05.04.13 Салижан аганын сабактарынан
"От" дегенден ооз күйбөйт

(Уландысы. Башы
өткөн санда)
***
"Кыргыз балдарына бүгүнкү информация эне тилинде жеткирилсин!" деген талап кыргыз тилине күйөрмандык кылуунун күн тартибинен түшпөс урааны, көзөмөлдөн тайдырылбас магистраль багыты болууга тийиш. Ушул маселенин чечилиш жолунда, тактап айтканда, мүлдө адамзат иштеп чыккан илим-билимдин эң керектүү маалыматтарын жаш муундар үчүн кыргызчалоо процессинде эне тилибиз өргө чаап өнүгүүгө аргасыз болот. Дагы кайталайлы: ар кандай тилдин илим-билим байлыктарын жүктөнгөн жазма-басма вариантын бабырап сүйлөө, иштебеген мыйзамдар алуу, боздоп жер сабоо, обу жок уу-дуу чыгаруу, желбаш сөздөр, сапырылган жыйындар өткөрүү менен эмес, илим-билим ташыган тексттерди жан-тен чымыркантып, жаратмандык эргүүгө тартылып, акыл азабын жеп жазуу менен гана өстүрүү мүмкүн.
***
Көбүбүз айкын аңдай албай келаткан армандуу чоо-жайыбыз ушул: өзүбүз Борбордук Азиядагы эң аз сандуу калк экенбиз, тоо-таштуу туюк ата-журтубуз нефть, газ, металл, жыгач сыяктуу кымбат баа табият байлыктарына жана берекелүү түзөң мейкиндерге жарды экен. Алла Таала бизге цивилизациялашкан эл бийлөөчүлөрү, чиновниктери, милисалары бар колу-коңшуларды да ыраа көрбөптүр. Мындай кысталаң жагдайда биздин укум-тукумдар колун да, башын да тындырбай иштетип, ата-бабаларынын теңирден тетири үрп-адаттарын чанып, адамзат авангардынын илимий, техникалык, технологиялык табылгаларын дурус өздөштүрсө гана азыркыдай жакырчылык ичинде чайналбай күн көрө баштайт. "Аппак кызга кара кыз багы менен теңелет" дегендей, болочок муундарыбыз чыныгы билимдүүлүгү, өнөрчүлүгү, акылдуулугу, чыйрактыгы менен гана Борбор Азияда кайрадан калыптана баштаган орто кылымдык шарттарда муңбай жашап кетиши мүмкүн.
Эгер адамды жаңы информация булактары гана эстүү кылары эске алынса, анда англисче же орусча окууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок кыргыз балдарына дүйнөлүк илим-билимдин акылга азык болор дөөлөттөрүн эне тили аркылуу жеткирүү зарылчылыгы биздин мамлекеттин, атпай эл-журттун, өзгөчө интеллигенциянын биринчи пландагы максаты, парызы, карызы катары жар салынууга тийиш.
***
Илим негизинен алп элдердин тилдеринде өнүп-өөрчүйт эмеспи. Аз сандуу элдерден азыркы илим дүйнөсүнө кирем деп чыккан киши ошол улуу тилдердин биринин этегин кармоого аргасыз болот. Тагдырдын амири экен, кыргыздарга чын эле улуу орус тили тийип калыптыр. Ошондуктан кыргыз тили, кыргыз адабияты, кыргыз тарыхы, айрым илимдерди мектепте окутуу методикасы боюнча диссертациялардын жарым-жартылайы кыргызча жазылганы болбосо, калган илимдерге тиешелүү илимий иштер бизде бүт бойдон орусча жазылып келген, жазылып да жатат.
Ырас, кандидат, доктор болгон кыргыздардын басымдуу көпчүлүгү үчүн диссертациялар жазуу илимий чындык издеп табуу багытында кетип, ой азабын, сөз азабын тарттырган, акыл-эсти чымыркандырып жаналакетке салган чыныгы жаратмандык жумуш эмес, жөн гана орусча илим казынасындагы даяр идея, методология, стиль калыптарын колдон келишинче өздөштүрүү, механикалык түрдө белимчилөө далбасасы бойдон кала берген. Экинчиден, биздикилер үчүн диссертация жазуу орус илимине деле, кыргыз коомуна деле пайдасы бары күмөндүү, интеллектуалдык эрмекке, илимий даража-наамдарга жетип, айлык көбөйтүү, аздыр-көптүр кадыр-барк табуу амалына айланган деп да айта алабыз. Мындай абалдын дагы эле сакталып жатканын да көрүп турабыз.
Арийне, кыргыз коому эне тилинин кадыресе жазма тил, таалим-тарбия тили, илим, саясат, укук тили болушуна аябай муктаж. Муну бизге өзүбүздөн башка эч ким жасап бербейт. Андыктан ар бир билимдүү кыргыз, айрыкча илимпоз кыргыз, орус же англис тили аркылуу дүйнөлүк илимден өздөштүргөндөрүн кыргызча кагаз бетине төгүп, элине сунууга милдеттүү. Бизде илимдин өнүгүшү башынан эле дал ушул багытка салынууга тийиш эле. Эгер совет доорунда дүйнөлүк илим-билимдин уюткусун сузуп, каймагын калпып алып, талаптагыдай кыргызча жазып бергендерге илимий даража-наамдар берилип отурса, эмдигиче көп илим кадыресе кыргызчаланып калмак эле, жазма тилибиз алда канча өсүп-өнмөк эле, улуттун жомоктук аң-сезимден суурулуп чыгышына омоктуу өбөлгөлөр жаратылмак эле.
***
Илим менен иришип жүргөн ар бир кыргыз айкын түшүнүшү керек: орус коому менен кыргыз коомунун арасында оркойгон сапаттык айырма бар. Орус илимпоздору биздикинен алда канча алдыга озуп кеткен, орус коому муктаж болуп турган турмуштук маселелерди иликтеп чечүү менен алектенет. Ал эми биздин окумуштуулар төмөнкү цивилизациялык деңгээлдеги кыргыз коому акактап чаңкап, зарыгып сурап турган практикалык проблемаларды чечүүнүн, асыресе кыргыз тилин илим-билимге каныктыруунун ордуна орус илимпоздорун белимчилеп туурап, сокур ээрчип, изилденсе орус тил илимине жарашчу темаларды иликтөөгө тамтаңдап далбас урат да, орус илимине да, кыргыз коомуна да пайдасы тийбеген диссертация, монография, макалаларды орточо же андан төмөн сапатта бүтүрүп жүрүшөт. Демек, алардын жасаган жумушу түпкүлүгүндө кысыр жумуш. Ошондуктан биздеги илимий иштерди кыргыз коомуна кызмат кыла турган өнүмдүү жолго буруу зарылчылыгы бар.
Ушуга байланыштуу бир эле мисал келтирели. Жалпыга маалым го, психология илиминин эчтемеси азырынча кыргызчалана элек. Бишкектеги орусча китептер саткан дүкөндөргө кирсеңер, психология проблемалары жөнүндөгү ондогон наамдагы илимий жана илимий-популярдуу чыгармалар тизилип турганын көрөсүңөр. Булар ушу темага арналып Россияда жарык көргөн китептердин жүздөн бири гана болсо керек. А кыргызча психология илимине тиешелүү бир да китеп жок азыр! Ушу кейиштүү улуттук өксүк "тил күйөрмандарынын" капарына да келбейт. Эгер психология илиминин терминдерин ойдогудай иштеп чыгып, окуучулар же студенттер үчүн окуулугун жазганга илимдин кандидаты даражасын, ошол эле киши андан ары илгерилеп, психология илиминин жаралыш жана өнүгүш тарыхы, ал илимдин багыттары жана корифейлери тууралуу баяндаган китептер жазып берсе, психология терминдеринин энциклопедиялык сөздүгүн жаратып койсо, ага илимдин доктору даражасын, профессор наамын жалтаңдабай эле ыйгарууга, илимдер академиясынын мүчөлүгүнө өткөрүүгө болот, себеби ал эргул бүтүндөй бир илимдин маалыматтарын кыргыз элине тартуулап атпайбы!
Ушундай жол менен гана илимдин көп тармактарын кыргызча сүйлөтүп, кыргыз жазма-басма речин калыптандыруу ишин илгерилете алышыбыз мүмкүн.
***
Элге күйүмдүү окумал кыргыздар түшүнүүгө тийиш: кыргыз тили өзү жөнүндөгү мыйзамга, тили буруу журтташтарыбыз тарабынан үйрөнүлүүгө, сөзсүз эле иш кагаздарында колдонулууга жутап турган жери жок. Ал биринчи иретте дүйнөлүк илим-билимдин пайдубалы, таянычтары, кабыргалары, устундары сыяктуу маалыматтары менен каныгууга муктаж. Ошентсе гана эне тилибиз жазма-басма тил сыягында калыптана баштайт. Улуттук жазма тилдин дурусурак илим-билим тилине айланышы гана орус же англис тилин эне тили кылып албаган кыргыз балдарын чала моңол сабаттуу, карапайым аң-сезимдүү, патриархалдык психологиялуу бойдон "Манас" дастанын кучактап кала берүүдөн куткарат.
***
Ырас, билимдүүлөрдүн жалпы саны жагынан адамзаттын алдыңкы катарындабыз. Үч миллиондой кыргыз элинин бештен бирдейи (болжолдо жарым миллиондон ашуун) жогорку билимдүү. Атайын орто билимдүү кыргыздар да 250-300 миңдей болсо керек. Сыртынан карагандарга чын эле билимдүү элдей көрүнөбүз. Анан ушунча билимдүү кыргыз боло туруп, өздөрүнүн да, өз элинин да кедейликтен кутулушуна, эркин экономика майданына киришине, демократия нормаларынын коомдо тамырлашына көмөкчү, арка-бел боло албай атпайбы. Жакшы жашаганга жардам бербеген билимдин баштарда уялап жүргөнүнөн кандай ийги, кимге кереги бар, билим деп атанууга кандай акысы бар? Бай Батыш дүйнөсү: "Силер жер жүзүндөгү эң кедей элдердин бирисиңер" деп жыл сайын көзүбүзгө сайып көрсөтүүдө. Биз болсо: "Жок, кедей эмеспиз, кедей эл ар жылы дүңгүрөтүп аш-той өткөрчү беле?!" деп арданып, чамгарактап терс сүйлөбөйбүз. "Ооба, кедейбиз" деп шылкыйып моюнга алып, артынан: "Келе, карызга акча бер!" деп кол сунабыз. Бай Батыш дүйнөсү: "Билимиңер жок үчүн кедейсиңер, анткени билимдүү эл эч качан жакыр жашабайт" деп бетке чабарлык кылбайт, бирок ошентип ойлоп турат.
Ошентсе да биз кедей экенибизди ырастап, билимсиз экенибизди ырастагыбыз келбейт. Шек жок, өзүбүз жөнүндө жалган элестер, феодалдык түшүнүктөр, патриархалдык мифтер менен жүрө берсек, жакын арада эле жалпы улуттук кырсыкка учурабай койбойбуз. Андыктан башыбызды катырып ойлонгонго, өзүбүзгө өзүбүз сын көз менен караганга, бүткүл улутка орток проблемаларды айра тааныганга, алардын ичинен биринчи иретте мектептен жана ЖОЖдон чала билимдүү, орусча айтканда, функционально неграмотный жаштар койдой чубатылып чыгып атканын таамай көрүп, моюнга алганга мажбурбуз. "Өнүмдүү ички саясат сөздүн чынын сүйлөгөндөн башталат" дейт Батыш дүйнөсүнүн философиясы. Биз да, эгер азыркы бечара ал-жайыбызда кала бергибиз келбесе, өзүбүзгө тиешелүү ачуу чындыкты моюнга алып, жаш муундарга таалим-тарбия берүү системасынын түпкү улуттук мүдөөлөргө жооп бербегенин чынчылдык менен тастыкташыбыз керек. Ошентсек, кыргыз мектептеринде окутуу ишин жакшыртуу маселеси коомдун алдына көлдөлөңүнөн коюлат да, биздеги билим берүүнүн драмалуу абалда калышынын себептери иликтене баштайт. Натыйжада эне тилинде илим-билим булактары какшып турганы үчүн кыргыз балдары мектептен примитивдүү билим менен чыгып атканы калдайып көрүнөт.
Демек, эл агартуу жаатындагы өтө кейиштүү акыбалдын оңолушуна багытталган чаралар табуу зарылчылыгын өткүр туюнган, айкын түшүнгөн, жан-дили менен колдогон кишилер улуттук интеллигенция арасынан кур дегенде 100-150 чамалуу чыкпаса, анда кыргыз элинин келечегинен түңүлө берсе болот.

Даярдаган
Аскер САКЫБАЕВА