22.03.13 Күнкөйгөй
Улут болсоң, тилиң менен улутсуң!
Акыркы мезгилде чын эле кыргыздар ойгондубу же саясый упай топтоонун аракетиби айтор, чоңдоруң деле, коомдук активисттериң деле тил маселесин козгоп калышты. Парламент канчалык колдоп берейин деп ниеттенишсе дагы, арасынан эне тилин сыйлабаган тилбезерлер каршы чыгып, кайра оңдоп- түзөтүүгө, комитеттерде кароого жиберип жатышат. Россиялык жана жергиликтүү маалымат каражаттарында бул маселени козгоп чыгышкан инсандарды жарма патриот аташып, аларды Кыргызстандын өнүгүшүнө бут тоскон адам катары көрсөтүп, карапайым калк орус тилинде эле окугулары келгенин чагылдырган макалаларды тынымсыз жазып жатышат. Чоң бурулуш жаратуучу бул маселеге токтолуп, айрым атуулдардын пикирин уктук.


Кыргыз тили дүйнөдөгү жоголуп бараткан тилдердин катарына кирген деген маалымат тарагандан бери канча жыл убакыт өтсө да жылыш эми байкалып отурат. Былтыр Урмат Аманбаева тил мыйзамына толуктоолорду киргизип, мамлекеттик тилди билбегендер мамлекеттик кызматта иштебеш керек деген демилге көтөрүп чыкканда орус тилдүү атуулдарыбыз чычалап, атүгүл "киргиз" журналисттер президент Атамбаевге бул маселеге кандай карайсыз дегенде, мен мындайга жол бербейм деп жооп берген өлкө башчысы убакыттын өтүшү менен оюн өзгөрттү. Тагыраак айтканда, Коргонуу кеңешинин отурумунда "Армандуу патриоттордун провокацияларына алдырбай, Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүшүбүз керек. Бул нааразылыкты жараткан, ызы-чуу чыгаргысы келгендер (ред.: орус тилин коргогондор) эртең биздин өлкөдөн кетип калчу адамдар. Кыргызстан алар үчүн өлкөнүн көйгөйлөрүнөн карьера жасап, болбогон шылтоо менен башка өлкөдөн атуулдук сурап качып кетүүчү жер" деп президент деле кыргыз тилин колдоорун ачык айтты. "Мен мисалы, англис жана немис тилдерин үйрөнүп жатам. Эгер адамда каалоо болсо тил үйрөнүүгө убакыт да, мүмкүнчүлүк да табат. Ал эми үйрөнгүсү келбегендер бул демилгени жамандап баштан ылдый баткак куюп жатат" деген мамлекет башчысы кыргызчаны билбеген мекендештерибизге үйрөнө бергиле деп сылык айтып койду.
Чынында эле СССР мезгилинде бул өлкөнүн курамында канча улут болсо да, титулдук улут катары орустардын тили менен жашаганбыз. Союз тарагандан кийин ар бир өлкө өз эне тилдерин сактап калышты. Арасында бир гана биз "университет читаю" деп тантырап жүрүп жашадык. Өзбекстанга барып орусча же кыргызча сүйлөп кайрылсаң официант да тейлебейт, казактын бажычылары жалаң эне тилинде сүйлөшөт, өнүккөн өлкөлөрдө ошол жердин тилин билбесең атуулдук тургай иштөөгө уруксат беришпейт. Анан эле демократия, Конституция деп ызы-чуу болуп чыгышты. Эгер юридиканы жакшы билген адам болсо дал ошол демократиянын принциби боюнча, биздин Конституциябыздын алкагында эле, биринчи кезекте көпчүлүктүн кызыкчылыгы корголуш керектиги айтылат. Болгону 7%ды түзгөн орус тилдүүлөр ызылдап чыкса жаманды коногу бийлейт болуп, өз өлкөсүндө карапайым кыргыздар кор боло беришеби? Эгер тарыхта ушинтип мамлекеттик тилди билбегендер алыс бара албай турган бурулуш жасабаса кыргыз тили чын эле унутулуп калмак.
Россия таарынат дейбиз. Россияга биз таарынышыбыз керек. СССРдин курамында жалаң орусча тарбия көргөн, Конституциясында расмий тили орус тили деп жазылган Кыргызстандын мигранттарынан орус тилинен экзамен алганы туура эмес. Бизди ошончолук жакын көрсө мындай жол менен биздин атуулдарыбызды кыйнабаш керек эле. Биздеги күчтүү кадрлар кетип калат деп кабатырланабыз. Учурда 1 миллиондон ашык эмгекке жарамдуу, урунаарга тоо таппай турган жаштарыбыз чет өлкөлөрдө. Ансыз деле кетип жатышат. Биздин эң чоң утушубуз бул кыргыз тилин сактап калуу. Келечек муундардын алдындагы жоопкерчиликти сезүү, алыскы айылдардан чыккан карапайым жаштардын тилин буубай, аларга канат жаюуга мүмкүнчүлүк берүү.




- Өкмөт иш алып баруу процессин кыргыз тилинде жүргүзө баштады. Коомдук активисттер тарабынан мамлекеттик тилди билбегендер мамлекеттик кызматтарда иштебеш керек деген талап коюлуп жатат. Буга каршы пикирлер да айтылууда.
Тил маселесине сиздин оюңуз кандай?

Азамат ТЫНАЕВ, "Азаттык" радиосунун орусча бөлүмүнүн редактору:
- Өкмөт сунуштаган талаптар туура. Бара-бара Кыргызстандын бардык чөйрөлөрүндө кыргыз тили үстөмдүк кылышы керек. Анын доминанттык абалга ээ болушу расмий кагаз чыгаруудан жана сүйлөшүүлөрдү кыргыз тилинде өткөрүүдөн башталганы да эң туура чечим. Мындай кадамдарда эч кандай чечилбеген маселе же аткарылбас шарттардын жок экенин убакыт бат эле көргөзүп коёт. Кыргыз тилинин сапаты начар же сөздөрү жетишсиз деп жүрө берсек, тилибиздин пайдалануу чөйрөсү жылдан жылга тар болуп баратпайбы. Эгер кыргыз тилине ушундай жасалма бөгөттөрдү кое берсек, тилибизди акырында жоготуп коюшубуз да мүмкүн.

Алмазбек РАИМКУЛОВ, боксчу:
- Бул демилгени абдан туура деп ойлойм. Эгемендик алганда эле коңшу өлкөлөр сыяктуу биринчи эне тилибизге жакшы көңүл бурганыбызда балким ошолордой өнүгүп кетмек белек. Кайсы жерде болбосун, өзүн сыйлаган адам гана ийгилик жарата алат. Ал эми мамлекет өзүн сыйлаш үчүн эне тилине көңүл бурушу керек. Мурунтан баштаганыбызда эмдигиче жогорку окуу жайларыбыз да кыргызчага толугу менен өтүп калышмак. Эми деле кеч эмес. Ал эми жалаң кыргызча иш алып баргандар чет жакка чыга албайт, заманбап жашоодон артта калат дегендерге кошула албайм. Мисалы, мен жашап жүргөн Америкада канчалаган кыргызча эле билим алган айылдын балдары чоң ийгиликтерди жаратып, бөтөн жерде бутуна туруп алышкан.

Урмат БАРЫКТАБАСОВ, коомдук ишмер:
- Кыргыз тилин билбеген адамдар мамлекеттик кызматта иштебеш керек деген талап эң туура. Кайсы гана өнүккөн өлкөнү албайлы бул маселе биринчи орунда турат. Бул демилгеге каршы чыккандарга көңүл буруштун деле кереги жок. Анткени демократиянын мыйзамдарында көпчүлүктүн пикири эске алынат. Бизде эч кандай укук бузуу же чектөө болбойт. Бийликке баргысы келеби, кыргыз тилин үйрөнсүн. Ал эми кыргызча үйрөнүүгө шарт түзүлгөн эмес, адабият жок дегендерге такыр кошула албайм. Ушул тапта миллиард адамды кыргыз тилине үйрөтсө болот.

Түмөнбай КОЛДОШЕВ, обончу:
- Менимче конок пейилибизди бир аз тыйып, мамлекеттик тилибизге көңүл бурганыбыз жакшы. Коңшуларыбыздын жүргүзгөн саясатын көрүп, бизде да ушундай болсо деп үмүт артып жүрчүбүз. Мына ишке ашканы калыптыр, мен колдойм, мейли башка улуттун өкүлдөрү депутат, министр болсун, бирок алар биздин кыргыз тилибизди данектей чакпаса аларды эч бир жумуш орунга көрсөтпөө керек. Кыргыз өлкөсүндө жашагандан кийин кыргыз тилин, салт-санаасын милдеттүү түрдө билүүсү шарт деген мыйзамды киргизип койсо деле макулмун.

Адилет АЙТИКЕЕВ, журналист:
- Мен кандайдыр бир тилди жогору көтөрүп же түшүрүп, анын кадырына доо кетиргим келбейт. Бирок кайсы гана мамлекет болбосун, ал жердеги мамлекеттик тил мамлекеттик мекемелерде, өкмөттүк иш кагаздарында сөзсүз түрдө аткарылышы керек. Мисалы, АКШда англисче билбеген, Францияда французча билбеген адам мамлекеттик кызматта иштөөсү мүмкүнбү? Атүгүл элестетүүгө да болбойт. Ошондой эле Орусияда орус тилин билбегендерди адам катары санабайт. Ошондуктан менин пикиримде мамлекеттик иш кагаздары толук түрдө мамлекеттик кыргыз тилине өтүшү зарыл. Ал эми мамлекеттик кызматкерлер, мамлекеттик тилди сөзсүз билиши абзел. Башка улуттар өз тилин көчөдө, үйүндө, иштен тышкаркы учурда, дем алуу убактысында колдонсо ага эч ким каршы эмес. Кааласа англис тилин үйрөнүшсүн. Азыр эл аралык аренада кытай тили да өнүгүп бара жатат, демек, кытайча үйрөнсө да аздык кылбайт, кааласа чукча тилинде сүйлөшсүн. Бирок мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү түрдө мамлекеттик тилди билүүсү абзел. Бул жагынан өкмөттүн иш аракети эч кандай норманы бузбайт. Кандайдыр бир деңгээлде тил билбеген кызматкерлерге 6 ай же 1 жыл муктаждыгына жараша убакыт берип, өкмөт өз планын ишке ашырышы зарыл.

Дайыр ОРУНБЕКОВ, "Кыргыз тили" коомунун вице-президенти:
- Азыр кыргыз тилин көтөрүүдө курулай чакырык, же биз улуу элбиз, кыйынбыз деп ураан айтып отура бербей, максаттуу аракеттерге өткөнүбүз учурдун кечиктирилгис талабы. Мисалы, кыргыз тилин интернет айдыңында жайылтуу "google" сайтындагы дүйнөлүк тилдердин катарында котормо мүмкүнчүлүгүнө кошуу аракеттерин азыр адистер менен кеңешип, жакында ишке ашырууга камданып жатабыз. Андан тышкары Жаныбек Жанызак агабыз көптөн бери айтып, таманы тешилгенче чуркап жүргөн "ү", "ң", "ө" тамгаларын системага киргизүүнү мамлекеттик деңгээлде Майкрософтко кат менен кайрылып жыйынтык чыгарууну сүйлөшүп жатабыз. Айтор, жабыла көтөргөн жүк жеңил болот. Жалгыз адам жүз күндө аткарчу жумушту биримдиктүү болсок жүз киши бир күндө орундатмакпыз. Андан тышкары эскерте кетчү жагдайлар бар. Биздин аракеттерге сырттан эмес, ошол эле бир тилекте иш алып барып жаткан топтор кызгануу менен карап, туура эмес маалымат таратып да жибергенге жетишиптир. Мен аларга айтат элем, кыргыз тилине кам көрүү саясый упай топтоо же бир кызыкчылык эмес, бул ар бирибиздин милдетибиз. Баарыбыз көтөрүп жаткан максаттарды Акмат болобу, Ташмат болобу иш жүзүнө ашырса кубанычта гана болот элем.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ