presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ноорузда баары жаңырат,
жалаң гана ак тилектер айтылат
"Алас, алас,
Ар балээден калас!
Жаңы жыл келди,
Эски жыл кетти.
Жаңы күндү тегиз берди,
Жакшылыкты кеңир берди.
Корообуз малга толсун!
Орообуз данга толсун.
Жаңы жыл жалга,
Эски жыл колдо,
Ишибиз алга!
Ар балээден колдо!"
деп байыртадан бери тилек кылышчу экен кыргыздар. Бүгүн да ошол каалоо-тилекти кайталап айтып, тилек кылалы. Даанышман Чыгыш эли күн менен түндүн жазгы теңелүү мезгилине туштап, 21- мартты жаңы күн, жаңы жыл катары белгилегени бекеринен эместир. Бул жараткан дүйнөдө күн менен түндүн, жарыкчылык менен караңгылыктын, акыл менен күчтүн, дегеле сен менен мендин ортосундагы тең салмакты тепетең сактоонун жарчы күнү катары санаганы себептир.

Жашаргыла бул күнү, көңүлдөргө гүл өнүп!
Жылдын башы кайсы күн? Январбы ак карлуу, же мартпы жаз жыттуу? Кайсы айдан жаз башталат. Кимдер тактап айта алат? Төрт мезгилдин кими улуу, кими жаш да, кими сулуу? Айтыш кыйын, анткени баары сулуу, баары жаш! Билиш кыйын чындыгында, ким аягы, кими баш?
Чындыгында биздин бабалар ушул сырды билишкен, жер жаңырган күн дешип, Ноорузду тосуп келишкен.

Нооруз жердин жаштыгы, Нооруз деген жаңы күн!
Элим, жерим жаңырсын, баары жайнап гүлдөсүн.
Жаңыргыла бул күнү, күн нуруна бөлөнүп,
Жашаргыла бул күнү, көңүлдөргө гүл өнүп!
Өтүктү чеч, чапан чеч, жаз жарышы башталды , оо дыйканым калба кеч!
Жер жибиди, казалы, кампаларды ачалы,
Күздө түшүм көп болсун, жер семирткич чачалы.
Ноорузда баары жаңырат, жаңы тилек айтылат.
Алас, алас, алас!
Иштин жөнүн билбеген, иште десе тилдеген мансапкордон - калас!
Койнуна катып бычагын, токтотпогон чатагын кылмышкерден - калас!
Ар амалын камдаган, амал менен алдаган айлакерден - калас!
Арам ойду ойлогон, жалган сөзгө тойбогон ушакчыдан - калас!
Түшкө чейин уктаган, жаз жарышын укпаган уйкучудан - калас!
Карылар калыс сүйлөп төрдө болсун!
Жакшылык ийгиликтер күндө болсун!
Жаштарым шымаланып иште болсун!
Байлык менен ырыскы бизде болсун!
Энелер ак элечек башта болсун!
Дасторкон сүмөлөккө, ашка толсун!
Алас, алас, алас!

Үсөнбек Дайырбеков




Көзү жетип турса да келиндер,
Кайненем билет деп койсо…
Солтонова Шарапат апа азыр 72 жашта. Талас районундагы Кум-Арык айылынын ардактуу тургуну. Беш бала, эки кыздын апасы, 19 небере, 8 чөбөрөнүн чоң апасы. Ыр менен, макал менен насаат айтып, ар бир сөзүнөн бал тамган сөөлөттүү байбиче. Шарапат апанын сөзүнөн эле эмес ар бир баскан-турганынан, кийингенинен жаштар үлгү ала тургандай. Жаштар эле эмес өзүнүн курдаштары да үлгү ала тургандай. Ушундай апалар арабызда бар үчүн элибизде береке-кут бар сыяктанат.
- Дарактар бүрдөп, жер жарылып көк чыгып, желин айрылып сүт чыгып, жаркырап жайнап Нооруз майрамы кирип келди. Сиз жаш кезде элибиз ноорузду кандай тосчу эле? Азыр кандай тососуздар?
- Ноорузду мурун ар бир үй белгилечү. Ар бир үй жети даамды кошуп, көжө жасашчу. Көжө дагы сүмөлөктөй улустун улуу күнү жасала турган касиеттүү аш эмеспи. Ага таруу, арпа, буудай, күрүч, буурчак сыяктуу дандар кошулат. Түрк элдеринде жети саны касиеттүү болгондуктан Нооруз күнү жасалчу көжөгө да жети даамдын түрүн кошуп, Нооруз майрамы токчулук менен ырыскы кут ала кел деген тилектер айтылчу. Анда Нооруз бир эле күнү бүтүп калбай, күндө бир үйгө чакырышып, колунда болгон аштарын, даамдарын дасторконго жайып коюп сый көрсөтүшчү. Арча түтөтүп, тилек айтып, аласташчу. Мына азыр заман оңолду. Эмне десең баары бар. Болгону жаштар жалкоолонбой иштеши керек. Азыр да агыл-төгүл болуп, көчө-көчө болуп Ноорузду жакшы белгилейбиз.
- Сиз өткөн жылы күзүндө ажылыкка Меккеге барып кайткан экенсиз. Кандай таасирлендиңиз?
- Балдарым сыйлап өткөн жылы Меккеге барып келдим. 7-октябрь күнү Меккеде болдум. Беш миллиондой эл болду. Эми бир керемет. Ал жактын элинин ыймандуулугуна ушундай таңгалдым. Мухаммед Алей Салам жараткандан элиме ыйман бер деп суранган экен. Бир карасаң курмадан башка эч нерсе өспөгөн какыраган чөл. Күндүн ысыгын айтпа. Бирок элдин ыймандуулугу мени ыраазы кылды. Дүкөндөрү күндүр-түндүр ачык тура берет экен. Эч ким тийбейт. Аксаган, таяк таянган эч кимди көрбөдүм. Ыймандуу элге жараткан оору да бербейт окшойт.
- Секелек кезиңиздеги замандан бери биртоп суулар акты дегендей, ал учурда кыз-келиндер кандай эле? Азыркыларга кандай баа бересиз?
- Ал учурда кыздар уялчаак, ийменчээк болгон. Ата-энелеринин тилин алган, ошолордун айтканын уккан ыймандуу кыздар эле. Бир айыл элди бир аксакал киши эле башкарып койчу. Ошол аксакалдын айтканынан эч ким чыкчу эмес. Бир айылдан бир бейбаш чыкса, ошол айыл уят болуп, сөзү кыскарып сынып калчу. Азыр эми чет мамлекеттер менен байланышып, Орусия менен аралашып, шаар көрүп кээ бир жаштар ата-энени деле укпаган бир укмуш заман келбедиби. Эми таптакыр эле жок эмес, арасында улууларды сыйлаган тартиптүү улан-кыздар дагы бар.
Илгери кайнененин айтканы мыйзам болчу. Баягүнү Түгөлбай алып барган "Улутман" берүүсүнөн бир бала сүйлөдү. "Интернетке бир журналист кыз жазыптыр. Азыр эки жаш үйлөнөөр менен дароо бөлүп коюш керек деп. Дагы биртоп кыргыздын каада-салтына жакындабаган нерселерди жазыптыр. Аны окуган жаштар дароо өздөрүнө жакын кабыл алып, ата-энесине талаптарды кое баштайт. Ушинтип байыртадан ата-бабабыз сактап келген каада-салтты жоготобузбу" деп күйүп-бышып сүйлөдү. Мен ал баланын сүйлөгөнүнө ыраазы болдум. Илгеркилер айтып калчу.
"Айланта курган чеп болсо,
Атанын сөзү эп болсо.
Акылы жетип турса да балдар,
Атакем билет деп койсо.
Керилте курган чеп болсо,
Кемпирдин сөзү эп болсо.
Көзү жетип турса да келиндер,
Кайненем билет деп койсо.
Анын сыңарындай, кайнененин көзү турганда келиндер ушинтип койсо жакшы эле болмок. Анткени кайненелер көптү билет. Баштарынан көп нерсе өткөн. Жамандык-жакшылыкты көрүшкөн. Кайнене эч качан жаман санабайт. Жакшы болсо экен. Келиним акылдуу, кайрымдуу болсо экен дейт. Ошону келиндер жакшы түшүнсө жакшы эле жашоо болот.
- Азыркы кыз-келиндер менен мурдагы кыз-келиндердин кийингенине кандай карайсыз?
- Мага чынында азыркы санын, киндигин көрсөтүп кийинген кыздар жаман көрүнөт. Меккеге барганымда баары хиджаб кийип моюндарын да көрсөтүшпөйт экен. Биздин мурунку элечегибиз көрсө хиджаб турбайбы. Элечекти тагынганда жакшынакай болуп моюнду жаап турат. Келиндерге ылайыктуу жакшынакай баш кийим. Кыздар болсо үкү топу кийип жүрчү. Биз чачыбызды экиге бөлүп өрсөк "ай, эмне келин болуп алгансыңар" деп апаларыбыз урушчу.
- Чачыңызды кырк өрүм кылып өрүп калдыңызбы?
- Кырк өрүм болбосо да эки тарабынан үчтөн өрүп, артынан он чакты кылып өрүп койчубуз. Ар бир заманга жараша эл болот экен да. Түгөлбай Сыдыкбековдун "Мурунку кыз-келиндерди көрсөм периште көргөндөй болчу элем. Азыркы кыз-келиндерди көрсөм шайтандарды көргөндөй болом" деп айтканын угуп калды элем. Ал кишинин айтканы деле туура деп ойлойм. Ал жазуучунун көзү өткөндөн бери деле 20 жылдай убакыт артта калып, заман дагы өзгөрдү. Кыз-келиндерге кудай өзү топук берсин. Акыл берсин.
- Эми сөзүбүздүн акырында элге болгон каалооңузду, батаңызды угалы?
- Элимдин Нооруз майрамы куттуу болсун. Береке болсун. Тынчтык болсун. Ыйман болсун. Эл башчылары ынтымакка келишсин. Элдин камын ойлоп жакшы заман алып келишсин. Чыр-чатактын кереги жок. Жакшы заман эле болуп турат. Ушул заман уланып, мындан дагы жакшырып, кыргыз элим дүркүрөп, өсүп-өнүгүп, эл ичинен чыгаан жаштар чыгып, жаркыраган келечек күтүп алсын.




Күн менен
түн теңелди
21- март - күн менен түндүн жазгы теңелүү күнү, жаңы күн, Нооруз майрамы. Жер жарылып чөп чыккан, желин айрылып сүт чыккан мезгил. Жаңырган жылда эл-журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга сыйынышкан. Арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, бүт айыл чогуу ичишкен. Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношкон. Илгери Нооруз күнү бир кош өгүзгө соко кошуп жер бетин алгач жолу тилишчү. Тапка келген жерге бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчиген жоон топ кишилер этектериндеги үрөндүк буудайдан кочуштап чачышып, элдик ырларды созолонтуп ырдашкан. Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын майрамы катары белгиленген. Нооруз Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүндө жана Иранда 21- мартта белгиленет. Казакстанда 22-мартта белгиленет.
Эзелтен кыргыздар Нооруз күнүн элдик майрам катары санап келишкен. Жаздын келишин кыргыздар асмандагы жылдыздардан улам жоруй алышкан. "Үркөр чыкты, чөп үркөт" же "үркөр ооп, жыл келди" деп айтышкан. Жылдын башы жана жаңы жашоонун, кубанычтын, түйшүктүн, сулуулуктун, үмүттүн башы болгон.1926- жылы совет бийлиги бул майрамды белгилөөнү четке каккан менен айылдарда атайын майрам күн болбосо дагы белгиленип келген.

Даярдаган Жамиля НУРМАНБЕТОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??