presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Оп, майда
Сүт блокадасы ачылат
26-марттан баштап Казакстан бизден кайрадан сүт азыктарын алып баштайт. Бул боюнча Санитардык жана ветеринардык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчи орунбасары Самат Алиев сүйүнчүлөдү. Бирок казак тарап азырынча "Бишкексүт" жана "Кантсүт" ишканаларына гана уруксат берди. Казак тарап мындай чечимди Бажы союзунун билермандары биздин сүт иштеткен 9 ишкананы текшергенден кийин чыгарды. Экспортко укук алган эки ишкана боордошторго суткасына 90 тоннага чейин сүт чыгарууну пландап жатышат. Эске салсак, Казакстан 2012-жылдын октябрында Кыргызстандын сүт азыктары санитардык-ветеринардык нормаларга жооп бербесин айтып, экспортко тыюу салган эле.

Дордой жабылса кантебиз?
Борбор Азиядагы ири базарлардын бири болгон Дордойдогу соодагерлер контейнердин экинчи кабаты үчүн салык төлөбөйбүз деп жатышат. Бул тууралуу аталган базардын борбордук комитетинин төрайымы Дамира Дөөлөталиева билдирди. Эгер бийлик бул маселени чукул арада чечпесе иш таштоого барышарын, бул акцияга башка базардагылар да кошуларын айтышууда. Ал эми салыкчылар контейнердин экинчи кабаты үчүн алына турган салык мыйзамдуу экенин айтышат. Соодагерлер Дордойдо соода болбой жатканын, көп контейнерлер иштебей калганын кошумчалашты. Ал эми эксперттер Кыргызстан Бажы союзуна кирсе кырдаал мындан да начарлайт деп эскертип жатышат. Базардагылардын баары митингге чыкса Ала-Тоо аянтына кантип батырабыз?

50 миң сом уткан кичинекей чемпион
КТРКнын мектеп окуучуларына арналган "Акыл ордо" интеллектуалдык оюнунун жеңүүчүсү аныкталды. Ысык-Көл районунун Темир айылынын кичинекей тургуну, 5-класстын окуучусу Жекшенбек уулу Мээримбек аталган долбоордун кичи лигасынын финалдык таймашында (6-7-8-класстар арасында өткөн) жеңишке жетип, КТРК тарабынан 50 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Мээримбек билими күчтүү миңди жыгарын дагы бир жолу тастыктап отурат.

Тегирмендер токтоп турат
Эгин эгилип жаткан маалда буудайдын баасы асмандап, тегирмендер токтоп калды. Бул тууралуу тегирменчилер арызданышууда. Алардын айтымында, буудайдын кымбаттыгынан тегирмендер эчак токтоп, 14 миңден ашуун киши ишсиз калган. Казакстан өзүнүн тегирменчилери үчүн бир жылга 1 млн. 300 миң тонна буудайды жеңилдетилген баада сатат. Казак ишкерлери үчүн бир тонна буудай 185 доллар болсо, Кыргызстан менен түзүлгөн меморандумга ылайык кыргыз тегирменчилери буудайдын 1 тоннасын 300 доллардан сатып алууда. Дан сырттан алынып келгендиктен, жергиликтүү дыйкандардын өндүрүмү кампаларда жатат. Ошол себептен ун комбинаттары сырттан алынып келген унга убактылуу бажы төлөмүн киргизүүнү сунуштоодо. Тегирменчилер өкмөткө нандын эмес, ундун баасын көзөмөлдөө керектигин какшаса да, азырынча бул сунушту угайын деген жан жок.

Кыргызстан жарым эркин өлкө
Кыргызстан жарым-жартылай эркин өлкө. Бул туурасында "Кыргызстанда демократиялык реформаларды алдыга жылдырууда эл аралык уюмдардын ролу" аттуу "тегерек үстөлдө" "Freedom House" уюмунун өлкөдөгү директору Стюарт Кан билдирди. Анын айтуусунда, дүйнөдөгү 195 өлкөдө изилдөө жүргүзүлүп, эркиндик боюнча эркин, жарым-жартылай эркин жана эркин эмес деп категорияларга бөлүшкөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстан жарым жартылай эркин өлкө аталган. Ал эми эркиндик жаатында эң төмөн көрсөткүчкө 9 өлкө кирген, алардын экөө Борбор Азиядагы Түркмөнстан менен Өзбекстан. "Кыргызстандагы демократиялык өнүгүү өлкө жетекчилигинен саясый эркти талап кылат. Мурдагы бийлик өкүлдөрү алардын легитимдүүлүгүн биздин уюм бузат деп ойлогон. Демократияга умтулуу элден чыгыш керек" деди Стюарт Кан.

Апрель териштирүүсү Ак үйдүн чатырында уланды
Ак үй үстүндө соттун көчмө жыйынын өткөрүүнү апрель окуясынын жабырлануучулары өтүнгөн. Анткени айыпталуучулар чатырдан өкмөт үйүнө жакын жайгашкан имараттардын экинчи кабаттан жогору жагы гана көрүнөт деп көрсөтмө берген. Айыпталуучунун айткандарын эксперттер снайпердик курал менен текшерип көрдү. Айыпталуучулардын айткандарына мамлекеттик айыптоочу менен апрель окуясында жабыркагандардын жактоочусу Осунбек Жамансариев ишенген жок. Алар Ак үй чатырынан имараттын айланасы, Чүй, Панфилов көчөлөрү, борбордук аянт алаканга салгандай эле көрүнөт дейт. "Мекен шейиттери" уюмунун төрагасы Осунбек Жамансариев "биз чыгып көрдүк, анда көрүнүп эле турат. Отуруп, туруп, эңкейип да атса болот экен. Айыпталуучулардын мурунку берген көрсөтмөсү менен азыркы берген көрсөтмөсү дал келбей атат" деди. Чатырда болгон териштирүүдөн кийин сот имараттын сыртында уланып, Ак үйдүн сыртына жана короосуна тийген октун тактары каралды.

Акындар Алыкулду эскеришти
Күн менен түн теңелген касиеттүү Нооруз күнү залкар акын Алыкул Осмонов жарык дүйнөгө келген. Тээ 90-жылдардан тарта бул жакшы жөрөлгөнү айтылуу "Асаба" гезитинин жамааты баштап, жыл сайын акындар чогулуп акындын эстелигине гүл коюп, ыр окууну салтка айландырышкан. Кечээги Нооруз күнү да Ала-Арча көрүстөнүндөгү Алыкул Осмоновдун эстелигинин жанына Кыргыз эл акындары Майрамкан Абылкасымова, Сагын Акматбекова, акындар Нурлан Калыбеков, Аида Эгембердиева, Айсулуу Көкөева баштаган дагы башка жаш акындар чогулушуп, арбактарга куран окуп, ыр окуп акынды эскеришти. Арбактардын айылына айланган Ала-Арча көрүстөнү Алыкул, дагы башка түбөлүк жайга узаган дөө-шаалар тууралуу кызыктар менен эмки сандан таанышсаңыздар болот.

"Жаңы Агым" - пресс




Куркурамай
24-мартта 2005-жылдын 24-марты кайталанышы мүмкүнбү?
Жалал-Абад шаарында 24-мартта жалпы элдик курултай өткөнү турат. Аны "Эл үнү" кыймылы уюштуруп жатканы менен, көпчүлүк саясый партиялар, коомдук уюмдар жана абактагы депутаттарды колдоо комитети да колдоого алууда. Уюштуруучулардын айтымында, баш-аягы 30дай боз үй тигилип, Кыргызстандын булуң-бурчунан 10 миңден ашуун адамдын келиши күтүлүүдө.


Курултайда негизинен кыргыз эли эки ыңкылапты баштан кечирсе да эмнеге эч өзгөрүү болбой жаткандыгы талкууга алынат. Сценарий боюнча бул багыттагы сөз Азимбек Бекназаровдо. Ал баяндамасында президент Алмазбек Атамбаев менен "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаевдин жарасына тийе турган фактыларды айтып чыгат деген маалымат бар. Андан кийин Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Жылдыз Жолдошева сөз сүйлөмөкчү. Курултайга Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү, Жээнбеков жетектеген парламент депутаттары да чакырылган. Бирок алардын барар-барбасы белгисиз. Курултайдын соңунда эл бийликти адилет жолго түшүүгө чакырат. Кумтөрдү элге кайтарып алуу, абактагы депутаттарды бошотуу талабы коюлат.
Айрым серепчилердин айтуусу боюнча "Эл үнү" кыймылы уюштура турган бул курултай-митингдин сценарийи так эле 2005-жылдын 24-мартындагы революциядай уланышы мүмкүн. Тактап айтканда, бул курултайдын арты менен айрым күчтөр түштүктө массалык башаламандыктарды уюштуруп, ал жакта борбордук бийликтин таасирин жоготууну каалашат. Бул курултайды уюштуруучулардын алдыңкы сабында Азимбек Бекназаровдон башка буга чейин БЭК партиясынан парламенттик шайлоого катышкан мурдагы Түркиядагы элчи Мамбетжунус Абылов менен "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев да бар экени белгилүү. Алардын арасында бир кезде Эсеп палатасын калчап жүргөн Искендер Гаипкулов жана өзүн түштүктүн билерманымын деп эсептеген Үсөн Сыдыков да бар.
Бул жыйынга Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаевадан башка Равшан Жээнбеков, Аликбек Жекшенкулов, Бабырбек Жээнбеков, Кубанычбек Исабеков, Топчубек Тургуналиев, Мукар Чолпонбаев, Мирослав Ниязов, Алтынбек Сулайманов, Анвар Артыков сыяктуу саясатчылар чакырылганы айтылган. Булардын арасынан "республикачы" Өмүрбек Бабанов курултайга катышуудан баш тартты дешет.
Албетте ушундай чоң курултайды өткөрүүгө чоң каражат керек. 30 боз үй тиктирип, Кыргызстандын булуң-бурчунан келген 10 миң кишини тосуп алуу оңой эмес. Аны ким каржылайт? Ооба, кыштан бери эле массалык маалымат каражаттары АКШ ЖКдагы бир оппозициялык маанайдагы депутатка митингдердин жазгы сезонун ачуу үчүн олчойгон каражат жөнөтүптүр деп жазып келишет. Ишенгенге аргасыз болосуң. Себеби Кыргызстандын саясаты сырткы күчтөрдүн оюн талаасына айланганы айтпаса да түшүнүктүү. Керек болсо бийлик да, оппозиция да сырткы күчтөрдүн көрсөтмөсү менен иш кылып калганы байкалып калат. Анан калса АКШ "Манастагы" аскер базасын сактап калуу үчүн ар кандай аракеттерге барат окшоп калды. Ал эми биздин саясатчы сөрөйлөр өздөрүнүн болбогон бир жеке кызыкчылыктары үчүн элди курал катары колдонуп, керек болсо ата-энесине кошуп Ата журтун да сатып ийгенден кайра тартпай калганын билип калдык.




- Сиз курултайга чакыруу алдыңызбы, ага эмне
максат менен барасыз?
Равшан ЖЭЭНБЕКОВ,
ЖК депутаты:
- Мен курултайга барып азыркы бийликтин кетирип жаткан кемчиликтерин конкреттүү аргументтер менен сындайм. Бирок элди төңкөрүш жасаганга чакырбайм.

Мукар ЧОЛПОНБАЕВ, Кыргызстанды сактоо кыймылынын төрагасы:
- Мен расмий чакыруу ала элекмин. Эгер чакыруу алсам карап көрөбүз.

Курманбек ОСМОНОВ,
ЖК депутаты:
- Жо, мен эч кандай курултайга чакыруу алганым жок.

Анвар АРТЫКОВ,
ЖК депутаты:
- Мага Азимбек чалган, бирок мен катыша албайм. Себеби ага чейин Россиянын Мамдумасынын Москвада өтө турган конференциясына чакыруу алгам. Ошол күнү таңда учуп кетем.


Зайырбек АЖЫМАТОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??