15.03.13 Саман өрттөндү
Биздин оппозиция да, бийлик да боор ооругудай бечара тура

13- мартта "Кыргызстанды сактоо" кыймылы уюштурган митингде буга чейин Табылды Акеровго окшогон "саман өрттөнсө Самарканд өрттөндү" деп чуу салган саясат таануучумун дегендер айтып жаткан божомолдордун бири да бокко жарабай калды. Анан калса аталган кыймылдын төрагасы Мукар Чолпонбаев бул курултайга 5 миңдей адам катышарын жар салган. Натыйжада жыйынга болгону 200гө чукул адам топтолду. Анын да жарымынан көбү журналисттер, элдик кошуундун мүчөлөрү, күч структурасынын кызматкерлери болду окшойт.

Мукар Чолпонбаевден эмне үчүн силер уюштурган курултайга эл аз катышты десек, "бизге бийлик жолтоо кылды" деди. Анысын айта албайбыз, бирок митинг жарымдап калганда жарык өчүрүлүп үн күчөткүч иштебей калганына күбө болдук. Муну Мукар Шалтакович шак эле бийлик жасап жатканын айтты. Эгер чындап эле бийлик ушундай иш жасап, өзү араң үлдүрөп "өттү" аты болуп жаткан митингге тоскоолдук кылса, анда "эшегине жараша тушагы" дегендей, Кыргызстандын оппозициясы да, бийлиги да Кудай ургандай алсыз экен деп айтсак болот.
Курултайдын соңунда "Кыргызстанды сактоо" кыймылы бийликке кайрылуу кабыл алды. Анда бийликке сегиз талап коюлган. Алардын арасында камактагы депутаттарды куугунтуктоону жана Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген кендерди казууну токтотуу, конституциялык реформаны жүргүзүү, 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноочулукту адилет иликтөө, Кыргызстанга мыйзамсыз келип жаткан кытай жарандарынын агымын чектөө өңдүү талаптар бар.
Эсиңиздерде болсо бул талаптар аталган кыймыл тарабынан 16-февралда эле айтылган. Бирок бийлик теңине алып жооп бере элек. Баса, курултай өтөрдүн алдында аталган кыймыл менен бийликтин жолугушуусу белгиленген. Ага бийлик тарабынан Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Данияр Нарынбаев келмей болуп, ал эми "Кыргызстанды сактоо" кыймылынан Мукар Чолпонбаев, Назарбек Нышанов барган. Бирок акыркы саатта бийлик тарап бул жолугушууга келбей койгон. Угушубузга караганда, бийлик "булардын Мадумаровдой, Ташиевдей электораты болсо сүйлөшүүгө бармакпыз, эми бу эки баатырга жөн эле коелу" деп койгон экен. Албетте араң 200 киши чогулткан лидерге айыл өкмөтү деле келип бербейт.
Минтип бириге албай бириндеп жүргөн оппозицияга, эл келбей томсоргон митинг уюштуруучуларга бир эсе бооруң ооруса, аларга каршы Улуу Ата мекендик согушка даярдангандай түр көрсөткөн бийликке бир чети күлкүң келип, бир чети андан эки эсе бооруң ооруйт экен. Биздин билишибизче, расмий бийлик коомдун коопсуздугуна шек келтире турган ар кандай массалык иштерге ансыз да даяр туруш керек. Бирок ал даярлыгын күнү-түнү жар сала берүү жакшы натыйжа бербейт. Тескерисинче коомчулукту дүргүтүп, алдын ала ызы-чууга түшүүгө, башаламандыкка барууга даярдаарын психологдор жакшы билет. Анан калса канча киши шаардын коопсуздугун коргоорун так эсебине чейин айтып коюу - бул чындап келгенде душманга сыр ачкандай эле кеп эмеспи. Бул жолу биздин бийлик беш жүз ИИМ кызматкери, үч миң элдик кошуун даяр турат, башаламандыкка жол бербейбиз деп кайра-кайра дардактады. Кезинде минтип дардактаган Даниярдын, Молдомусанын акыбалын биз жакшы билебиз.
Демейде көп көрүнбөгөн президент Алмазбек Атамбаев ушул жумада КТРК, 5-канал, "Мир" телеканалдарынан кайра-кайра маек берип, митинг уюштургандарды жаман көрсөтүүгө аракеттенгендей түр менен чындыгында өзүнүн коркоктугун көргөзүп алды. Анан калса Бакиевдин же Акаевдин бир тууган иниси болсо да Президент үчүн Кыргыстандын жаранын бакиевчи, акаевчи атаганы, калкты миң түргө бөлгөнү өтө осол көрүнүш. Президент мындай ой жүгүртпөш керек. Президент ошол өлкөнүн ар бир жаранынын гаранты. Ошондуктан кылмышкер да, карапайым адам да, чиновниктер да президенттен акыйкаттык, адилеттик күтөт.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, сүрөттөр автордуку




Ак үй сага айтам, Атамбаев сен ук!
Жалал-Абадда жана Алайда "Ата журт" партиясынын тарапкерлери митингдерди убактылуу токтотушту

Акыркы сааттарда маалым болгондой, Жалал-Абад шаарында жана Ош облусуна караштуу Алай районунун борбору Гүлчө кыштагында Жогорку Кеңештин "Ата журт" фракциясынын камалган депутаттарын кубаттаган митингичилер убактылуу тарашты. Алар 14-мартта Бишкек шаарында уланган сот жараянына кыйыр жана түз кысымчылык көрсөтпөй турушкандыгын, ошон үчүн соттун адилет өкүмүн чыдамсыздык менен күтүшөөрүн, анан ошого жараша бийликке позициясын ачык жар салышаарын шардана кылышты.

Медер ҮСӨНОВ, Жалал-Абаддагы нааразычылык акцияларын уюштуруу комитетинин төрагасы: - Биз шайлоочулардын талабы боюнча мөөнөтсүз митинг жарыяладык эле. Бирок Жогорку Кеңештин депутаты, түрмөдө жаткан "Ата журт" фракциясынын жолбашчысы Камчыбек Ташиевдин калайык-калкка өтүнүчүн орундап, сотторго кысымчылык катары ойлошпосун деген ниетте Бишкек шаардык сотунун өкүмү угузулгуча нааразычылык акциябызды убактылуу токтоттук. Ошентсе да Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруу, Жогорку Кеңеш депутаттарын ачык эле куугунтуктагандыгы үчүн Башпрокурор Аида Салянованы токтоосуз түрдө отставкага кетирүү талаптарыбыздан биз эч убакта артка кайтпайбыз.
Баса, акыркы сааттарда "Ата журт" партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов "Жаңы Агым" гезитине билдиришинче, буга чейин партиянын жактоочулары тарабынан 13-мартта борбордук Ала-Тоо аянтында Кумтөр маселеси боюнча акциясы өтөөрү болжолдонгон эле. Тилекке каршы, бул күнкү митинг белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык Кумтөр кенине байланышкан бул акцияны белгисиз бир үчүнчү күчтүн арам ойлуу өкүлдөрү колдонуп кетүүнү чамалап жатышыптыр. Буга бийликте отурган айрым үлкөн аткаминерлер дагы кызыкдар экени баса айтылууда.
- Биз Кумтөр жана камактагы депутаттарды колдоо боюнча ыктыярдуу адамдардан турган комитет айрым саясатчылардын мындай мыйзамсыз аракеттерин таптакыр кубаттабай тургандыгыбызды ачык түрдө билдиребиз. Себеби Кыргызстан бүгүнкүдөй ар тараптуу саясый туңгуюкка кептелип турган чакта биз айрым арам күчтөрдүн колуна чыныгы курал болуп, Кыргызстандын жаркын келечегине балта чапкыбыз келбейт. Биз үчүн мамлекетибиздин бүтүндүгү, элдин ынтымагы жана тынчтыгы баарынан бийик турат. Биз эч качан бийликке умтулбайбыз жана үчүнчү күчтөрдүн дагы куралы болуп бербейбиз, - дейт Нургазы Анаркулов.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы,
сүрөттөр автордуку




Бир
бүркүм…
Өкмөт башчы 13-мартта белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына байланыштуу маданий иш-чараны өткөрүү боюнча казак-орус делегациясын кабыл алды. Юбилейлик иш-чаралар Россия, Казакстан, Түркия, Азербайжан жана башка өлкөлөрдө өткөрүлөт.
ИИМ академиясынын жетекчиси менен анын орунбасары пара алып жаткан жеринен кармалды.
5 жылга эркинен ажыратылган экс-министр Равшан Сабиров соттун чечимине нааразылык катары ачкачылык жарыялады.
Чек ара чатагы чыккан Чарбакта чек араны тосуу токтоп калганына эл нааразы.
Шаршемби күнү "Альфателеком" ЖАКнын мурдагы башкы директору Азамат Мурзалиев ден соолугуна байланыштуу камактан бошотулду.
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга билим берүү, саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө 33 млн. доллар бермей болду.
Өзгөн районунда жер көчкү жүрүп Ак-Терек, Үч-Катчал, Туз-Бел айылдары райондун борборуна каттай албай калышты.
Кечээ Кыргызстанга Австрия президенти Хайнц Фишер келди.
Бейшемби күнү өкмөт менен сүйлөшүү үчүн Centerra Gold Inc компаниясынын президенти Ян Аткинсон учуп келди.
Улуттук госпиталдын терезесинен медайым учуп кетип каза болду.
Өкмөт "КРнын мамлекеттик тили тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизип, тил комиссиясын кош тилдүү тил комиссиясы кылуудан баш тартты.
Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жамааты мэрден башкармалыктын начальниги Марат Мияровду ордунда калтырууну сурады.
Өкмөт сайтын бузган хакер табылганын ИИМ билдирди.
"Кыргызстан сулуусу - 2013" конкурсуна катышууга кастинг жарыяланды.
"Жаңы Агым" - пресс