presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Тентек" депутаттардын эртеңи…
Судьяга доомат артпаган Ташиев, эл аралык уюмдарга кайрылууга ниеттенген Жапаров жана күнөөсүн мойнуна албаган Мамытов


Өткөн жылдын 3-октябрындагы окуяга байланыштуу "Ата журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов, мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 295-297-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон эле. Ал эми 14-мартта мамлекеттик айыптоочу 295-берене боюнча ("Бийликти күч менен басып алуу") Ташиев менен Жапаровду 10 жылга, Талант Мамытовду 9 жылга, Кожоналиевди 8 жылга эркинен ажыратууну суранды. Ошондой эле Ташиевдин үч жансакчысын 3-4 жылга күчөтүлгөн режимде абакка кесүү керектиги айтылган. Прокурордун өтүнүчү канчалык деңгээлде канааттандырылары 29-марттагы сот отурумунда белгилүү болот. Бирок өлкөдөгү кырдаалдын мындан аркы өнүгүшү Чыңгызхандын "шакирттеринин" тагдырынан көз каранды болорун эксперттер билдиришүүдө.
Негизи 295-берене боюнча айып коюлганда 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу талап кылынышы керек болчу. Ал эми мамлекеттик айыптоочунун 10 жыл сураганына коомчулук эле эмес, Ташиевдин өзү да таңгалып атканын жергиликтүү сайттар жазышты. Ушул талаш жагдайды териштирүү үчүн юристтерге кайрылдык. Ысымын ачык атагысы келбеген адвокат бул жерде эки чоң сыр катылып жатканын билдирди. Анын айтымында, прокурор депутаттардын мурда-кийин соттолбогонун, үй-бүлөлүк абалын эске алып ушундай өтүнүч менен кайрылышы ыктымал. "Экинчиден, - дейт ал, - жогору жактан эл өкүлдөрүн эптеп эле соттолду атыктыруу тапшырмасы түшүшү мүмкүн. Жеке менин божомолума караганда, Ташиевдерди 3-4 жылга шарттуу түрдө кесиши ыктымал. Ошону менен алар эркиндикке чыгышат. Бирок соттолгонуна байланыштуу депутаттык мандатынан ажырап, саясаттан биротоло четтетилет го деп ойлойм".
Депутаттарга кирип чыккан Акун эмне дейт?
Акыйкатчы Турсунбек Акун 18-мартта абактагы депутаттарга жолугуп келгенин аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуу маалында Т.Мамытов 2012-жылдын 25-сентябрында кесиптештери менен иш бөлмөсүндө "бийликти басып алуу" тууралуу масилет курбаганын, агезде Тажикстанда командировкада жүргөнү менен түшүндүрүптүр. Ал эми Камчыбек Кыдыршаевич ишке судьялык кылган Адыл Субанкулов сот отурумдарын мыйзам чегинде алып бараткандыктан ага дооматы жоктугун, андыктан аны 295-берене боюнча актаса, Кыргызстандагы эң адилет сот катары тарыхта жазылып каларын Турсунбек Акунга айткан экен.
Кесиптештерине салыштырмалуу Садыр мырзанын жаалы күчтүү. Эгер ал соттолуп кетчү болсо БУУ, ЕККУ сыяктуу уюмдарга, Батыш өлкөлөрүнө чейин кайрыларын Акыйкатчынын басма сөз кызматы баса белгиледи. Эң кызыгы, депутаттар президент Алмазбек Атамбаевге дооматы жоктугун, керек болсо аны менен сүйлөшүүгө даяр экендигин Т.Акун аркылуу кыйытышыптыр. Демек, алдыда ири соодалашуулар жүрөрү шексиз. Арийне, Атамбаев башынан эле соттун ишине кийлигишүүгө укугу жоктугун айтып келет. 16-мартта Жалал-Абад облусунан келген аксакалдарга да ошол эле сөзүн кайталады. "Сот процесси мыйзам чегинде гана жүрүшү талапка ылайык. Анын ишине кийлигишүүгө укугум жок. Сот адилет, калыс чечим чыгарышы абзел" дейт ал.
Эгер сүйлөшүүлөр оң жагына чечилбей, "ата журтчулар" эркинен ажыраса эмне болот? Анда алардын жактоочулары түп көтөрүлүп, мөөнөтсүз митингдерди уюштурарын Ташиевдин иниси Шайыр Ташиев агенттиктердин бирине курган маегинде төмөндөгүчө ырастаган: "29-март күнү акыркы сот болот. Ошого байланыштуу биз дагы чогулабыз. Боз үйлөр тигилет жана Камчыбек Ташиевдин айылынан да атчан жигиттер келишет".
Чыңгызхандын "шакирттеринин" тегерегиндеги талаштын кыскача мазмуну ушундай. Жаңыдан турукташып келаткан кырдаал курчуп кетпесин десек, анда сот Ак үй менен Көк үйдүн көзүн карабай, адилет өкүм чыгарышы абзел. Эл өкүлдөрүнүн тагдыры кандай чечилери 29-мартка белгиленген сот отурумунан кийин билинет…

Марс САРИЕВ, саясат таануучу:
"Кырдаал Ташиевдерге чыгарылуучу сот өкүмүнөн көз каранды"
- Эгер сот абактагы үч депутатты эркинен ажыратып койсо, ал кырдаалга кедергисин тийгизбейби?
- Сөзсүз тийгизет. Өзгөчө Ташиевдин түш-түктөгү жактоочулары көтөрүлүшү ыктымал. Бул жүрүп отуруп кырдаалдын оорлошуна алып келет. Натыйжада бийликке чоң көйгөйлөр жаралат. Албетте мындай баш оорунун бийликке кереги жок.
- Анда сот саясый чечим кабыл алабы?
- Менимче, сот "Бейбаштык" беренесинин негизинде үч "ата журтчуну" шарттуу түрдө кесип, айып пул салышы мүмкүн. Балким аларды депутаттык мандатынан ажыратышы да ыктымал…

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Абакка деле күн тиет
Чек араны бекемдөөгө салым кошкондор
Жакында №48 жаза аткаруу колониясында абакта отургандарды иш менен камсыздоо үчүн Орусиядан станоктор алынып келинген экен. Мурда абакта отурган ар бир адам сөзсүз жумуш менен камсыз болчу. Азыр абактагылардын көбү бош, эртеден кечке кыларга иш жок, үй-бүлөсүнөн качан тамак-аш келет деп күтүп отурушат. Ошондуктан бул жактагыларды жумуш менен камсыздоо керек дейт Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү.


Орусиядан атайын алынып келген жабдык тикенек зымдарды чыгарат экен. "Егоза" деп аталган тикенек зымдарды чыгарчу станокто абактагы үч адам эмгектенет. Саатына беш тонна толгонгон тикенек зымдарды чыгарган бул станокто иштөө үчүн атайын жумушчуларды даярдап, бир сыйра окутушуптур. Негизи бул жабык колонияда 48 адам мөөнөтүн өткөрүп атышыптыр. Колониянын короосунда макарон чыгарчу цех да ачылып, ал жерде да үч-төрт адам иштеп жатканына күбө болдук. Абактын короосунда бекер отурган адамдарды көрүүгө болбойт, бири эшиктин алдын шыпырып атса, экинчиси цехтин чатырын оңдоп, бири ылай чылап жатат. Эгер абакта отургандарды союз мезгилиндегидей иш менен камсыздасак, темир тор артында бекерчиликтен зеригип ар кандай жагымсыз иш-аракеттерге баргандардын саны азаят беле деген ойго жетелендим. Бул жердегилерге башкалардай эле маяна төлөнөт экен.
Абактагылар чыгарган тикенек зымдардын негизги кардары чек арачылар экен. Түштүктөгү чек арадагы 32 км жерди бир айдын ичинде тикен зым менен курчап, Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш жерлерди бекемдөө каралган. Атайын ушул маселе боюнча долбоор да түзүлүптүр.
Темир бетон устундардын бийиктиги 2 метр, 30 сантиметр. Адам боюнан бийик устундарга туташтырылган тикенек зымдардын дагы бир өзгөчөлүгү аттиш менен кесе да албайт экенсиң. Сапаты мыкты, эгер кийимдин бир жери илинип калса аны чыгарууга да мүмкүн эмес дешет. Жакында ушул тикен зым курчалган абактан бирөө качып чыгууга аракеттенип аны аттаганда шымынын багалеги илинип калыптыр. Аны акырын чыгарып алайын десе колунун жеңи, дагы кыймылдаса этеги илинип, айтор, кыймылсыз абалда калган. Эгер ушундай зымдар Кыргызстандын бардык чек араларында курчалса, өлкөбүздөгү абал биртоп эле коопсуз болор эле.
Абакка келген Турак жай жана жарандык курулуш департаментинин башкы инженери Кушбак Жайчиев буларды айтып берди:
- Негизи бул жерден чыккан тикен зымдар менен Сох анклавындагы жаңжал чыккан жерден баштап анын тегерегин тоскону жатабыз. Башка жактан эмес, КР Жаза аткаруу кызматы чыгарган тикенек зымдарды алалы деген келишим бар. Сохтун тегерегиндеги узундук 112 чакырым. Бүгүнкү күндө 112 км ошол тосулган чек аранын тилкесинин эки жарым чакырымдай жерине темир бетон устундары коюлду.
Калмурат Байтогоев, Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орунбасары полковник:
- Биздин эң негизги максатыбыз абакта жаткандарды иш менен камсыз кылуу эле. Бул биздин аткарыла турган долбоорлорубуздун биринчиси. Тикен зым чыгарып эле токтоп калбай, айыл чарба өндүрүшүн да өркүндөтөлү деген максат бар. Эл аралык уюмдардын жардамы менен жер иштетүүчү үч трактор алдык. Бул техникаларды ар кайсы жабык колонияларга бөлүп берип, жер иштетели деп турабыз. Андан тышкары пескоблок чыгарганга төрт станок алдык. Буларды да колонияларга берип ал жердегилерди иштетебиз. Брусчаткаларды чыгарууну көбөйтүү максатында калыптарды алып келдик. Аны №3 колония чыгара баштайт. Дагы бир колония кирпич чыгарып жатат. №2 колонияда жалаң аялдар жатат, аларга кийим тигүүчү цехтерди ачып, атайын биздин кызматкерлерге формаларды, шейшеп, жаздык каптарды, темир тордо мөөнөтүн өтөп отурган жалпы соттолуучуларга атайын кийимдерди тигишүүдө. Андан башка соя сүтүн да чыгарып, аны бизге тиешелүү №47, 31, 27 колониядагы ооруканалар алып атышат. Соя сүтү кадимки сүттөн эч айырмасы жок, анын курамында ошондой эле витаминдер бар. Кудай буюрса бул жагынан акырындап жылып баратабыз.


Түрмөдө түркүн буюм чыгат
ЖАМК системасында учурда №1, 2, 3, 10, 16, 47 колонияларында жаткан абактагылардын көбү иш менен камсыз болгон. Алардын бири нан чыгарса, экинчиси солдаттар жатчу эки кабаттуу керебеттерди, комплекстүү мектеп эмеректерин, парта, отургучтарды, андан тышкары сувенир, кутуча, нарда, шахмат ж.б.у.с. майда буюмдарды да жасап чыгарышат.
Мурда союз учурунда абакта отурган ар бир адам иш менен камсыз болуп, эркиндикке чыкканда оңбогондой акча алып кетишчү экен. Кээси 10-20 миң рублга чейин алып, темир тордо отуруп эле үй-бүлөсүн бакчу тура. Ал убакта эң мыкты деген "Волга" автомашинеси он миң рублга да жетчү эмес дейт көптөн бери бул системада иштеген кызматкерлер. Тилекке каршы түрмөдөн чоң сумма алып чыккандардын кээси эркиндиктен бул акчаны ичип, оюн-зоок куруп бир заматта жок кылып, кайра эле көнгөн жерине келчү дейт.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА,
сүрөттөр автордуку




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??