15.03.13 КТРКда эмне кеп?
Жакшыны жакшы
дей албасак…
Жакшыны жакшы, жаманды жаман дей албасак, анда биз кимбиз, коомчулук? Партиялаштар- партиялаштарын мактаса, жердештер жердештерин сүйөмөлөсө, туугандар туугандарын көтөрмөлөй берсе, ушунун эч бирине кирбей, өз ишин билип калыс жүргөн адамдар кантти? Мен жазуучу же журналист эмесмин, бирок ушу жолу бир атуулдук парзымды аткарып, калыстык сөзгө конок сурап турам.


Биринчи канал, КТР, УТРК дейт элек мурун, азыр ошол КТРК болуп, коомдук деген ат албадыбы, демек бул менин да телевидением, кайдыгер карап отура албадым. Учурда КТРКны бир жактуу жамандаган, негизсиз каралаган материалдар массалык маалымат каражаттарына куйрук улаш чыга баштады. Ким билет, КТРКнын Башкы директорунун ордуна көзү түшкөн бир көзөл уюштуруп жатабы же арам ойлуу топ барбы чыр-чатаксыз жүрө албаган, айтор чуулдата башташты. Кудайды карашса болбойбу, азыркы Коомдук телерадио мурункудан таптакыр башка, коомдук дегенине толук жооп берип келатат. Эң башкысы, менин жеке байкоомдо, чыгармачылык изденүүнүн үстүндө десем көпчүлүк макул болот го.
Саамга эс тутумубузду чыңап, Акаев менен Бакиев доорундагы КТРга саякат жасап көрбөйлүбү. Биринчи саясый же маалыматтык көрсөтүүлөрүн эстейличи, А.Акаевдин гүлдөгөн доорунда жаңылыктар Аскар Акаев менен башталып, Майрам Акаева менен бүтчү эмес беле, же К.Бакиевдин күргүштөгөн заманында К.Бакиевдин А.Акаевди жамандаганы, ага окшоп эч качан качпай турганы менен башталып, Максимчиктин инновация жана реформалары менен бүтчү эмес беле. Ошондо КТРди кимибиз көрчү элек, телени Россияга, радиону "Азаттыкка" бурчу эмес белек. Азыркы КТРКнын телеси да, радиосу да агын ак, карасын кара деп, оңун-солун бирдей, позиция-оппозиция дебей эл алдына чыгарып жатпайбы. Шайлоолордо КР Президенттигине талапкер болобу же Жогорку Кеңешке депутаттыкка ат салышабы, ар бирине мүмкүнчүлүк берип, телекөрүүчүлөр менен жакындан тааныштырып жатканы кандай жакшы болду. Алардын теледебаттарын тирмийип отуруп көрбөдүкпү. "Кыргыз элин башкарам, журт атасы болом" дегендердин кимисинин ким экенин, маданияты менен интеллектин билип эле тим болбой, бетиндеги ар бир клеткаларынын титирегенинен өйдө көрдүк, тайманбай "быкыйын" чукуган суроолору үчүн журналисттерди "шашпа, мен президент болсом, биринчи сени жок кылам" дегендей элес калтырганын көрсөткөн жокпу? Мен өзүм үчүн тандоону ошондо жасагам. КТРК азыркы көп бутактуу бийликтин кимисине жагалданат эле. Кайда, эмне иш жүрүп жатса аны көрүп жатабыз, шаар, айыл, эл аралык уюмдардын иштери, айтор Кыргызстан эмне менен дем алса ошондон кабардарбыз.
"Ибарат" студиясынын көркөм берүүлөрү, оюн-зоок программалары эң сонун, балдар көрсөтүүлөрү да жакшырып эле калды. Өзгөчө футбол менен Түркиядагы концертти түз алып көрсөтүлгөнүнө эл абдан ыраазы болду. Кыргызча которулган кинолорду үзбөй көрсөк, өзүбүздүн кыргыз сериалдарын жан-дилибиз менен жыргап көрдүк, мунун баары эле тарбия экен. Айрыкча Түнкү каналдын ачылып иштей баштаганы, күн-түнү дебей музыкалык каналдын сайрап турушу ийгилик же жакшы саамалык эмеспи? Эми КТРК эң чоң механизм болгондон кийин айрым бир мүчүлүштүктөр кетсе кетип жаткандыр, бирок жакшысы арбын болсо аны "ийгиликтүү, өр таянган жолдо" деп коет. Жумурткадан кыр издегендер четтен чыгат, өзү иштебейт, иштеген адамды көрө албайт.
Кубат Оторбаев жөнөкөй, токтоо, ишбилги, жөндөмдүү жетекчи болбосо ал жерде 2-3 эле жылдын ичинде ушунча ийгилик жаралат беле. Журналист катары анын тереңдигине, позициясынын туруктуулугуна, курчтугуна мурунтан эле баа берчүмүн. Ошондуктан туура калыпка түшүп, чыгармачылык менен иштеп жаткан ишкананын уюткусун бузбай, ары-бери чайкабай жөн койгон туура болор.

Салтанат ТЕМИРОВА




КТРКдагы 2012-жылдагы урунттуу окуялар жана аткарылган бараандуу иштер
Январь
? Түркиянын ТРТ каналы менен бирге "Евразия жылдызы" эл аралык конкурсун өткөрүп, жыйынтыктады. Конкурсту кыргызстандык ырчы Гүлжигит Калыков утуп алды.
? Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан "КТРК жөнүндө" мыйзамга кол коюлду. Ошентип жаңы бийликтин тушунда коомдук телеберүү мамлекет тарабынан колдоого алынды.

Март
? КТРКнын Жаштар редакциянын журналисттери жана КТРКнын РРТБсынын кызматкерлери чет өлкөлөрдө билимин өркүндөтүп кайтышты.

Апрель
? КТРКнын Байкоочу кеңеши парламент аркылуу шайланды. Анын курамына тажрыйбалуу журналисттер, медиаэксперттер, акындар, кинорежиссерлор, илимдин докторлору кирди. Кыргыз Республикасынын эл артисти, атактуу диктор Тамара Жаманбаева, Кыргыз Республикасынын эл акыны Анатай Өмүрканов, КТРКнын мурдагы вице-президенти, тажрыйбалуу журналист Абды Сатаров, тарых илиминин доктору, тажрыйбалуу журналист Тынчтыкбек Чоротегин, филология илиминин доктору Жылдыз Бакашева, атактуу кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров, журналисттер Рита Борбукеева, Сабыр Муканбетов, Мыктыбек Арстанбек, Игорь Шестаков, Вячеслав Гончаров, Кылычбек Султанов, юристтер Нурбек Касымбеков, Илим Карыпбеков, Фархад Бекмамбетов жаңы курамга шайланышты. Байкоочу кеңештин азыркы төрагасы Фархад Бекмамбетов.

Май
? Канал атактуу бийчи Атай Өмүрзаковдун Бишкекте өткөн эл аралык "Я танцор" конкурсун чагылдырды.
? КТРК өзүнүн тарыхында биринчи ирет Бакуда өткөн "Евровидениени" түз эфирде алып көрсөттү. Аны ишке ашырууга Азербайжандын Коомдук телекомпаниясы жана Азербайжандын Бишкектеги элчилиги көмөктөштү.

Июнь
? Коомдук биринчи канал футбол боюнча Европа чемпионатын Киев (Украина) жана Варшава (Польша) шаарларынан түз алып берип, спорт күйөрмандарынын алкышын алды.

Июль
? КТРК салтка айланып калган "Ысык-Көл-2012" эл аралык фестивалын уюштурду. Анын финалдык бөлүгүнө Якутиядан (Россия), Казакстандан, Тажикстандан жана Түштүк Кореядан таланттар катышты. Баш байгелер - эки автомашинаны Курал Чокоев менен Закирбек Дүйшөнбек уулу алышты. Бир автомашинаны Маданият жана туризм министрлиги койгон.

Август
? Лондондо өткөн Олимпиада оюндарын Коомдук биринчи канал түз эфирде алып көргөздү. Кыргызстандын командасынан эч бир спортсмен медаль албаса дагы кыргызстандык спорт күйөрмандары мыкты оюндарга чер жазышты.

Сентябрь
? КТРКнын "Миң кыял ФМ" радиосунун толкундары Ысык-Көл облусунун аймагына тарай баштады. Каналдын жетекчилиги жаштарга арналган бул радионун программаларын жаңы мунараларды орнотуу менен жайылта баштады. Эми жайга чейин "Миң кыял ФМди" Талас жана Нарын облустарында уктуруу планы бар.

Октябрь
? Канал түнкүсүн да иштей баштады. Бул үчүн КТРКнын жамааты бюджеттен кошумча акча алган жок, болгону "Кыргызтелекомдун" РПО РМТР ишканасынын ишин текшерүү маалында айрым жерлерге сигналдар жетпей жатканы аныкталып, РПО РМТР кайтарып берген акчанын эсебинен "түнкү каналды" ачууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошентип КТРК 24 саат иштей баштады. Быйыл казынадан түнкү эфир үчүн кошумча акча суралууда.
? КТРКнын экинчи "Музыка" телеканалы ачылып ишке кирди. Аны азыр Бишкектин аймагында "Акнет", "Долон" жана "Зор ТВ" кабелдик телеканалдары аркылуу, Баткенде "Кыргызтелекомдун" санариптик пакетинин алкагында, ал эми Ош шаарында жана Ош облусунун айрым аймактарында "Ынтымак" телеканалы аркылуу көрсө болот.
? "Кыргыз радиосунун" жамааты карылар үйүнө жардам берип, кайрымдуулук жасашты.

Ноябрь
? Коомдук канал редакциялык саясатынын алкагында жергиликтүү кеңештерге шайлоону кенен чагылдырды. Бишкек шаар кеңешине талапкер партиялар арасында түз эфирде телетаймаштарды өткөрүп, тандоого шарт түздү.
? Залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 130 жылдыгына карата кароо-сынак ийгиликтүү өткөрүлдү. Анын баш байгесин комузчу Намазбек Уралиев алды.

Декабрь
? Корпорациянын баалуу мурастарынын негизинде канал "Залкарлар күүлөрү" аудиожыйнагын чыгарды. Ал Карамолдо Орозов, Чалагыз Иманкулов, Токтогул Сатылганов, Ыбырай Туманов, Атай Огомбаев, Асылбек Эшмамбетов, Болуш Мадазимов жана Самара Токтакунова болуп 8 CD дисктен турат. Азыр сатыкта.
? Байкоочу кеңештин демилге-сунушу менен КТРКнын 2013-2015-жылдардагы өнүгүү стратегиясы менеджмент тарабынан иштелип чыгып, 6-декабрда негизинен кабыл алынды.
? Жаңы жылга жакын КТРКнын музейи ачылды. Ага кыргыз телеси менен радиосунда иштеп, өмүрүн арнаган жетекчилердин, дикторлордун, журналисттердин, режиссерлордун жеке буюмдары коюлду. Телерадиожурналистиканын техникалык өнүгүү этаптарын камтыган экспонаттар да бар.
? КТРКнын жаңыртылган интернет сайты www.ktrk.kg иштей баштады. Ал аркылуу түз эфирде программаларды көрүп, 3 радиону түз укса болот.
? КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат программасы, "Биринчи радиосу" жана "Кыргыз радиосу" "Замандаш" ассоциациясынын жана "Жетиген" журналынын тандоосунун негизинде "жылдын мыктыларынын" катарына кирди.

Даярдаган
Талантбек СЫДЫКОВ