлдөрүн мөөнөтүнөн эрте бошотууга жол берилбестиги көрсөтүлгөн. Ошондой эле алар башка соттолуучуларга карата колдонулган мунапыстан же башка жаза чарасын жеңилдетүүчү шарттардан колдоно албастыгы эскертилген.
Эсиңиздерде болсо, 2012-жылы күз айларында жергиликтүү басма сөздө Батукаевди бошотуу үчүн Чеченстандагы таасирдүү фигуралар кыргыз бийлигине ири суммадагы акча сунуштаганы боюнча маалымат тараган. Бирок ал маалымат тастыкталбаган имиш катары кабылданган эле. Жогоруда айткандай, Жогорку Кеңеш уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзамдар топтомун кабыл алып, ага президент жакында эле, 18-мартта кол койгон.
Оперативдүү маалыматтар боюнча Азиз Батукаев 1993-2006-жылдар аралыгында Кыргызстан аркылуу өтчү маңзат соодасын көзөмөлгө алган. Анын маркум криматалык Рысбек Акматбаев менен айыгышкан тиреши кандуу өч алууларга чейин жетип, бир канча курмандыктарга алып келген. 2005-жылы 21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев абак жайларын текшерип барган учурда өлтүрүлгөн. Рысбек Акматбаев инисинин Батукаев тарабынан өлтүрүлүшүнө ошол кездеги айрым кызмат адамдарынын катышы бар деп айыптап, (окурман алардын бири азыр ЖКда отурганын жакшы билет) борбордук аянтка тарапкерлерин алып чыккан. Абак жайындагы тополоң боюнча 2006-жылы Батукаев үч оор берененин негизинде он алты жылга эркинен ажыратылган эле. Бирок анын жети жылын гана отурду.
Акыйкатчыбыз Турсунбек Акун бул тема боюнча "Батукаев лейкоз, же ак кан оорусу менен ооруганы жана ошондой эле боору да таптакыр эзилип кеткени аныкталды. Ал чынында эле өлүм алдында, аз эле күнү калганын медиктер айтты" деди. М-даа, анча болду Батукаевге путевка сатып берип, санаторийге да бара кел десек болмок экен...





Таасир талаш
Түркия да бизге ГЭС, "Манас" аэропортуна эл аралык хаб курууга кызыкдар экен

Түркия мамлекети АКШнын кыйышпас союздашы экени дүйнөлүк коомчулукка маалым. Андыктан биздеги "Манас" аба майданында жайгашкан америкалык транзиттик борбор тууралуу сөз боло калганда эле аталган мамлекеттин президенти же өкмөт башчысы биздин өлкөгө иш сапары менен келери айтылып жүрөт. Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын 9-апрелде Кыргызстанга эки күндүк иш сапар менен келиши да ушундай божомолдорду жаратты.
Президент Алмазбек Атамбаев менен Режеп Тайып Эрдоган 10-апрелде түштөн кийин алгач тар чөйрөдө кезигишип, андан соң кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын башкы кеңешинин жыйынын өткөрүштү. Анын соңунда маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Журналисттер "түрк премьер-министри Эрдоган Кыргызстандын "Манас" аба майданында жайгашкан америкалык транзиттик борборду 2014-жылдан кийин калтырууга Бишкекти көндүрөт экен" деген маалымат чыкканын айтып, түрк өкмөт башчысынын ушул суроого пикири кандай экенине кызыкты. Эрдоган ал суроого "бул тууралуу биздин ортобузда эч кандай сөз болгон жок. Буга чейин деле бул тууралуу сүйлөшкөн эмеспиз. Бул маселенин Түркияга эч тиешеси жок. Ал боюнча чечимди Кыргызстан өзү гана кабыл алат" деп жооп берди.
Бирок журналисттердин жогорудагы божомолдоруна жакынырак жагын айтсак, Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугуп жатып, экономикалык маселелерден сырткары "Манас" аэропортунда эл аралык хаб куруу үчүн өз тажрыйбабызды бөлүшүүгө даярбыз деп билдирди. "Бизде мындай транспорттук түйүн куруу боюнча тажрыйбалуу компаниялар арбын" деди. Ошол эле учурда ал Түркиянын Кыргызстанга ГЭС куруу ниети бар экенин да жашырган жок. Албетте, бул жерде өзүнөн өзү АКШ биздин тууганыбыз болгон Түркия аркылуу Россиядан таасир талашып атканын ачык эле байкалгансыйт. КМШ өлкөлөрүндөгү кээ бир басылмалар бул боюнча заматта эле "Түркия Россиядан Кыргызстанга ГЭС куруу ишин тартып алганы жатабы?" деп жазып чыкты.
Баш-аягы кыргыз-түрк өкмөт башчынын жолугушуусунда расмий беш келишимге кол коюлду. Алар: Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда 1994-жылы 14-октябрда Анкарада кол коюлган аба каттамын түзүү жөнүндөгү келишимге өзгөртүү киргизүү; Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы туризм тармагындагы кызматташтык келишими; Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Түркия өкмөтүнүн алдындагы Инвестиция тартууну колдоо агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму; Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы токой чарбачылыгы багытындагы кызматташтык жөнүндөгү келишим жана "Кыргызстан" авиакомпаниясы менен "Түркия" авиакомпаниясынын жетекчилеринин кызматташтыгы боюнча келишимдер.
Эгемендүүлүк жылдары Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда 150дөн ашуун ар кыл тармактагы келишимдерге кол коюлган. Режеп Тайып Эрдоган соңку ирет расмий сапар менен Кыргызстанга 2011-жылдын февраль айында келип кеткен.




Дүңкүлдөк
ИИМди реформалап келатканыбызга жыйырма жыл толду, бирок майнап жок

Кыргызстанда биз акыл-эс кирип келаткандан бери эле ар кандай реформалар жүргүзүлүп келатат. Бирок тилекке каршы майнап байкалбайт. Алардын бири ИИМге болгон реформа. Бул тармак боюнча 15-20 жылдан бери жаңылануу жүргүзүлүп келатат деген ач айкырык, куу сүрөөн ар кайсы кезде, ар кайсы президенттин, ар кайсы өкмөт башчынын тушунда дүңгүрөп келген. Жакында дагы башталды.
Бул маселе боюнча Ош шаарында 10-апрель күнү өткөрүлгөн "Ички иштер органдарын реформалоонун концепциясын" талкуулоо учурунда укук коргоо кызматкерлери Ички иштер министрлигин гана реформалоо эч кандай натыйжа бербейт деп билдиришти. Алардын пикири боюнча ИИМде реформа жүргүзүү үчүн сот, прокуратура тармагында да реформа жүргүзүү керек. Анткени ИИМ, сот, прокуратуранын иши бири-бири менен тыгыз байланышта болгондуктан анын бир тармагында гана реформа жүргүзүп, калган тармакта реформа жүргүзбөө жакшы натыйжа бербейт. Ал эми талкууга катышкан ИИМдин орунбасары К.Асанов "ИИМди реформалоо концепциясы" өкмөт тарабынан жактырылса ал 1-июлда башталаарын айтты.
Биздин билишибизче, "Ички иштер органдарын реформалоонун концепциясы" иштелип чыгып, жакында өкмөттүн кароосуна жиберилген. 18-апрелде ал өкмөт тарабынан бекитилиши күтүлүүдө. Маалыматка ылайык, аталган концепция үчүнчү жолу өзгөртүлүп жатат. Буга чейин 1993-жылы кабыл алынып, 2003-жылы өзгөртүүлөр менен кайра бекитилген. Реформалоо программалары каржы жоктугунан улам толук ишке ашкан эмес. Эмки реформа негизги үч принциптин негизинде эки этап менен ишке ашырылат. 1-этабы 2013-2014-жылдары, 2-этабы 2015-2017-жылдары. Албетте, ар кайсы реформалоо акча каражатына барып такалат. Ал үчүн өкмөт тыйын бере албасы түшүнүктүү. Концепциянын демилгечилери каражатты сырттан табабыз деген ишеничте.




Жарылуу
Адам өмүрүн алган түшүнүксүз жарылуулардын автору 7-апрелби?

Ушуну менен жакын арада эле үч жаран жардыруучу заттардын курмандыгы болду. 9-апрелде Бишкек шаарынын Жумушчулар шаарчасындагы Космическая көчөсүнүн №95 үйүндө жарылуу болуп, ал жерден Бишкектин тургуну, 30 жаштагы Анатолий менен анын иниси 20 жаштагы Андрей Колесниковдордун сөөгү табылган. Алар танкка каршы атылуучу снарядды темир араа менен кесүү учурунда жарылуу болуп, ошол жерден жан беришкен.
Учурда Бишкекте эки адамдын өмүрүн алган бул жарылуунун чоо-жайы иликтенүүдө. Азырынча каза тапкан бир тууган Колесниковдор иштен чыккан курал-жарактардан ар кандай кооз буюмдарды жасаган чеберлер экени маалым болду, бирок алар снаряддарды кайдан алганы али белгисиз. Жарылуу болгон үйдөн курал-жарактын ондогон түрүнүн калдыктары, үч жыл мурунку апрель окуясы учурунда жоголгон атайын каражаттар да табылды.
Буга чейин Бишкектеги Ак-Өргө жаңы конушундагы милициянын аймактык бөлүмүндө жарылуу болуп, андан 32 жаштагы тескөөчү жабыркаган. ИИМдин басма сөз кызматынын айтымында, аймактык тескөөчү Шамил Усубалиев милициянын аймактык бөлүмүнүн жанынан шектүү баштыкты байкаган. Аны кабинетине алып кирип ачып жатканда ал жарылып кеткен. Тилекке каршы аймактык тескөөчү оор абалда ооруканада жатып кечээ жакында эсине келбей каза болду. Бул окуя боюнча алдын ала божомолдор боюнча баштыктын ичинде үн тундуруучу граната болушу мүмкүн экен.

Бетти даярдаган
Зайырбек АЖЫМАТОВ