№13, 29.03.13. • "Агым" гезити, кыргызча...
Кимисине ишенебиз?

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаарына атайын иш сапар менен барып, адегенде митингге чыккан эл менен жолугушту.
Алгачкы сөзүн Садыр Жапаровдон баштаган ажо жакында аталган депутаттын айыптоолору боюнча Башкы прокуратурада сурак бергенин ортого салды. "Садыр Жапаров мени Centerra Gold Inc. компаниясынан 30 млн. сом уурдаган, 4 млрд. долларлык алтын запасы бар Иштамберди кенин кытайлык Full Gold Mining компаниясына болгону 40 млн. долларга сатып жиберген деп айыптап келатат. Башкы прокуратурага мен көрсөтмө бердим. Жапаровдун айткандарынын баары жалган. Анын айткандарында бир да чындык жок. Бул боюнча мен жооп берүүгө даярмын" деп агынан жарылды президент.
Азырынча ким калп айтып жатканын айтыш кыйын. Бирок ажо башы менен айтып аткан соң өлкө башчысына ишене туралы. Кокус жаза тайып Башкы прокуратура башынан сасыса, чындыкка жетүү кыйын болот. Оозеки айтып жаткан экөөнө тең эл азырынча жарым-жартылай гана ишенип турат. Эми эл алдында кимиси жалган айтып жатканын көзөмөлдөөчү орган далилдеш керек.