22.03.13 Ала-Тоодо АФК
Чоң футболдун майрамы
Кыргызстанга оңой менен башка өлкөнүн курама командасы келип ойной бербейт. Бул расмий бир турнирдин алкагында болбосо, атайын достук беттеш өткөрөт элек деп эч ким келген эмес. Анткени бизде орусча айтканда "ловить нечего". Өлкөдө футболчулар үчүн машыгууга шарт жок, беттеш өткөргөнгө командаларыбыз күчтүү эмес. Ысык-Көлдө сбор өткөргөнгө шарттар жок. Ушундай абалдын айынан өзүбүздүн курама командабыздын оюнун 2-3 жылда бир көрөбүз. Ошол бактылуу мүнөттөр дал ушул Нооруз майрамына туш болуп, футбол сүйүүчүлөрүнө чоң белек болду.


Теледен Улуттук курама команданын капитаны күйөрмандарды келгиле деп чакырганы менен өзү беттештерге чыкпаганы баарынан кызык болду. Анткени башбапкер Сергей Дворянковдун айтымында, Азамат физикалык жактан даяр эмес экен. Ал эми казак сайттарына ишенсек, ал өзүнүн жаңы клубу "Окжетпес" үчүн гол сайып, мыкты оюн көрсөтүп жаткан. Өзү да мындан 6 ай мурда ушул турнирге катуу даярданам деп жүргөн эле. Бул маселе табышмак бойдон кала берсин, биз алдыны көздөй ойлонолу. ФИФАнын рейтинги боюнча биз 208 команданын ичинде 201-орунда турганыбыз бул биздин команданын алсыздыгынан эмес, беттештерди өткөрбөгөнүбүздөн экенин түшүнө бербейбиз. Болбосо ошол эле Пакистан, Макао командалары ал рейтингде бизден жогору турат. А биз аларды ме сага деп утуп салдык. Бул турнир кийинки айдын рейтингинде биздин команданы алга жылдыраары айтпаса да түшүнүктүү. Эгер биз футболду өнүктүрүшүбүз керек десек, күйөө балдарыбызды федерацияга койбой, адистерди шайлап, каржы жагын камсыз кылып, мамлекеттик программаларды ишке ашырышыбыз керек. Болбосо ушинтип 4 жылда бир жетим калган жалгыз стадионубузга таздын башына окшотуп күйөрмандарды толтура албай жүрө беребиз. Анткени биздикилерге күйөрмандары ишенбейт. 100 сомго билет алып барып, утулуп калганын көрүп шалпыйып чыккысы келбейт. Ошентсе да алгачкы эки күндө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жарымы 80-100 сомго билет алып киришти. Чыныгы патриоттор ошолор экен. Бирок футбол аз болгонгобу биздин фанаттар күйөрмандык кылуунун маданиятын билишпегени өкүндүрдү. Пакистан менен болгон беттеште саналуу конокторубузду миңдеген адам тебелеп эле салмак. Тартип сакчылары коргоп калбаганда уят эле болмокпуз. Түз эфир болуп жатса, сөгүнүп-сагынгандар угулат. Башка өлкөлөрдө атайын фанаттарды тарбиялаган телеберүүлөр бар. Мисалы, ошол эле саналуу Пакистандын күйөрмандары бирдей үн менен, койлор маараганга окшобой кыйкырып колдошкону биздикилерди чычалатып, колдоруна тийген майда таш менен урганга чейин жеткирди. Ушундан көрө өзүбүз ошентип колдоп сүрөгөндү үйрөнбөйлүбү деген адам жок.
Жаманы болбой жакшы жок демекчи, жакшы жагы өз үйүбүздө уят болбодук. Давид Тетте сыяктуу легионерлерге кыргыз паспортун карматканыбыз менен Замир Жумагулов, Азамат Ишенбаевдер ойноп жүргөн мезгилдегидей курама команданын оюну жок. Макаону 1:0 менен утту деген уят нерсе. Эсеп эч болбоду дегенде 3:0 болуш керек эле.
Пакистан менен болгон беттеште оюндун эң алгачкы мүнөтүндө бул турнирдеги Кыргызстандын жана өзүнүн экинчи голун соккон Тетте жакшы эле аракет жасап көрдү. 3 оюнда тең Россиянын "Волга" клубунда оюн көрсөткөн Валерий Кичин, чабуулдагы кара кыргыз жана Каюмжан Шариповдор жакшы ойношту. Жашы өтүп калса да Руслан Сыдыковдун өлкө намысын коргоп жүргөнү мактай турган көрүнүш. Эмнеси болсо да мындан кийинки футбол сынактарында эч болбосо курама командаларга мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулбаса, эртең таланттуу жигиттерибиздин баары башка өлкөнүн атуулдугун алып кете баштайт. Өлкөнү спорт таанытарын унутпасак.




Усталар да
жеңет экен эй!
КГУСТА деп орусча аталган Кыргыз мамлекеттик курулуш, архитектура жана транспорт университетинин студенттерин усталар деп коюшат башка жактын балдары. Канча жылдан бери булар Универсиаданы жеңиш үчүн мыкты топ чапкычтарды окууга жеңилдетилген шарттарда кабыл алып жүрүп, акыры көздөгөн максаттарына жетишти. Быйыл финалдык бөлүккө 16 командадан КГУСТА, КМТУ, КРСУ, КГАФКиС чыгышып, 3 оюнду тең уткан усталар өз тарыхында алгачкы ирет чемпиондор аталышты. Кыялдар орундалат деген мурунку КАСИнин жигиттери азыр жыргап майрамдап жүрүшөт. Ал эми 16 команда төмөнкү орундарды ээлешти:
1. КГУСТА
2. КГТУ
3. КРСУ
4. КГАФКиС
5. КГУ
6. ОшТУ
7. ЖАГУ
8. КНАУ
9. КНАУ
10. КГМА
11. КГЮА
12. КТУ "Манас"
13. БатГУ
14. БГУ
15. ИИМ академиясы
16. Ататүрк-Алатоо

Чемпион-рекордчулар
Бишкекте өткөн пауэрлифтинг боюнча Кыргызстандын ачык чемпионатында республиканын 4 рекорду жаңыланды. 13 жаштагы Руслан Ахметов "Sub-Junior" категориясында 60 килограммды тик көтөрүп жаш балдардын рекордун койсо, дагы бир чемпион Руслан Сахбетов өзүнүн 67,5 кг салмагы менен 147,5 кг көтөрдү. Ал эми 82,5 килограммдык Сергей Комышев 175 кг көтөрүп чемпион гана эмес, рекордчу болсо, Кадырлан Абдыжалалов 200 кг менен алтын медалды да абсолюттук рекордду да көрсөтүп салды. Мурунку рекорд мындан 10 килограммга аз экенин эске алсак, жакында бул жетишкендик кайталанбайт го.

Абдыназар Ашхабаддан алтын алды
Апта башында Түркмөнстандын борборунан 10 спортчубуз кайтып келишти. Алар ал жакта өткөн самбо боюнча Борбордук Азия чемпионатында 9 медаль тагынышып, командалык эсепте 3-орунду ээлешти. Биздикилерден кыйын болуп түркмөндөр менен өзбектер гана табылды. Ал эми 68 килограммдык салмактагы Абдыназар Купуев аттуу жигитибиз 2013-жылдын чемпиону деген наамды татыктуу алып жүрө турган болду. Анткени анын кармаштарын кызыгуу менен көргөн атаандаштарыбыз биздин жигитти чын эле кыйын экен деп жатышты.

Топ ыргыткычтардан "толк" чыкпайтат
Жыл сайын март айында Ноорузга карата баскетбол боюнча Эл аралык турнир болот. Анда өлкө курама командасы күчтүү командаларды чакырып, өз күчүн сынайт. Быйыл АКШдан "Атлеттер" командасы, Казакстандан "Капшыгай" клубу жана Азербайжан курама командасы келген эле. Биринчи оюнду уттуруп ийген биздикилер экинчи оюнда янкилерге каршы чыгышкан. Алар биздин топ ыргыткычтарды 121:88 эсебинде ит эле кылды. Ал эми берки беттеште "Капшыгайдын" балдары да биздикилердей 88 упай топтоп утулушту. Бирок алар болгону 7 топко жеңилди. Эми чемпиондуктун тагдырын "Атлеттер" менен Азербайжан курама командасы чечмей болушту.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ