presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?
Кадыр МАЛИКОВ,
диний аалым:
"Динге берилгендер көбөйсө да коом оңолгон жок. Демек, бизде ислам жасалма"
Кыргызстанда динге берилгендердин саны көбөйгөн сайын коомдо ар кандай карама-каршылыктар орун алып келет. Бири алардын жүрүм-турумун сынга алса, экинчиси динге муюбагандарды мусулман эмессиң деп жектегенге чейин барышууда. Ушул сыяктуу ислам динине байланышкан талаштуу суроолорго жооп алуу үчүн Испания, Иордания сыяктуу бир катар чет өлкөлөрдөн билим алып келген диний аалым, "Дин, укук жана саясат" аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликовго бир нече суроо менен кайрылдык.


- Жакында ЖК депутаттары диний билим берүү боюнча мыйзамдын долбоорун талкууга алып чыгышты. Ушул мыйзам кабыл алынып калса эле динди бузуп жаткан чала молдолор сабаттуу болуп калабы? Деги эле диний билим берүүнүн зарылдыгы канчалык?
- Азыркы тапта динден тышкаркы өлкө делген, бирок калкынын көпчүлүгүн динге берилгендер түзгөн Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй Борбордук Азияда динге берилгендердин саны күн сайын өсүп баратат. Бул нормалдуу көрүнүш. Анткени СССР кулагандан кийин коммунисттик идеологиянын орду бош калып, идеологиялык, рухий вакуумга туш болдук. Мына ушул рухий боштукту толтуруу үчүн ар ким ар кай жактан азык издейт. Айрымдары улуттук баалуулуктардан, айрымдары маданияттан, айрымдары диний ишенимден табат. Динге берилгендердин саны көбөйгөн сайын сапатка да терс таасирин тийгизет. Эгер базардын тили менен сүйлөсөк, диний катмар же молдолор эл тарабынан талап кылынып жатат. Ал эми сунушталып жаткан молдолордун сапаты суроо жаратпай койбойт. Ошол айрым чала молдолордун айынан элдер ислам динин туура эмес кабыл алып жатышат.
Диний билим берүү боюнча мыйзам толуктоолорду талап кылат. Негизи мамлекет диний сабактардын ички мазмунуна кийлигишпеши керек. Бирок каржылоого кепилдик берип, динден тышкаркы сабактардын киргизилишин камсыз кылышы шарт. Диний окуу жайларга динден тышкаркы да керектүү делген предметтер да бирге окутулушу керек. Ал эми диний эмес окуу жайларда, мектептерде дүйнөлүк диндердин тарыхы деген сабак эчак эле кирсе болмок. Анткени окуучуларда диний маалымат жок болгондуктан, маалыматты интернеттен, көчөдөгү дааватчылардан алып жатышат. Башкача айтканда, дин боюнча бурмаланган маалыматтарга сугарылышат. Ата-энелердин каалоосу менен айрым мектептерде динге багытталган курстарды ачуу заман талабы. Бирок бул курстар дин башкармалыгынын көзөмөлүндө болот. Ислам сакал коюу менен чектелбейт. Ислам жандүйнөнү азыктандырып, деградациядан коргой турган күч болуш керек. Башкача айтканда, ислам биз үчүн социалдык диндин ролун ойноп, коррупция, кылмыштуулук сыяктуу жаман илдеттерге каршы күч болуп бериш керек. Динге берилгендер көбөйдү, бирок коомубуз оңолуп кеткен жок. Демек, бизде ислам жасалма. Жарандарды бирөөлөр тарабынан таңууланбаган, улуттук кызыкчылыктарды коргогон ислам менен агартышыбыз керек. Азыркы убактагы динге байланышкан карама-каршылыктардын баары диний караңгылыктан болуп жатат.
- Кыргызстандагы мусулмандардын саны ар кайсы булакта ар кандай айтылып келет. Сиздердин борбор мусулмандардын так санына кызыгып көрдү беле?
- Биринчиден, так айтуу мүмкүн эмес. Ал эми Турсунбай Бакир уулу 85% деп уйгур, өзбек, татар, түрк сыяктуу улуттук өзгөчөлүктөргө карап айтса керек. Ошол эле учурда кыргыздардын арасынан христиан динине өтүп жаткандардын да саны аз эмес экенин унутпашыбыз керек. Айрым маалыматтарда алардын саны 15 миңден 70 миңге чейин экени айтылууда. Кыргызстанда канча мусулман же канча христиан бар экенин так аныктоо азырынча мүмкүн эмес. Анткени айрым адамдар өзүн мусулман деп эсептейт, бирок мусулманчылыктын парздарын аткарбайт.
- Анда мусулман деген ким?
- Ким өзүн мусулманмын деп эсептесе, демек ал мусулман. Ал эми парздарды аткарбагандык башка маселе. Эң башкысы ал өзүн мусулманмын деп эсептесе болду да. А исламдын ичинде мусулман деп парздарды толук аткарган адам саналат. Бирок экөө тең эле мусулман деп кабыл алынат. Орой айтканда, мусулмандарды практик жана теоретик деп экиге шарттуу түрдө бөлүп койсок болот. Беш маал намаз окуп, орозо кармагандар практик мусулмандар, ал эми калгандары теоретик мусулмандар. Практик мусулмандар да өз ара Намазбек, Жумабек жана Айтбек болуп бөлүнөт. Намазбектер беш маал намаз окуйт, Жумабектер жума намазды гана окушат. Ал эми Айтбектер айт намазын гана окушат. Болжол менен Кыргызстандын жалпы калкынын 80 пайызга жакынын мусулмандар түзөт деп айтсак болот.
- Кыргызстанда Намазбектер менен катар эле намаз окубаган, бирок Кудайдын бар экенине ишенип, жаман иштерди жасабаган адамдар да аз эмес. Мына ушул адамдарды ким дейбиз анда?
- Ар бир адам акыретте Кудайдын алдында жооп берет. Шариятта эгер адамдын жүрөгүндө ыйман болуп, Кудайга ишенсе тозоктон кутулат деп айтылат. Кудайга ишенип, бирок жаман иштерди жасаган болсо да тозоктон куткарылат. Анткени ал Кудайга ишенет. Ар бир адам кыямат күнү күнөөсүнө жараша өз жазасын алат. Кимге кандай жаза берүүнү Кудай өзү чечет. Бирок сен мусулман эмессиң деп бирөөнү жектөө бул чоң күнөө, ширк болуп саналат. Кимдин мусулман, кимдин мусулман эместигин Кудай гана таразалайт. Эгер мусулман бир мусулманды каапыр деп күнөөлөп жатса ошол күнөөлөп жаткан адамдын өзү каапыр болуп калышы мүмкүн. Хадисте ушундай жазылган.
- Дааватчылар жөнүндө шариятта эмне деп айтылган? Аларга сиздин пикириңиз кандай?
- Дааватчылардын жакшы да, жаман да жактары бар. Алардын эң чоң кемчилиги сабатсыздыгында. Бул шариятты орой бузгандык. Дааватка чыга турган адам аялынын, балдарынын уруксатын алганда гана чыга алат. Эгер дааватка алыска чыга турган болсо үй-бүлөсүн толугу менен камсыз кылуу зарыл. Аялынын макулдугун алыш керек. Бирок чектелген гана убакытка. Эгер 4 айга дааватка кете турган болсо, анда аялы башка адам менен жыныстык катнашка баруу укугун пайдаланса болот. Диний сабатсыздык бир жагы, экинчи жагы дааватчылардын жаман жүрүм-туруму. Алар көп учурда пакистандык специфика менен узун кийимдерди кийинишет.
- Биздин коом аларды араб маданиятын жайылтып жатат деп күнөөлөп жатышпайбы...
- Жок, узун кийимдер пакистандыктарга таандык. Бирок арабдаштыруу, түрктөштүрүү саясаты да катуу жүрүп жатат. Мунун баары рухий дүйнөнүн боштугунан улам болууда. Азыркы учурда айрым адамдар ислам динин символикалуу түрдө тутунушат. Бизге улуттук кызыкчылыктарыбызды эске алган модернизацияланган ислам керек. Чыныгы ислам адамдарды уяттуу жерлериңерди гана жаап жүргүлө дейт. Сүннөт деп таза, тыкан, ачык эмес, денеге чапташпаган кийимди айтабыз. Эгер пайгамбарыбыз биз менен замандаш болгон болсо биз сыяктуу эле кийинмек. Тактап айтканда, костюм-шым бул сүннөт болуп эсептелет. А Пакистандын улуттук кийимин кийүүнү сүннөт деп айтуу наадандык. Бизде демократия, ким кандай кааласа ошондой кийинет. Бирөө бирөөгө муну кий же кийбе деп таңуулай албайт. Бирок коомдук адеп-ахлакты унутпашыбыз керек. Эгер кыздар кыска юбка кийип алып салт-санааны бузуп жатса уяткарышыбыз керек. Ошол эле учурда дааватчы шалбыратып кир кийим кийип алса же бутуна шалп этме сүйрөп алса этиканы бузган болот. Исламда да, этикада да тазалык талап кылынат. Бизде эң өкүнүчтүүсү атрибуттук ислам жайылып баратат. Кийими, сырткы көрүнүшү менен мусулман болгону менен ичинде эч нерсе жок, бош. Акыркы убактарда саясатчыларыбыз намаз окуу менен өздөрүн арзан пиар кылып жатышат. Намаз бул шоу эмес да, окуса өзү үчүн. Биз ошон үчүн атрибуттук, жасалма исламдан качып, ичибизди ыйманга толтуруп, жүрөгүбүздөн мусулман болушубуз керек. Мына карагыла, түштүктө эң динге берилгендер жашайт дейбиз. Бирок ызы-чуунун баары ошол жактан чыгып жатпайбы. Эгер чыныгы ислам динин тутунгандар көп болсо мындай нерселер болбойт эле. Ошол эле мурдагы муфтийдин өлүмү, муфтияттагы коррупциялык схемалар ислам дининин аброюна шек келтирип жатат. Бизге диндин авторитети керек. Ал үчүн жарандардын коомдук жоопкерчилигин көтөрүү шарт. Маселен, Россияда Отец Кириллге Путин дагы, Медведев дагы баш ийип, ыйбаа кылып турушат. Анткени алардын чиркөөсүнүн мамлекеттеги багыттоочу, улуттук идеология катары орду чоң. Алар саясатка кийлигишпейт, коомго багыт гана берет. Россияда чиркөө менен бийлик бир бүтүн болгондуктан мамлекеттин авторитети өсүп жатат. Имамдардын бири мечит менен бийлик эгиздей болуш керек деп айткан. Эгер бийликке дин аралашпаса биздегидей окуялар боло берет. Бизге ушу тапта диний лидер керек болуп жатат. Чукул кырдаалдарда бирөөнүн тилин угуп, ага ишенишибиз керек да.
- ЖК депутаты Турсунбай Бакир уулунун хиджаб кийгиле, жума күн менен жекшембини алмаштырыш керек деген сыяктуу идеяларына кандай карайсыз?
- Негизи ар бир кыймыл-аракеттин өз орду жана убактысы болот. Мен бир чети жекшемби менен жуманын алмашуусун каалайт элем. Бирок коомчулук буга даяр эмес. Анткени каржылык жана моралдык даярдык жок. Азыр бизде мындан башка толгон-токой маселебиз бар. Бул деле жанагы гимндин текстин, желектин өңүн өзгөртүш керек, болбосо өнүкпөйбүз деген эле идеяга окшош. Жума менен жекшембини алмаштырып койсок эле элдер ыймандуу болуп кетпейт да. Эми Бакир уулу Жолдошева, Карамушкина сыяктуу эле көп идеянын бирин элге айтты. Бул депутаттардын укугу. Бакир уулу ушундай идеялары менен уникалдуу да. Бирок аталган идеяларды ишке ашыруудагы кантип, качан деген суроолор жаралбай койбойт. Азырынча эрте. Убагы келгенде коом өзү талап кыла баштайт.
- Менимче мындай салыштыруунун өзү туура эместир. Ошентсе да ушул суроону бергим келди. Кыргызстанда мектептен мечиттин саны көп болуп жатышы коом үчүн кооптонуу жаратпайбы?
- Мектептерди куруу Конституция боюнча мамлекеттин милдети. А мечиттерди мамлекет курбайт. Аны чет өлкөлүк инвесторлор же ар кандай кайрымдуу адамдар курат. Мечит менен мектептердин санын салыштырбашыбыз керек. Биз негизи исламды социалдык багытка бурушубуз шарт. Ошондо гана мусулмандар бир гана мечит эмес, ар кандай башка инфраструктураларды куруп башташат. Ошол эле жолдор, көпүрөлөр жана башка. Мунун баары исламда ихсан деп коет. Тактап айтканда, соопчулук иштер. Соопчулук иш бул мечит куруу менен чектелбейт. Мектеп, көпүрө, жол, бала бакча куруу да мечит кургандай эле соопчулук иши болуп саналат. Биз мечит салгандарга кыйкырбай, ушуну Куранды ачып туруп түшүндүрүш керек. Мамлекет инвесторлорго бир гана мечит эмес комплекс курууну сунуштаса жакшы болмок. Мисалы, мечиттин жанына спорт аянтчасын, китепкана, бала бакча жана башка керектүү имараттар да сөзсүз курулушу шарт. Сөзсүз түрдө аялдарга да ибадат кыла турган жай болушу керек.

Суроо салган
Уланбек ЭГИЗБАЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??