presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Көңүл чордонунда
Келечек мыкты адистердин колунда
Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттери кыргызстандыктарды табиятты сактоого үндөп, "Жашыл кампус жумалыгын" (Green Campus Week) жарыялашты. Иш-чаранын алкагында студенттер ар түркүн сынактарды өткөрүп, калдыктарды утилизациялоонун башка жолдорун да көрсөтүп беришти. Мындай иш-чаралардын өткөрүлүшү БААУда ачылып жаткан жаңы "Экология жана туруктуу өнүктүрүү" факультетине байланыштуу.


Борбор Азиядагы тиричиликтин бардыгы Кыргызстан жана Тажикстандан агып чыккан таза сууга көз каранды. Өндүрүш, айыл чарба жана дыйканчылыкты суусуз иштетүү мүмкүн эместиги мектеп окуучусуна да белгилүү. Өлкөнүн табигый ресурстары анын саясый, экономикалык жана социалдык жашоосун аныктайт.
Экологиялык менеджментти мыкты билген адистер үчүн бул заманбап жашоонун талабы. Алар Борбор Азиядагы мүмкүн боло турган конфликттердин бардыгынын алдын алып, мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө өз салымдарын кошушат. Мындай адистерди 2013-жылдын жаңы окуу жылынан баштап Борбор Азиядагы Америка университети Кумтөр компаниясы менен биргеликте даярдашат.
Жаңыдан түзүлгөн "Экология жана туруктуу өнүктүрүү" факультетинин окуу бөлүмүнүн деканы Элида Ногойбаеванын айтымында, мындай факультеттин түзүлүшү экология тармагында адистерди даярдоо зарылчылыгынан улам келип чыккан. "Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда мурда деле экология жаатында билим берген факультеттер бар болчу. Жаңыдан түзүлүп жаткан факультеттин айырмачылыгы - бир окуу планында экологиядан тышкары экономика, саясат, социология компонеттерин камтыган дисциплиналар да бар. Себеби бул тармакта иштеп, кандайдыр бир маселени чечиш үчүн көптөгөн факторлорду эске алуу зарыл" деди Ногойбаева. Бул факультетти тандаган абитуриенттер ЖРТдан тышкары англис тили жана математикадан университеттин ички экзамендерин да тапшыруусу зарыл экенин декан кошумчалады.
Программа "Коом жана саясат", "Жаратылыш ресурстары жана энергетика" багыттарында адистерди даярдайт. Эки багыт тең студенттерге табият таануу жана коомдук илимдер боюнча мыкты билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Экологиялык менеджмент жана Туруктуу Өнүктүрүү программасынын бүтүрүүчүлөрү бир катар багыттарда иштеп кете алышат. Алар айлана-чөйрө жана экология илимдеринин магистратура жана докторантурасына тапшыруу үчүн жогорку талаптарга жооп берип, өндүрүштө, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардагы иш орундарга татыктуу атаандаштык түзүшөт.
Кумтөр компаниясы алгачкы жылы тапшырган 7 студентке стипендия берүүнү пландаган. Андан тышкары жаңыдан түзүлгөн факультет үчүн БААУнун жаңы кампусунда илимий лабораториянын негизделишин каржылайт.
Кумтөр компаниясынын экология боюнча директору Бен Феррис БААУда презентация өткөрүп, анда Кумтөр компаниясынын экология менеджментинде кандай иш алып барып жаткандыгы тууралуу кеңири айтып берди. Ошондой эле ал факультеттин мыкты студенттери компанияга практикага чакырылып, өз билимдерин иш жүзүндө бекитүүгө шарт түзүлөрүн кошумчалады.

Наргиза Апсаматова




Өсөр өзүн сыйлайт
Даяр балык жакшы,
а балык өстүрүү, уулоо андан мыкты
Кытайдын ССTV телеканалынан бул мамлекеттин атамекендик өндүрүшү кантип өнүккөнүн көрүп отуруп кытайларга тан бердим. Көрсө, өлкө экономикасын көтөрүүдө карапайым адамдардын атуулдук сезими, кытай бийлик төбөлдөрүнүн чечкиндүүлүгү өтө чоң роль ойногон тура. Дегеним, эгемендүүлүктү алгандан бери кыргыз чиновниктери атамекендик өндүрүштү көтөрүү керек, орто жана чакан бизнести колдошубуз зарыл деген куру кыйкырыктан башка эч нерсе деле кылбаптыр. Кеп башынан болсун.

Кытай мамлекетинин алгачкы өнүгүү жылдарында дүкөндөрдөгү товарлардын сексен пайызы сырттан кирчү экен. Ошол убакта карапайым калк арасынан, студенттерден патриот кытайлар чыгып "биз неге чет өлкөлүктөрдү байытышыбыз керек, мындан ары өз мекендештерибиз чыгарган кийим-кечекти кийип, өзүбүздө өндүрүлгөн буюмдарды колдонуп, тамак-ашты ичип-жейбиз" деген чакырык ташташкан. Агезде сапаты, баасы жагынан кытай товарлары импорттук товарларга теңтайлаша алган эмес. Ошого карабай жогорудагыдай чакырык менен чыккан кытай атуулдары өздөрүнүн атамекендик өндүрүштөгү гана товарларын сатып ала башташат. Бара-бара атайын атамекендик товарларды гана саткан дүкөндөр да пайда болуп, импорттук товарларды саткан дүкөндөрдө кытай өндүрүшүнөн чыккан кийим, буюм-тайымдар көбөйө баштайт. Буга элдин кытай товарларына басым жасай баштаганы түздөн-түз себепкер болгон. Акырындап чакан ишканалар ачылып, өлкө жетекчилиги соода-сатык түйүндөрүнө атамекендик товарларды жыйырма пайыздан жогорулатуу талабын коет. Жыл өткөн сайын соода түйүндөрүндө кытай товарлары көбөйүп отуруп, акыры сатыкта сексен пайыз кытайлык өндүрүшчүлөр товары, жыйырма пайыз импорттук товарлар болуп калган. А биздечи?
Азыр чиновниктерди коелу, эптеп жанын баккан кыргызга кыргыз өндүрүшүнөн чыккан кийим же буюмду көрсөтсөң "мен эмираттыкын алам, мага Пекиндин фирменныйы керек же турецкий жакшы" деп тескери басат. Кыргызстанда чыккан товардын сапатынан өзүбүз шексинебиз. Россия, Казакстан, атургай Европада "Кыргызстанда жасалган" деген белгиси бар кийим-кечектер жогору бааланып жатса, башкасын коелу Ош, Бишкек шаарында бизден чыккан кийимдерди сунуштаган атайын дүкөн таппайсың. Буга караганда кадам сайын чет өлкөнүн сырт кийиминен ич кийимине чейин саткан дүкөндөр көп. Атургай "секонд хенд" деп чет өлкөлүктөрдүн кийилген кийимдеринен бери кызык көрүп кыкемдер сатып кийип атабыз. Бул бир. Экинчиден, бизде мезгил-мезгили менен айыл чарба продуктуларына, кол өнөрчүлүккө арналган жарманкелер өтөт. Өкүнүчтүүсү ал жерде он-он беш пайыз гана атамекендик товарлар болбосо, калганы баягы эле ар башка чет өлкөдөн келген буюм, тамак-аш, кийим-кечектер. Мындай жарманкеге катышкан кыргыз өндүрүүчүсүнүн маанайы көтөрүлбөй эле чөгөт, келечекке болгон үмүтү өчөт. Мамчиновниктер болсо муну көрсө да көрмөксөн.
Парламент депутаттары жеке ишкерликти колдойлу деп бакылдаганы менен бир жагынан салыктар көбөйүп жатат. Биз өткөн жылы Кытайда жүрүп жеке ишкерлик кылгандарга Кытай мамлекети кандай жардам кыларын сурадык. Ал жакта мыйзам боюнча жеке ишкерликти баштаган бизнесмен, өндүрүүчү, фермер, дыйкан төрт-беш жылы эч кандай салык төлөбөйт экен. Кыргызстанда салыкчылар эптеп чачтарач же мончо ачкандарды да баса калышат. Кыргызстан - агрардык өлкө. Андыктан айыл чарбасын өнүктүрүү керек деп чиновниктер кыйкырса жанына киши чыдап тура албайт. А ошол эле мезгилде республикада сүт, эт иштеткен чакан ишканаларга мамлекет эч кандай жардам көрсөтө албай келет. Айыл чарба продукциясын экспорттоону колго алабыз дейбиз. А өзүбүз Кытайдын сапатсыз тоок, уй этин, жумурткасынан бери жеп жатабыз. Кант кызылчасы арзан бааланып, анысы аз келгенсип сырттан арзан кумшекер кирип жатып акыркы үч-төрт жылда Кыргызстанда кызылча аянттары азайып, кумшекер өндүрүү кыйла кыскарып кетти. Союз кулагандан кийин өлкөдө 2375 кайра иштетүүчү ишкана болгон болсо, анын учурда 2020сы токтоп турат. Болгону 346 ишкана илең-салаң иштеп жатат. Анан кантип атамекендик өндүрүштүн келечеги тууралуу сөз кылабыз.
Өткөндө гезитибизге Баткен өрүгү тууралуу жаздык. Баткендиктер колдо бар алтындын баркы жок болуп, кыргыз өрүгү иштетилбей тажиктерге ыйлап кетип жатканын айтып эле келатышат. Өкмөт башчы, министрлер, депутаттар бир маани берип, өрүктү кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу маселесин көтөргөн жок. Курмак тургай ишкана курууга жеңилдетилген кредит бербей отурушат. Бир карасаң бул мамчиновниктердин карөзгөйлүгүндөй эле туюлат. Алыс барбай эле коңшу Өзбекстан, Казакстанды алалы. Эки мамлекет акыркы жылдары импорттук товарларды аз киргизип, өздөрү бир нерсе өндүрүүгө аракет кылып жатат. Кыргыз өкмөтү болсо баш көтөрүп келаткан өндүрүүчүнү салыктар менен кысып, башка өлкөлөрдүн товарларын өлкөгө каалагандай киргизүүдө. Албетте, карапайым эл үчүн атаандаштык көп болуп, товардын арзан болгону жакшы. Бирок качанкыга чейин биз башка өлкөлөрдүн арзан тамагына кызыгабыз? Балыкчыдан күнүгө балык сурап жегенден көрө, кайырмак жасап, тор токуп балык алганды үйрөнгөнүбүз жакшы эмеспи. Бажы союзун кое туруп, алгач ушуга баш оорутсак алда канча натыйжалуу болмок.

Мелис СОВЕТ уулу




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??