05.04.13 Топ чапкычтар өлкөсү
Жаны тынбаган федерация
Акыркы мезгилде турнир артынан турнир уюштуруп волейбол федерациясы аябай катуу иштей баштады. Биринчи жолу Кыргызстанда кум үстүндөгү волейбол боюнча биринчилик уюштурулуп жатканын айтпай эле коелу, башкасын санап берсек деле жетишет.
Ардагерлердин майрамы
Өткөн жекшемби күнү СССРдин спорт чебери Эркин Акуновдун урматына багышталган ардагерлер арасында турнир жыйынтыкталды. Бул мелдеш №71 мектептин спорт залында өттү. 45 жаштан жогорку спортчулар арасындагы жарышка өлкө боюнча 13 команда чогулган. Алар эки топко бөлүнүп күч сынашты.
"А" тобунда: "Спартак" (Бишкек), Жалал-Абад, Талас, Нарын, Балыкчы, "Достук" (Бишкек), Ноокат.
"В" тобунда: "Намыс" (Бишкек), Токмок, Аксы, "Айдоочулар союзу", Өзгөн жана Алай командалары болушту.
Топтук беттештердин жыйынтыгында жарым финалга "Спартак", Жалал-Абад, "Намыс" жана Токмок командалары чыгышты. "Спартак" Токмокту 2:0 эсебинде утуп финалга чыкса, ушундай эле кадам менен "Намыс" Жалал-Абадды жаткырды. 3-орун үчүн болгон беттеште Токмок Жалал-Абад командасын - 2:1 эсебинде чечүүчү сетте утуп кетти. Ал эми финалда былтыркы сценарий кайталанып "Спартак" командасы азыркы "Намыс" мурунку "Ардагер" командасын 2:0 эсебинде утуп, ардагерлер арасында өтүп жаткан быйылкы жылдын эсебиндеги алгачкы турнирдин жеңүүчүсү болушту.

Эл адамдары топ чабышат
Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясы спорттун волейбол түрүн коомчулукка жайылтуу жана элди сергек жашоого үндөө максатында депутаттардан, шоу-бизнес өкүлдөрүнөн, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринен жана федерациянын жетекчилигинен түзүлгөн 4 команда ортосунда турнир уюштуруп жатат. Бул иш-чара учурда жүрүп жаткан волейбол боюнча Кыргызстандын биринчилигинин акыркы күнүндө, тагыраак айтканда, бүгүн, 5-апрелде Кожомкул атындагы спорт ордосунун залында саат 14:00дө башталат. Жогорку Кеңеш командасында депутаттардын намысын Алтынбек Сулайманов, Улукбек Кочкоров, Нурбек Алимбеков, Бакыт Калмаматов, Акылбек Эшимов, Ахматбек Келдибеков жана башка эл өкүлдөрү коргошот.
Бек Борбиев баш болгон шоу-бизнес өкүлдөрүнө Бактияр Токторов, Алтынбек Алымов, Рустам Сагыналиев, Чыңгыз Мырзаев, Сема, Арсен, Аскат Мусабеков сыяктуу ырчылар киришкен.
Массалык маалымат каражаттарынын "Медиа" командасында "Азаттыктан" Жанар Акаев менен Али Токтакунов, "Кыргызтудейден" Сыягүл Караман, УТРКдан Мирлан Самыйкожо, "Асман пресстин" редактору Керим Айдаров, "Жаңы Агымдан" Кудрет Тайчабаров, "Мекен инфодон" Дайырбек Орунбеков жана башкалар ойношот.
Ал эми Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев өзүнүн орунбасарлары Жеңиш Кызалаков, Абдыганы Калыков, Константин Камбаров, Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучулары Андрей Анкудинов, Абдухамид Айсаходжиев жана башкаларды алып чыгат. Мелдеш эки жарым финал, 3-орун үчүн жана чемпиондукка ат салышуу менен бир күндө жыйынтыкталат. Көрүүчүлөр үчүн эшик ачык.
Улуттук лига укмуш кызыды
Кыргызстандагы эң күчтүү лига аталган Улуттук лиганын экинчи турунда оюндар катуу темпте өтүп жатат. Алгачкы күнү эле биринчи турда утулуп калган эки команда атаандаштарынан өчүн алышты. "ВВ МВД+К" командасы "Динамо МВДны" 3:0 эсебинде уктатса, биринчи турда бажычылардан утулган өлкө чемпиону "Салам-Алик" кайра "Ош-Бажысынан" бул турда жообун берди. 2-турдун эсебинен "Салам-Алик" дагы бир реваншка жетишти. Алар буга чейин Ысык-Көлдүн "Жаңы-Муун" командасына утулуп калышкан эле, бул ирет 3:0 эсебинде былк эттирбей утушту. Ошентсе да учурда көлдүктөр лидерликти бербей келе жатышат. "Салам-Аликке" чемпион болуш үчүн мындан ары бир да оюн уттурбай, 3-турда Ошто болчу оюнда "Жаңы-Муунду" дагы бир жолу утушу керек. Ал эми оюнчулардын жекелик көрсөткүчү боюнча биринчи үчилтикте "Ош-Бажынын" чабуулчусу Мурат Исаков, "Жаңы-Муундан" Оңол Каныбек уулу жана "Салам-Аликтин" капитаны Талгат Чалмашбеков баратышат. 7 оюндан кийин командалар төмөндөгүдөй упай топтошту:

Жогорку лига Жалал-Абадда
Бишкекте өтүп жаткан Улуттук лиганын кызыгы бүтөрү менен 8-апрелде Жалал-Абад шаарында Жогорку лиганын 2-туру старт алат. 7 команданын волейболчулары беш күн бою бири-бири менен былчылдашат. Учурда 1-турдун жыйынтыгы менен алдыда 11 упайдан топтошуп Нарындын "Теңир-Тоо" командасы менен Жалал-Абаддын "Жаштык" командасы келе жатат. "Чаткал" менен "Дархан" лидерлерге бирден гана упай жетпей баратышса, "Жаш Күч" - 8, "Алай Датка" - 7, "Кара-Суу" - 5 упай менен калышкан. 8-апрелдеги алгачкы күнү төмөнкү командалар беттешет:
11:00 "Теңир-Тоо" - "Кара-Суу-Бажы"
12:30. "Жаш-Күч" - "Жаштык"
14:00. "Чаткал" - "Алай-Датка"
15:30. "Теңир-Тоо" - "Дархан"