presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Бийлик кулак салса экен
Кара-Сууда митингчилер Аким Баатырды бошотууну талап кылышты
Бул ирет Кара-Суу райондук мамлекеттик бийлигинин алдына чогулган нааразычылык акциясынын катышуучулары 6-мартта Бишкек шаарына атайын чакыртылып, дал ошол башкалаадан камалган Сарай айыл округунун башчысы Аким Баатырдын бошотулушун, ага улай Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимовдун токтоосуз отставкага кетишин талап этишти.

Мисират ЖУСУЕВА, Кара-Суу районуна караштуу Сарай айылдык кеңешинин төрайымы: - Аким Баатыр дээринен эл үчүн күйүп-бышкан жигит эле. Бул ирет ашынган бийлик анын берешендигине, ошол эле убакта өз ишине абдан тыңдыгына карабастан ак жеринен саясый курмандыкка чалып отурат. Аман турсак биз мындан ары ушундай өзүмбилемдикке жана мансап терроруна жол бербейбиз.
Пирмат ТОКТОБАЕВ, эмгек ардагери: - Былтыр Аким Баатыр республикабыздагы эң үлгүлүү жетекчи сыңары биринчи орунду ээлеген. Эми ушундай асыл адамыбызды бийлик уялбастан түрмөгө тыгып отурат. Ардактуу президентибиз Алмазбек Атамбаев, акимибиз Тилекбек Матраимов Аким Баатырды абактан бошотууга түздөн-түз көмөктөшсүн. Антишпесе эл толкуну дегеле токтобойт, тескерисинче, катарыбыз бүгүнкүдөн дагы калыңдайт. Бара-бара борборубуз Бишкек шаарын карай жөө жүрүш жасайбыз. Аким Баатырды сот толук актамайынча, жер-жерлерде ар түрдүү наарызычылык акцияларын дагы баштайбыз.
Тилекбек МАТРАИМОВ, Кара-Суу районунун акими: - Айланайын туугандар, сиздердин, Аким Баатырдын санаалаштарынын үнүн чыпчыргасын коротпостон Бишкекке, Ак үйгө токтоосуз түрдө төкпөй-чачпай жеткирип жатам. Мен сиздер шектенгендей, карапайым калкты бөлүп-жарган жерим жок. Учурда Сарай айылдык округунун башчысынын милдетин тергөө толук бүтмөйүнчө анын орунбасары убактылуу аткарып турат. Сиздер чочулагандай Аким Баатырдын ордуна бирөөнү дайындай элекмин.
Нааразычылык акциясынын катышуучулары Аким Баатыр 2010-жылкы Ош коогалаңында коркпой-үркпөй калк аралап, араздашкан кыргыз-өзбектерди өз ара ынтымакташтырып жана достоштуруп тургандыгын жылуу-жумшак эскеришти. Ошондой эле сарайлыктардын талабы толук аткарылмайынча Кара-Суу райондук акимчилигинин алдында нааразычылык акциясын улантышаарын, атүгүл Аким Баатыр абактан бошотулгуча бир нече боз үй тигип, ошол жерде жансакташарын жар салышты.




Ат жалында маек
Мадамин АМИРБЕКОВ, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери:
"Тапшыргыла. Болбосо катылган курал бир күн сөзсүз атылат!"

2010-жылкы каргашалуу июнь коогалаңында Ош облусунда, анын ичинде Кара-Суу районунда бир катар курал-жарактар жоголуп же тартылып алынып, тилекке каршы, басымдуу бөлүгү алигүнчө табылып жана ээлерине тапшырыла элек. Ушул өңүттө аймактык кабарчыбыз Адылбек Султанов атындагы Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн уруксат берүү системасынын ага нускоочусу, милициянын капитаны Мадамин АМИРБЕКОВду кепке тартты.
- Мадамин мырза, 2010-жылкы Ош коогалаңында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнөн 11 ок атуучу курал таланып-тонолбоду беле. Алардын тагдыры кантти?
- Ооба. Анын ону автомат, бирөө "Макаров" тапанчасы эле. Ушул убакка чейин булардын алтоо гана табылып, ички иштер бөлүмүнө кайтарылды. Тилекке каршы, калган бешөөнүн эмдигиче дайын-дареги белгисиз. Ошентсе да калк арасында коркутуп-үркүтүү эмес түшүндүрүү иштерин күчөттүк. Бул аракетибиз эртедир-кечтир үзүрүн сөзсүз береринен үмүтүбүз абдан чоң.
- Өз ыктыяры менен курал-жарак тапшыргандарга мамиле кандай?
- Учурдан пайдаланып баса белгилөөгө тийишмин, өз ыктыяры менен курал-жарак тапшыргандар эң башкысы кылмыш жоопкерчилигинен таптакыр кутулушат. Мындан тышкары акчалай сыйлыктар жана Ардак грамота тапшырылат. Маселен, эки автомат тапшырган кара-суулуктун ар бирине 8500 сом акчалай сыйлык, ошондой эле Ардак грамота тартууладык. Бул жөрөлгө дагы деле улантылып жаткан чагы.
- Сыйлоо үчүн каражаттарды кандай булактардан таап жатасыздар? Ал сыйлыктар куралдардын түрүнө жараша ар башкабы?
- Каражатты Кара-Суу райондук мамлекеттик акимчилиги милдеттүү түрдө бөлүп турат. Буга улай райондук ички иштер бөлүмү дагы өзүнчө сыйлык уюштурган. Ал дагы жарандарды капа кылбайт деген үмүттөмүн.
Мындан тышкары Ички иштер министрлигинин 2010-жылдын 4-июнундагы №459 буйругуна ылайык, ар бир райондук ички иштер бөлүмүндө курал-жарактарды калктан кабыл алуу комиссиясы уюштурулган. Алардын жалпы сунушунун негизинде курал-жарактарды тапшыргандарга сыйлыктын баа-өлчөмү ачык эле массалык маалымат каражаттарына жарыяланган. Маселен, гранатомет 8000 сом, пулемет 8000 сом, автоматтар 4800 сом, снайпердик мылтык 4800 сом, мергенчилик карабин 3200 сом, мергенчинин мылтыгы 1600 сом, колго жасалган атуучу курал 800 сом, өндүрүштүк негиздеги жарылуучу заттар (тротил, гексоген) 800 сом, өндүрүштүк негиздеги жарылуучу заттар (аммонит, угленит) 420 сом, кол граната 1600 сом, сапердук мина 1600 сом, ок 5 сом, курал-жарак үчүн ок-дарылар 3 сом, өзүн-өзү коргоочу куралдар 1600 сом, тапанча же револьвер 3200 сом, ок жасоочу порошок 50 сом.
- Калк арасында түшүндүрүү аракетиңиздердин акыбети кайтып жатабы?
- Акыркы эки айда жалгыз сайсыз мылтык табылып алынды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткан чагы. Ошол эле учурда жарандар эки ок атуучу куралды (мунун бирөө газ тапанча) өз ыктыяры менен тапшырышты.
Акырында мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтаарым, 2010-жылы июнь айындагы массалык башаламандыкта көптөгөн ок атуучу куралдар эл колунда калып кеткен. Ошондуктан аларды укук коргоо органдарына тапшырууга али деле кеч эмес. Мындай кадамга баргандар сыйдан дагы куру калбайт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы,
сүрөттөр автордуку




Бейиш менен тозок
Бейишти жактырасыңар, бирок бейишке өзүңөр даярданбайсыңар.
Тозоктон коркосуңар, бирок жаман иш жасоодон качпайсыңар. Бирөөнү ушактайсыңар, шылдыңдайсыңар, бирок өзүңөр тууралуу ооз ачпайсыңар.
Бул саптарды Куран китебинен окуганым бар. Катмарланган чөйрөлөр, катмарланган адамдар бар. Жүз миңдеген сапырылган сары жалбырактай түркүн түстүү адамдар. Пенделер. Адам пендеси жылкы мүнөздүү. Аларга жакшы жашоо келгенде ал кандай адам экенин толук баамдайсың. Колуна оокатынан ашкан тыйын-тыпыр, азыноолак бийлик тийсе эле асманга чыгып кеткендей абалда болот. Бирөөнүн кемчилигин көрсө ошону кайта-кайта айтып ырахат алгандар бар. Жараткан ар бир адамга ар түркүн мүмкүнчүлүк берген. Кытайдын товарындай баары окшош жаралбайт. Акыл-эстери, жүрүм-турумдары, кулк-мүнөзү. Тоо башынан улуган бөрүдөй канча ойчулдар муну адамзатына жеткире албай келишкен. Канчалык жакшылыкты жактырып, жамандыктан корккон менен ар ким өзүнүн жасаган ишине жараша жараткандын жообу бар. Ошондуктан адам жолу ак менен кара. Ак жолдор, кара жолдор. Узак жолдор, кыска жолдор. Баарынын акыркы аялдамасы бар. Улуулар, кичүүлөр. Акылдуулар, акылсыздар. Бай-кедейлер. Бирок ар биринин периштеси бар. Бардыгы жарык дүйнө деген бир казанда кайнап жатышат. Баарынын акыркы аялдамасы бар. Ал аялдама бейиш менен тозок.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??