22.03.13 Жакшынын шарапаты
Кыргыз руху жана табияттын таттуу күнү

21-март күнү Улустун Улуу Ууз күнү - Нооруз майрамын өткөрүп, сүмөлөк кайнатып, кыргыздын каада-салтын жасоо үчүн улуттук маанайдагы мекенчил бирикмелердин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен Бишкек шаарындагы "Манас айылы" этнографиялык комплексте майрамдык салтанат өттү. Он жылдан бери Улустун Улуу Ууз күнү майрамын "Кыргыз таануу" коомдук уюмуна тилектеш бир катар коомдук уюмдар, фонддор жана жеке мекенчил атуулдар өткөрүп келишет. Бул иш-чаранын уюштуруучулары биздин негизги максат улуттук аң-сезимди көтөрүп, тарыхый, руханий мааниси терең улуттук майрамдарды, элдин сакталышы жана ынтымагы үчүн белгилеп, кийинки муундарга мурастоо болуп саналат дейт.

"Манас айылы" этнографиялык комплексинде өткөн иш-чарада кыргыздын ак элечек байбичелери, аксакалдар, ак жоолук салынган кыз-келиндери, ак калпак кийген уландары келген элди ийилип тосуп, сыйлап, оюн-зоок көргөзгөнү мен КЫРГЫЗмын деген атуулдун жүрөгүнө жагымдуу таасир калтырды.
Бул майрамдык иш-чаранын ачылышында аксакалдар бата берип, Умай эне аластап, эли-жерибизге тынчтык, ынтымак бакубат жашоону каалап өттү. Андан кийин чогулган элдин батасы менен курмандык чалынып, кан чыгарылды, ата-бабаларга куран окутулду. Акындар Улустун улуу күнүнүн маанисин, тарых таржымалын баяндап, манасчылар манас айтып, таланттуу ырчылар патриоттук ырларды созуп, чимирилип бийлеген кыз-келиндер, комузга колун ойноткон өнөрпоздор да элдин көңүлүн ачты.
Андан кийин улуттук оюндар, байгелүү мелдештер келген элдин катышуусу менен ойнолду. Былтыр ушул улуу күнү жарыкка келген үч бөбөктүн тушоо кесүү аземи болду. Андан соң кыргыз күрөш, кол күрөш, аркан тартыш, жаздык урушмай, бука тартыш, чака чапмай, ордо, экиден турмай, жаа атмай, жоолук таштамай сыяктуу улуттук оюндар ойнотулуп, келген эл көңүл ачып отурушту.
Бул оюн-зооктор менен катар ак элечекчен байбичелер сүмөлөк, көжө ж.б. тамак- аштын улуттук түрлөрүн жасоого киришти. Ушул улуу түндө таң атканча сүмөлөк бышырып, кадыр түн тосуп, жакшы тилектерди дуба кылыш керек дейт ак элечекчен Үрүнса Кадыралиева апа. Ал 21 жылдан бери Нооруз майрамына сүмөлөк жасап келиптир. Бүгүн да атайын сүмөлөк бышыруу үчүн келдим дейт. Ал сүмөлөктү бышыруунун ыкмасы менен бөлүштү.

"Сүмөлөктү сатканга болбойт"
- Мен алты жашымдан баштап апамдын жаз келген сайын сүмөлөк кайнатып, жакшы тилектерди айтып, атайын жөрөлгөлөрдү жасап жүргөнүн көрүп чоңойдум. 1992-жылы апам мага үйрөтүп, эми сен жаса деген эле, ошондон бери сүмөлөк кайнатып келатам. Сүмөлөктү кайнатуу үчүн жети күн мурун буудайды өндүрүп алуу керек. Өнгөн буудайды мурда сокуга жанчканын көрүп калдым, азыр эт туурагычка 3-7 жолу тартуу керек. Тартылган буудайдын маңызын улам жууп туруш керек. Буудайдын маңызы чыккан сууга ченеми менен ун кошулат. Андан кийин ата-бабалардын жөрөлгөсү менен тогуз токоч жасалып, ыйык мазарларга, ата-бабалардын рухтарына куран окутулуп, жыт чыгарылат. Казанга сүмөлөктү асууда анын түбүнө тартып кетпеш үчүн адегенде 41 таш салынат. Андан кийин сүмөлөккө жети даам кошулат. Ошондон кийин 11-12 саат таза кайнатылат, ар бир кайнатылганда жети чака суу кайтарып турат. Коюлуп баратканда улам маңыз сууну куюп туруу керек. Эң акырында даамы келгенде дымдап коет. Таң атып, күн аркан бою көтөрүлгөндө сүмөлөктү ачыш керек. Сүмөлөктү ачкандан кийин ага байбиче-аксакалдар жакшы бата тилеп, куран окулуп, ниетти түздөп, аксакалдарга ооз тийгизет. Сүмөлөктү чыпалак менен үч жолу ооз тийет. Андан кийин элге таркатылат. Сүмөлөктү жеп тоюу максат эмес, өзүң канча алсаң аны канча элге таратсаң ошончолук сообу тийет. Сүмөлөктү сатпайт деп айтылат. Таң атканча кайнатылган тамакты канча периштелер курчап, кут, береке түшкөн ашты элге сатса туура эмес.

Кыргыздын дагы бир ата-бабаларыбыздан бери келаткан улуттук улуу тамактардын бири көжөнү бышырган Бүкадича ОРОЗАЛИЕВА байбиче буларды сүйлөп берди:
- Көжө бул кыргыздар жасап ичкен улуттук тамак. Ал арпа-буудайдан жасалат. Көбүнчө арпа кошулат, аны кууруп, күүшөп, түгү кеткенден кийин гана сууга бышырат. Арпаны эзилте бышыруу үчүн 6-7 саат кайнатыш керек. Ал бышкандан кийин муздатып, айран, сүзмө, курут катыктап ичишет. Нооруз майрамында ата-бабаларыбыз улуу тилек айтып, жалпы эл чогулуп кыргыздын топуктуу тамагы катары ичип келишкен.

Улуу сөз жана улуу от
Майрамдык салтанат үчүн аксакалдар, айымдар, жаштар өргөөсү болуп үч боз үй тигилиптир. Кечинде өргөө ичинде улуу сөз, Манас баяны, айтыш, ыр кесе уланып, түн ортосунда улуу от жагуу жөрөлгөсү болду. Атайын даярдалган жерге бийик от жагылып жаштарга аруу тилектер тиленди. Бир адам тилек айтып, калгандары кайталашты. Аластоо болду. Ырым-жырымдар жасалып, жаштар оттон секирип ойношту. Оттон секирүү ырымынын мааниси от адамдагы оор аураны, жаман илдеттерди, кара илешмелерди күйгүзүп аруулап тазалайт экен.Таң атканча ушундай оюн-зооктор өтүп, кадыр түн тосуп, эртең менен сүмөлөк даяр болуп, аны казандан алып чыгышты. Ар бир улут өзүнүн касиеттүү каада-салты, үрп-адаты, тарыхы менен башкалардан айырмаланып турат эмеспи. КЫРГЫЗ деген кылым карыткан улутубуздун ушундай жөрөлгөлөрүн көргөндөн кийин жүрөгүбүздөгү патриоттук духубузга чоң таасир бергендей болду.




"Жаңы Агымга" жарыялангандан кийин
"Жаңы Агым" гезитинин №4 (135)
25-январдагы санына "Көп балалуу жалгызбой энеге ким жардам бере алат?" деген макала жарыяланган. Бул макалада Токтобүбү Алайбекова аттуу көп балалуу аялдын аялуу тагдыры, кыйналган жашоосу чагылдырылган эле.

Токтобүбүгө жардам токтогон жок
Бир тууган иниси, сиңдиси каза болуп, өзү тогуз бала менен жесир калган Токтобүбү эптеп өлбөстүн күнүн көрүп келишкен. Сиңдисинин күйөөсү Баткен согушунда каза болгондуктан, эки баласы томолой жетим калып, ал да Токтобүбү эженин тогуз баласына кошулуп, он бир баланы жалгыз багат. Өкмөттөн эч кандай жөлөк пул да төлөнбөйт. Балдарынын документтери жок, жашаганга жери жок, бирде ачка, бирде ток болуп жашашкан. 2013-жылдын 4-январында Токтобүбү эженин жыйырмага толо элек бир баласы иске тумчугуп каза болуп, аны да эптеп жерге берет. Күйөөсү болсо тогуз бала төрөп берген Токтобүбүдөн баш тартып, жаш аял алып кеткен эле. Оштогу үйүн кайниси алып, айтор, тогуз баласы менен талаада калган. Ушундай кыйналган жашоону башынан өткөргөн Токтобүбү айым акыры онкологиялык ооруга чалдыгып, жашоодон үмүтү үзүлүп, үйдөгү чоңоюп келаткан балдарынын кардын тойгузуп, үстүн бүтөй албай, кыштын кыраан чилдесинде кыйналганын айтып редакцияга башбаккан эле.
Токтобүбү эженин тагдыры тууралуу макала жарыялангандан тарта ага боору ооруп жардам берген адамдардын саны арбын болду. Уучубуз куру эмес экен, бири балдарынын кийимдерин, окуу-куралдарын, тамак-ашын, батирге төлөгөн акчасын, кээси оорусуна дары-дармек сатып берип, көп түкүрсө көл болот дегендей, Токтобүбү эжени балдары менен кыштан эсен-соо чыгардык.
Атайын редакция менен байланышкан Токтобүбү эже ага жардам бергендерге ыраазычылык билдирип, төмөнкүлөрдү айтып берди:
- Коомубузда боорукер адамдар жок деген ойдо, алардан үмүт этпей, жашоом суз тартып, жакшылыктан үмүтүм үзүлө баштаганда аргасыз силерге жардам сурап келген элем. Бирок боорукер адамдар жок деп ойлоп жаңылышкан экенмин. Мен редакцияга араң басып келгем, ушунчалык кыйналганда өлгүм келип, бирок артымдагы чүрпөлөрүм эмне болот деп кейичү элем. Онкологиялык оорумдан таң атканча кирпик какпай жаным кыйналып, эгер өлүп калсам бири-бириңерге карамдуу, күйүмдүү болгула, сабакты жакшы окугула деп балдарымдын чоңуна акыл-насаатымды да айта баштагам. Өчүп бараткан үмүтүмдүн шамчырагын кайра жандырып, балдарыма, мага моралдык, материалдык жардам берген адамдар бар үчүн келечекке кайра умтулуп, жакшы адамдардын жардамы, деми менен жашоом жакшы жагына өзгөрүлдү.
Мага жардам бергендердин көпчүлүгү студенттер, карапайым адамдар, пенсионерлер жана колунда бар адамдар болду. Өкмөт тарабынан эч ким көңүл бурбады. Биздин үй-бүлөнүн абалын түшүнүп жардам бергендерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Кыйналып турганда мага жардам бергендерге Кудай жардам берсин. Ушул күнгө чейин мага жардам бергендер тууралуу айтып кеткен элем. Эми жакын арада жардам бергендер тууралуу айтайын.
Жакында Кочкор районунан Зейнегүл деген эже балдарыма кийим-кече, азык-түлүк алып келип берди. Атайын Оштон ат арытып келген Бердибай Пиримов деген агай аялы экөө биздин үй-бүлөнүн жашоосун көрүп, жакшы сөздөрдү айтып, акчалай жана дары-дармегиме жардам берди. Ушуну менен чектелип калбайбыз, дагы жардам берип турабыз деп менин абалымды көрүштү.
Андан кийин Бахтыяр деген жигит азык-түлүктөрдү алып келип экинчи жолу да жардам берди. Коомдук ишмер Турат ата мен алгач гезитке чыкканда эле үйүнө алпарып, аялы менен тааныштырып жардам берди эле. Жакында дагы чакырып, жакшы сөздөрүн айтып, балдарыма китеп, дептер, калем сап, кийим-кечек берди.
Адамдар ар кандай болушат да. Менин абалымды гезиттен окуп, бейтааныш адамдар келишиптир. Сен башка динге өтсөң ооруң айыгып, жашооң оңолот деп көндүрүүгө аракет кылышты. Дин туткан адамдар жамандыкка барышпайт, бирок мен мусулман болуп төрөлгөм, мусулман болуп өлөм дедим. Кыйналып атам деп динимди сатмак белем.
Жакында алыскы Италияда жашаган кыргыз кызы Гүлсана Сарногоева интернеттен менин абалымды окуп, балдарыма, мага кийим-кечекти почтадан берип жибериптир. Андан кийин дагы бир коммерциялык банк да мага акчалай жардам берди.
Беш кол тең эмес дегендей, кээ бирөөлөр биз сага кандай жардам берип атканыбызды теледен көрсөтөлү деп атайын даярданып алып келгендер да болду. Мен телеге балдарым менен түшкүм келген жок. Балдарым мектепте жакшы окуйт, алар классташтарынын алдында уялышын каалабайм.
Онкологиялык оорумду билгендер операция жасатып, химиотерапияга жардам берели дешти. Бирок аз жашаймбы, көп жашаймбы ооруканага жатып калбай, балдарымдын жанында болоюн деп чечтим. Операция жасатканга жүрөгүм даабай жатат.

Бетти даярдаган
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА
P.S. Гезит басууга даярдалып жатканда Токтобүбү айымга бийлик жактан анча-мынча көңүл бөлүү болуп, эң негизги маселесин чечип берүүгө убада кылганын кабарлады.