presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Мен айтпасам ким айтат?
Тарыхка тактык кылынбаса ал тантыкка айланат
же эл-жерибизге "бейкуттукту", "бейпилдикти" ыраа көрбөгөндөр кайсы кургуйга жетелеп жатышат?

(Уландысы. Башы өткөн санда)

Кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө учурап айтылган "бейкут" сөзүнүн "кут" бөлүгү ошол эле сөздүн фарсы тилиндеги "код"-"кыд" бөлүгүнө эч кандай байланышы жок экендигин акыл сезимдүү ар бир адам ажыратып түшүнүп турат деп эсептейм. (Комиссиянын түшүнбөстүгү мына ушунда жатат №3).
"Кут" сөзү башка элдин тилиндеги эч кандай жардамчы мүчө, байламта сөздөрүнө (м: "би", "бей" ж.б.) муктаж болбогон, өзүнүн турган турпаты менен оң маанидеги жана "жок", "-сыз" сөз мүчөлөрү аркылуу терс маанидеги көрүнүштөрдү, окуяларды дагы түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүнө, жөндөмү жетишкен кыргыз түрк сөзү экендиги атактуу илимпоз-тилчилер М.Кашгаринин, К.Карасаевдин, К.Юдахиндин аныктама-сөздүктөрүндө ачык, так көргөзүлүп турат.
М.Кашгаринин атактуу "Түрк тилдери сөздүгүнөн" (1том) "бейкут" сөзү "кут жокту" билдире турган терс маанидеги сөз экендиги жөнүндө эч кандай маалыматты кезиктире албадым. Сөздүктүн бир канча жеринде "кут" сөзү эч кандай "бейге" ("жокко") учкашпай эле ал өз маанисинде түшүнүк берип турат. Сөздүктүн 789, 797, 799- беттеринде "кутсуз" - куту жок, берекеси жок, "кутсуз кузугка кирсе куш йагар" - куту жок кудукка кирсе кум жаар (макал), "ызгаар келип каптады, куттуу жайды тепседи", "кутлугнен" - куттуу нерсе, бул сөз эр кишинин ысмын дагы билдирет" деген бир канча маалыматтар келтирилип турат.
Жогоруда айтылгандай фарс тилинен оошуп келген "бейкут" жана кыргыз түрк "кут" сөздөрүнүн түпкү тарыхий маани-маңызын салыштырып, тактай турган болсок, алар эки башка түшүнүктө, эки башка мүнөздөлүштө тургандыгын баамдай алабыз жана буларды бекем көңүлгө алып коюңарды өтүнөөр элем.
Илгертеден эле кыргыз элинин жашоо тиричилигинде, улуу рухубуз "Манаста", кыргыз адабиятын негиздеген улуу акын-жазуучуларыбыздын чыгармаларында фарсы тилиндеги "бейкут", "бейпил" сөздөрү негизинен бирдей мааниде (синоним) "жайма-жай", "тынчтыкта", "жыргалчылыкта", "мамыраган" (благополучие во всем) деген жалпыланган кенен түшүнүктү билдирип келсе, "кут" аталыштагы кыргыз-түрк сөзү кандайдыр бир даректүү окуяга, көрүнүшкө, адамга багытталып, көпчүлүгүндө тилек, каалоо иретинде айтылган түшүнүктү мүнөздөп тургандыгын билебиз. "Кут" сөзүнүн бир мааниси түрк элдеринин исламга чейинки мифтик түшүнүгүндө түн ичинде түндүктөн түшкөн жакшылык жышаан, нерсе ("кут түштү"). "Куттун" дагы бир экинчи мааниси жакшылык, дөөлөт, бакыт деп түшүндүрүлөт. "Кут" сөзү менен айтылгандарды эске түшүрө кетсек: "Башыңа кут консун", "айтканың кут болсун", "куту качып калды", "кут колдосун", "кызматың кут болсун", "жоруган түшүм кут болсун", "конок бир күн консо кут, эки консо жут" ж.б.
Эгер ушул жогорудагы "кут" сөзүнүн ордуна "бейкут", "бейпил" сөздөрүн коюп сүйлөсөк , алардын маанилери таптакыр окшошпой коошпой калып жатпайбы! (М: "башына бейпил консун" деп айтылбайт го!)
Уй мөөрөйт уйдун тилинде,
Кой маарайт койдун тилинде.
Уй, койдон артта калдык бейм,
Эки сөздүн айырмасын билүүдө, (Б.Ж.) - деп намыска чакырган Байдыкемдин (Б. Сарногоевдин) сөзүн жогорудагы "илимпоздор" эстерине алышып, сөздөрдү өз маанилеринде түшүнүп билүүгө аракет кылышса, өздөрүнүн кадыр-баркын сактаган болоор эле).
Кыскача жыйынтыктап айтканда, үй-бүлөнүн, жамааттын, (мамлекеттин) "тынчтыктагы, жыргалчылыктагы" коомдук абалын "бейкут", "бейпил" сөз түшүнүгүндө жалпылаган мааниде түшүндүрүлгөндөй башка сөз маанилери кыргыз тилинде жок экендигин жоопкерчилик менен белгилейм. (Комиссиянын дагы бир түшүнбөстүгү мына ушунда жатат №4)
II
А.Маматалиевдин комиссиясынын дагы бир жоромолу боюнча "досторуна даяр дилин берүүгө" деген сүйлөм дагы "бейкут" сөзүндөй эле кыргыз элине "зыяны" тие тургандыктан, ошол сөздөр катышкан куплет гимндин текстинен алып салуунун негизи болуптур.
Окурмандарга түшүнүктүү болушу учун гимндин ошол саптарын эске түшүрө кетели.
Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине.
Бул терең мазмундагы ыр саптарды элибиздин көрүнүктүү акыны Жалил Садыков асмандан же оюнан чыгарып жаза койгон эмес. Ал кыргыз элинин кылымдардан берки жашоо турмушунун дал өзүндө болуп келген тарыхий көрүнүштөрдү, мамилелерди акындык чеберчилик менен ыр саптарында чагылдырган. Анын мазмунунда: "достук мамиледе болуп келгендерге кыргыз эли ак ниеттен, чын дилден мамиле жасап, достукту туу тутаары, андай мүнөз байыркы мезгилден бери эле элде сакталып келгендиги, элдин ынтымагын, биримдигин чыңдоо менен ата-мекендин аймагына (жерине) жайма-жай тынч жашоону, тынчтыкты (бейкуттукту-бейпилдикти) камсыздай тургандыгы ачык, так көрсөтүлүп турат.
Тактап айтканда, дал ушул экинчи куплет Кыргызстан элинин дүйнөлүк коомчулуктагы ордун, келечекке алган багытын айкындап, мамлекеттик гимндин негизги, өзөктүк маанисин мүнөздөп турган. Ал эми, гимндин ушул бөлүгүнүн алынып салынышы, анын жалпы мазмундук сын-сыпатын бузууга алып келгендигин баамдап-баалай албаган Жогорку Кеңештин депутаттарынын жоругу өзгөчө өкүндүрөт.
Эми гимндеги "досторуна даяр дилин берүүгө" деген сүйлөмдүн кандайча "зыяндуу" болуп калгандыгына сереп салып көрөлү.
Ата мекенибиз Кыргызстандын бүтүн-дүгүн, биримдигин сактоонун башкы, улуу миссиясы ошол жергиликтүү (титулдук) калк-кыргыз элинин өзүнө таандык. Ошондуктан гимндеги "досторуна даяр дилин берүүгө" деген чакырык баарыдан мурун республиканын ичиндеги улуттар аралык биримдикти, ынтымакты, достукту бекемдөөгө багытталып тургандыгы акыл сезими тунук ар бир адамга түшүнүктүү эле болуп турат го!
Дилин берүү деген, болгону ой-тилек, каалоону чын-жүрөктөн билдирүү болуп саналат. Ушул көзгө көрүнүп, кулакка угулуп турган чындыкты бурмалап, көлөкөгө тон бычып, барды жоктой кылып, алаңгазарлык менен мамлекеттик гимнди оңдоого жасаган иш-аракетиңерди жосунсуз жорук деп эсептейм жана айыптайм.
Кыргыз адабиятын негиздөөчүлөрү-улуу акын жазуучуларыбыз А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, А.Осмонов, Ж.Бөкөнбаев, М.Элебаев жана башкалардан кийинки, экинчи муундагы таланттуу акындардын өкүлү Ж.Садыков "Айкөл Манас", "Манастын уулу Семетей" сыяктуу улуу чыгармаларды жаратып улуттук мурас катары элине калтырып кетти. Бул чыгармалар бүткүл кыргыз коомчулугунда эле эмес, Казакстан жергесинде дагы дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолуп, зор салтанат менен кабыл алынган. Таланттуу акын Ж.Садыков ар бир сөздүн тарыхий таржымалын, кадыр-баркын, мазмунун терең билгендиктен ошондой чыгармаларды жаратууга кудурети жетип, мен-мендеген акындардан гимндин кабыл алуусуна келип түшкөн 20дан ашык үлгүсүнүн ичинен ал жеңүүчү болуп табылган.
III
Мына урматтуу замандаштар, мамлекеттик гимндеги "досторуна даяр дилин берүүгө, бейкуттукту берет кыргыз жерине" деген сөздөрдө эч кандай "терс", "зыяндуу" маанилер жок экендигин өзүңүздөр деле баамдап көрө алдыңыздар. Бул макалада сөздөрдүн жаңы мазмунун ачууга же ойлоп табууга аракет кылган жокмун. Анткени алардын бардыгы элдин калың катмарында, коомчулукта, тарыхий жана илимий эмгектерде айтылып, угулуп, окулуп жана колдонулуп келген эле түшүнүктөр, маалыматтар болуп эсептелет.
Бирок бул макаланын сынында кенен айтылгандай сөздөрдүн тарыхий маанисин ой келди бурмалап, мамлекеттик символикалардын келечек тагдырына жоопкерсиз мамиле кылган Маматалиевдин жетегиндеги комиссияга, "атактуу окумуштууларына" айтаарым: Эгер сиздердин эркиңер, ыйманыңар жетишсе талкууга алынган сөздөрдүн оң мааниде болуп келгендиги боюнча төмөндөгү жыйынтыктоочу тыянакты адилеттүүлүк менен кабыл алып, өзүңүздөр бурмалаган чындыкты калыбына келтирүүгө карата иш-аракеттерди көрсөңүздөр акыйкаттыкты сыйлаган болот элеңиздер.
Биринчиден, орто кылымдын улуу аалымы М. Кашгаринин атактуу сөздүгүндө, кыргыз элинин улуу руху Манасты улантып айтып келген ХХ кылымдын залкар манасчылары Сагымбай, Саякбай жана башка манасчылардын айтууларында, Жеңижок, Токтогул, Калыгул, Осмонкул баштаган чыгаан ырчылардын ырларында, дастандарында, Манасты изилдөөгө бүткүл чыгармачылык өмүрүн арнашкан Ы. Абдрахманов, К.Кырбашев, Б.Юнусалиев, Э.Абдылдаев, С.Мусаев, Р.Зарылбеков, Р.Кыдырбаева, М.Мамыров ж.б. эмгектеринде жана "Манас" эпосу боюнча 1952-жылы өткөн бүткүл союздук конференциянын талкуусунда "бейкут" ("бикод" - фарсча) сөзүнүн "терс" мааниде экендиги жөнүндө эч кандай маалымат айтылган эмес экен.
Экинчиден, ийне менен кудук казгандай мээнет менен араб, фарс, түрк сөздөрүнүн маанилерин терең өздөштүргөн атактуу аалымдар К.Карасаевдин, К.Юдахиндин аныктама-сөздүктөрүндө "бейкут" ("бикод"-фарс), "бейпил" ("бегбут"-фарсча) сөздөрү фарс тилинен оошуп келгендиги жана алардын оң маанини түшүндүрүп тургандыгы ачык, так көрсөтүлүп турат.
Үчүнчүдөн, кыргыз адабиятын негиздөөчүлөр - атактуу акын, жазуучуларыбыз А.Токомбаев, А.Осмонов, Ж.Бөкөнбаев, К.Баялинов, К.Жантөшев, М. Элебаев ж.б. чыгармаларында, эскерүүлөрүндө "бейкут", "бейпил", достукка "чын дилден" мамиле кылуу сыяктуу сөздөрдүн колдонулушу кыргызга "кырсык" же "зыян" алып келе тургандыгы жөнүндө эч нерсе жазылган эмес.
Төртүнчүдөн, планеталык улуу адам, дүйнөлүк атактуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларында "бейкут" сөзү "жайма-жай", "тынчтыкта" жашоонун маанисинде ачык көргөзүлүп жүрөт. Анын илим, адабият, маданият иштери боюнча дүйнөлүк атактуу ишмерлер менен чын дилден достук мамиледе болуп келген көрүнүштөрү аз эмес.
Бешинчиден,1992-жылы мамлекеттик гимн кең-кесири талкууланып, кабыл алынып жаткан мезгилде аман-эсен, акыл-эси менен эле жүрүшкөн кыргыз элинин улуу сөз устаттары К.Карасаев, Т.Сыдыкбеков, Б.Орузбаева, Р.Кыдырбаева, дүйнөлүк залкар жазуучу Ч.Айтматовдун жана башка көрүнүктүү окумуштуулардын, тилчи адабиятчылардын, ошол кездеги депутаттардын эч кимиси гимндин текстинде "зыяндуу" сөздөр болгондуктан аны кабыл алууга болбой тургандыктары" жөнүндө эч кандай каршы сын-пикирлерин айтышпаптыр жана алар боюнча эч кандай талкуу, талаш-тартыш өткөрүлбөптүр. (Жогорудагы атактуу адамдардын, окумуштуулардын жалпы билим деңгээлинен Байжиев, Какеев, Маматалиевдердин тил, адабияты боюнча билимдери алда канча "жогору, бийик" экендигин эмдигиче байкап-баалай албаган биз, кыргыздар "макулук" эл экенбиз да! "Бейкут", "дилин берүү" сөздөрүнүн маанисин "түшүнө билбеген" К.Карасаев, Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматовдорду бекер эле "улуу адамдар" деп жүргөн экенбиз да!)
Алтынчыдан, бүгүнкү күндөгү жашап жаткан кыргыз жарандары, (бизден мурункулары дагы) "заманыбыз "бейкут" болсун", "жашообуз "бейпил" болсун", "жашоо-тиричилигибизден "кут" кетпесин" ж.б. маанидеги улуулардын батасы менен чоңоюп, тарбияланып келдик! (Эгерде Байжиевдер андай батадан алыс чоңоюп өсүшкөн болушса, ага эл күнөөлүү эмес).
Жетинчиден, жогоруда айтылгандай орто кылымдагы (мурункуларын коё туралы) улуу аалым М. Кашгаринин жана андан кийинки атактуу илимпоздордун эмгектеринде, изилдөөлөрүндө элибиздин эчендеген кылымдык жашоо тарыхында оң мааниде кызмат кылып келген сөздөрдүн жоромолдор менен бурмаланышы улуттук гимнге эле эмес, Манастын тилине, кыргыз элинин кылымдык тилине жасалган "көзкаманчылык" жана "тазбайматчылык" болуп эсептелет. Тактап айтсак, бул - КЫЛМЫШТУУЛУК!
Сегизинчи, Кыргыз Республикасынын коомдук-социалдык, адабий, маданий-аскердик иштеринин бүгүнкү шартында мамлекеттик символикаларды өзгөртүүгө эч кандай зарылдык, муктаждык жок экендиги элибиздин көпчүлүгүнө ачык көрүнүп турат. Андыктан мамлекеттик гимндин текстин жана тууну өзгөртүү боюнча комиссиянын мындан ары иштөөсүнүн кажети жок деп табылышы керек.
Тогузунчу, сөздөрдүн маанисинин бурмаланышы менен кыскартылган гимндин экинчи куплети баштапкы калыбында калтырылышы керек. Бул акыйкаттыктын сакталып калышын мүнөздөйт.
Бейшенаалы Жамгырчиев,
тарых изилдөөчү, манас таануучу, Жети-Өгүз району






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??