presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Эл аралык ой-пикирдин бутасында
Биз жөнүндө башкалар эмне дешет?
2005-жылдагы март, 2010-жылдагы апрель, кандуу июнь окуясынан кийин дүйнө коомчулугунун назарына илиндик. Кыргыз-өзбек кыргынында дүйнөлүк маалымат каражаттары маалыматты бир тараптуу чагылдырып, кыргыздарды жырткычка теңегени белгилүү. Бүгүнкү күндө дагы дүйнө коомчулугу Кыргызстанга назар салып турат.


Мамлекеттик комиссиянын Кумтөр алтын кени боюнча чыгарган корутундусу Батыштагы "мен" деген маалымат каражаттарынын №1 темасына айланыптыр. Америкалык, англиялык басылмалар кыргыз өкмөтүнүн мындай кадамын сындап, муну инвесторлорго жасалган кысым катары шөкөттөгөн.
Абакта жаткан үч "ата журтчунун" (Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов) тегерегиндеги маселени кызуу талкуулап жатсак, чет элдик басылмалар бул темага анчейин көңүл бурган эмес.
"Кыргызстанда коррупция дале гүлдөп-өсүп жатат"
Кыргызстан бийлиги акыркы он жылдын ичинде Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык "Центерра" компаниясы менен келишимдерди өзгөртүүгө үчүнчү жолу чамынып турган кези. Соңку ирет бул маселени иликтеген мамлекеттик комиссия Кумтөргө байланыштуу буга чейинки келишимдер коррупциялык жол менен, салыктары жеңилдетилип жана жаратылышка олуттуу коркунуч келтирген шарттарда түзүлгөн деген тыянак чыгарган. Мунун негизинде учурда кыргыз өкмөтү "Центерра" менен түзүлгөн 2009-жылдагы келишимди өзгөртүп, компания төлөөчү 14%дык салыкты 20% пайызга чейин көтөрүүнү көздөйт. Сүйлөшүүлөргө үч айлык мөөнөт берилген.
Кыргызстан бийлиги алтын кендин айлана-чөйрөгө тийгизген кесепеттери тууралуу дагы катуу кабатырланып жатат. Бирок Кумтөрдүн тегерегиндеги талаш-талкуулар абдан эмоционалдуу маанайда, чет элдик инвесторлорду кооптондурган шартта уланууда.
Бакиев учурундагы режим алдамчылык иштерге барганы талашсыз. Бирок Кыргызстандагы коррупция азыр дагы бардык деңгээлде гүлдөп-өсүп жатат. Кумтөрдө 2600 кыргызстандык иштейт, алардын айлык эмгек акылары 1,5 миң доллардан башталат. Ошого карабастан кендин жанындагы көптөгөн айылдар андан пайда көрбөйт, аймакты өнүктүрүү фонддорунан коррупциянын айынан натыйжа чыкпай келет…
"The Economist" журналы
"Төңкөрүш тууралуу имиштер президент, анын каршылаштары үчүн да пайдалуу"
Дагы бир төңкөрүш тууралуу имиштер президент үчүн дагы, анын каршылаштары үчүн дагы пайдалуу экендигин белгилеп коюу керек. Биринчиси, мындай кырдаалды республиканын парламентин өз көзөмөлүндө кармоого пайдалана алат. Дал ушул Жогорку Кеңешти алсыратуу азыркы бийликти сындап жаткандардын кимисинин болсо да эң биринчи максаты болуш керек. Бул мекеменин кадыр-баркы республикада катастрофалык жол менен төмөндөп баратат. Эгерде аянтта жаалданган көпчүлүк чыгып кала турган болсо, парламентарийлерди бир гана президент коргой алат. Бүгүнкү кырдаалда президент жана парламент бир кайыкта сүзүп баратышат.
Мындай имиштер парламент сыртындагы оппозиция үчүн дагы пайдалуу. Элди чогултуп, келечектеги каршылык акцияларын талкуулап, бийликти алмаштырууга чындыкка окшошураак даярдыктарды көрүп, айрым активдүү жарандар учурдагы бийликтен айрым мамлекеттик кызмат орундарын ийгиликтүү тартып алуулары мүмкүн жана каржы булагына да мүмкүнчүлүк алышат.
Али баштала элек митингдерге карата парламентарийлердин кыжырданган реакциялары, башкаларын айтпаганда дагы алардын алсыздыгын жана калк арасында кеңири колдоонун жоктугун көрсөтөт. Бүгүнкү парламентарийлердин 95 пайызы бизди Кыргызстандын бардык облустарында таанышат жана сыйлашат деп сыймыктана алышпайт. Мындан сырткары, бүгүнкү парламентке депутаттардын бир бөлүгү шайлоочулардын алдындагы сиңирген эмгектери үчүн эмес, жергиликтүү элдин деңгээлинде өтө чоң суммадагы акчанын күчү менен келишкендери жашыруун эмес. Муну менен бирге айрым депутаттар акыркы кырдаалдарда өз креслолорун күч менен болсо дагы коргогонго даяр экендиктерин белгилеп коюу керек. Бул үчүн Жогорку Кеңештеги партиялардын топторду (тууган-туушкандардан жана акчага жалданган адамдардан) түзүшү мүмкүн. Алар антимитингдерди өткөрүүгө, ошондой эле каршылаштарга күч менен болсо да каршы турууга жарайт.
Кырдаалдын мындай өнүгүшү - "партиялардын күч канаттарын" колдонуусу жарандык согуштун пайда болушун жана өлкөнүн чачырап кетүү коркунучун көбөйтөт. Анткен менен, бул варианттын жүзөгө ашышы өтө ишенимдүү эмес. Ал эми жергиликтүү элита жакшы мушташ менен көшөгө артындагы сүйлөшүүлөргө үмүттөнүшөт. Өзүңдү коргоо сезими үчүн гана эмес, "улуу агалардын" Кыргызстанга тийгизген таасиринде деле өлкөнүн чачырап кетишине коңшулаш мамлекеттер Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана чоң оюнчулар Россия менен Кытай деле кызыкдар эмес.
"Независимая газета" басылмасынан
Жон КЭРРИ,
АКШ мамкатчысы:
"Америка кыргыз элинин демократияга багыт алганын сыйлайт"
- Америка кыргыз элинин муктаждыгына караганда коопсуздук маселесине көбүрөөк ыктайт деген коркунуч Кыргызстанда күчөп баратат. Биз мындай түшүнүктү жокко чыгарышыбыз керек. Ошентсе да, "Манас" аэропортундагы транзиттик борбор бардык региондогу коопсуздук үчүн абадай зарыл. Ошол эле учурда кыргыз элинин демократияга умтулганы абдан маанилүү. Биз бул багыттардан карама-каршылыктарды көргөн жокпуз, себеби, алар гүлдөгөн, эркин Кыргызстандын калыптанышы үчүн багытталган.
"EurasiaNet" басылмасына жазган макаласынан
Владимир ЖАРИХИН,
КМШ чөлкөмүндөгү мамлекеттер боюнча институттун директор орунбасары:
"Бардыгы Кыргызстандагы кырдаалдан көзкаранды"
- Кыргыз-орус мамилеси мындан ары да акырындан өнүгөт деп ойлойм. Россия менен соодалашуу аракетине карабастан, акырында бардык келишимдер жүзөгө ашат. Россия-Кыргызстан алакасынын өнүгүшүнө өлкөдөгү кырдаалдын туруксуздугу кедергисин тийгизиши ыктымал. Муну биз практика жүзүндө байкап келебиз…
(Россиялык басылмалардын бирине курган маегинен)

Даярдаган
Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Бөлүмдөрдүн ачылганы жакшы дечи
Эми тил маселесин колго алыңыз,
Мелис мырза!

Жакында борбордогу жаңы конуштарда милициянын буту жетпеген аймактарына атайын милициянын пункттары ачылды. Эскерте кетсек, "Жаңы Агым" гезитине Бишкек шаарынын ИИББнын жетекчиси Мелис Турганбаев милиция пункттарынын жетишсиздиги тууралуу, тартип сакчыларына шарт түзүп берүү үчүн болгон күч аракетин жумшап жатканын, алдыга койгон чоң пландарын айтып берген эле. Ошол жакшы пландары акырындап ишке ашып жатканына күбө болдук.
Бишкек шаарындагы Жал кичирайонунда, Ынтымак, Ак ордо жаңы конуштарында, Кызыл-Аскерде жана Ош базарында, Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин жанында милициянын атайын пункттары ачылды.
Көп кабаттуу үйлөр жайгашкан Жал кичирайонуна орнотулган милиция бөлүмүн көргөн жергиликтүү эл кубанычтарын жашыра алышпады. Себеби таламандын тал түшүндө эле эшик-терезелер аркылуу кирген уурулардын аягы тыйылбай, аны убагында кылтакка түшүрүү үчүн жакын жерде милиция жок болуп, 102ге телефон чалса тартип сакчылары келгенче эле кылмышкер изин суутуп кеткен фактылар көп болгон экен. Эми жаныбызда милиция бар, ал бизди коргойт дешет. Милиция пунктунун бирөөнүн ачылышы 380 миң сомго турду, ал эми ушул сыяктуу 40 пунктка 15,2 млн. сом сарпталат. Буга чейин Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун Калыс Ордо, Ак босого жаңы конуштарына жана Октябрь районунда Көк-Жар жаңы конушуна милициянын атайын таяныч пункттары ачылган эле.
Жаңы ачылган милиция пункттарына чогулган милиция кызматкерлери, айыл өкмөттөрү, жергиликтүү эл бир ооздон кубаттап, көпчүлүк эл жумуштан кеч кайтканда караңгыда жалгыз басуудан да чочулап калганын айтышты.
Милиция бөлүмчөлөрүн ачуунун максаты - элге өз убагында жардам берүү. Себеби мурда аймактык милицияга жолугуш үчүн шаардын бир бөлүгүнөн экинчи бөлүгүнө барышка туура келчү. Эми үйдүн жанынан эле аймакмык милиция бөлүмчөлөрүнө кирип тиешелүү маалыматтарды алса болот. Бөлүмчөлөр жаңы конуштардын, көп кабаттуу үйлөрдүн так ортолорунда жайгашты. Алар эртең менен тогуздан баштап кечки саат онго чейин жарандардан арыздарды кабыл алууну пландаштырууда. Аймактык тескөөчү ар дайым өзүнүн ордунда болот жана аларды жарандар да көрүп-билип турушат. Бул жерде тартип бузгандар үчүн чакан убактылуу кармоочу жайы да бар, жарандарды кабыл алуучу жайда жаңы эмеректер коюлган. Байланыш түйүнү жана башка жабдыктар менен камсыздалган. Андан тышкары аймактык милиция эмне иш кылып жатканы тууралуу видео көзөмөл коюу да пландаштырылып атыптыр.
Албетте, бул жагымдуу иш-чара көпчүлүктүн көңүлүн көтөрдү. Бирок буга катышкан министр, жетекчилер, тартип сакчыларынын мамлекеттик тилде эмес, расмий тилде бири-бирине отчет берип, көйгөйлөрүн түшүндүрүп жатканы кызык болду. Расмий тилде сүйлөгөн улуттун өкүлдөрүнөн эч ким жок болсо да расмий тилди билгени да, жакшы билбегени да ушул тилде иш-чараны алып барып, мамлекеттик тилди экинчи планга коюп атканын кандай түшүнсөк болот?..
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, сүрөттөр автордуку






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??