№12, 22.03.13. • "Агым" гезити, кыргызча...
Укканыңдан уга элегиң көп

19- мартта Интерполдун Улуттук борбордук бюросу Бишкек прокуратурасы менен биргеликте эл аралык издөөдөгү машинени Бишкектен табышканын ИИМ жар салды. Министрликтин маалымдашынча, 2012-жылы чыккан "Тойота Лэнд Крузер - 200" үлгүсүндөгү бул темир тулпар 2012-жылы декабрда Россиядан уурдалып, издөө жарыяланган. Эми минтип ал Бишкектен табылып отурат. Кыргыз чек арасы го түшүнүктүү, а тыңсынган орус, казак чек арачылары муну кантип өткөрүп жиберишкени табышмак.
Ушул эле күнү Нарын шаарындагы кайсы бир банктын филиалын кайтарган жеке кайтаруу кызматынын кызматчысы 21 жаштагы жубайын кокустан атып алды. 26 жаштагы кайтаруучу аялы үйдө жалгыз калгандан корккондуктан, кечкисин аны жанына алып алганын айтат. Таң калычтуусу, кайтаруу инструкциясын бузганы аз келгенсип, курал урунганды билбеген бул эргулду кайтаруу агенттиги кызматка кантип алды болду экен?