№15, 12.04.13. • "Агым" гезити, кыргызча...
Чеченстанга учкан "жин"
Батукаевге путевка да берсеңер болмок

Күч блогун тейлеген вице-премьер-министр Шамил Атаханов кримлөгүнүн мөөнөтүнөн мурда бошотуларын билгенин, бирок бул тууралуу өкмөт башчыга "маанилүү эместигинен" билдирбегенин айтат. Буга удаа эле президент муну билген-билбегенин айта албай ийин куушуруп туру. Башкы прокурор Аида Салянова болсо Батукаев киши өлтүрүү айыбы боюнча акталганын жар салды. Анын айтымында, аны бошотууда бир да орган мыйзам бузбаптыр. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Эрлан Сапарбаев А.Батукаев паспортту мыйзам чегинде, 17 суткадан кийин колуна алган дейт. Кримлөк учуп кеткен "Манас" эл аралык аэропортунун президенти Абдималик Бусурманкулов болсо А.Батукаевди кармаганга эч кандай көрсөтмө болбогонун айтса, Чек ара кызматынын жетекчиси Токон Мамытов ал учкан учакты токтотууга эч негиз жогун жобурайт. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчиси Зарылбек Рысалиев да "мыйзамдагы ууру" мыпмыйзамдуу эле бошотулганын бурк этти. Кыскасы, баары шуруга тизгендей тапа-так экен.
(3-беттен окугула)