29.03.13 Сотко жасалган кысым,
жарым-жартылай максатына жеткен ыңкылап жана төңкөрүштөн кабар берген талап

1. 24-мартта Жалал-Абадда өткөн курултайда сегиз пункттан турган чечим кабыл алынды. Анда эки ыңкылап тең максатына жетпегендиги, кайрадан президенттик-авторитардык башкарууга өтүп баратканыбыз айтылат. Мындай кине коюуга негиз барбы?

2. "Ата журтчу" Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров менен Талант Мамытов, коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев, Б.Исаев, К.Камчыбеков жана З.Кадырбаевди сот тарабынан толук акталсын" деген чечим бешинчи пунктта жазылган. Сот өкүмү чыга электе минтип талап коюу сот бийлигине кысым көрсөтүүгө жатпайбы?

3. "Эгерде элдик курултайдын чечимдери бийлик тарабынан аткарылбаса, анда жер-жерлерде элдик бийлик орнотулсун" талабы эмнеден кабар берет?


Болот ЖАНУЗАКОВ, коомдук ишмер:
1. Мындай кине коюуга эч кандай негиз жок. Азыркы күндө өлкөбүз жаңыдан тынчтанып келатат. Анан ошондой тынчтыкка бараткан кырдаалды бузууга аракеттенип, ойду-тоону сүйлөп, колунан эч нерсе келбегендер бийлик талаша баштады. Биздин азыркы деңгээлибиз плинтустан да ылдый түшүп, подвалга жайгашып калды. Минтип ыркырашып-чыркырашып отура бербей, өзүбүздүн ыйык мекенибизди, мамлекетибизди өзүбүз оңдошубуз керек.
2. Бул сот бийлигине дагы, мамлекеттик бийликке дагы, мыйзамдуулукка дагы коюп жаткан жосунсуз талап. Сотторго ушундайча басым жасоо бүткүл дүйнө жүзүндө болгон эмес. Ушундай талапты койгонго кантип болсун? Бардык маселени мыйзамдын гана чегинде жасашыбыз керек. Аларды бошотуу же жоопкерчиликке тартуу чечимин сот өзү кабыл алат. Анан 500 же 5000 адам чогулуп алып сотторго кысым көрсөтө берсе, анда бизге соттордун кереги не? Бул сотторду басмырлоо болуп саналат. Митинг, курултай өткөрүү - ар бир адамдын укугу. Ага барып өзүңдүн пикириңди айт. Бирок ошол укукту ашыкча колдонуп, бийликке, сотторго кысым көрсөтүүгө болбойт. Бул азыркы күндө ызы-чуу кылып жүргөн саясатчы сөрөйлөрдүн тапкан акылы. Ушинтип бийлик талашып жүрүп, акыркы сегиз жылда кандай акыбалга келдик. Эми эсибиз барда этекти жаап, акылыбызга келишибиз керек го.
3. Негизи бир нерсени алдын ала эле айтып, "мындай болот, тигиндей болот" дей берүү серепчиликке дагы, саясатчылыкка дагы жатпайт. Айрым саясатчылар ооздорун жаба албагандан кийин сүйлөй беришсин. Алар ооздоруна келгенди оттоп жатышат. Бүткүл дүйнөдө митингдер, демонстрациялар болуп келет. Бирок мына ушундай талаптарды койгондорун укпаптырмын.

Рашид ТАГАЕВ,
экс-депутат:
1. Бийлик башына келген адамдардын өткөндөн сабак албаганы абдан өкүндүрөт… Ошол курултайда Акаев, Бакиев заманындагы чиновниктер дагы деле иштеп жатканы, бийлик алардан тез арада арылышы керектиги белгилениптир. Мен буга кошулбайт элем. Сенин кайсы бийликтин тушунда эмес, элиңе кандай кызмат өтөгөнүң баарынан маанилүү болушу керек.
2. Абакта жаткан депутаттар эмоцияга алдырып, бейбаштык кылышты. Бул жерде куралдуу төңкөрүшкө жасалган аракет жок. Алардын маселесинин создуктурулушу кырдаалды гана курчутат.
3. Мындай талаптар коюла берет. Бирок Кыргызстаныбызда төңкөрүш, революция болбойт, мындан ары тынчтыкта жашайбыз.

Алмазбек БААТЫРБЕКОВ, ЖК депутаты, "Республика" фракциясы:
1. Биринчиден, ыңкылап максатына жетиш үчүн убакыт керек. Экинчиден, президенттик-авторитардык режим орноду деген пикирден алыс болушубуз абзел. Бийлик бутактарында бир партиянын өкүлдөрү көбүрөөк отурганынан улам ушундай ойлор айтылып жаткандыр. Бирок парламентте беш партия саясат жүргүзүп жатканын да унутпаганыбыз оң.
2. Кандайдыр бир деңгээлде сот бийлигине жасалган кысым катары бааласак болот. Ал эми сотторго басым көрсөткөнгө эч кимдин акысы жок. Сот мыйзам чегинде адилеттүү чечим чыгарышы талапка ылайык.
3. Кыргызстанда мыйзамдуу бийлик бар. А бийлик ансыз деле элге таандык.

Эркинбек АЛЫМБЕКОВ, ЖК депутаты,
"Ата мекен" фракциясы:
1. 2005-жылдагы март ыңкыла-бы өзүн актабады дегенге кошулам. Курманбек Бакиев коррупциялык, үй-бүлөлүк бийликке кошул-ташыл кылып криминалдык режимди түптөдү. Натыйжада 2010-жылдын 7-апрелинде мекенинен куулду. Ошол эле Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибековдор майлуу кызматтарды аркалап, Бакиевдин режимин орнотууга салым кошушкан.
Бийликтин алмашканына үч жылга аяк басты. Кыргызстан жаңы системага - парламенттик башкарууга өттү. Албетте, кемчиликтер бар. Бирок "көч бара-бара түзөлөт" дегендей, бул система акырындап калыптанат. Мындай кырдаалда авторитардык режим орношуна бөгөт коюлат. Кыскасы, айрым саясатчылар курултайларды уюштуруп, бийликке сес көрсөтүп, эптеп эле папке алгылары келип жатат.
2. Ооба, бул сот бийлигине көрсөтүлгөн кысым.
3. Ушул суроону курултайдын уюштуруучуларына узатыш керек экен. Алар деги элдик бийликти кантип түшүнөрү кызык. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары кеңейгенин билесиздер. Айыл өкмөт башчыларын, акимдерди эл тарабынан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттары дайындашат. Анан кайсы элдик бийлик тууралуу сөз жүрүп жатканына чынын айтсам түшүнбөдүм.

Жалил САПАРОВ,
эркин журналист:
1. Эки ыңкылаптын максаты орундалбады дегени туура. Эл ыңкылаптан жакшы турмушту, адилеттикти күткөн. Кана ошол адилеттик? Элдин жашоосу кай жеринен жеңилдеди? Кайсы аймак жыргап кетти? Башканы кой, ошол адилеттикти таап бере албагандан кийин ыңкылаптан садага кетпейби. Үч жылдан бери жалаң гана бакиевчилерди жамандайбыз, башка кеп жок. Муну курултайда эл айтты, кошулбаска айла жок.
2. Сотко эле эмес, бийликке да коомдук кысым таасир этип жатат. "Ар кимдин өз акыйкаты бар, ар бир акыйкаттын өз наркы бар" деп коюшат. Бул кишилерди жактагандардын да өз акыйкаты бар. Бийлик, айрыкча сот бийлиги муну ушунча айлап чуулдатпастан, дароо тергеп, чечим кабыл алып койгондо, иш ушуга жетпейт эле. Бийлик бир ишти бүтүрө албай чайналып, өзү да, башкаларды да кыйнап жатат. Ал эми оппозиция бардык мүчүлүштүктөрдөн, бардык катачылыктардан пайдаланат, ал табигый нерсе. Эгер митинг-пикеттер демократияда табигый болсо, анда бул коомдук таасир көрсөтүү да табигый нерсе. Мындан трагедия издебеш керек.
3. Мен муну жакшы билбейт экем, уюштуруучулар билсе керек. 2005-жылы март айында бардык аймактарда элдик координациялык кеңештер түзүлгөн. Алар эл башкарып калган, бийликтер жөн гана имитация менен алек болуп калышкан. Эми да ошондой болушу ыктымал. Эгер ушундай кеңештер түзүлсө, жалпы элдик баш ийбестик жарыяланса, анда бийликтегилер эч нерсе жасай албай калышат. Махатма Ганди, Мартин Лютер Кинг элди кандай башкарса, булар да ошентиши мүмкүн. Бирок ошондой лидер барбы? Ал башка нерсе. Мен минтип айтар элем: оппозиция ызы-чуу салбаса да, көп өтпөй эл өзү көчөгө чыга турган убакыт жакындап келатат. Ушул жагын ойлош керек.

Улугбек КОЧКОРОВ,
ЖК депутаты,
"Ата журт" фракциясы:
1. Авторитардык система орнотулбаса да бир ууч партиялардын бийлиги түптөлүүдө. Биз өз милдетин так аткара албаган бийлик кетсин деп сунуш киргизсек, андан пайда чыкпайт. Бүгүн бийликке болгон нааразычылык бар.
2. "Абакта жаткан депутаттардын иши адилет тергелип, сот калыс чечим чыгарсын" дешсе туура болмок экен. Жеке менин пикиримде, депутаттарга тагылган айып жөнсүз, алар акталышы абзел.
3. Муну ошондой резолюция кабыл алган кишилерден сурасаңар, мен анын себебин билбейм.

Айжан САТЫБАЛДИЕВА, "Республика" партиясынын жаштар канатынын лидери:
1. Чындыгында бул суроолорго курултайга катышкан адамдар жооп берсе туура болмок экен. Менимче ушундай жыйындарда элдин кызыкчылыгы, көйгөйү козголгону жакшы. Себеби биз өнүкпөй эле артка кетип баратабыз. Ошентсе да ар кимибиз жалпы элге жамынып сүйлөбөй, өз милдетибизди так аткарсак...
2. Адам кылмыш кылдыбы, мыйзам чегинде жооп берсин. Эң негизгиси сот адилет чечим кабыл алсын. Бийликтин же башка тараптын куралына айланып, өкүм чыгарбасын.
3. Азыркы бийлик жалпы элдин кыжырын келтирүүдө. Сырткы күчтөр ушул абалдан пайдаланып кетпесин. Бийлик алмашсын дейли, анын ордуна дагы бир билерман келет. Бирок өнүгүп-өсөөрүбүзгө кепилдик жок. Анан келечек муунга кантип жооп беребиз?

Тилек ЖАНЫКЕЕВ, жарандык коомдун өкүлү:
1. Эки ыңкылаптын максаттары, мүдөөлөрү аткарылбай калды дегенге жарым- жартылай кошулам. Анткени элдин үмүт-тилеги азырынча аткарыла элек. Ал эми мыйзам боюнча президенттик-авторитардык эмес, парламенттик башкаруу системасында күн кечирип жатабыз. Президенттин авторитардык режимди орнотушуна эл да, парламент да жол бербейт.
2. Бул сот бийлигине көрсөтүлгөн кысым. Бул өтө жаман жышаана. Биз мыйзам чегинде жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Курултайларды өткөрүп, "паланча чыксын, түкүнчө сот тарабынан акталсын" деп шарт кое берсек келечегибиз болбойт.
3. Эл тарабынан шайланган президент, ЖК депутаттары иштеп жатат. Ошого карабастан элдик бийлик орнотобуз дегендери - мыйзамга каршы жасалган аракет. Бул биз бийликти тоготпойбуз, өзүнчө бийлик орнотобуз дегенди туюндурат. Ушинтип кете берсек мамлекеттүүлүгүбүзгө доо кетери шексиз.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ