12.04.13


Кызыл, сары, жашыл, көк боектор бири жалбырак, бири асман, бири кар
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген сүрөтчүсү Даанакан Адашканова 1951-жылы Кара-Кулжа районунун Сары-Камыш айылында жарык дүйнөгө келген. Бир нече жеке көргөзмөлөрдүн автору, айрыкча живописти баалоочулардын купулуна толгон эженин эмгектери учурда биздин өлкөнүн эле эмес, АКШ, Япония, Франция, Германия, Дания, Корея, Түркия ж.б мамлекеттердеги сүрөт музейлеринде көргөзмөдө турат.
Кызыл, сары, жашыл, көк боектор. Бири жалбырак, бири асман, бири жүрөк, бири кар. Ар бир өң жымжырттыкта ар бир нерсенин ырын ырдап турат. Сүрөтчүнүн жүрөгү дал ошону сезе билет. Кармай билет. Бала кезден жүрөгүндө шык ойгонгон кичинекей Даанакан алыскы Кара-Кулжанын Сары-Камыш айылынан буулуккан, бууракандаган балалык сезимдеги нерсеси тынчтык бербей окууга, шаарга аттанат. Фрунзедеги С.Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайына алгачкы кыздардан болуп тапшырат. Чумкусаң, сүзсөң океандай чексиз, түпсүз сүрөт дүйнөсүнө биротоло бой таштап, сүрөтчүлөр окуу жайын аяктаган соң, Ленинграддагы И.Е.Репин атындагы сүрөтчүлөр институтуна тапшырып, ал окуу жайды жети жылдан соң аяктайт. "Аттанган жолуңдун аягына чык. Окууңду аяктаганча турмушка чыкпа" деп атасы да катуу талап коет.
Жети жыл. Ленинграддагы жети жыл да өтөт. Даанакан эженин өмүрлүк жолдошу азыркы академик Алайбек Обозов. Экөө тең Ленинградда эчен жаштык күндөрүн калтырса да жолукпай жүрүп Фрунзеден жолугушат. Эки жүрөк өз мекендеринен табышат. Баш кошушат. Бири-бирине түшүнүү менен кароо эки жашка тең ийгилик алып келет. Даанакан эже чөжүрөгөн наристелери менен да сүрөттөрдү тартканы тарткан. Уйкусуз, бирок сүрөт ааламына аттанган бактылуу түндөрдү өткөрөт. Сүрөтчү дөө-шаалардын көбүнө жолугуп, жакшы пикирлерин угат. Айрыкча улуу сүрөтчүбүз Гапар Айтиев устатынан көп нерсени үйрөнүп, ишеним арткан шакиртине айланган.
Портретпи, пейзажбы, натюрморттук эмгектерби, айтор, сүрөт дүйнөсүндө Даанакан Адашканова өз изин, өз жолун тапкан айым. Белгилүү искусство изилдөөчү Гүлчахра Токтосунова белгилегендей, анын боектору назик жана лирикалуу. Анын сүрөттөрү кудум эле кумар канбай окулган лирикалуу поэмадай туулган жердин бейпилдигин, сулуулугун, жымжырттыгын, сүйүүнү жана кусалыкты ырдап турат.
Мына сыртта жаз, жер ойгонуп, өрүк, алма, алча бактарынын баары гүлдөп турган учур. Айрыкча кызгалдактарды сүйгөн Даанакан эже ушундай гүлдөр ачылган учурда мен үчүн илхам айы келет. Сүрөт артынан сүрөттөр тартылат дейт. Эмне демекчибиз, керемет картиналарыңызды жаратып, өзүңүз айткандай эмки көргөзмөңүздө көптөгөн жаңы эмгектериңизге күбө болуп калалы.

Хан-Теңири сериясы
Чокулар. Бийик-бийик ак чокулар. Жарык дүйнөнүн аруулугу, тазалыгы ушул чокуларда жаткансыйт. Асман менен гана сырдашкан, бир да из түшпөгөн аппак карлуу чокулар. Даанакан эже ушул Хан-Теңири сериясын тартты. Биринен-бири өткөн керемет сүрөттөр.


Күз жана жалгыз кулун
Жашоо өзү башталуудан жана бүтүүдөн жаралгандай. Акыркы гүлдөр. Баары саргайды. Баары бүттү. Булуттардын муң-зарын угуп, булуттардын ырын угуп, жалгыз кулун ээн талаада.


Жаз жана Баткен өрүктөрү
Жаз. Баягы жаз. Адамдар күткөн жаз. Айрыкча жандүйнөлөр, жүрөктөр, сезимдер, көкүрөктөр жедеп суукка ичиркенип үшүп бүткөндө, муздап бүткөндө жылуулугун, сулуулугун чачкан жаз. Ак гүлдөрүн чачкан жаз. Керемет Баткен өрүктөрү.


Ысык-Көлдүн ак чардактары
Ысык-Көлдүн арманын да, жалгыздыгын да эшиткен ушул ак чардактар. Ак чардактар аз гана ирмемдерге толкундарга конушат да, анан кайдадыр алыска учуп жок болушат.


Жамгырдан соң
Жаандан кийинки ирмем буулугуп, көз жашын төгүп-төгүп алган жүрөктөй болуп турат. Кургабаган, мөлт-мөлт эткен тамчыларычы. Сулуу кыздын жүзүндөгү мөлтүрөгөн көз жашка окшошот.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА




Чын эле
Оймо-чиймелер альбом болуп чыкса
Мен 70-жылдардан бери элибиздин оймо-чиймеле-рин чогултуп, өнүктүрүп келем. Жакында элибиздин мурасы, улут байлыктары болгон алакийиз, шырдактарыбызды ЮНЕСКОго элдик мурас катары каттатып келишкенинен кабардар болдук. Албетте бул чоң ийгилик. Бирок өкүнгөнүм, ушул алакийиз, шырдактарыбызга түшүрүлө турган оймо-чиймелерибизди ондогон жылдардан бери китеп-альбом кылып чыгарып, оймо-чиймелер кыргыз элине таандык экенин мамлекетибиз тастыктап коюуга дарманы жетпей келатат. Мен бул боюнча кайрылбаган жерим калбады. Кыргыздын оймо-чиймелерин даңазалаган проза, ырларды деле учурата элекмин. Балким төмөндөгү ырыма бирөөлөр маани берип, обон чыгарса оймо-чиймелерибиз даңазаланып калат беле деген үмүт бар.
Оймо-чийме
Үй алдында жолдор келет,
Жолдор кетет, кыйма-чийме.
Кокту-колот, кыйма-чийме,
Кыйма, кыйма, кыйма-чийме.

Күн кыпкызыл батып барат,
Көңүлүм да оймо-чийме,
Туулган жерде өтүп барат,
Өмүрүм да оймо-чийме.
Төлөнбек ОЖУРАЕВ,
Кичи-Кемин айылы


Кийинки жылды
азыртан ойлойлу
Кымбат көмүр, жабыркаган жаратылыш
Өткөн жылы 18-декабрда Нарын райондук администрациясы Миң-Булак айыл округундагы аз камсыз болгон, жалгыз бой, өтө муктаж 50 үй-бүлөгө көмүр беребиз деп тизмесин алышты эле. Жыл жаңырып жаздын экинчи айы башталды. Элге убада кылынган көмүрдөн дайын жок. Же ал көмүрдү райондук акимчиликтегилер "ап" эткизип коюшканбы, белгисиз. Учурда Нарында эртели-кеч суук. Өкмөт башчыбыз альтернативдүү отун деп тергеген тезегибиз эбак жагылып бүткөн. Күзүндө тоннасын 4-4,5 миң сомдон сатып келишет. Орточо пенсиябыз болсо үч жарым миң сом. А орток керектөөбүз болсо 8-9 миң сом. Тонналап көмүр алууга алыбыз жетпейт. Мүшөктөп алган көмүр үнөмсүз болот экен. Деги Нарында качан көмүр базасы уюшулуп, өзүбүздөн чыккан көмүрдү арзаныраак ала алабыз?
Миң-Булак айылы Нарын дарыясынын куймасы болгон Он-Арча суусунун жээгинде жайгашкан. Мөмөсүн алабыз деп эл чычырканактарды талкалап жатат. Кайың, тал-теректер кыйылып жок болгону калды. Нарын райондук жаратылышты коргоо мекемеси деген барбы деги? Алар эмне иш кылып жатышканы белгисиз.
Асмат ЖУМАКАДЫРОВ, Нарын району, Миң-Булак айыл округу