15.03.13
Окурман сага айтам, президент сен ук
Тынчтыктын формуласы
Жаз келди, митинг-пикет, төңкөрүш болот дегенден жададык. Бийлик жакпай турса деле "отурса отура берсин, ушу ызы-чуу болбосунчу" деп калдык. Анткени 7-апрель, Оштогу каргашалуу июнь окуялары жүрөктүн үшүн алып бүттү. Убакыт өттү, кыйраткан революция деле болгон жок. Өлгөндөр өлүп кете берди. Мышык ыйлачу абал дагы деле ошол бойдон. Буга чейин кетирген каталарыбызды эске алып, өлкөнү жаздан тынч алып чыгып кетүүнүн жолдорун карап көрдүк.
Ызы-чуу эмнеден чыгып жатат? Албетте бийликтин начар иштегендигинен. Бишкектин эли эчтекени кыйратпаган Өмүркуловго нааразы болсо, көлдүктөр менен жалал-абаддыктар камакта жаткан уулдарына кабатыр. Президенттин достору жалаң майлуу жерге отуруп жатканы анын кадыр-баркын кетирип, тактыдан шыпырылууга шарт түзүп жатат. Экинчи жагынан ызы-чуудан колу бошобогон парламент элге пайдалуу мыйзамдарды карабай, ким мародер, ким таза дегенди жылдап чукушуп отурса карапайым адамдар чыйт түкүрүп, урдум ошол депутаттарыңды деп Жогорку Кеңештин аброю түшүп барат. Аларды таркатуу керектигине айрым авантюрист депутаттар ойлоп тапчу сунуштар да таасир этип жатса, "баатыр энелерди фашист деди" дешип Карамушкина сыяктууларды өлкөдөн айдап чыгыш керек дегенге чейин барып жатышат. Үчүнчүдөн, өлкө башчысы өз эне тилин билбегендигине уялыштын ордуна, президентке кыргыз тили жөнүндөгү Урмат Аманбаева сунуштаган мыйзамын колдойсузбу деп берген киргиздердин суроосуна "мен андайга жол бербейм" дегени дагы бир чети аны жек көрдү кылып жатат. Эми айта берсе себеби көп. Биз учурда президент абалды тынч сактап калуу үчүн кандай жолго баруу керектигин анализдеп көрөлү. Балким бизди деле угуп калаар. Мурунку президенттерге караганда баарынын пикирин уга билген жагынан мыкты президент эмеспи.
Азыр ким элди алып чыгышы мүмкүн? Бабанов, Келдибеков, Ташиевдин камалганына ачууланган тарапташтары жана жумушсуз калган экстер деген вариант көп айтылып жатат. Ушулар козголсо, нак ызы-чуу башталат. Ал эми башкалардын коркутуулары бул кызмат сураш үчүн болгон аракеттер. Аларды кичинекей кандек иттин үргөнүндөй эле кабыл алса болот. Көңүл бурбаш керек деген мааниде.
Алгач көп нааразычылыкты жаратып жаткан коалицияны, аны менен кошо өкмөттү таратыш керек. Бир депутаты киши атып салган, калгандары мародерлукка шектелген, эки депутаты алардын жыргатпаганын сезип эркиндикке учуп чыгышкан "Ата мекенди" оппозицияга калтырып, 4 партиядан турган кеңири коалиция түзүш керек. Өмүр бою оппозицияда жүргөн Текебаев ага көп деле таарынбайт. Тескерисинче, бийликке келгендерди катуу сынга алып, көзөмөл күчтүү болот. Бюджет жана каржы комитети албетте оппозицияда калгандыгына байланыштуу аны Карганбек Самаковго беришти деп болжоп коелу. Буга чейин КСДП, "Ар-намыс", "Республиканын" өкүлдөрү өкмөттү башкарып келишкен. Өздөрүнүн дараметтерин көрүштү. Эми бул жолу министрлер кабинетин башкарууну "Ата журтка" беришсин дейли. Экономиканы чаккан, буга чейин бул кызматка келбеген адам катары бул кызматка Келдибеков келсин дейли. Бабановго Бишкек шаарынын мэрлигин беришсин дагы, калган "республикачыларга" министрликтерден орун бөлүшсүн. ЖК төрагалыгына "Ар-намыстан" темир генерал отурсун дагы, өзүнүн кыргыз тилинин деңгээлин өөрчүтүп алганга шарт түзсүн. КСДП министрликтерден көбүрөөк орун алып, абал тынч болгонго кубанып турушу керек. Ансыз деле бардык бийликти Атамбаевдин партиясы ээлеп турат. Жогорудагыдай бөлүштүрүү менен Атамбаев да, парламент да, өкмөт да өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштешсин. Ошол шайлоого чейинки аралыкта Атамбаев болобу, Келдибеков болобу, Бабановубу, кыскасы, амбициясын жогору койгон саясатчылар иш жүзүндө көрсөтсүн колунан эмне келээрин. Анан шайлоодо Атамбаевдин илгертен берки досу болгон, "Волгада" жүргүсү келбеген Абдраимовду эмес, нейтралдуу калыс адамды БШКга барып отургузуш керек. Мисалы, 2010-жылы Акылбек Сариев жетектеп турганда күтүүсүз жерден биринчи орунга "Ата журт" чыгып кеткен. Мындай жыйынтыкты эч ким күткөн эмес. Демек, Сариев шайлоону калыс өткөргөн десек болчудай.
Эң негизгиси, камакта жаткан депутаттарды бошотуш керек дагы, Кумтөр маселесин Кыргызстандын пайдасына карай чечиш керек. Эгер ошол үч депутат камалчу болсо, азыркылар өздөрүнө кошо "приговор" чыгарышат. Себеби өздөрү кандай жол менен келгенин эстебей, андай кадамга барганы көпчүлүктүн кыжырын келтирет.
Бул варианттын бир гана нюансы бар. Атамбаев Текебаевди оппозицияда калтырууга духу жетпеши мүмкүн. Анткени көп жерде чечимдер Текебаев каалагандай болуп жатканы буга далил болуп келет. Эгер абалды тынч сактоонун мындай жолун президент жактырбаса, демек, президентти да коркута турган компромат кызылдардын "атасында" бар болот. Анда президентибиз деле бирөөгө баш ийе турган, арты таза эмес саясатчы экен деп калабыз.
Биз ушинтип болжолдоп көрдүк, абал кандай болорун Кыргызстанда президент эле чечип кое турган. Себеби ызы-чууну сырткы күчтөр пайдаланаарын ачык айтпасак да жакшы билебиз. Карапайым эл дагы эми ызы-чуу башталса, биз дагы мародерлук кылабыз, депутаттар өздөрү да тонойт турбайбы деп ачууланып алышкан. "Мародер экени далилденбеди го" десек, эгер таза экени чын болсо каалаган видеоңорду көрсөтүп далилдеп алгыла дешмек. Комиссиянын видеосун көрсөтпөй коюштубу көпчүлүккө салып, демек күнөөсү бар деген жооп уктук.
Ошондуктан жогорудагы кырдаалдарды эске алып өлкө башчысынан тынчтыкты сактап калуунун аракетин көрүшүн суранат элек, талап кылат элек.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ
Аянтка эмес, талаага чыгалы
Дыйкандарга берилчү насыяга айыл өкмөтүнүн тиешеси жок
Көз ачып жумганча март айынын ортосу да келди. Дыйкандарды саясат эмес, талаачылык иштери көбүрөөк бушайманга салып жаткан учур. Дыйкандарга жардамчы болуу максатында Айыл чарба министрлигине башбагып быйыл кайсы өсүмдүк баа болорун сурадык. Мындан сырткары банк кызматкери насыяны кайдан, кантип алышты айтып берди.
Мухаммет НАСИРОВ,
Айыл чарба министрлигинин Үрөнчүлүк индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы:
"Картөшкөнү азыраак эгиш керек"
- Быйыл дан эгиндери канча аянтка эгилет? Дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу боюнча сиздер тараптан кандай конкреттүү жардамдар көрсөтүлүп жатат?
- Ушул жылы өлкө боюнча 1 млн. 171800 гектарга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ар кандай түрлөрү эгилет. Анын ичинен буудай 358800, арпа 127200 гектарга себилет. Ал үчүн 34 миң тонна буудайдын, 25 миң тонна арпанын үрөнү керектелет. Бул үрөндөрдүн 80 пайызга жакыны Үрөнчүлүк инспекциясынан өтүп даяр болуп калды. Эми министрлик эч качан дыйкандын эгинин эгип бербейт. Болгону кеңеш бере турган орган. Ошентсе да өкмөт тарабынан үрөн сатып алууга 50 млн. сом бөлүнгөн. Ушул акчага үрөндөрдү сатып алып, аймактарга таратып беребиз. Ар бир райондо атайын комиссия түзүлгөн. Алар дыйкандардын социалдык абалын, муктаждыгын карап туруп калыс бөлүп беришет. Үрөндөрдүн баарын жергиликтүү үрөн өндүрүүчүлөрдөн сатып алдык. Дыйкандар ушул үрөндөрдү насыяга ала алышат.
- Быйыл дыйкандар кайсы өсүмдүктү көбүрөөк эгиш керек? Деги эле күзүндө кайсы өсүмдүктүн баасы чыгат?
- Эми аны базар чечет. Алдын ала айтыш кыйын. Биз дыйкандарга муну же тигини айда десек деле угушпайт да. Дыйкандар бир жылы кайсы өсүмдүктүн баасы чыкса экинчи жылы деле ошону айдай беришет. Ошентсе да 2013-жылы тоют өсүмдүктөрүнө басым жасап жатабыз. Жалпысынан 312 миң гектарга беде, эспарцет сыяктуу тоют өсүмдүктөрү айдалат. Былтыркыга салыштырмалуу 11 миң гектарга көп. Ал эми калган өсүмдүктөр жылдагыдан азыраак эгилип жатат. Негизи биздин ички керектөөгө 700-800 миң тонна картөшкө жетет. А биз болсо жылына 1 млн. 300 миң тонна өндүрүп келебиз. Чек ара жабылып калса азабын өзүбүз эле тартып жатпайбызбы. Быйыл картөшкө 2,5 миң гектарга аз айдалышы керек. Төөбуурчак былтыр 49 миң гектарга айдалса, быйыл 2 миң гектарга азайды. Жыл сайын бир эле жерге кайра-кайра эге берип жердин асылдуулугу төмөндөп кетти. Негизи бир өсүмдүктү бир жерге максимум 3 жыл себиш керек. Которуштуруп айдоону дыйкандар жакшы колго ала албай жатышат. Пахта менен күрүчкө окшогон монокультурадан башкасын ар 3 жыл сайын которуштуруп айдоо зарыл.
Жамалдин АБДУЛЛАЕВ, банктын насыя берүү бөлүмүнүн башчысы:
"Насыя алуу үчүн кезек күтүүнүн кереги жок"
- Азыркы учурда "Залкарбанк", РСК, АКБ Кыргызстан, KICB жана "Айылбанк" тарабынан дыйкандарга жылдык 10 пайыз үстөк менен насыялар берилип жатат. Бул кредиттерге айыл өкмөттөрүнүн эч кандай тиешеси жок. Дыйкан түз эле банк менен барып келишим түзөт. Насыя талаачылык үчүн 1 жылдык жана мал чарбачылыгы үчүн 2 жылдык мөөнөткө берилет. 10 пайызын мамлекет субсидия катары банкка төлөп берет, ал эми дыйкан 10 пайызын гана төлөйт. Насыяны алгандан кийин 6 айда төлөп баштайт. Азырынча бир дыйкан 250 миң сом гана ала алат деген убактылуу чектөө бар. Насыя алуучулардын 35 пайызы алып болгондон кийин бул чектөө алынып салынат. Насыя алыш үчүн дыйкандын башка банктарда карызы болбошу шарт. Кредит алууга келишим түзүү үчүн дыйкандын жана анын жубайынын паспорттору, нике жөнүндө күбөлүк, дыйкан чарба мүчөсү экенин тастыктаган справка же жеке ишкер экендигин тастыктаган документ керектелет. Эгер насыяны талаачылык иштерине алып жатса жердин күбөлүгү, ал эми мал чарбасы үчүн алып жатса малы тууралуу айыл өкмөттөн справка талап кылынат. Ошондой эле мамлекеттик каттоо кызматынан күрөөгө коюла турган кыймылсыз мүлктүн башы бош экендигин тастыктоочу справка керек.
Жер-жерлердеги насыя алып жаткан дыйкандар менен байланышканыбызда келишим түзүүдө документтердин көптүгүн айтышты. Бюрократиядан жаа бою качкан дыйкандар толтурула турган кагаздын көптүгүн көргөндө насыя алуудан баш тарткың келет экен дешет. Мурдагы башбакан Өмүрбек Бабанов болсо өкмөттүн мындай кадамын бюджетке болгон кош сокку деп сындап чыкты.
Уланбек ЭГИЗБАЕВ