05.04.13 Самарбек Болотбеков,
жеке турак-жай курулуш департаментинин (ЖТЖКД) жетекчиси:
"Жер маселесинде көз боемочулуктар өтө көп"

- Самарбек мырза, редакцияга жерибизди мыйзамдаштыралы деп барсак Бишкек башкы архитектурасы, мэрия, ЖТЖКД, Мамлекеттик каттоо кызматы бири-бирине түртө салып жатышат деген дооматтар менен жаңы конуш тургундары келишүүдө. Буга эмне себеп?
- Азыр Бишкек шаарында мыйзамсыз там салып жашап жаткандар өтө эле көп. Муну биз жана мэрия экиге бөлүп чечип жатабыз. Биринчиси, 1999-жылга чейинки салынган үйлөрдү шаардык кеңеш бекитип берген мыйзамдуу жобонун негизинде мыйзамдаштырып келатабыз. Ал үчүн жаран тийиштүү документтерди алып келиши керек. Ал документтерге 1999-жылга чейинки алынган үй китепчеси, электр энергиясына, сууга, жер салыгына болгон төлөмдөрдүн квитанциялары кирет. Анткени үйдү 1995-жылы салгам деген оозеки сөз далил болуп бере албайт. Балким жаңы конуш тургуну эки-үч жыл мурун сала калып эле мен 1995-жылы салгам деши мүмкүн. Экинчиси, 1999-жылдан кийинки салынган үйлөрдү мыйзамдаштыруу. Өзүңүздөр билгендей 2000-2005-жылдары массалык жер басып алуулар көп болгон. Чынында ал жерлер шаардын жери. Азыр базар экономикасы болуп жаткан соң мэрия ар бир мүлкүнөн киреше алып, чыгашаларын жабышы керек. Ошол максатта атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, ал былтыр жер басып алгандар жерге компенсация төлөшү керек деген чечим чыгарып, аны шаардык кеңешке сунуштаган. Бирок буга жаңы конуш тургундарынын жашоочулары нааразы болгондугуна байланыштуу шаардык кеңеш сессиясынан бул маселе алынып ташталган. Азыркыга чейин бул маселе чечилбей турат. Муну биз кайра толуктап шаардык кеңешке киргизгени турабыз. Ал кандай чечет азыр белгисиз. Негизи мыйзам боюнча жер маселесин жергиликтүү бийлик өзү каалагандай чечиши керек.
- Азыр көпчүлүк жаңы конуш тургундарынын колдорунда акимиаттын жер берилди деген чечимдери турат. Ошондой чечимдердин көбүн мэрия жасалма деп жокко чыгарып жатат. Анда бир кезде иштеген райондук администрация башчылары да жасалма же мыйзамсыз иштеген болобу?
- Бир кездеги бирөөлөрдүн мыйзамсыз иштерине биз жооп бере албайбыз. Сиз айткандай андай акимиат токтомунун көчүрмөлөрү көп кишиде бар. Бирок акимиатта андай токтомдун түп нускалары жок болуп жатпайбы. Бирөөлөр аларга токтом көчүрмөлөрүн жасалма жасап берип коюшкан же аким кезинде берилбечү жерди мыйзамсыз берип коюп, кийин токтом оригиналдарын жок кылган. Ачыгын айтканда, азыр акимиат мөөрлөрүн жасалма жасаган фактылар көп. Анын айрымдарынын бети ачылса, айрымдарынын бети ачылбай калып жатат. Кыскасын айтканда, Бишкек шаарынын жерин башка эле бирөөлөр сатып ийген. Участок ээлери жерди биз сатып алганбыз деп жатышат. Алар бирөөлөргө кызылдай эле акчасын берген. Жер сатып алгандарды биз күнөөлөй албайбыз. Анткени алар ким жер берсе ошого акчасын төлөгөн. А ортодо акчага туйтунушкандар эми компенсация төлөөгө каршы чыгышып, элди уюштуруп мэрияга каршы тукуруп жатышат. Анткени мэрия компенсация талап кылса, эл эртең ошол жер саткандарды коколойт. Ушундай фактылар боюнча биз тийиштүү органдарга кат жолдогонбуз.
- Азыр көп адамдар жердин документин кантип бүтүрөрүн билбей мэрияга, Бишкек башкы архитектурасына, Мамлекеттик каттоо кызматына, ЖТЖКДга барып атышат. Кызыл китепти колго алыш үчүн деги бул органдардын кимисине кайрылган туура болот?
- Жер участогунун токтомунун түп нускасы акимиатта болсо, ал киши кызыл китепти биз аркылуу ыр-чыры жок эле алып жатат. Бирок Бишкек башкы архитектурасында да кээ бир участоктордун схемасынын түп нускасы жок. А участок ээлеринин колдорунда ал схеманын көчүрмөсү турат. Бул жагынан да көп маселелер чыгып жатат. Муну укук коргоо органдарына тапшырып, схемалардын түп нускаларын таап бергиле же жок болсо официалдуу түрдө жок деген документ алып бергиле деп жатабыз. Эгер кимдин акимиатта жер участогунун токтомунун түп нускасы жок болсо, азырынча анын участогу мыйзамдаштырылбайт. Качан шаардык кеңеш атайын жобону бекитет, ошондон кийин гана мындай участоктор мыйзамдаштырыла баштайт. Муну маала башчыларына, муниципиалдык аймактык башкаруу (МАБ) башчыларына жакшы эле түшүндүрүп айтып келатабыз. Мындан сырткары, ар бир МАБда биздин департаменттин адиси атайын графикте белгиленген күнү жарандарды кабыл алат. Кызыккандар болсо барып ошол адистерден толук малымат, кеңеш ала алат. Белгилей кетчү нерсе шаардык бюджеттен акча каралбагандыктан Бишкек башкы архитектурасы схеманы бекер чийип бербейт. Бирок азырынча шаардык кеңеште жерди мыйзамдаштыруу боюнча атайын жобо бекитилбегенине байланыштуу биз да кайрылгандарга тигил жакка же бул жакка баргыла деп айта албай турабыз.
Мелис СОВЕТ уулу


Тургунбек БЕКБОЛОТОВ,
акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Тур, кыргыз!
Тур, мингин атка, кыргыз,
Тизилгин сапка, кыргыз.
Туйлатып тулпарыңды,
Тизгинди тартпа, кыргыз!

Добулбас каккын, кыргыз,
Дайрадай аккын, кыргыз.
Дүйнө уксун дүбүртүңдү,
Дүңгүрөп чапкын, кыргыз.

Каныңды ойнот, кыргыз,
Калкыңды ойгот, кыргыз.
Качанга жүрө берет,
Капарсыз тойлоп, кыргыз?

Не ойлоп жатыр, кыргыз,
Неликтен жакыр, кыргыз?
Наалыбай кечке дейре,
Намысты чакыр, кыргыз.

Турмушуң кыйын, кыргыз,
Тур эми, кийин, кыргыз.
Төбөңдө түндүгүң бар,
Тагдырга сүйүн, кыргыз.
Түйүлгөн муштум болуп,
Түзөлсүн түбүң, кыргыз.
Тур өйдө, бүгүн, кыргыз!
19-март, 2013-жыл





"Ата-Бейит", жаз жана жашоо
Азыр алар сары жалбырак үзүлгөн…

Өлбөгөн жанга жаз келгени качан. Бирок жаздын жылуулугун, сулуулугун, гүлдөгөн өрүктөрүн, төккөн жамгырларын сезбей, көрбөй "Ата-Бейитте" бейиттер томсоруп турат. Жүрөктү дүрт эткизген жөн гана дөмпөйгөн бир топурактар. Сүйлөсөң да, ыйласаң да эч үндөшпөйт. Эмне деген кыраандар жатат. Эмне деген баатырлар жатат. Кыргызстандын өзүнчө көз карандысыз мамлекет тарыхын баштаган мекенчил аталарыбыз Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов ж.б. аталардын, эли-жери үчүн канкор падышанын огуна учкан 87 баатырдын сөөгү жатат. Албетте, бул улуу инсандардын сөөгү жаткан жер Кыргыз эли үчүн ыйык жай.
Бейиш менен тозогу, бешик менен табыты жанашкан тополоң турмушубузга "Ата-Бейиттеги" аталарыбыз, баатырларыбыз да көз салып турушкандыр. Мына ушул аталардын, баатырлардын арбагына багыштап куран окуп, элесин эстеп, башыбызды ийип таазим кылып туруу баарыбыздын парзыбыз. "Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт" дейт. Анын сыңарындай, кечээ эле ушул 87 баатырдын каны менен бийликке келген бийлик төбөлдөрү креслолорун ары-бери тарткылап байлык, бийлик менен гана алектенип, ал кандуу күндүн баасын дале билбей келишет. Шейит кеткен балдар, жалпы кыргыз эли Кыргызстандын жаркын келечегин күттү эле. Эми эмне болот? Бычакка сап болоор, элим деген курч чыгаандар качан чыгат? Эмне дейбиз, элдин тилеги орундалып мамлекетибиз гүлдөп өссө жаз, жакшы жашоо уланат. Баатырлар ушундай бейпил жаз үчүн, жакшы жашоо үчүн жан беришкен. А өздөрүчү?
Алар эми батып кеткен
күн болду,
Алар эми жымжырт
жансыз түн болду.
Алар эми сары
жалбырак үзүлгөн,
Алар эми эч түгөнбөс
муң болду.
Алар быйыл эгиндерин
эгишпейт,
Алар эми бизге эч качан
келишпейт.
Элестерде тирүүдөй
жүрүшсө да,
Уул-кыздары чоңойгонун
көрүшпөйт.
Жамиля Нурманбетова