15.03.13 Өрүкзар өкүт
Баарысы бар Баткеним, бактың неге аз сенин?

Баткенде бөлүнгөн жерге турак жай куруудан мурда өрүк көчөттөрүн отургузуу салт болуп калган. Бир дагы короо-жай, айыл, аймакты өрүкзарсыз элестетүү кыйын. Элеттиктин үй-бүлөлүк кирешесинин 60 пайызга жакынын бакчылык камсыздайт. Тилекке каршы өрүкзар өнүмдөрүн сатууда, экспорттоодо олуттуу көйгөйлөр көп.

Кыргыз өстүрөт, тажик пайдасын көрөт
Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлү-гүнүн регионалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Хамрабаевдин тастыктоосу боюнча акыркы мезгилдерде баткендиктер жылына бакчылыктан 2 млрд. сомдон ашык киреше алышат. "Эгер Баткендин өрүгүн жок эле дегенде Россия, Казакстан сыяктуу КМШ өлкөлөрүнө алып чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөндө мындан эки-үч эсе көп пайда тапмакпыз" дейт бакчылык боюнча Япония, Америкада тажрыйба үйрөнгөн "Алыш-Дан" кооперативинин башчысы Турсуналы Төлөмүшев. Мындай мүмкүнчүлүк жоктугунан канчалаган түйшүк менен жыйнаган өрүктөрүн баткендиктер базардан базарга мүшөктөп жеткиришип, акырында коңшу тажикстандык кардарларга арзан сатууга мажбур болушат. Анткени Тажикстандын Исфара, Канибадам, Ходжент шаарларында кайрадан иштетүүчү ири өнөр жайлары, алыскы өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү бар. Баткендин өрүктөрү Тайгага чейин жетип, "тажик өрүгү" деген ат менен сатылат. Бүгүнкү күндө Баткенде өрүк кактарынын алды 150-200 сом, арты 10 сомдон сатылат. Россияга жеткирип, эки-үч эсе пайда көргөн тажиктердикин таразалай келгенде баткендиктер тажик кошуналарга арзыбаган акчага иштеп берип жаткан кара жумушчу катары болуп калат. Ошентип өзүбүз өндүргөн продукциянын кирешесинин жарымынан көбү Кыргызстанда эмес, башка өлкөдө калып жатат.

Өрүк ширеси турса, өңгөнүн согун ичебиз
Баткен облусунун аймагында 12 миң гектардан ашык өрүк бактары бар. Бирок өрүктүн мекенинде аны кайрадан иштетүүчү бир дагы белгилүү комбинат, завод же ири ишкана жок. Өрүк кагын даярдоо жаңы технология менен эмес, кадимки кол менен ишке ашырылат. Баткендиктердин пикиринче, союздан калган Баткен районундагы "Чоң-Талаа", Лейлек районундагы "Арка", Кадамжай районундагы "Бүргөндү" шарап заводдорун талкалатпай, аны бүтүндөй өрүкзар аймагынын бакчылык өнүмдөрүн кайрадан иштетүүчү кубаттуу өнөр жайга айландырса болот эле. Тилекке каршы бүгүн алардын акыбалына "мышык ыйлайт". Мындай мүмкүнчүлүк Баткен облусунда жакынкы жылдарда болот деп эч ким кепилдик бере албайт. Бул көйгөй боюнча жыйырма жылдан бери бийликке маселе коюлуп келди. Ар бир шайлоодо депутат болом дегендер кандай гана "жылдыздарды" алып беришпеди. Акыры эл тажап, айтпай да калды. Баягы эле тажик кардарларыбыздан айтсын деп калышты. Бүгүнкү күндө тажик кошуналардын кайсы гана тамактануучу жайына барсаң өрүк суусундуктары колдонулуп жатат. Биз алысты коелу, өзүбүздүн Кыргызстанды эле ушундай экологиялык таза суусундук, азык менен камсыз кыла албай отурабыз. Элибиз генетикалык өнүгүүгө терс таасирин тийгизген кытай жана башка өлкөлөрдөн келтирилген ширелерди тамшанып ичип жатышат.

Өбөк боло албаган өкмөттүн барынан жогу
2012-жылдын октябрь айында баткендик Болот Абдуллаев деген ишкер "Мол түшүм" айыл чарба кооперативи менен биргелешип ЮСАИДдин колдоосунда мурдагы сүт заводунун имаратында өрүктү кайрадан иштетүүчү цех ачты. Азыр цехтин алгачкы продукциялары Россия, Казакстанга чыгарыла баштады. Буюрса жакында Москвада өтчү Кыргызстандын айыл чарба көргөзмөсүнө катышмакчы. "Бизге бир тонна өрүк какты сатып алуу үчүн эле кеминде 100 миң сом керектелет. А жылына аз дегенде 100 тонна өрүк иштетсек болот. Жеңилдетилген насыя алуу үчүн өкмөткө үч жолу кайрылдык, оң жооп болбоду. Мамлекет ишкерлер үчүн узак мөнөттүү, аз пайыздуу насыяларды берүүнү туруктуу жолго койбосо анан кантип өнүгөбүз? Деги эле келечектүү башталыштарга өбөк-жөлөк болуп жалпы өнүгүүгө мамилени жакшыртуу маселеси мамлекеттик деңгээлде көтөрүлбөй келе жаткандыгы өкүнүчтүү" дейт Болот мырза.

Адылбек Батыров,
Баткен шаары




Датым бар
Айнура Осмонова, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты:
"Ар кандай интригалар, ушак-айыңдар иренжитип жатат"
Мэрлик шайлоо жакындаган сайын жаштар шаарында уу-дуу кеп. Жалал-Абад шаарынын депутаттарынын ишмердүүлүгү коомчулуктун назарында болуп, мэрди шайлоо боюнча түрдүү пикирлер да айтыла баштады. Ушуну менен үчүнчү жолу шаардык кеңештин депутаты болгон Айнура Осмоновага кайрылдык.
- Айнура айым, Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо боюнча маселеде айрым депутаттардын иш-аракеттери катуу сынга алынып жатат. Мындай сындан сиз да куру эмессиз...
- Сурооңуздун төркүнүн түшүнүп турам. Мен жөнүндө туура эмес, каралаган маалыматтар массалык маалымат каражаттарына жарыяланып жатат. Биз эл жоопкерчилигин алдык, элге кызмат кылабыз деп шайландык. Бирок айрымдарыбыз барып-келип эле жеке маселебизден алыс кете албай жатабыз. Баарын эле акча, материалдык байлык менен ченеп-өлчөөгө болбойт да. Мени сатылды деп айыпташууда. Ким үчүн, эмнеге сатылышым керек? Же көз каранды болгудай мамлекеттик кызматта иштебесем. Материалдык жактан деле кимдир бирөөлөргө күнүм түшүп калган жок. Кудайга шүгүр, жакшы эле кызматым бар. Мен өз көз карашымды ачык айтып иштегем. Буга чейинки эки жолку чакырылышта шаардын депутаты, бюджеттик комиссиянын төрайымы болдум. Кандай депутат экенимди шайлоочулар жакшы билишет. Мен "Өнүгүү" саясый партиясына депутат болоюн деп эмес, жаштар бар экен кошулуп жардам берейин, элге кызмат кылайын деп киргем. Кимдир бирөөлөр мени оюнчук катары башкаруусуна абийирим жол бербейт. Менин эки сүйлөбөсүмдү шаардыктар да жакшы билет. Көз карашым туура келбесе ачык эле айтам. Ошондуктан мени коркутуп да, алдап да, өздөрүнүн адепсиздигин көрсөтүп да оюмду өзгөртө алышпайт. Мандатты мага бир киши эмес, эл берген. Али баары алдыда. Кимдин ким экенин убакыт көрсөтөт. Мен бир адамга эмес элге кызмат кылайын деген оюм бар.

Орозалы КАРАСАРТОВ, Жалал-Абад шаары




Кенебестик кесепети
Кадамжайда кутурма оорусу күч алды

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы чукул эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясынын берген маалыматы боюнча, район аймагында кутурма оорусу боюнча эпизоотиялык абал оор. 2012-жылы район аймагында кутурган ит, малдан жабыркаган 72 адам катталган. Ал эми 2013-жылдын бүгүнкү күнүнө чейин 26 адам кайрылса, анын 18и кутурма оорусуна шектүү болгон үй жаныбарларынан жабыркагандар.
Жыл башынан бери кутурмага каршы жардам сурап кайрылгандарга ветеринардык адистер тарабынан малы кутургандыгы жөнүндө бир да маалымат кагазы берилген эмес. Ит, малдын арасында кутурма оорусунун клиникалык жол менен аныкталган учурларына чектөө коюу жөнүндө токтом кабыл алынган эмес. Мисалы, 20-январь күнү Бирлик айыл округунда иттер эки адамды, Айдаркен шаарынан төрт адамды тиштеген. Ошого карабай бүгүнкү күнгө чейин Бирлик айыл аймагында 30 ит атылган болсо, Айдаркен шаарында ит атуу жүргүзүлө элек. Кутурма оорусун алдын алуу боюнча райондук администрациясынын алдындагы чукул эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясынын 03.04.2012-жылдагы №2|2 чечими кабыл алынган. Бирок чечимде көрсөтүлгөн сунуштар толугу менен аткарылбай келет. Мисалы, Кадамжай райондук мамлекеттик ветеринардык башкармасына айылдарда ит кармоо эрежесинин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү жана бул эрежени бузган жарандарга мыйзам чегинде айыптарды салуу, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, баракчаларды таркатуу сунушу берилген. Бирок берилген сунуштар аткарылган эмес. Райондук ветеринардык башкармасынын башчысы Тайир Мадимаров бул маалыматтарды четке кагып, иш жүргүзүп жатканын жана кутурма менен күрөшүү бардык кызматтардын, айыл жашоочуларынын милдети экенин баса белгилеп өттү.

Азамат Абсаттаров, Баткен облусу




Өпөң-чычаң
Аким алмашуудан эч нерсе өзгөрбөйт

Кыргызстанда эки жолу төңкөрүш болуп, тынымсыз митингдерден башыбыз көтөрүлбөй келет. Тынч жашоону каалаган эл сыналгыдан митинг болуп жатканын көрсө эле аллергия боло баштады. Ал эми Кадамжай районунда митинги жок эле шахмат оюнундай жетекчилер алмашып жаткандыгы өзүнчө сыр. Ак үйдө отургандар райондук акимдерди бат-бат алмаштыргандан ырахат алабы же акчага туйтунушабы, түшүнүксүз.
Кадамжай районунун акиминин милдетин аткаруучу Акрам Мадумаров Алга айыл округунун жашоочулары менен жолугушканда айыл аксакалдары "союз маалында раистер, райком башчылары кайра-кайра алмашпай көп жыл башкарып келишкен. Силер эмне бир жылга жетпей эле алмашып жатасыңар?" деген суроону кырынан коюшту. Ошондо район акими "аталар, бийликке кантип келүүнү эмес, кантип кетүүнү ойлошубуз керек, сиздер туура айтасыздар" деп жооп бергени бар. Өткөн жылы Кадамжай районунун акиминин орунбасары Токто Илиязова иштен бошотулушу жөнүндө токтом токулат. Анын ордуна КР өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-августундагы №628 буйругунун негизинде Инават Мамарасулова дайындалат. Анан кызматка отурганына бир жыл боло электе Кадамжайдын ошол кездеги акими Абдиталип Акимов кызматынан бошотулат. Бул акимдин бошотулушу артынан "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө Өмүрбек Текебаев менен Адахан Мадумаровдун айтышы баарына маалым. Ошондо Текебаев "Кадамжайдын акими аким болору менен айыл өкмөттөрүн алмаштырып, ал жерге билими жок, талапка жооп бербеген адамдарды дайындап, одоно мыйзам бузганы үчүн борбордук бийлик тарабынан кызматтан алынды" деп себептерин айткан эле. Арадан төрт ай өтүп-өтпөй жыл аягында акимдин орунбасары И.Мамарасулова ээлеген кызматынан бошотулуп, иштен бошоп кеткен мурунку акимдин орунбасары Т.Илиязова кайра кызматка келди. Иш жок эле иштин креслосу минтип талашка түшө берсе, жогорку эмес, жергиликтүү бийликке да кайдагы ишеним?
Ошентип 2013-жылдын 22-январында Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы, акимдин милдетин аткаруучу болуп Акрам Мадумаров дайындалат. Эми март айынын ичинде Кадамжай районунун жергиликтүү депутаттары район башчылыгына Мадумаровду шайлашабы же башкасын алып келишеби белгисиз. Эл болсо ким келсе да татыктуусу келсе деп турат. Бийлик аке, кызмат менен ойной бербей элди да ойлосоңор.

Азамат Абсаттаров, Кадамжай району