05.04.13 Атанын кызы
ЖоКе депутаты
Ширин АЙТМАТОВА:
"Азыр парламент президенттин айтканын угуп калган"
Дүйнөгө эң таанымал болгон кыргыз, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова саясатка аралашканда элдин баары жөн эле койсо болмок дешкен эле. Акыркы кезде өзү коалициянын курамындагы партиядан депутат болсо да бийликке сын айтып, калыс ойлорун билдирип жатканы эл арасында кайра жакшы пикирлерди жарата баштады. Саясатка көнүшүп бараткан Ширин Чыңгызовнага бир нече суроо менен кайрылдык.


- Көп учурда коалицияны да, "Ата мекенди" да сындап жатасыз? Эмнеге "Ата мекенден" депутат болдуңуз?
- 2010-жылкы Ош окуясында биз гумжардам чогултуп Ошко барганбыз. Бир журналист менден интервью алган эле. Ошону окуп калгандар мени партияга аброй кошот деген ойдо чакырышса керек. Ачыгын айтсам, Чыңгыз Айтматовдун кызы болгон үчүн депутат болдум десем болот. Алгач мени "Ата мекенге" Жоомарт Сапарбаев менен Равшан Жээнбеков чакырышкан. Кийин мен чакыргам деп Болот Шер айтып калды. Кимиси биринчи сунуш кылганын билбейм.
- Саясатка аралашканыңызга өкүнгөн жоксузбу?
- Эми депутат болгонума өкүнбөйм. Бирок жеке өзүмдө, парламентте, өлкөдө чоң ийгилик жок болгондуктан, жакшы жыйынтык чыкпай жаткандыктан өкүнүү пайда болбой койбойт экен. Өкүнгөнүм "Ата мекендин" коалицияга кирип калганы. Бул партияга бийлик тарапта болгон жарашпайт экен. Оппозиция болуш үчүн жаралган партиядай сезилет. Бийлик кимди болбосун өзгөртүп жиберерин байкап отурам.
- Сиз партияга каршы пикир айтып чыкканда партиялаштарыңыз сизге кандай мамиле кылышат, лидерлер эмне дейт?
- Эчтеке деп айтышпайт. Мен көбүнчө алар айткан пикир менен өзүмдүн пикиримдин ортосун чындык катары кабыл алам. "Ата мекен" азыр Текебаевдин жеке партиясы эмес. Бул элдик партия болуп калган. "Ата мекенде" башка партияга салыштырмалуу эркиндик көбүрөөк. Депутат деген өз оюн айта билген, элдин таламын талашкан адам болуш керек. Лидерине эле баш ийип отурган 120 депутаттын эмне кереги бар. Салык төлөгөн эл аларды "баары жакшы, баары сонун" деп отура берсин деп багып жаткан жок да. Шайлоочулардын ишеничин акташыбыз керек.
- Парламенттин ишмердигине кандай баа бересиз?
- Келдибеков спикер болуп турган учурда Жогорку Кеңеш менен баары эсептешчү. Жогорку Кеңештин аброю, сүрү бар эле. Депутаттардын салмагы азыркыдан оор болчу. Президенттин жана анын аппаратынын кийлигишүүсү менен парламентти да сындырышты. Азыр парламент президенттин айтканын угуп калган. Мурда президент да парламент менен эсептешип турчу эле. Ал кезде биздин тишибиз бар болчу десем туура болот.
Ошентсе да мени кубандырганы жаш депутаттардын активдүүлүгү. Мисалы, Данияр Тербишалиев президенттин партиясында туруп алып мэр Иса Өмүркуловду сынга алып жатканы бул анын кыйындыгын айтып турат. Болбосо, шаар башчысы анын жакын досу экенин баары эле билет. Мен мындан үч жыл мурун бала бакчага берилчү сүттүн ар бир литринен мэрия 8 сомдон жеп жатыптыр деп президентке кайрылсам, ал мага "Ширин, мен азыр жумушка келе жатсам көчөлөрдүн баары таза экен, Өмүркулов жакшы мэр, сен ушак жаратып жатасың" деди. Үч жылдан кийин мен козгогон фактылар прессага чыга баштады. Президент мени уккусу келген жок. Ортобузда ошентип карама-каршылык пайда болду. Мен ошондо бул киши менен иштешүү мүмкүн эмес экенин түшүнүп чыккам. Экөөбүздүн мүнөзүбүз төп келбедиби айтор, Атамбаев мага сен менин жаш кезимди эстетип жатасың деп өзү да жаш кезинде мендей болгонун айтып узатып койду.
Албетте президент болуш кыйын. Анүстүнө адамдардын өлүмүнөн кийин өлкө башчысы болуу андан да чоң жоопкерчиликти жаратат. Отунбаева менен Атамбаевдин ортосундагы айырма дароо байкалат экен. Отунбаева саанчылар менен, китепканачылар менен жолугуп эл барбаган жерлерге барып, күн сайын теледен иштеп жатканын көрүп жүрсөк, азыркы президенттин эмне кылып жатканы байкалбайт. Учурда болуп жаткан окуялардын баары анын жакшы башкарып жатканынан кабар бербейт. Мисалы 7-апрель боюнча сот, Ташиев, Жапаров, Мамытовдун соту буга далил. Сот системасы азыркы бийликтин жүзүн көрсөтүп турат.
- Ташиевдердин сотундагы чечимди кандай кабыл алдыңыз?
- Мен мындан да жаман нерсени күтүп жаткам. Чынын айтканда бул ээнбаштык деген айыпты башында эле коюш керек эле. Эми соттолду деген күнөө менен буларды депутаттыктан алыстатып, саясый карьерасына чекит койгону албетте кайгылуу. Өзгөчө Жапаров жок жерден ушул статья менен айыпталып калды. Анткени Ташиев жана анын жан жөкөрлөрү темир тосмодон ашып жатканда Садыр Жапаров Ак үйдө жүргөн. Мен сырттагы ызы-чууну сүрөткө тартып жатканда аны менен сүйлөшкөнмүн. Муну депутат Наталья Никитенко тастыктап бере алат. Андыктан ал тосмодон ашпаса, ошол учурда Ак үйдүн ичинде жүрсө, митинг учурунда эч кандай тартип бузбаса, эмнеге ээнбаштык кылды деген айып такканын түшүнө албай турам. Кылбаган нерсени кылды деп күнөөлөсө бир чети күлкүң келет экен. Бул чечим менен бийлик өзүн андан бешбетер жек көрсөтүп алды.
Ташиевдин жаманбы, жакшыбы өзүнүн аз эмес электораты бар. Азыркы учурда аны колдогон да, колдобогон да шайлоочулар бийликтин мындай кадамына нааразы болуп турушат. Түндүк-түштүк деп бөлгөн болбойт. Бирок учурда түштүктүн чөнтөк саясатчыларын жанына жыйып алган бийликти түштүктүктөрдүн 90 пайызы жаман көрүп турат. Ташиевди саясый курмандык болду деп айта албайм. Бир убакта Кулов деле соттолду деген атка конуп, кийин акталып алган. Бул бийлик кетсе кийинки бийлик Ташиевди деле актап коюшу мүмкүн.
- Президент бул саясатчылардан корктубу?
- Атамбаев өзүнө каршы чыкчу саясатчылардын баарын жыкты. Биринчи соккуну спикер болуп турганда Келдибеков кабыл алды. Анткени ал президенттик шайлоодо Атамбаевге жакын болуп кеткен эле. Ишенимине кирип туруп жайлады. Андан кийин бир команда болуп жүргөн Бабанов алданды. Ташиевдердин жардамы менен президент аны да чоң саясаттан четтетти. А Ташиев өзүнөн-өзү эле жамбашка түшүп берди. XVIII кылымда Франциядагы саясат азыркы биздикине окшош болгон. Интригалар көп болуп, король атаандаштарын башка саясатчылардын колу менен алсызданткан.
- Мародерчулук боюнча эмне айта аласыз?
- Мен кимдин күнөөлүү экенин так билбейм. Текебаевден башкасы болушу мүмкүн. Бирок Текебаев буга аралашканына ишенбейм.
- Бир убакта сиздин атаңызды өлкө башчылыгына сунушташкан эле. Эгерде Чыңгыз Төрөкулович президент болсо кандай болмок эле?
- Ой, атам аябай жумшак киши эле. Ал бирөө менен конфликтке барганды жаман көрчү. Анын жумшактыгын пайдаланып көп саясатчылар өзүнүн саясатын жүргүзүшмөк. Президент болбогону жакшы эле болуптур.
- Депутат болгондун эмнеси жакты?
- Мен чоң саясатка аралашкандан көрө элдин майда-барат маселелерин чечкенди жакшы көрөм. Эч болбосо бирөөнүн жумушу бүтүп кубанып калат. Керек болсо социалдык тармактарда отурганда да жардам бергенге аракет кылам. Мисалы кечээ бирөө биз жашаган көп кабаттуу үйдө сойкукана ачылып, такыр тынчтык болбой, балдарыбыздан уялып араң жашап жатабыз деп жазыптыр. Участкалык милиционерлер буга көз жумуп койгондуктан, мага кайрылышкан экен, бул маселени чечүүгө көмөк көрсөттүм. Эл менен иштеген жагы көбүрөөк жакты.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ





Эсил кайран СССР
Эл керегине жараган "Славян" базары

Каракол шаарында ар жекшемби сайын "Славян" базары иштейт. Базарда совет мезгилинен калган үй тиричилигине керектүү буюмдар сатылат. Базар Каракол шаарынын чыга бериш жагында жайгашкан. Сатуучулардын көпчүлүгү орус улутундагы чоң ата, чоң апалар. Базарда таарларын жайып, оокаттарын сатып олтурган Зоя Андреева менен баарлаштым. Ал базардын неге "Славян" деп аталып калганын айтып берди.
"Бул жерге ар кайсы айылдардан орустар бир жумада бир жолу келип кереги жок оокаттарын сатышат. Илгери бул буюмдарды дүкөндөрдө сатчу. Азыр ошол пайдалангандан калган буюмдарды бул жерге алып келип арзан эле пулдайбыз. Совет мезгилинен калган оокаттардын сапаты жакшы болгондуктан өтүмү да жакшы, кардарлар да кудайга шүгүр. Өзгөчө темир-тезектерге суроо-талап күч" дейт Зоя апа.
Зоя Андреева жолдошунун темир-тезектерин чыгарып, сапаттуу деп айткан баасынан түшпөй соода кылып олтурду. Чынында базарга киргенде совет дооруна түшкөндөй болосуң. Себеби ал жерде совет доорундагы колдонулган же такыр колдонулбаган жаңы буюмдарды көрүүгө болот. "Бул жерден керектүү нерсенин баарын тапса болот. Канткен менен совет мезгилиндеги буюмдарды кытайдын буюмдары менен салыштырууга болбойт. Дүкөнгө караганда бул жерде баары арзан" дейт базарга келген кардар Турат Танаев.
Базар "Славян" деп аталганы менен соода кылган кыргыздар да жок эмес. Алардын айрымдары кымыз, айран, жарма, бозо сатышса, кээ бири орустар сыяктуу эле эски үй буюмдарын саткандар. "Бул жердеги оокаттар совет доорунан калган буюмдар. Ал кезде баары арзан болчу. Азыр айла жок ошолорду четинен сатып оокат кылып жатабыз. Азык-түлүк кымбат, балдар иш жоктугунан ар кай жакка тарап кеткен. Кезинде өтө баалуу болгон китептерди 20-30 сомдон сатабыз. Тапкан пайдабыз күнүнө 200 сом" дейт алардын бири Жумакан Керимова.
Базардагы соодагерлер жумасына бир жолу ушинтип түшкө чейин иштеп, түштөн кийин баарын жыйнаштырып кийинки жекшембиге чейин тарап кетишет.
Алтынкыз КӨЛБАЕВА, Каракол шаары