presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Күлазык
Жалаң шаңдуу обондорду жараткан, сакадай бою
сары алтын Жумамүдүн Шералиев
Кыргыз композиторлорунун көч башында турган, 700дөй обондун автору, КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жумамүдүн Шералиев 1915-жылы жарык дүйнөгө келген. Алп талант ээси эки жылдан соң 100 жашка толот. Ошол алдыдагы 100 жылдыктын алкагында Жумамүдүн Шералиев атындагы эл аралык фонд учурда көп жакшы иштерди жасап жаткан кези. Алдыдагы иш-чаралар, кароо-сынактар тууралуу ой бөлүшүп, фонддун аткаруучу директору Жумакадыр Курмангалиевди кепке тарттык.


- Жумакадыр ага, залкар таланттын ысмын алып жүргөн фонддун максаттары, аткарып жаткан иштери туурасында айта отурсаңыз?
- Жумамүдүн Шералиев атындагы фонд 2001-жылы уюшулган. Ошондон бери ар кандай конкурстар, эскерүү концерттери өткөрүлүп келет. Кудай буюрса өткөн жылдан тарта билекти түрүнүп ишке киришип жатабыз. 2013-жылдын 15-16- майында Жумамүдүн Шералиевдин чыгармаларын аткаруучуларга деп конкурс жарыяладык. Кароо-сынак Бишкек шаарында М.Абдраев атындагы атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын чоң залында өтөт. Конкурстун жеңүүчүлөрү 17-18-майда улуттук академиялык драмтеатрда гала концерт беришет.
- Конкурстун негизги максаты кандай?
- Конкурстун негизги максаты элдик чыгармачылыктын түгөнбөс кенчи, жандуу энциклопедиясы, классиги аталган Жумамүдүн Шералиевдин урпактарга калтырып кеткен мурасын татыктуу күтүп алуу. Бул сынак автордун жаркын элесин элестетип, композитордун чыгармаларын жаш муунга тааныштырып, калк арасына кеңири жайылтууга, ырчылардын аткаруучулук чеберчилигин арттырууга арналган. Бир эле мезгилде аткаруучуларды калк арасынан таап, жумурай-журтка тааныштыруу, шыктарынын өсүшүнө көмөк көрсөтүп, шарттарды түзүү, колдоого алуу.
Мыкты аткарылган чыгармаларды Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын музыкалык алтын коруна жаздырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
- Шералиев бир эле обон эмес, интермедияларды да жазчу турбайбы?
- Жумамүдүн Шералиев жүздөгөн обондордун автору гана эмес, чоң чыгармаларды, музыкалык комедияларды, сатиралык интермедияларды, пьесаларды да жараткан. "Үкөй", "Аксаткын менен Кулмырза" деген спектаклдердин музыкаларын жазган. Шералиевдин обондорунун арасында балдарга, Ата журтка арналган ырлары бар. Лирикага жакшы кайрылган. Анын бир өзгөчөлүгү сатиралык чыгармаларды эң сонун жараткан. "Ай бекерчим", "Жүз грамм" деген тамашалуу ырларын кимдер билбейт.
Мындан сырткары Шералиевдин 700гө жакын обону бар эмеспи. Биз атайын интернет-сайт ачып, ошол обондордун баарын ага киргизип, өзүбүздө эле эмес коңшулаш өлкөлөргө жайылтсак деген ой-максаттарыбыз бар. Жакында Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатка Жумамүдүн Шералиев атындагы класс ачтык. Бул жөрөлгөнү бүтүндөй жети дубанга жайылтсак, бүтүндөй өмүрүн музыкага арнаган залкар таланттын музейин, студиясын ачсак, эстелигин тургузсак деген ж.б. жакшы аруу тилектер бар.
- Абдан жакшы иштерди жасап жатыпсыздар. Бирок барып-келип эле баары каражатка такалат эмеспи…
- Кыргызда жакшы сөз бар "азамат мойнун жок кесет, аргымак мойнун ок кесет" деген. Биз эми каражат маселеси боюнча аттуу-баштуу адамдарга кайрылдык. Алдыдагы 100 жылдыкка арналган конкурстардын иш-чараларынын каражатын толугу менен Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков мойнуна алды. Жогоруда биртоп максат-тилектерди айтып өтпөдүмбү. Буларды ишке ашырууда деле айланып келип каражатка такалабыз. Ошондуктан дос-тууган, композитордун чыгармаларын сыйлаган ишкерлерге кат жазып кайрылып жатабыз. Көмөгүн көрсөтүүнү айткан, улуу композитордун эмгегин сыйлаган азаматтар чыкканына ыраазыбыз.
- Сөзүбүздүн акырында алдыда өтө турган конкурска кененирээк токтоло кетсеңиз?
- Кароо-сынак Жумамүдүн Шералиевдин чыгармаларын жеке аткаргандар, вокалдык жана хор менен аткаргандар жана аспаптык аткаруучулар болуп үч номинация менен өтүп, беш орун ыйгарылат. Учурда терең, калыс карай турган калыстар тобу тууралуу ойлонуп жатабыз. Быйыл, эмдиги жылы калыстар тобу менен иштесек, 2015-жылы смс топтоо менен өткөрөбүз деген ой бар.





Дарика Жалгасынова,
Кыргыз эл артисти:
"Жумакем обондорду наавайчы нан жапкандай эле биринен сала бирин чыгара берчү"

Жалаң залкарлардын өмүр баяны тууралуу жазылган Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов менен Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынованын "Триумф жана Трагедия" китеби өткөн жылы жарыкка чыккан. Композитордун көптөгөн обондоруна сахнадан жан киргизген Дарика Жалгасынова төмөндөгүдөй керемет эскерүүсүн жазган.
"Кыргыз маданиятынын кышын кынаган, музыка өнөрүнүн күжүрмөн жоокери, тоолуктардын жүрөгүнөн терең орун алган нукура талант, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жумамүдүн Шералиев Нарын дубанынын Ат-Башы районундагы Туюк-Богошту айылында 1915-жылы 3-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Ал он алты жашынан радиотүйүнүндө кызмат кылган. Он төрт жашында "Созулма" деген биринчи ырын, он сегиз жашында "Түшүмдө" аттуу ырын чыгарган. Ушул эки ыр аркылуу эле али жаш обончунун талант кудуретин байкаса болот. Бул ырлар күнү бүгүн угуучуга, аткаруучуга да лаззат алып келүүдө. Ал 21 жашында Кыргыз мамлекеттик филармониясынын солисти болуп иштеген. Ошол жылдары "Кыздар ай", "Эсен бол", "Укчу эркем", "Жибек чач" деген жагымдуу ырларын чыгарат.
Жумамүдүн Шералиевдин ырлары айыл-кыштактарда, радиодо, концерттерде жалаң эле өзү аткарбастан башка ырчылардын да репертуарын байыткан. Композитор комузда, мандолинде, аккордеондо да ойной билген. 1939-жылы Москвада өткөн биринчи декаданын корутунду концертинде ал Атайдын "Эсимдесин" эл аспаптар оркестринин коштоосунда ырдап чыккан. Анын жаңы мотивдеги ашыктык-жаштык ырлары дароо эле эл арасына кеңири тарап кеткен.
Кайсы бир жылы Жумамүдүн жөнүндө телефильм тартылып калды. Ошондо ал толкунданып, "Асанкан, мен сага ыраазымын, менин көптөгөн ырларымды оркестрге салып ырчыларга ырдаттың. Анан мен күтпөгөн кызык нерсе - дүйнөлүк эң мыкты обондордун "Калейдескоп" деп аталган жыйнагына "Жибек чачтын" да фонограммасы киргенин угуп, өтө ыраазы болдум" деген эле.
Жумамүдүн Шералиев кыргыз ырларынын классиги. Ал 600дөн ашуун чыгармаларды жаратты. Анын "Жаштар ай", "Кыргыз обондору", "Тандалма ырлар", "Ырлар" деген жыйнактары жарык көрдү жана анын чыгармачылыгына арналган эки телефильм тартылды.
Жумамүдүн Шералиев белсенип, өжөрлөнүп иштеген өмүрүндө кыргыз элине ат көтөргүс музыкалык казына калтырды. Бул сейрек учурай турган жөндөм жөнүндө Калый Молдобасановдун айтканы бар: "Ушул эң жөнөкөй, карапайым, кичинекей адам, обончу Жумамүдүн Шералиев таң каларлык талант. Музыка жаатында жалаң мажорлуу (шаңдуу, ачык мүнөз) обондорду жаратат. Мындай мажорлуу обондорду жаратыш өтө кыйын. Жумакем болсо обондорду наавайчы нан жапкандай эле биринен сала бирин чыгара берет. Ар бир ыры бирин-бири кайталабаган оригиналдуу. Бул адамды мен эң таланттуу обончу-композитор деп атаар элем" деп ыраазычылык менен эскерген.
Чыгармачылыктын кыймылдаткыч күчү эмнеде? Албетте талантта. Анын биринчи таштаган үрөнү алтын данга тете. Жумамүдүн Шералиевдин шакирттери деп Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор Калыйбек Тагаевди, Эсенбек Мааданбековду ж.б. көптөгөн композиторлорду атасак болот. Кыргыздын улуттук музыкалык маданиятындагы классикага айланган Жумамүдүн Шералиевдин чыгармалары кылымдар бою кыргыздын канында улам жаңыланып жашай берет".


Калыйбек Тагаев,
Кыргыз эл артисти,
композитор:
"Күжүлдөп эле чыгармачылыкта кайнап турчу"
- Мага Жумакемдин таасири күч болду. Ал кишинин жаны тынчу эмес. Күжүлдөп эле чыгармачылыктын казанында кайнап турчу. Бир туруп комузун ала коет, бир туруп пианиного отура коет, айтор күнү-түнү чыгармачылык менен алектенип жатканын көрчүмүн. Мен ошол кишиден көп таасир алып калдым. Нарын театрында иштеп жүргөндө ал жерде да көп обончулар бар эле. Агезде мен, Канымгүл Досманбетова, Эсен Мааданбеков, Табылды Актанов, Орозбек Шаршенов, Түркмөнов, Мамбетбаев дегендер чогуу иштечүбүз. Жумакем баарыбызды чогултуп алып, "кана, эмне апкелдиңер?" деп катуу талап койчу. Биз жашпыз да, алгач түшүнбөй бири-бирибизди карап, бул киши ичпесе эмне алып келишибиз керек эле деп аңкайып калдык. Көрсө, Жумакем бизден чыгарма сурап жатыптыр.


Адылбек Кыязов, обончу:
"Оңкош менен Моңкош деген
интермедиясы бар"
- Жумакем менен 20 жылдай бирге иштештим. Чүкөдөй болгон кичинекей, анан абдан эмгекчил адам эле. Мен жаңы театрга барганда биртоп насаатын айтып, арактан анан кыздардан абайла дегени эсимде. Анын ырын аткарган белгилүү ырчылар абдан көп. Ушул күнгө дейре "Түшүмдө", "Укчу эркем", "Сулуу кыз", "Жибек чач" "Албырып шаттык жүзүңдө" деген ырлары улам жаңыланып аткарылып жүрөт. "Жашообуз болсун көктөмдөй" деген керемет чыгармасын Тамара Жумакаева аткарчу. Азыр көп ырдалбай жүрөт. "Оңкош менен Моңкош" деген интермедиясын С.Андабеков менен Б.Алиев аткарып боорду эзишчү.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??