presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Муфтият эмнеге элди бөлүп жатат?
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Нооруз майрамын белгилөө исламга туура эмес келет деген маалымат таратты. Алардын айтымында, Нооруз мусулмандардын майрамы эмес эле теңирчилердики экен. Муфтияттын билдирүүсүндө мусулмандар үчүн Курман айт жана Орозо айттан башка майрам жок экени айтылат. Ушуга удаа эле мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов Ноорузга каршы экенин интернет аркылуу коомчулукка жарыя кылды. Молдокелер буга чейин Жаңы жыл майрамына да каршы чыгып келишкен. Кудай урбадыбы, эми ата-бабабыз эзелтеден зор маани берип келген, күн менен түн теңелчү Улустун улуу күнүн унутушубуз керекпи? Муфтий Рахматулла Эгембердиевди жаш, прогрессивдүү көз караштагы жетекчи деп ойлоп жүрдүк эле. Мусулман, мусулман эмессиң деп коомду бөлгөндүн ордуна элди ынтымакка, эмгекке үндөсө жарашкан иш болмок. Анда эмне, Президент Алмазбек Атамбаевди, кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттукташкан Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаев да мусулман эмеспи?!

Башбакан арканды алыс таштады
Түштүктүк таасирдүү топтордун бири премьер Жантөрө Сатыбалдиевди келерки президенттик шайлоого таптаганы айтыла баштады. "Жел жүрбөсө…" сыңарындай, Жантөрө Жолдошевичтин ажолукка тымызын камылга көргөнү байкалып калды. Муну экс-"ак жолчулар" Улугбек Ормонов, Айтибай Тагаев, Арапбай Төлөнов, коомдук ишмер Эргеш Төрөбаев, "Өнүгүү" партиясынын кожоюну Бакыт Төрөбаевдин көмүскөдө бириккенинен аңдайсың. Себеби бул топтун негизги максаты 2017-жылдагы так талашта Ж.Сатыбалдиевди сүрөөнгө алуу.


Адахан мырза кыймылдай баштады
Көптөн бери дымып жаткан "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров апрелдин орто ченине мерчемделген ири жыйынга камданууда. Ушу тапта "Эл үчүн" кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, "Республика" партиясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов менен тил табышкандай болду. Ал эми жыйында өлкөдөгү кырдаал, бийликтин кетирген одоно катачылыктары четинен саналмакчы. Муну менен катар ар кыл жээкте жүргөн тыңчыкмалардын башын кошкон бирдиктүү оппозициялык блок түзүү маселеси талкууланат экен. Идея түпкүлүгүндө жакшы, бирок амбициясы башынан ашкан азаматтар Адахан Кимсанбаевичтин сунушун колдошу күмөн…

5000 долларлык "пенсия" кимге?
Майлуу кызматта туруп эки "фронтто" ойномой кыргыз чиновниктерине таандык сапат. Мындай "илдетке" Ош облустук бажыкананын ачендиги Раим Матраимов чалдыккан чагы. Ал президент аппарат башчысынын 1-орунбасары Икрамжан Илмияновдун шилекей алышкан досу экенин билебиз. Ошол эле маалда бараандуу оппозиция лидерлеринин бирин финансылык жактан каржылап, ага айына 5000 долларлык "пенсия" төлөп турары тар чөйрөдө кызуу талкуу жаратты. Курманбек Бакиевдин сүйүктүү кадры болуп жүрүп апрель окуясынан кийин жаңы бийликтин эбин тапкан Раим мырза келечегин ойлогонун туура түшүнөбүз. Арийне, тигинин "ойнооктугун" уккан Икрамжан Саттарович эмне дээр экен?

Дагы бир пас, тоюс, партия
"Эр чекишпей бекишпейт" накылы бекеринен айтылган эмес. Соңку мезгилде Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Азизбек Турсунбаев менен "республикачы" Алтынбек Сулаймановдун мамилеси солгундап кеткен эле. Жакында ага-инилер өткөн-кеткенди эстеп баарлашып отурушту. Таарынычты жыйыштыралы, мындан ары ынтымакта иш алып баралы деп элдешишти. Ошондой эле жаңы партия түзүү демилгеси көтөрүлүптүр. Эгер бул план жүзөгө ашса, Турсунбаев, Сулаймановдон сырткары "республикачы" Исхак Пирматов, экс-министр Аскарбек Шадиев, Эсептөө палатасынын экс-төрагасы Искендербек Гайипкулов сындуу үлкөндөр жаңы партиянын түндүгүн көтөрөт.

Оңдон да, солдон да соккон шамалдар…
"Республика" партиясынын жолбашчысы Өмүрбек Бабанов парламент менен Бишкек мэри Иса Өмүркуловду ээрден оодарып түшмөйүнчө тынч уктабайт өңдөнөт. "Республика" партиясындагы маалымат булагыбыздын айтымында, ал партиянын пиар-менеджери Максим Каганэр, досу Кайсар Абылкасымовдун катышуусунда жыйын өткөрүптүр. Талкуудан кийин Бабанов өзүнүн медиа ресурстары аркылуу калаа башчысына "маалымат согушун" күчөтүү тапшырмасын койду дейт. Мындан сырткары, Бишкек шаардык кеңешиндеги "Республика" фракциясынын Мирлан Жээнчороев баштаган депутаттары жаңы конуштун тургундары менен жолугушууларды өткөрүп, мэрдин ишмердүүлүгүн сындап жүрүшөт.
Өмүрбек Токтогуловичтин түпкү максаты айтпасак деле түшүнүктүү, жок дегенде Бишкек мэрлигин басып жыгылышы керек. Ал эми Марат Аманкулов мамлекеттик Мүлк фондунан "куулган" соң жумушсуз калганда КСДПнын тизмесине №1 болуп кирип, Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына отурушуна Өмүркулов ат көтөргүс эмгек өтөгөнү элита чөйрөсүнө дайын. Эми депутат эле эмес шаардык кеңешке төрага болгон Марат мырза Иса байкесине "көр казууга" өткөнү айтылууда.

Кеп туугандыкта эмес, кеп чөнтөктө
Парламент мөөнөтүнөн мурда таркайт имиши жаралганы айрым саясатчылар шайлоого камдана башташыптыр. Маселен, жакында эле бойдокчулук менен кош айтышкан "Эркин эл" партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков өзүнүкүнө окшогон майда барат партияларды ирилештиргенге киришти. Анын эсеби боюнча жети партия Темирбек Асанбековдун "Мекен ынтымагына" кошулуп жаңы блок түзүшсө, аламан жарышта алдыга озуп чыгуу мүмкүн экен. Кептин төркүнү ушунда. Мавлян мырза Асанбековдун күйөө баласы. Андыктан Темирбек мырза "күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр" деп жол бошотуп берет чыгар дебей тургула! Т.Асанбеков пайгамбар эме-ес, жаңы блоктун төрагалыгын өзүнөн бөлөккө ыраа көрбөй турганы…

Садыр Жапаровдун "эгизи" барбы?
Мындан эки күн мурда "ата журтчу" Садыр Жапаровго куюп койгондой окшош адамды борбордогу Бөкөнбаев-Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен кечке маал көргөн адамдар бизге айтып келишти. Ошол киши Жапаровдун өзүбү дейин десең, ал учурда түрмөдө отурганы маалым. Ишенбейин десең, Садыр Нургожоевичтин "эгизи" бар экенин таптакыр укпаптырбыз. Айтор, бул табышмактуу көрүнүштүн жандырмагын чече албай убарабыз…

Ажылык эми мыйзам жазууга жардам берсин
ЖоКедеги 11 депутат (Дамира Ниязалиева, Ыргал Кадыралиева, Элмира Жумалиева, Урмат Аманбаева, Гүласал Садырбаева, Нурбек Алимбеков, Нурбек Мурашов, Элмурат Обдунов, Назарали Арипов, Абдимуталип Кочкорбаев), вице-премьер Камила Талиева, экс-депутат Гүлниза Бейшенбиева кичи ажылыктан (умра ажылыгы) кайтышты. Ажылык зыяраттын сырын билет дештиби, кыргыз делегациясы амир саптыкка (ажы башчысы) ажы-депутат Акылбек Эшимовду дайындап алышкан. Сапардан ийгиликтүү кайткан эл өкүлдөрү Акылбек Жусуповичке ыраазычылыгын айтышып, "Амир саптык милдетти татыктуу аткардыңыз. Мындан аркы ажылык зыяратты дагы жетектеп бериңиз" деп сунуш кылышты. Не демекпиз? Кичи ажылыктан кайткан депутаттардын жүрөгүнө ыйман орноп, жеке кызыкчылыгын эмес, Кыргызстаныбыздын кең келечегинин пайдубалын куруучу мыйзамдарды жаратышсын!

"Жаңы Агым" - пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??