05.04.13 Согушу жок эле соолуп бараткан өлкөдө
Соттор жемкорлорду актаганды качан токтотот?

Кыргызстанды коррупция гана мите курттай соруп жатканын президент Атамбаевден баштап, бешиктеги балага чейин жакшы билишет. Бирок ушу кезге чейин ага каршы күрөшүүнүн натыйжалуу жолун таппай келдик. Анткен менен Башкы прокуратуранын 2012-жылдагы жемкорлук боюнча козгогон кылмыш иштеринин саны 2011-жылга карата дээрлик эки эсе өсүп, өчүп бараткан үмүттү жандыргандай эле болду. Бирок шагыраган цифра, пайыздык салыштыруулар менен сүйүнүүгө али эрте. Анткени сот органдары тергелип бүткөн 101 иш боюнча 4 эле адамды абакка кескен. Буга далил катары көптөгөн аткаминерлердин "өлгөнү жатканы" шылтоолонуп эркиндикте шапар тээп жүргөнүн айтсак болот. Биз бул макалада коррупция темасын, өзгөчө паракорлук, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды делген чиновниктерге карата козголгон кылмыш иштерине сереп салып көрдүк.

Жемкорлордун жемсөөсүндөгү
1 миллиард...
КР укук коргоо органдары тарабынан 2012-жылы жалпысынан коррупцияга байланышкан 1180 кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш иштеринин 964ү (2011-жылы 512) прокуратура органдары тарабынан козголгон. Ал эми Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (ЭККМК) 89, ИИМ 82 жана УКМК 45 кылмыштын бетин ачкан. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча аталган кылмыштардын зыянынын көлөмү 1 миллиарддан ашык сомду түзгөн. Келтирилген зыяндардын 70 пайызга жакыны прокуратура органдары тарабынан аныкталган. Козголгон кылмыш иштеринин көбү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, ишенип берилген мамлекеттик мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу, мыйзамсыз жер берүү жана паракорлук беренелерине байланыштуу. Прокуратура органдары тарабынан козголгон 964 кылмыш ишинин 462си сотко жөнөтүлгөн. Алардын тергелип жатканы 135, ар кандай себептерден улам өндүрүштөн кыскарганы 120, токтотулганы 68, бир өндүрүшкө бириктирилгени 42 жана башка органдарга жөнөтүлгөнү 137ни түзөт. Башкы прокуратуранын борбордук аппараты 193 жана Жалал-Абад облустук прокуратурасы 186 коррупциялык иштин бетин ачып, алгылыктуу иштери менен өзгөчөлөнүшкөн. Жемкорлукка байланышкан кылмыштар айыл өкмөттөрүнөн 253, мэрия, акимияттардан 121, ИИМден 69, билим берүү тармагынан 73, мамлекеттик каттоо кызматынан 49, саламаттык сактоодон 46, салык кызматынан 40, транспорт, байланыш тармагынан 26, соттордон 15 жана прокуратура органдарынан 11 кылмыш иши козголгон.

Бардыгын сот чечет, а ошол соттор кандай чечип жатышат?
Коррупцияга байланышкан фактылар боюнча так маалымат алуу үчүн Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Темирбек Бекмамат уулун кепке тарттык. "Биз коррупцияга каршы 29 берене боюнча иш алып барып жатабыз. Ошонун ичинен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча (304-берене) 532 иш козголду. Бул жалпы козголгон кылмыштардын 55 пайызын түзөт. Ал эми паракорлук боюнча 97 кылмыш иши козголгон, бул жалпы козголгон иштин 10%ын түзөт" деди.
Жемкорлук кылган адамдарга карата жаза берүү үчүн соттор бардык эле убакта мыйзамда каралган чараларды колдонушпаганын баса белгилеп кетиш керек. Прокуратура тарабынан толук тергелип сотко жөнөтүлгөн 101 ишке сот төмөнкүдөй чечимдерди чыгарган. Эркинен ажыратуу 4, шарттуу түрдө кесүү 56, айып пул салуу 14 жана мунапыс берүү 27. Мындан тышкары 122 иш же болбосо каралган иштердин 55 пайызга жакыны ар түрдүү негиздер боюнча токтотулган. Жалпысынан 10 адам акталган, калгандары соттун кароосунда.
Айрым чиновниктердин кылмыш жоопкерчилигинен оңой-олтоң кутулуп жатышынын төркүнүн сураганыбызда башкармалыктын башчысы: "Мурда кызматтык кылмыштарга мунапыс берилчү эмес. 2011-жылы Жогорку Кеңеш мунапыс берүү боюнча мыйзам кабыл алган. Ошол мыйзамга таянып көбү жазадан бошотулуп жатат. Алар толугу менен акталбаса да жазаны абактарда өтөшпөйт. Алар кылмыш жасады, бирок жазалоого негиз жок деген негизде акталышат. Бул жерде айрым мыйзамдар толук иштелбегендигин көрсөтөт. Мыйзамдагы гумандуулукка байланыштуу көбү альтернативалык негизде жазаланып жатат. Эми соттор жазанын кайсы түрүн колдонууну өздөрү чечишет. Эгер прокурор соттун чечимине макул болбосо жогорку инстанцияга сунуш менен кайрылууга укуктуу" деген жообун узатты. Азыр коррупцияга каршы ИИМ, УКМК, ЭККМК жана прокуратура күрөш жүргүзүп жатат. Буга чейин координация кылган атайын орган жок болсо, быйыл аталган органдарды координациялоо Башкы прокуратурага берилди.

Жансооганы мандаттан сурагандар же кылмышы менен оорусу чогуу козголгондор
Жемкорлордун көч башында качкын президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев турат. Аны Биринчи май райондук соту үй мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга сыртынан соттоду. Максим Бакиевге мамлекетке жалпысынан 260 млн. долларга жакын чыгым алып келген деген кине коюлду. Райондук сот Бакиевди жемкорлук жана башка бир катар беренелер боюнча күнөөлүү деп тапты. Министр, депутат сыяктуу аткаминерлерге карата кылмыш иштери козголгону менен соттолгону саналуу гана. Убагында ЖК депутаттары Исхак Пирматовго, Садыр Жапаровго да кылмыш иштери козголмок. Тилекке каршы депутат депутаттын көзүн чукубайт болуп парламент аларды кол тийбестик укугунан ажыратууга макулдук берген эмес. Башкы прокуратура эл өкүлдөрүнө кылмыш ишин козгош үчүн парламент алардын кол тийбестик укугунан ажыратууга макулдугун бериши керек. Башкы прокуратура депутаттар оор кылмыш жасаганда гана суроо-сопкуту жок кылмыш ишин козгой алат. Демек мандатына жамынгандарды оор кылмыш кылганга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн эмес. Ал эми прокуратура депутаттарга карата далилдер жетиштүү болгондо гана кол тийбестик укугун алууга кайрыларын айтып, парламент көп учурда прокурорлордун шагын сындырып жатканын жашырышпайт. Убагында мурдагы Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетовго жана анын орунбасары Алмасбек Иманалиевге да кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголгону менен "ак көңүл" соттор аларды үй камагына чыгарган. Азыркы кезде Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурдагы башчысы Учкунбек Ташбаевге карата козголгон кылмыш ишин УКМК тергеп жатат. Уулуу көмүрдүн чыры боюнча мурдагы Энергетика министри Аскарбек Шадиевге жана бир катар тийиштиги бар жетекчилерге козголгон кылмыш иши сотко өткөнү менен сот аларды актап чыккан. ЖК депутаты, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге жана Бишкек мэриясынын бир катар кызматкерлерине карата Кытайдан келген автобустарды сатып алууда 200 млн. сомду кымырып алганы боюнча ачылган кылмыш иши тергелип, сотко өткөрүлгөн. Ал ортодо УКМКнын тергөө абагынын башчысы Мирбек Муканбетов жана абактын ички медициналык кызматынын жетекчиси Нияз Алдашев Түлеевди тергөө абагында дарылоо үчүн 50 миң доллар талап кылганы ачыкка чыгып, экөө тең ишинен четтетилди. Ушундан улам мурдагы Бишкек мэри кургак ачкачылык жарыялап кыр көрсөтө койду эле, эми минтип республикалык ооруканада дарыланып жатканын эч ким тана албайт. Азыркы убакта ЖК депутаттары Нурлан Сулаймановго Транспорт министри болуп тургандагы "иштери" боюнча, Элмурат Обдуновго Ош мамлекеттик университетинде башкы бухгалтер болуп иштеп тургандагы жемкорлук кылгандыгы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Нурлан Сулайманов прокуратуранын "жаңылыгын" укканда жүрөгүнө зак кеткенби, айтор Германияда операция кылдырып жүргөнү айтылууда. Оорунун бетин ары кылсын деңизчи, бирок оору деле керектүү жерде чиновниктер үчүн ишке жарап кетет тура...

Райондук сот "ак" десе, шаардык сот "кара" деди. Жогорку сот эмне дейт болду экен?
7-мартта мурдагы Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду Бишкек шаардык соту үй-мүлкүн толугу менен конфискациялап 5 жылга, анын жардамчысы Тахир Мырзахмедовду 3 жылга эркинен ажыратты. Эске салсак, былтыр Сабировго жана анын жардамчысына чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүүдө 10 миң доллар пара алган деген айып тагылган. Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөш башкармалыгынын башчысы Темирбек Бекмамат уулу Бишкек шаардык сотунун чечиминде эч кандай саясый боек жок экенин айтып, соттун өкүмүн калыс деп баалады. "Тергөөдө, сотто адамдардын да көрсөтмөсү эске алынат жана далил катары эсептелет. Сабировдун жардамчысы райондук сотто туура эмес көрсөтмө берген. Ал эми шаардык сотто көрсөтмөсүн өзгөртүп, болгонун болгондой айтып берген" деди. Кыстырма иретинде айта кетсек, ушул эле министрликтин мурдагы орунбасары Гүлнара Дербишова бала асырап алчу чет өлкөлүктөрдөн 7 миң доллар пара алды деп кармалган эле. Көп өтпөй "боорукер соттор" Дербишованын 6 баласы жана майып күйөөсү бар экенин эске алып үй камагына чыгарган.
Биз жогоруда жемкорлук боюнча айыпталган белгилүү аткаминерлердин гана иштерин тизмектедик. Ал эми майда-барат жетекчилерге кудайдын куттуу күнү козголуп жаткан кылмыш иштерин жазсак гезит бети түтпөй кетет. УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматтын директору Бектен Сыдыгалиев коррупцияга каршы күрөш тиешелүү органдар тарабынан жүрүп жатканын, бирок сот органдары айыпталуучуларды үй камагына чыгарып же келтирилген чыгымдардын ордун толтурганга сүйүнүп эркиндикке бошотуп жатканына кейийт. Анын айтымында жемкордун орду түрмө болуш керек. Бул сөздү Атамбаев да жакшы көрөт. Жемкорлук менен күрөшүүдөгү абал кудум эле күндө туусам күндө жок, күндө жылан жеп кетет дегендей. Биз жогоруда расмий органдар тарабынан берилген цифраларды коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканын, кептин баары сот органдарында экенин тастыкташ үчүн бердик.



Мындан ары
эмне кылыш керек?

1. Каржы маселелеринде адам факторун азайтуу. Дегеним параны акчага муктаждар гана талап кылат дегенге болбойт. Анткени адам баласы бардык учурда пендечиликке барат. Болгон сайын болсо экен дейт. Мисалы миллиондогон байлыгы бар Түлеевге эмне жетпейт? Ал 200 млн. сомго зарыл эмес эле да. Бул жерде ким болбосун акчаны көргөнда кекиртек кызарарын, май кармаган киши сөзсүз бармагын жалай тургандыгын унутпашыбыз керек. Ошондуктан каржы маселелерине адам факторун аралаштырбай, колдон келишинче автоматташтырылган системага өтүшүбүз кажет. Бул өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы аркылуу тастыкталган.

2. Кечиктирилгис сот реформасы. Кыргызстанда сот реформасы деп оозеки какшаганыбыз менен иш жүзүндө эч нерсе жок. Соттор адилетсиз чечимин чыгарганы чыгарган. Прокуратура кылмыш ишин козгогону менен сот коррупционерлерди суудан кургак чыгармайды ийгиликтүү улантууда. Анда коррупционерлер менен күрөшүүнүн зарылдыгы канча? Кыргызстанда райондордон тарта Жогорку сотко чейин 450дөй эле сот иштейт. Биринчи кезекте булардын айлыгын жакшылап көтөрүп, керек болсо ар бир судьянын ишине ай сайын ачык мониторинг жүргүзүлүп турса, сол чөнтөккө чечим чыгарган соттор кескин азаймак.

3. Адамдын психологиясы. Ар бир чоң кызматка турган адамдын мойнунда пара алсаң кесилесиң же укум-тукумуң токонаалатка калат дегендей домоктун кылычы күнүгө турушу керек. Анүчүн адамды кызматка коюу жана алуунун коомго ачык, түшүнүктүү эрежелери болсо жемкорлук азаяр беле...

Уланбек ЭГИЗБАЕВ